Райкан Төлөгөнов, ЖК депутаты

"Ширшовдор азыркыга чейин Кыргызстанды миллиондогон сомго отургузуп жатышат"


- Райкан мырза, кылым курулушуна айланып бараткан Камбар-Ата-2 ГЭСи бүтпөс болду. Ал ортодо айтылуу Алексей Ширшовдор адатынча акча жасап атышыптыр го. Курулуш крандарын алып келишип, ортодон миллиондогон акча жасап?..
- "Кыңыр иш кырк жылда" дейт кыргызда, Бакиевдердин учурунда Камбар-Ата-2 ГЭСинде Ширшовдор мамлекеттин казынасына 2 млн. доллардан ашык доллар зыян келтиргенин кеч болсо дагы "Ата Мекен" фракциясы коомчулукка билдирип коелу дедик. 2009-жылы түбү Ширшовдорго таандык "Нарынсуукурулуш" компаниясы Камбар-Ата-2 ГЭСине украиналык заводдун биринен оор жүк көтөрүүчү 2 курулуш кранын алып келмей болот. Булар заводдун өзү менен түз келишим түзбөй, москвалык "АГИС инженеринг" аттуу ортомчу компания менен келишим түзөт. Кептин кызыгы бул "АГИС инженеринг" компаниясы дагы Ширшовдун адамдарына таандык болуп жатпайбы. Алар 33 млн. рубль турган курулуш крандарын 141 млн. рублга баалап, жалпы наркынын 50%ын талап кылышат. Кыргызстан тарап макул болуп, акчанын 50% ын алдын ала которот. Аңгыча 2010-жылы бизде апрель революциясы болуп кетип, москвалык компания Кыргызстан менен байланышын жоготот. 2011-жылы энергетика министрлигинин көзүрлөрүнө чыгышып, "баягы крандын калган акчасын которуп бергиле, биз аны 141 млн. рубль эмес, 121 млн. рублга эле берели" деп өтүнүшөт. Анан энергетиктер Жогорку Кеңешке, Каржы министрлигине кайрылып жатып, калган акчаны котортот. Акча которулуп бүткөн соң экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бул крандардын болгону 33 млн. рублга гана сатылып алынганын тактап чыкты. Ошентип мамлекет каратып туруп эле 88 млн. рубль "жедирип" ийип атпайбы. Азыр тиешелүү мекемелер бул аферанын түбүн казып атышат. Жыйынтыгын сөзсүз кабарлайбыз.
- Ширшов деген монстр түзгөн компаниялар тээ Акаев учурунда эле электр энергиясын сатууда, отун, көмүр, мазут алып келүүдө ортомчулук милдетти аркалап, арам акчага тунушчу да. Бакиевдердин убагында Кудайын карабай көбүштү. Эксперттердин айтымында Ширшов Айдар, Максим менен биргеликте Кыргызстанга бир нече миллиард сом чыгым келтирген дешет. Сиздер качан Ширшов түзгөн "серый схемалардын" бетин ачасыңар?
- Азыр сиз айткан Ширшовдун коррупциялык схемасынын түбүн казып атабыз. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Ширшовдун улутташтырылган компаниясында дагы эле "ширшовчулар" отуруп алып, бүтпөгөн иштерди бүттү дедирип кол коюп миллиондогон сом акчаларды жеп, Россия которуучу акчаларды азыр деле которуп жатышыптыр. Иштин жагдайын бузуп албаш үчүн ал "ширшовчулардын" ысымдарын атабай эле кое турайын. Кудай буюрса, алардын бетин аччу да күн алыс эмес.

Маектешкен
Семетей ТАЛАС уулу




Мамлекеттик мекемелердин карызынын айынан эл газсыз калганы турат



Эгер Кыргызстан газга болгон карызын төлөбөсө, Казакстан 1-майдан тарта газды өчүрөрүн эскертти. Бүгүнкү күндө кыргыз тарап Казакстандын "КазТрансГаз" АКсына 7,5 млн. доллар, Өзбекстандын "УзТрансГаз" АКсына 800 миң доллар карыз.


"Кыргызгаз" ААКсынын генералдык жетекчиси Тургунбек Кулмурзаевдин маалыматына караганда, карапайым эл газга болгон карызын чуркатпай эле төлөп келатат. 2011-жылы "Кыргызгаз" элге 4 млрд. 89,9 млн. сомдук 249,3 млн. куб. метр газ таратып, анын акчасынын 98%ын чогулткан. Бул жерде олчойгон карыздар мамлекеттик мекемелерге туш келип отурат. Эң ири карызы бар мекемелер:
"Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик мекемеси -
102,9 млн. сом
"Бишкекжылуулукэнерго" мекемеси - 62,3 млн. сом
"Токмок-Жылуулук" мекемеси - 13,2 млн. сом
"МСЭЛЗ" АКсы - 54,2 млн. сом
"Кант цемент заводу"
ААКсы - 48,6 млн. сом
"Кыргызгаз" ААКсынын маалымат кызматынын жетекчиси Жайнагүл Масимованын айтымында, Казакстан менен Өзбекстан түзүлгөн келишимдерди бузбастан, бизге газды үзгүлтүксүз берип келди. Келишимдердин шартына ылайык, Кыргызстан акча төлөп, ошого жараша газ сатып алышы керек. "Бирок бул кошуна өлкөлөр бизге ушул убакка чейин газын берүүнү үзгөн жок. Карызсыңар деп каалаган учурунда токтотуп койгонго акысы бар",- дейт маалымат катчы.

