Актерлор ырдашат: Фарида биринчи орунду ээледи

Республикалык "Актерлор ырдашат" сынагында биринчи орунду М.Жангазиев атындагы куурчак театрынын артисти Фарида Култаева ээледи. "Финалда сөзү Бактыгүл Чотуровага, обону Жалил Сыдыковго таандык "Бакен эжеге" деген ырды аткардым. Кыдыкееванын талантын даңазалап ырдоо мен үчүн чоң сыймык болду",- дейт жеңүүчү. Бул сынакты Маданият министрлиги уюштуруп, жыйынтыгы 27-март - Эл аралык театр күнүнө карата чыгарылды. Эки күн бою калыстар тобу республиканын ар тарабынан келген 60 актерду тыңдашты. Анын 18и финалга чыкты. Шарт боюнча ар бир актер 3төн ыр аткарышы керек эле. Кошумчалай кетсек, 1-орунду алгандыгы үчүн Фарида Култаева - 20 миң сом акчалай сыйлык жана диплом менен сыйланды. Экинчи орунду Бишкек шаардык театрынын актрисасы Динара Абдыкадырова, үчүнчү орунду - Кыргыз академиялык драмтеатрынын атынан айтылуу Дүйшөн Байдөбөтов ээледи.

"Асел" - кара далы кыздын турмушу

10-апрель күнү Бишкектин кинотеатрларынан "Асел" тасмасы көрсөтүлө баштайт. Тасмада сүйүү жана жалгыздык темасы чагылдырылат. Анын баары 26 жаштагы жалгыз бой Асел аттуу кыздын образы аркылуу берилет. Башкы каарман түбөлүк сүйүүсүн издеп кыйналып, жашы өтүп баратканда "издегенимди таптым" деп сүйүнүп атканда, анысы үй-бүлөлүү экенин билип калат. Калпычы сүйгөнүн унутуу үчүн Асел шаардагы ишин таштап, алыскы айылга кетүүгө аргасыз болот. Башкы каармандар: Асел - Жаңылай Кадырова, Азиз - Марат Ибраев, Эля - Саната Жумакадырова. Баса, тасмага - бардык Асел аттуу кыз-келиндер акысыз кире алышат.


Каныкей Кыргызстанды кыдырат

Каныкей май айында Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарын кыдырып, жандуу үн менен жеке концертин тартуулоого катуу даярдык көрүп атат. Демек ырчынын аталган облустарда жашаган күйөрмандары жакындан көрүп, талантына күбө болушат. Кошумчалай кетсек, Каныкей кайсы бир компания менен 5 жылдык келишим түзүп, ишке киришти. "Азырынча ал кайсы компания экенин айтпай эле турайын. Жакында маалымат жыйынында жалпы журтчулукка жарыялайбыз" дейт өзү.


Кыргыздар Нью-Йорктон кино тартышат

Бир топ кыргыз киночулары чет өлкөлөрдө тасмаларын тартып жүрүшөт. Бирок Нью-Йоркто биринчи жолу болуп атат. "Бишкек, мен сени сүйөм" фильминин жаратуучуларынын бири Руслан Акун ушундай демилгени колго алды. Тасмада кыргыз жигит Американын Нью-Йорк шаарына туугандарына барат. Бирок аны эч ким тосуп албагандыктан, чоң шаарда жатаканасыз, акчасыз калат. Кийин ал жерден сүйүүсүн жолуктурат. Режиссердун айтымында, канчалык заманбап жашоо көрсөтүлсө дагы фильмде төшөк мамилелери камтылган эмес. "Азыр актерлорду тандоо үчүн он-лайн кастинг жарыяладык. Тандалгандардын баарын Нью-Йоркко өз каражатыбыз менен алып барабыз. Ал жакта даярданууга жарым ай, ал эми тартылуунун өзү бир айга созулат" дейт режиссер. Кыргыз актерлорунан сырткары Америка жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү да "Салам, Нью-Йоркко" тартылары күтүлүүдө.

Асема казы-картага талгак болгон
- Биринчи уулум Адахан боюмда бар кезде жашылча кошулган туздуу, ачуу тамактарды кууп жечүмүн. Ал эми кызымды күтүп атканда баары тескерисинче болду. Ачууну көргүм келбей, майлуу, эттүү тамактарды, казы-картанын сазайын окуттум (күлүп). Тамакты тое жеп туруп, артынан десерт деп таттуу-таттуу пирожный жеп алчумун. Иши кылып каалаганымдын баарын жедим, ошонун баарын мага ташып, бардык эркелигимди көтөргөн жолдошума ыраазымын.


Роза туздалган бадыраңды тое жечү

- Курбуларым кош бойлуу кезинде "тигини жегим келбейт, муну жегим келбейт" дегендерин угуп таң калам. Анткени менде андай болгон жок. Боюма бүткөндөн баштап болгон тамакты тандабай, көп-көптөн жей баштагам. Көбүнчө туздуу тамактарды кууп жээр элем. Туздалган бадыраңды тойгуча жечүмүн.


Азиза кытай ашканасынан чыккан жок

- Өзүм эле кытай ашканасын жакшы көргөн жаным, кош бойлуу кезимде кытайлардын тофу деген тамагын аябай жедим. Ал эле эмес, уйдун этинен куурулуп жасалган тамактардан баш тарта албайм өзүм деле. Андан тышкары таттуу жагынан да өзүмөн эч нерсе аябайм (күлүп). Ата-энем азыр деле тамашалап калышат: "Сени "Каракум" деген момпосуй менен бакканбыз",- деп. "Каракумдан" килограммдап алып коюп жеп жүрдүм.

Анжелика уксус ичип…

- Биринчи кызым боюмда бар кезде уксуска талгак болгом. Тамакка көп кошуп алып ичким келчү. Курсагым 3-4 айлык болуп калган күндөрдүн биринде күйөөмө ашлямфу алып кел десем, ал уксуз кошулбаганын алып келиптир. Андайда эрке да болуп кетет эмессиңби. Ыйлактасам, эркелесем, кайра барып уксус алып келди, кошуп берейин деп. Чыдабай, тишим менен ачам деп жашталашып атып мойнумдан ылдый куюлуп кеткен. Оозума да кирип, дем ала албай калганым эсимде. Бирок ошондо да жытына жыргап калгам. Ал эми экинчи баламда, эртең менен тура калып эле манты жегим келе берчү.