Леонид ЛУЖАНСКИЙ, Медет Садыркуловдун үй-бүлөсүнүн адвокаты:

"Актоочулар айрым айыпталуучуларды бошотуп алууну көздөп атышат"


- Леонид Алексеевич, мына сиз үч жыл мурда өрттөлүп мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Медет Садыркуловдун, Сергей Слепченконун, Кубат Сулаймановдун үй-бүлөлөрүнүн актоочусу болуп келатасыз. Негизи сот иши кандай жүрүп жатат?
- Учурда сот иши токтоп турат. Бул иш боюнча болгону үч отурум болду. Үчүнчү отурумда айыпталуучулар Тынычбек Маматов, Алтынбек Амракулов, Абдыкалык Жапаров жана Азис Кожошевдин актоочулары сотко арыз менен кайрылып, "кылмышка тартуу убактысы өткөнүнө байланыштуу" аларга карата козголгон кылмыш ишин токтотууну суранышты. Актоочулар алар коргоп аткан адамдар өтө оор кылмыш жасаган жок деп эсептешүүдө. Түшүнүктүү болсун үчүн айта кетейин, мурдагы жылы кылмыш жообуна тартууну гуманизация кылуу иштери жүргөн. Мисалы, өтө оор эмес кылмыш кылгандарга үч жылдан кийин "кылмышка тартуу мөөнөтү өттү" деп жоопкерчиликтен бошотуу каралган эле. Эми актоочулар ушуга байлап, айрым айыпталуучуларды бошотуп алууну көздөшүүдө. Биздин ортобузда ушул маселе боюнча чоң талаш жаралды. Мисалы, кимдир бирөө бир кой уурдады дейли. Өтө оор кылмыш эмес. Ошондуктан, кылмыш жасалгандан кийин үч жыл өткөн соң адвокат сотко арыз берип, жоопкерчиликти токтото алат. А бул жерде болсо кылмыш жөнүндө билип туруп жашырып атышпайбы. Муну кой уурдаган кылмыш менен салыштырайын. Койду уурдады, кылмыш жасалып бүттү да. Ал эми кылмышты ошол 2009-жылы 13-апрелден баштап жашырган болсо, анын эртесинде деле, андан кийин, иши кылып тергөө иштери аягына чыкканча эле жашырып жүргөн болот да. Анан кантип кылмышка тартуу убактысы бүттү деп айтып атышат? Актоочулардын бул арызына прокуратура дагы, биз дагы каршы чыктык. Сот чечимди биз тарапка чечип, айыпталуучулардын арызын канааттандырган жок. Эми алар соттун бул чечимин жогорку инстанциялардан өткөрүп келүүгө акысы бар. Өткөрүп келгенче сот иши белгисиз убакытка токтоп турат. Бирок негизи бир айдын ичинде кайра карап башташы керек.
- Ошентип атып бул айыпталуучулар бошоп кетет деген коркунуч жокпу?
- Бошоп кетпесе дагы, мага атайын эле убакытты создуктуруп атышкандай сезилип атат.
- Ишти создуктуруу кимге пайдалуу деп ойлойсуз?
- Ишти созуу дайыма айыпталуучу үчүн пайдалуу. Юристтерде ишти калчоо деген түшүнүк бар. Айрым жерлерден далилдерди жок кылып кое алат. Азыр актуалдуу болуп аткан маселе, убакыттын өтүшү менен маанисин жоготушу мүмкүн. Булар да ушундай жол менен жазаны жеңилдетүүнү каалап атса керек. Бирок эң башкысы, кылмыш иши тыкыр тергелди, иштин бетин ачып, күнөөлүүлөрдү жазалаганга бийлик да, укук коргоо органдары да кызыкдар экени көрүнүп турат. Азыр эми кылмышты уюштургандар менен аны жасагандардын айрымдары качып кеткен. Азыркы соттолуп жаткандардын ичинен бирөө гана аткаруучу, калганы кылмышка көмөк көрсөткөндөр. Демейде киши өлтүрүү саналуу гана адамдар ортосунда болот. Ал эми бул кылмышка катышкандардын тизмеси узун. Ошол кездеги бийликте баары бир жоопко тартылбайбыз деген ишеним күч болгон. Болбосо ушундай төбөсү көрүнгөн кишини өтө мыкаачылык менен өлтүргөнүн кандай түшүнүүгө болот? Саясий талаадан жок кылуунун башка деле жолдору көп да.
- Кылмышты аткаргандар кимдер болгон?
- Жаныш Бакиев өзү сабаганга катышкан. Андан кийин кримавторитет Алманбет Анапияев менен Максим Бакиевдин кол астында иштеген эки адамга буйрук берип, алар муунтуп өлтүргөн.
- Агасынын дачасын берген Нурлан Темирбаев сотто кандай көрсөтмө берип атат?
- "Мен дачанын ачкычын сураганда берип койгом, ал жакта эмне иш кыларын мен кайдан билипмин, балким кой союп жеп, эс алышса керек деп ойлогом",- деп оңой эле жооп берип жатат.
- Бул иш боюнча сизди коркуткан учурлар болгон жокпу?
- Азыркы бийликтин тушунда андай жок. Садыркуловду жаңы өлтүрүп, жол кырсыгы болду дегенде мен бул ишти алгам. Ошондо бийлик тараптан дагы, досторум тараптан дагы ар кандай "кеңештер" айтылган. "Тынч эле жүрбөйсүңбү, сага жашоо керек эмеспи?"- деп.
- Садыркуловдун үй-бүлөсүнө кандайча актоочу болуп калдыңыз?
- Мен өзүм жол кырсыгы боюнча тергөөчү болуп иштегем. Кийин адвокат болуп кеттим. Бул ишти өтө жакшы билем. Жол кырсыгы деген версия айтылары менен Садыркуловдун жубайы Айнагүл Токтогуловна "ушул ишти карап бериңиз" деп чалып калды. Келерим менен эле жол кырсыгы мындай болбойт, бул - киши өлтүрүү деп айттым. Айдоочу жүргүнчүнүн ордунда олтурса, ким жол кырсыгы деген версияга ишенет?
- Өзүнчө иш катары бөлүп алган Жаныш Бакиев, Алманбет Анапияев, Камчы Көлбаевдердин иши качан карала тургандай?
- Ооба, сыртта качып жүргөндөрдүн ишин өзүнчө бөлүп карамай болушкан. Аларды Кыргызстанга алып келсе эле иш башталат. Жалпысынан ­айыпталуучулардан 23 адам качып жүрөт.