Кыргызга канча газ керек?
2011-жыл ичинде сырттан 323,1 млн. куб. метр газ келген. Негизи Кыргызстандын газга болгон бир жылдык муктаждыгы - 300-350 млн. куб. метр. Кыргызстанда газ өндүргөн жападан жалгыз компания - "Кыргызнефтегаз". Бирок бул компания дагы кыйратып газ өндүрбөйт, ашып кетсе жылына 30 млн.куб. газ алат да, Жалал-Абад шаарына, тегерегиндеги ишканаларга беришет. Ошондуктан толугу менен сырттан ташып келүүгө мажбурбуз.
Өзбек газынын баасы квартал сайын өсөт
Мурдарак Кыргызстан газды Өзбекстандан гана сатып алчу. Бул кошуна өлкө бизге бааны башка өлкөлөргө салыштырмалуу арзаныраак, анан дагы бир баа менен берип келген. Айта кетсек, бир жылдык келишим түзүлүп, жылдын аягына чейин бир гана баа менен берилчү. 2005-жылы миң куб. метрин 45 доллардан алып келген болсок, жыл сайын көтөрүлүп отуруп, 2008-жылы 175 доллардан алганбыз. Бул дагы жакшы баа болчу. Бул нерсе Данияр Үсөнов өкмөт башчылыкка келген 2009-жылы бузулган. Ал Өзбекстан менен Европалык формуланын негизинде эсептегенге макулдугун берип, келишим түзүп келген. Бул нефтинин дүйнөлүк рыноктогу баасына жараша газдын да баасы квартал сайын өзгөрүп турат дегендик. Ошол келишимдин негизинде квартал сайын жаңы баа аныкталат. Келишим жаңы иштеп баштаган учурда газдын миң кубун 220 доллардан берип атышкан болсо, квартал сайын көтөрүлүп отуруп, акыркы баа 290-300 долларды түздү.

Казакстан арзаныраак газ бере баштаган
Бул баа кымбатыраак болгондуктан акыркы жылдары Кыргызстан Казакстандан арзаныраак баа менен газ алуу боюнча келишим түзүүгө жетишкен. Казакстан адегенде газдын миң куб. метрин 195 доллардан берип келген. Бирок буга коңшулаш Өзбекстан нааразы болуп: "Казакстан бизден алган газын Кыргызстанга арзан сатып атат",- деп кыр көрсөтүп, казактарды газдан бууп баштаган (Казакстан, Орусия, Өзбекстандын ортосунда газ боюнча атайын келишимдери бар. Ага ылайык, өзбектер "Газпромго" газын сатса, казактар ал компаниядан өздөрүнө жетишпеген газын алышат. Кыргызстан ошол келишимге кире албай убара). Ушул келишпестиктен кийин Казакстан Кыргызстанга газдын баасын кымбаттатып, миң куб. метрин 224 доллардан бере баштаган. Бул баа деле Өзбекстандын баасынан арзаныраак.

Кыдырманы кыдырып, сыдырманы сыдырып…
Газ биздин борборго Өзбекстандан Казакстан аркылуу өтүп келет. Казакстандын трубасы аркылуу өткөндүктөн биз транспортировкасына төлөйбүз. Жалпысынан ар бир миң кубуна 10 доллардан төлөйбүз. 278 доллардан сатып алса, ага 10 доллар кошулат, анан таратууга кеткен чыгымдардын акчасы кошулат. Бүгүнкү күндө элге 14 сом 60 тыйын менен берилет, бирок, бүгүнкү сатып алган баа менен элге 19 сомдон берилиши керек. Бул өңүттө өкмөт эл андай тарифти көтөрө албайт деп, арзандатылган баа менен берүүдө.

Кыргызстандагы газ бассейндери
Кыргызстанда беш газ бассейни бар. Алар - Фергана өрөөнүндө, Чүйдө, Алайда, Ысык-Көлдө жана Ат-Башыда жайгашкан. Орусиянын "Газпром" компаниясы менен "Кыргызгаздын" 75% акцияларын берүү боюнча келишим түзүлгөн. "Эгерде "Газпромго" бул акцияларды берсек, алар бизге туруктуу түрдө, анан албетте, арзаныраак баа менен газ берип турмак",- дейт Кулмурзаев. Андан сырткары, эгер бул компания Кыргызстанга келип иштеп калса, биздеги газ кендерин изилдеп, өзүбүздөн өндүргөнгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк.

Кошуналарга эле жыргал
Казакстан бизден сырткары жыл сайын 6 млрд. куб. метр газды Украинага, 2 миллиардды Грузияга жана 2,6 миллиард метр кубду Азербайжанга экспорттойт. Ошол эле учурда өзү 1,2 миллиард метр кубду Россиядан, 1,4 млрд. метр кубду Өзбекстандан сатып алып турат. Акыркы убакта казактар Түркмөнстандын дагы газын сатып ала баштаган. Ал эми Өзбекстан Кыргызстандан тышкары Тажикистанга, Казакстанга, Орусияга, Кытайга газ экспорттойт. Бул өлкө аталган өлкөлөргө 2010-жылы өндүргөн 61,21 млрд. куб.метр газынын 15,2 млрд. метр кубун экспорттогон.


Дилбар АЛИМОВА






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

19-апрель, 2012-жыл


Warning: include(../../footer.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/df/12/0419_6.htm on line 134

Warning: include(../../footer.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/df/12/0419_6.htm on line 134

Warning: include(): Failed opening '../../footer.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/df/12/0419_6.htm on line 134