Жүрөгүм өпкөн кыргыз!

№24 катышуучу:


Шабдан Сулайманов


Автор тууралуу: Шабдан Сулайманов 1972-жылы Талас районундагы Талды-Булак айылында туулган. КУУнун журналистика факультетинин бүтүрүүчүсү. Учурда Талды-Булак айылында китепканада иштейт. Үй-бүлөлүү.


Кайраным көчмөн кыргыз,
Карт тарых кечкен кыргыз.
Капсалаң замандарда өз киндигин
Өзү эле кескен кыргыз,
Калк элең көрөңгөлүү,
Каадалуу, жөрөлгөлүү.
Канча бир улуттардан бийик
турган,
Кыйындык түшкөн
кезде бир жарыгың,
Кырк үйгө тийип турган.
Кайбарым, эр кыргызым,
Кабылан шер кыргызым,
Каныңда жок эле го жасалмалык.
Кашкөйүм сен кыргызым,
Капыстан кеттиң неге кашаңданып?
Көк теңир берген рухту,
Көчмөндөр ыйык тутуп
келген рухту,
Көзөлүм көтөрөсүң качан барып?
Кырмызы чапан кийген,
Кыргызча макал билген,
Бакырга ашы белен,
Батырган ээр-токумду аты менен,
Бар бекен азыр кыргыз манаптары?!
Кыргыздын тили, шаар тургай,
Кыштактын өзүндө да,
Кыркылып жатат дале канаттары.
Айыл же аймак деген,
Апамдар уюн саап, каймак жеген,
Атамдын ыйык конуш отуругу,
Олдоксон саясаттын азабынан
Орустун болуп калды округу.
Эй, биздин мыйзамчылар,
Эгемен Кыргызстанда жашап
жатып,
Эмнени ойлондуңар?
Өзгөгө жагынам деп,
Өз тилин өгөйлөшүп койгон булар.
Антпесе акын Өтө аккан сууну
Апалап айткан тилде бир сөз
жокпу?
Оодарып "округду" ойрон кылар,
Дүйүмдүү тамак кылып,
Дүңүнөн аш-той берип арак куюп,
Дүңгүрөп жатсаң дагы сейил күтүп,
Дүйнөбүз таш боор болуп
барат улам,
Дүмүрбөй пейил бүтүп.
Ортону боштук ээлеп,
Окулбай эл ичинде китеп-гезит.
Окуучу, жетекчилер,
Орокчу, эсепчилер,
Обу жок кетти баары
"пикеттешип".
Күү укпай, ыр түшүнбөй,
Күнжүпө-Сүнжүпөнү кумир тутуп
Күйөөлөп корей-кытай
сериалдар.
Кыргызча сүйүү өлдү,
Кыргыздын жигитине,
Кыргыздын селкилери эрий албай,
Кадырлап махабатты мурункудай,
Кат жазып сүйбөйт азыр.
Кат ташып мадыра баш
жүрбөйт азыр,
Кашайгыр кай бир балдар
Кат эмес ат жазганды билбейт азыр.
Ал анан кайдан билсин
Арстанбек, Калыгулдай
акылманды.
Ал анан кайдан окуйт,
Атагы аалам жарган
Жазуучу, акындарды,
Көлдө да, чөлдө дагы
Көр оокат өтөөр,
бирок ким байытат
Көөдөнү жакырларды?!
Кылымдар ата-бабам,
Кыздарын шөкүлөдөн,
Кыл мурут жигиттерин калпагынан
Кыргыз деп билишчү эле.
Эзели турмушунда
Этегин балбактатып
Эркектер качан көйнөк
кийишчү эле?!
Биз, жаштар, кыргыз үчүн
Бийикте мелтилдеген туу
болбостон,
Бирөөгө мелтилдеген желек болдук.
Арыбай жыйганды да
Абийир, ыйманды да
Арабча кийим менен ченеп койдук.
Кошулам, каршылык жок
дин тутканга,
Кое бер сакалынды, мурутуңду
А бирок салтты унутсак,
Атпай журт, калкты унутсак,
Дин сактайбы?
Ким сактайт Кыргыз
деген улутуңду?!
Ким сактайт анын тилин,
Ким сактайт анын дилин,
Ким анан көңүл бурат
санжырага?!
Үзүлүп баратса да тирүүлүктөн,
Үч миң жыл үрп-адатын
Үзбөстөн байлап келген канжыгага,
Кайраным көчмөн кыргыз.
Казатта канын-жанын төккөн
кыргыз.
Каруусун казык кылып,
Каадасын азык кылып,
Касына тик караган өктөм кыргыз.
Жүрөгүм сени барктап,
Жүрөгүм сени даңктап,
ал анткени,
Жүрөгүм өпкөн кыргыз!