Айжан Абдиева

(Драмалуу сүйүү жана тагдыр баяны)


(Башталышы өткөн сандарда)

Калыс ваннага араң жетти. Окшуп-окшуп кусуп жиберип өзүнө келе түштү. Аракка ууга түшүптүр, үч күн үйүнөн чыкпай ичкен да. Жапжаш жигит көз көрүнөө бузулуп, өзүнө азаптуу тагдыр тилеп алды. Жүүнү боштуктан да. Ичип эле тим болсо эмне, уулунун нашаа тартып, баңгиликке ооп баратканын билген апасы бөлмөнү жаңырта озондогон. Бирок колунан эч нерсе келбесин да түшүнгөн. Ушу Калыстын атасы чыгып кетип, андан калган бир бөлмө квартирасынан, өзүнүн атасы кенедей жер сатып берип, тытынып жүрүп тургузган жер тамынан бөлөк эмне байлыгы бар эле. Корккону эле уулу үйдү сатып жибербесе экен деп баңги затка акчаны өзү таап берип жүрдү. Ал акчалардын баарын баласы арак менен нашаага жумшарын билип туруп берип атканына кээде өлгүсү гана келип кетет. Башка аргасы жок болсо кантсин анан... Эне чиркин жакшылыктан үмүт үзбөйт эмеспи, оңолуп кетер деп жүргөн күндөрүнүн биринде дагы акча сураганынан бербей койгон. Бир тыйын акчасы жок болчу бере турган. Эртеси телефондон Калыстын шөмтүрөгөн үнүн укту, милицияга түшүп калдым деп ыйламсыраганын угуп мында бир түңүлдү. Көңүлү түтпөй көрүнгөндөн карыздап, ортого тааныштан-тааныш салдыртып атып алты ай дегенде араң чыгартып алды. Бул аралыкта баягы сулуулугуна, аброюна, талантына, кадыр-баркына манчыркаган аялдын эч нерсеси калбай, жети өмүрү жерге кирип бүттү. Жүдөп, чүнчүп, карып кетти кадимкидей. А ишенген уулу болсо жөн чыкпай, СИЗОдо алты ай жатып, акчаны бут соруп атып араң чыкты. Апасы болсо Калысты эптеп үйлөнтүш керек деп, бирок кайсы кызга үйлөнтөрүн билбейт. Айгерим көзүнөн учат. Экөө үйлөнүп калганда эчак балалуу болушуп бактылуу жашап калышат беле. Айгеримди сураштырып да көрдү, дайынын таба албады. Калыс ошентип бир жумадан бери апасынан уялымыш болуп үйүнөн чыкпай да, аракты аз-аздап ичип коюп да жаткан. Ушу кылгандарынын баарын ойлонуп, жаңыча жашоо баштагысы келет, бирок ага эрки-күчү жетпейт. Кекиртеги кайра эле азгырык иштерге алып жөнөйт. Ошентип адатынча буулугуп отуруп, көз байланган маалда жыла басып көчөгө чыкты.
Амантай биротоло карарып, атасын өлтүрткөнгө киши караштырып жүргөн кези болчу.. Мурдагылардай болуп көп чыгымга учурагысы келген жок. Көчөдөн, кафелерден, бурч-бурчтарда жайгашкан пивоканалардан кенедей акча үчүн баарына даяр турчу муздак көздөрдү издейт. Күнүгө кечкисин акмалайт. Бир жолу тыңсынган аракечти сөзгө тартып көрдү эле, ал көп сүйлөөк, мактанчагыраак экен. Бомж болоруна аз калыптыр, бирок асмандан сүйлөйт. Мындайлар биртке колуна илингенине корстон болуп эртең эле дөөдүрөп чыгат эмеспи. Убакыт болсо өтүп атат, ишти тездетпесе баарынан кол жууп калчудай. Атасына өчөшүп, ачуусуна тийбеш керек эле. Ушунчалыкка жеттиби, озунуп аракет кылыш керек эми. Антпесе бир заматта бүт байлыгын башкага каттатып эле эмес, каарына алса өзүнө алып берген нерселердин баарын алып коюудан кайра тартпайт. Атасынын сөзүн эки кылбаган машыккан адистер шымаланып гана турушат, сокур ит бок жалагыча талаада калбаса болду. Амантай көк мээ койчосунан бир жерди эле айланчыктап жүргөнүнө кыжырланып өзүн-өзү сөктү да, башын муштагылап алды. Шарт ордунан туруп баратып, астынан чыккан тыртайган арык баланы тоголото жөөлөп кетти.
