Атаңдын ташы!


"Иш бүттү!" деп жиберген экен бирөө. "Буюрса" деп да айтпаптыр. Кудайга ишенбеген инсан окшойт.Толкуп турганда оозунан от болуп бүркүлүп кетсе керек.
Өзүңөр деле билесиңер, өлкөгө киребериш ­жердеги эки айрылыш жолдо чоң кара таш бар эле го. Боорунда: "Оңго барсаң да тачка түртөсүң, солго барсаң да тачка түртөсүң!" деген гениалдуу жазуусу менен эсиңдеби. Ошол ташты оңбогон кытайлар жазуусун өчүрүп, 60 чакырымдай ичкери жылдырып, "кара мышыкпы, ак мышыкпы, иши кылып чычкан кармаса болду да!" Дэн Сайпидинов, точке" деп жаза салышыптыр. Ошол кара таштан баштап темир жол салабыз деп жер тытып атышат дейт. Бизди тебелеп, түз эле Европага чыгышат экен. Темир жолду салып бүтүрүш үчүн Ала-Тоонун күңгөй тарабы бүт кетет экен дейт. Ордуна кытай тараптан келген тез көбөйө турган көчөттөр отургузулат дейт. Сары чырмооктой эле дүркүрөп өсөт имиш. Кытайдын өзүндөле бир миллиарддан ашык түрү бар экен. Андан сырткары дагы кырк эки өлкөдөн көчөт келет. Баарына орун табыш керек. Болгондо да күн текши тийген жерден табыш керек. Ал жерде орун-очок алып калгандарды көчүрүш керек. Антпесе, тигилер өспөй калышы мүмкүн. Атайын валютага алып келсек, анан соолуп калса, шерменде болобуз да! Сонун, семиз жерлерди бошотуп берип, өзүбүз Орусияга, Шиберге, Казакстанга, чөлгө оошубуз керек. Ошондо биздин мекенибиз гүлдөп өсөт экен. Муну окумуштуу саясатчылар айтты. Оозу-мурду кыйшайбай туруп айтты. Мурдун Лобнордун карашамалына тосуп туруп айтты. Акчанын жыты келип атыры да, жөн тоспой калсын. Акчанын жытына башы айланган аткаминер элдин жытын унутат эмеспи. Жанагы кара ташка кайра чектирип жаздырыптыр: "Оңго барсаң да акча, солго барсаң да акча, артка алтымыш чакырым кетсең да акча, былтыйып унчукпай кол коюп берсең да акча" деп. Азыр ошол таштын түбүн казуу иштери катуу жүрүп атат дейт. Өзү катылган душмандын катылган акчасын таап маскара кылабыз дейт. Намысы күчтүү биздин Эркүрөк аткаминерлер эмнеси болсо да түбүнө жетебиз деп чамынып атышат. "Оболу, ташты ордуна койгула!" деген бир абышкага, "Сенин атаңдын ташы беле, темселебей кет үйүңө!" дептир. Эми, балакет басып, баарыбызды кара таш басып калбаса болду, сак боло көргүлө…




Радио-де-Жанейро үналгысы жооп берет:
- "Чайкама" кимдин күүсү?
- Спиртке суу чайкап саткандардын күүсү.
***
- Маңка деген эмне?
- Эмчектеги балдардын тамагы.
***
- Аял менен таксинин окшоштугу эмнеде?
- Керек маалда экөө тең бош эмес.
***
- Турмуш деген кандай болот?
- Гаремдегидей. Бир күнү келип "жайлап" кетерин билесиң, бирок кайсы күнү келерин билбейсиң.
***
- Кандай аял күйөөсүнүн кайда жатканын анык билет?
- Жесир аял.
***
- Өзбекче камасутра кандай болот?
- Хаммасутра.
***
- "Буштун буту" барбы?
- Буштун батиңкеси бар… таамай тиет!
***
- Ойнош унитаз аркылуу качып кете алабы?
- Аягы суюк болсо, качып кеталат.

Тосуңду айтчы, досуңду көрсөтөйүн…

- Мага бир досум айтып бердиле, бир жолу үйдүн астындагы чарбакта картөшкө казып аткам дейт. Аңгыча болбой он доллар таап алсам болобу! Сүйүнүп кетип, чөнтөккө салдым да андан ары казып жөнөдүм. Кудай жалгап дагы он доллар таап алдым. Аны да чөнтөккө салып, дагыле картөшкө казып атам. Бир маалда дагы он доллар таап алдым! - деди.
- Ой! Сенин агаротуңа кимдир-бирөө акча катып койгон жок бекен? - деп сурадым.
- Ошондой болуп калса кана! Антпей эле, чөнтөгүм тешилип калыптыр да!..
Эмесе туугандар, чөнтөгүбүз эч убакта тешилбесин, тишибиз кетилбесин, казган сайын агароттон акча чыгып турсун! Серпип жибергиле!
***
Илгери бир акылман айткан экен: "Бир атасы он баласын бапестеп баккандай, он баласы жалгыз атасын багалбайт" деп.
Эмесе туугандар, балдар бакпаса да өкмөт өзү багып алар, балдарыбыздын арасынан жок дегенде бирөөсү өкмөт болсун, карылар үйүндө калбайлы десеңер, жапырт алгыла!
***
Эки жаш бири-бирин сүйүп калып, көп өтпөй баш кошушат. Арадан үч күн өтпөй, күйөөсү командировкага кетмей болуп калат да колуктусуна келип:
- Жаным, сен көп кабатыр болбогун, мен үч күндө эле келип калам,- дейт.
Арадан үч күн өтөт, келбейт. Үч жума өтөт, келбейт. Үч ай өтөт, келбейт дейт. Айласы кеткен келинчеги күйөөсүнүн эң жакын деген он досуна телеграмма жөнөтөт. Ошол эле күнү ар кайсы ­шаарда жашаган он досунан телеграмма келет: "Аяш, эч кабатыр болбо, досум менин үйүмдө" деген.
Эмесе туугандар, миң сомуң болгуча он досуң болсун, ошондо гана сен үй жумуштарынан эркиндикке чыгасың, кылкылдатып жибергиле!