Депутаттар таштанды терип, көчөт отургузушту



14- апрель күнү Жогорку Кеңеш депутаттары жана кызматкерлери "Ататүрк" паркында ишембиликке чыгышты. Таштанды тазалап, көчөт отургузган эл өкүлдөрү чарчаганда көчөт отургузуунун сырларынан, башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларынан айта отурушту. Айтмакчы, сүйлөсө эле Кыргызстандын келечегин ойлоп сүйлөгөн Ташиев, Келдибеков, Түлеев баш болгон депутаттардын дээрлик жарымы ишембиликке келишкен жок. Аларга пикет-митинг эле керек окшобойбу.

Df : - Саламатсыздарбы? Ишиңер илгери болсун! Ишембилик кандай өтүп жатат?
Эгемберди Эрматов, депутат (КСДП): - Илгерилетмек сенден болсун. Рахмат. Бүгүн-эртең сугаруу маселесин чечпесек азыр отургузган көчөттөрүбүз эки жумада эле кургап калчудай. Мына, былтыр отургузган көчөттөрүбүздүн 10-15%ы гана бой алып өсүптүр. Калганы суу жетпей кургап калган. Ошондуктан тигилген бак-дарактын түбүнө суу жүгүртүү маселесин мэрияга тапшырма катары берели. Көчөттөр мамлекеттин акчасына алынып келип жатпайбы.
Жусубалы Исаев, депутат (КСДП): - Ушул көчөттөр убагында өсүп атабы, сугарылып атабы деп мындан кийин карап турайын. Себеби парктын батышында турган депутаттык үйдө жашайт эмесминби. Ансыз деле күнүнө эки маал, эртең менен кечинде кароолдой болуп жөө басып сейилдейм. Сугарылбаса Парламентте айтып турам. Айланадагы карагайларды карагылачы, атайын бензин чачып өрттөшүптүр. Кыязы, бул жер бош калды, эч нерсе өспөйт деп үй курганга даярдашкандары го?
Талант Мамытов, депутат ("Ата-Журт"): - Чын эле жалгыз сейилдейсизби же?..
Э.Э: - Жусубалы бир-эки кошуна кыз-келинди кошуп алат (тамашалап).
Асылбек Жээнбеков, ЖК төрагасы: - Албанияга барганымда кол менен өстүрүлгөн тоо беттериндеги зайтун (оливка) токойлорун көрдүм. Аны албаниялыктар коммунисттердин убагында кыян, сел келчү тараптарды таш менен тосуп, керектүү топуракты ташып барып, айтор оливкаларды зор мээнет менен отургузуптур. Азыр Албания зайтун жана анын майын экспорттоо боюнча дүйнөдө алдыңкы орунга чыкты. Биздин адырларыбыз зайтун жана башка бак-даракты тиккенге эң сонун шарты бар. Канчалаган ортосунан суу аккан коктуларыбыз бош жатат.
Исмаил Исаков: - Төрага туура айтып жатат. Башка мамлекеттерде жаратылышка, токойлорго мамлекеттик деңгээлде мамиле кылынат. Мисалы, Түркияда армия көчөттөрдү отургузуп, маалында сугарып, анан алар баш алып алгандан кийин мамлекетке өткөзүп берет. Анан кийинки участокко өтүшөт. Азербайжанда миңдеген гектар аянтка тигилген Гейдар Алиев паркы бар. Көзөмөлгө алынса, бизде да ушундай парктарды, жаратылыш коруктарын жаратса болот.
Df : - Урматуу эл өкүлдөрү, мына, Түштүктө тоо көчкөн учурлар көп. Асылбек Шарипович айткан Албаниянын тажрыйбасын Кыргызстанга колдонууга неге болбосун? Ушул маселени мамлекеттик деңгээлде көтөрбөйсүздөрбү? Мисалы, тамыры 2-3 метр тереңге кеткен, "кытай картошкасы" деген ат менен белгилүү болгон топинамбур өсүмдүгүн Ош аймактарына айдаса болбойбу? Баса, башка өлкөлөр бул өсүмдүктөн бензин алып жатышыптыр.
И.И: - Түштүк тарапта топурагы борпоң болуп, тоо көчкөн аймактарга тамыры терең кеткен бак-дарактарды тигүү маселесин 2000-жылдары Жогорку Кеңеште көтөргөнбүз. Бирок ал үчүн мамлекеттен акча бөлүнүүсү керек. Экинчиден, окумуштуулар ошол тоо көчкөн жерлердин кыртышын экспертизага алып, ал жерге кайсы бак-дарак тамырын терең жайып өсүп кете аларын изилдеш керек. Үчүнчүдөн, дарак отургузуу бала баккандай эле иш. Эгер аны канчалык бөпөлөп, кам көрүп баксак, кийин ал ошончолук мөмө берет.
Df: - Эгемберди мырза, сизди билгендер багбанчылык өнөрүңүздү айтып жүрүшөт. Тажрыйбаңыздан элге бөлүшпөйсүзбү? Мисалы, Аалы Токомбаев өрүктү тигерден мурда түбүнө бир чоң табак муз кошчу тура. Кийин Токомбаевдин өрүктөрүн үшүк алчу эмес экен.
Э.Э: - Кыргызстан чындыгында бейиштин төрү болгон өлкө. Бизде мөмө-жемиштердин, бак-дарак, карагайдын бүт түрү өсөт. Көчөттөр тез өсүп, тез мөмө алышы үчүн тиге турган жерлерди бир жыл мурда 1 метр казып, ал жерди кара топурак, кум, жер семирткич менен толтуруп салыш керек. Анан келерки жылы керектүү көчөттү тигиш керек. Ошондо көчөт тез өсүп, тез мөмө берет. Кыргыздар ушунчалык жалкоо элбиз. Агып жаткан сууну короого буруп койгондон эринебиз. Короо-жайыбыз бар туруп базардан мөмө-жемиш сатып жейбиз. 80-жылдарда Сузакта Байбубан Матанов деген чоң багбан жашап өткөн. Ал киши дайранын жээгинде миңдеген таштак жерге топурак ташып, ал жерди гүлдөгөн бакчага айланткан. Кыргызстанда биринчи жолу апельсин, лимон өстүргөн. Өткөндө Баткенде бирөө кадимки сакура багын өстүрүптүр. Негизи, жаз мезгилинде тажрыйбалуу багбандардын катышуусунда теледен-гезиттерден кайсы бак-дарак, жемиштерди кандай отургузуу, сугаруу жана багуу жөнүндө материалдар көрсөтүлүп турса, элге да жакшы болмок.