- О-о-й, байке, бул эмне кылганыңыз? - деди Калыс ордунан эптеп туруп кийимине жуккан чаңды күбүп атып.
- Жапчы оозуңду, энеңдурайын,- сөөлөтүнө, туруш-турпатына, чөнтөгү толо акчасына манчыркаган Амантай машинесине карай басты.
"Кайдан көрдүм эле?"- деп алып ичинен кымылдай түштү. Эч жактан көргөн эмес, болгону так ушундай көздөрдү издеп жүргөндүктөн тааныш учурап аткан жокпу. Бир аздан соң артынан кирип барып чакан залга көз жүгүртсө, эмеле өзү туруп кеткен столдо отуруптур.
-Кандай тууган? Ачуум келип атканда алдымдан чыктың. Сага жөнү жок корсулдап алып кечирим сурап коеюн деп кайра кирдим.
-Түшүнөм байке. Келиңиз, пиво ичели,- деди Калыс колдору калтырап. Амантай ансайын аны кылый баштан аяк сынап карады. Так ушундай адамды издеп жургөн. Уурулукка да, башкага да бара турган түрү бар.
- Ичсе-ичели, бирок менин эсебимден, бул сенин алдыңдан өткөнүм болсун.
-Жарайт, анда эмкиде мен сыйлайын сизди.
- Тарбия көргөн жигит экенсиң. Таанышып алалычы, атың ким?
- Калыс,- деди ырсайып.
- Эң сонун, менин атым Мурат,- Амантай куу атайылап чыныгы атын жашырып койду.
Ал ортодо Бакыттын тапшырмасы менен жүргөн Алихан кызды издеп Балыкчыга жөнөдү. Айгерим окуп кеткен мектептен айылын тактап, ошо күнү кечке жуук үйүн таап барды. Өтө жупуну, көптөн бери каралбай калган тамдын үрөйү ого бетер учуп кетиптир. "Бул үйдө киши аттуу жашаганбы же?"- дей кобуранган Алихан ары жакта келген адамды эмес, машинени карап аңкайган кишини көздөп басты.
Экөө кол алышып учурашкан соң Алихан:
- Касымбек аксакалдын үйү ушубу? - деп сурады.
- Ооба, бу сиз Зуураш жеңе менен Айгеримди издеп жүрөт окшойсуз?
- Ооба, аксакал. Алар кайда кетишкен?
-Билбейбиз да каякта экенин, аны бу келаткан катындардан сураш керек. Ой Сулуукан, бери бас, бол батыраак,- деп үч аялдын арасынан өзүнүн жубайын атап чакырды.
- Айгерим төрөп коюп, баласын багам деп байкуш Зуураш жеңем кыйналды. Кызынын каякта экенин айтчу эмес сурасак, айлыгы жакшы жерде иштеп атат деп эле койчу да. Анан... - оозундагы кебин жанындагы аялга жулдуруп ийди.
-Азыр каяктагы жакшы айлык, жигити боозутуп коюп таштап кеткен соң бузулду да, жеңил акча тапчу ишке өтүп кетиптир деп уккам мен. Жан бакмак оңойбу сага...
-Ой, койгула, байкап сүйлөгүлө көзүңөр менен көрбөгөндөн кийин. Буларды кайдан да чакыра койдум эле,- эмелеки киши ыңгайсыздана түштү.- Эми иним, Айгерим күйөөсү жок төрөп алганы чын, бирок тийип бат эле ажырашты деп айтып жүрүшөт, ким билсин. Баласын апасы карап аткан, анан суук тийгизип оорутуп албадыбы, өзү да ооруп, анан балинсага жаткырып келген аркы кошунасы, тууган болуп кетет.