Кылмыш жоопкерчилигин токтотууну талап кылып аткан айыпталуучулар тууралуу маалымат:
- Тынычбек Маматов - 1981-жылы туулган, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин мурунку опер кызматкери. Кылмыш кодексинин "Өлгөндөрдүн дене мүчөлөрүн мазактаган" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген беренелер менен айыпталууда. Бул иш боюнча издөөдө жүрүп, Москвадан кармалып келген. Медет Садыркуловго "жаңы жылдык белек" катары жиберилген кулак, сөөмөй боюнча кылмыштын аткаруучусу. Айыптоонун маалыматына караганда, 2007-жылы 29-декабрда Маматов, аталган РИИБдин жетекчисинин орун басары Ы.Кулманбетовдун тапшырмасы менен "Аламүдүн-1" кичирайонунан А.Пастухов аттуу жарандын сөөгүн таап, бирок бул боюнча атайын опер топту чакырбастан туруп, машинесине салып алып, Кулманбетов айда деген жакка алып барган. Пастуховдун кулагы менен сөөмөйүн кесип алып, Сокулук району менен Аламүдүн райондорунун кесилишиндеги латокко сөөктү таштап кетишкен. Бул ишти жасоого буйрук берген Жаныш Бакиев экени аныкталган.
- Алтынбек Амракулов, 1977-жылы туулган, Мамлекеттик коргоо кызматынын мурунку айдоочусу, Жаныш Бакиевди ташычу. Кылмыш жасалганын билип туруп, тергөө органдарынан жашыргандыгы үчүн айыпталууда.
- Абдыкалык Жапаров, 1979-жылы туулган, Мамлекеттик коргоо кызматынын мурунку офицери, Жаныш Бакиевдин жеке жансакчысы болгон. Кылмыш жасалганын билип туруп, тергөө органдарынан жашыргандыгы үчүн айыпталууда.
- Азисбек Кожошев, 1981-жылы туулган, Мамлекеттик коргоо кызматынын мурунку офицери, ал дагы Жаныш Бакиевди коргоочулардын бири болгон. Кылмыш жасалганын билип туруп, тергөө органдарынан жашыргандыгы үчүн, андан сырткары, өзүнө тиешелүү куралдарды башка бирөөгө мыйзамсыз бергендиги үчүн, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн айыпталууда.
Айыптоонун маалыматына ылайык, 2009-жылы 13-марттагы түндө Амракулов, Жапаров жана Кожошев Жаныш Бакиевди Көк-Жар айылындагы президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Курманбек Темирбаевдин дачасына коштоп барышкан. Булар барган учурда дачага Медет Садыркуловду, Сергей Слепченкону, Кубат Сулаймановду уурдап алып келип, Жаныш Бакиевди күтүп отурушкан болот. Сырттан "шефтерин" күтүп отуруп, бул үчөө жардам сурап, онтогон үндөрдү угуп турушкан. Жаныш Бакиев чыккандан кийин сөөк салынган машиненин артынан түшүп, жол кырсыгы уюштурулган Кой-Таш айылына чейин барышкан. Тергөө маалыматына таянсак, үчөө тең Медет Садыркулов жана анын жанындагылар өлгөнүн билишкен. Бишкекке келер менен жансакчы А. Жапаровго Жаныш Бакиев уюлдук телефондорду жок кылууга тапшырма берген. 14-март күнү Жаныш Бакиев бул үчөөн иш бөлмөсүнө чакыртып, түнкү сапар жана өзү жөнүндө жан адамга ооздон чыгарбоого эскертүү берген.