-Ошол тууганына барайынчы...
-Анын кайниси үйлөнүп Кочкорго кеткен, бала-чакасы менен. Үйүндө эч ким жок,- деди аялдардын бири.
-Ооруканадан чыга элекпи анда булар?
-О-о кокуй, эчак кетишкен да. Айгеримди бир байга токол болуптур деген сөз чын окшойт, капкара Жип менен келип, мобу сеникинен да чоң, тиги райондун ооруканасынан энеси менен баласын шумдук ызы-чуу менен алып кетиптир го. Бишкектен атайын бир машине менен врачтар келип салып кетишти дейт.
-Жигити кандай неме эле? Баласын ошол жигитинен төрөгөнбү?
-Ой. Ким билсин. Жанагы бай эле боозутуп коюп, же албай, же кое бербей кыйнайт окшойт да.
-Жок, жигитинен төрөдү, анысы шаардык жигит болчу. Апасы артист экен деп Зуураш айтып калчу.
Үч аял биринен-бири сөз талашып, Алиханды бир топ маалыматка карк кылып узатышты.
Алихан ар бир аялдын айтканын чыпчыргасын коротпой мээсине түйүп атты. Үйүнөн үрүп чыгар ити жок кыздын Бакыттын башын айлантып, анан бир байга токол болгону Алиханды ого бетер таңдантты. Кызык, баласы кимден болду экен? Аны шеф таптаза, эч ким тийбеген кыз болчу дебеди беле, жигити бузуп койду дегеничи?.. Кайсы байдын токолу болуп алды экен?
Бул жаңылыктарды угуп Бакыттын күйгүлтүккө түшөрүн билсе да айтууга аргасыз, Алихан кан жолдо зымырап ашыгып келатты. Бир нерсени түшүнүп келатты. Бакыт эми бул кызды издебейт, байдын токолу болсо, эчак балалуу болгон болсо неге издейт эле. Жолду ката ушуларды ойлоп келатты.
Уулу Амантайды үйүнөн кууп чыккандан кийин Куба кожоюнду эки күн ой басты. Анан баары бир эч нерсени өзгөртө албасын билип туруп өкүнгөндө не пайда деп ойлоп, ал чатакты унутуп салууга тырышты. Балаң түшкүр, кантсе да өз каны эмеспи, өзүнүн да, уулунун да жини тараганда чакырып, шашпай, баарын ачык түшүндүрүүнү чечти. Ага чейин түн уйкудан калтырып бир чечимге келтирген сунушун Айгеримге айтып, көндүрүш керек. Куба кожоюн алгач Зуураш менен сүйлөшүп, кызы менен никеге турууга макулдугун алмак болду. Анан болгон бизнесин Айгеримге өткөрүп бериши керек. Мунусу да терең ойлонулган бүтүм эле. Анүчүн Айгеримди ушу азыртан баштап окута берүүнү чечти. Компьютердик курска жаздырып, айдоочунун күбөлүгүн алып берсе, фирманы кантип башкарышты акырындап үйрөтө бермек. А өзүнө болсо мобу мотурайган тармал чач баланын жыты, күлкүсү, күн сайын чыгып келаткан улам бир жаңы кылык-жоругу жашоосунун маң-ызы болуп баратты. Экөөнүн ынактыгы чыныгы ата-баладай, Куба кожоюн Жоши, Жоши деп жыттап, баланын өзүнө ээрчип талпынганын, эркелегенин көрүп ого бетер жарпы жазылат. Күн сайын ушул баланын жытын жыттаган сайын кадимкидей көздөрү тирилип, тирүү өлүккө айланып, бош тамда арбактай гана басып калган Куба кожоюндун жашоосу чындап өзгөргөн эле. Бирок Зуурашка туура түшүндүрүш керек. Айгеримди кызындай көрөт, никеге тургандан кийин да кызындай гана мамиле жасайт. Болгону Жошини өзүнө каттатып, ага ата болуп, ага болгон тарбиясын берип, бүт байлыгын мурас кылып Жоши менен Айгеримге калтырууну чечкен болчу.

(Уландысы кийинки санда)