Айжан Абдиева

(Драмалуу сүйүү жана тагдыр баяны)


(Башталышы өткөн сандарда)
Оюна алда нелер келип, бир жыгылып, бир туруп чуркап баратып же бир жетсечи. Кудайлап, жакындарымдын жамандыгын угуза көрбө деп жалынып-жалбарып келатып кошуна үйдүн эшигин катуу койгулап жиберди.
- Мунарбек байке, айланайын байке, апамдардын кайда экенин билесизби? Кайда кетишкен алар?!
- Айгеримсиңби, бу сен кайдан түн катып? Үйгө кир.
- Жок, байке, андан көрө апам менен баламдын дайынын айтыңызчы,- Айгерим жалдырап ийди.
- Алар райондо ооруканада, сынтырда. Айылда беш күндөн бери свет жок. Экөө тең ооруп, баланын өпкөсүнө суук тийиптир. Кечээ алпарып жаткырганбыз. Коркпо, жакшы болуп кетет дешти...
Ошол замат короодон атып чыкты. Артынан кыйкырып калган коңшу байкеси менен коштошууга чамасы келген жок. Чоң кара машине эми эле келген жолу менен жанагыдан бетер өңкүлдөп жөнөдү. Айгерим жолду катар ыйлап келатты. Кулагына эч нерсе илинбейт, санаасы алып учуп, жүрөгү зыркырайт.
Аңгыча шоопурдун телефону чырылдады. Куба кожоюн экен.
- Сүйлөшө албайт, ыйлап атат. Баласы да, апасы да ооруканага түшүп калыптыр. Ооба, райондо да, - кыжырлана сүйлөп атып кайра Айгеримге кыйкырды:
- Бырылдабай кое турчу, угулбай калып атат.
Анан "макул, жарайт, жакшы болот, кам санабаңыз" деп кыска жооп берип атты.
- Ыйлаба, апаң менен балаң тирүү болсо шаарга алып кетебиз, ошол жактан дарылатабыз,- деди жана бир корс этип.
- Мынчалык орой болбосоңуз эмне? Тирүү эле болушсунчу ылайым!
Айгерим келгенде райондук ооруканада түн ортосунан эчак ооп кеткенине карабай кыймыл көп. Кайсы тушун караба жапжарык, беш-алтоосу буту-бутуна тийбей чуркап жүрүшөт. Алар борбордон келе жаткан тез жардамды күтүп жатышкан эле. Айдоочусунан баарын угуп-билер замат Бишкектеги менчик клиникага чалып, тез жардам машине бир врач менен медсестрасын алып жолго чыккан болчу.
Айгерим дале дендароо. Айылга келгени, апасы менен уулун үйүнөн эмес, ооруканадан тапканы, реанимацияга киргизмек түгүл баланын жанына жакын жолотпой тез жардамга салып узатып жиберишкени түш сыяктуу сезилип, эңгиреп кала берди. Төбөсүнөн кызыл жарыгын жаркылдаткан машиненин артынан чуркагысы келди эле, буттары шилтенбей койду. Шоопур жетелеп кетпесе, тура бермек ошо жерде каткан боюнча.
Баланы реанимациядан 4 күнгө жетпей чыгарып, дагы бир жумадай дарылашты. Бөйрөгүнө таш толуп келген Зуураш адеп операцияга макул болбой аткан. Неберем менен чогуу чыгып кетем деп жаш баладай ээленип аткан, экинчи жолу пристубу кармагандан кийин операцияга алып киришти. Бул учурда Айгерим тызылдап баарына жетишип атты. Таң атпай туруп кожоюндун чай чөбүн кайнатып, тамагын жасап, анын жарымын куюп апасы менен Жоодарына жөнөйт. Түшкө чейин уулунун жанында жүрөт күймөнүп. Бул ошо Куба кожоюндун буйругу. Кайра келип түшкү тамакты жасап кетет. Анан кечкисин кожоюну бүт баарын сурайт, ийне-жибине дейре. Экөө чогуу тамактанганга көнүп калышты кадимкидей. Башында Айгерим күнүмдүк ишин заарканып илең-салаң баштап, бул үйдө мойнунан байланган иттей араң чыдап жүрсө, кожоюнунун апасы менен уулуна кылган жакшылыгынан кийин ар бир ишин чын дилинен берилип жасай турган болду. Мурдагыдай коркуп, кысынып-тартынбай, ээн-эркин сүйлөшө билет.
Эми "эртең балаңды чыгарып келгиче, биз анын бөлмөсүн даярдашыбыз керек" дегенине ого бетер ыраазы болду. Жан дүйнөсү балкыды. Ушундай жакшы сөздөрдү айткысы келип, бирок оозуна сөз кирбей, көздөрүнө жаш толду. Айгеримдин ичинде болуп аткан уйгу-туйгусун сезгендей, кожоюн аш үстөлдөн туруп баратып жылмайып, башынан сылай кетти.
- Баары жакшы болот, - деди.
Айгерим апасын көргөнү кеткенде, баланы Кутман алып калчу болду коркпостон. Үч күндөн бери ошентет. Өмүрү текке кеткен тура, бала деген асыл дүйнөнүн күлкүсүнө, кылык-жоругуна тойбой калып. Муну карасаң, дегеле чочуркап койбойт. Кайра талпынып, ырсаң эте күлөт, болгон эки тишин көрсөтө.
Зуурашты бүгүн бастырышыптыр. Өңү купкуу болуп, медсестранын жетегинде теңселип келаткан апасын көрүп сүйүнүп кетти Айгерим. Ушу бүгүн сагынычтары тарагандай болду эне-баланын. Кызынын жүзүнө көпкө тигилип, анын жашоосу калыбында экенине ынанып, санаасы тынды шордуу эненин.
- Апа, кам санабаңыз, кожоюн абдан жакшы адам. Чогуу жашайбыз, буюрса.
- Көптөн берки тилегим эле ушул менин. Кудай узун өмүр берсин кожоюнуңа. Ал болбосо күнүбүз бүтмөк. Мен го жашарымды жашадым, Жоодарды кантем деп айлам куруп кетти. Кудайга эле жалынып аттым,- андан ары сүйлөй албай жашып кетти.
- Апа, ыйлабаңыз, көп жашайсыз али, мындан ары кыйналбайбыз. Сезип атам мен ушуну.
- Кожоюнуңа "апам жатып алып аябай ыраазы болуп атат" деп айта барчы, жакшылыгын оту менен кирип, күлү менен чыгып актап берермин айыгып кетсем. Кудайдан кайтаар. Бар эми жөнө, балаң ыйлап калбасын.
Кечки тамактан кийин Айгерим баласын уктата албай убараланып жаткан. Шып этип кирип келген караандан жүрөгү оозуна тыгыла түштү. Саламга келбеген Амантай баласын бооруна баскан Айгеримди мыскылдап көпкө тиктеди.
- Менин сүйүктүү атакемдин кийинки катыны сенсиңби? Биротоло ушул үйгө орун-очок алдыртайын деген экен да? Түшүнүктүү.
- Кечирип коюңуз, мен аялы эмесмин эч кандай. Болгону, иштеп акча таап, өз оокатымды кылып жүрөм.
Залдагы диванга чалкалай отурду.
- Эй, саксайган албарсты, кимсиң сен бу жерде. Малайсыңбы не? Анда милдетиңди так аткарып, эшик ачып тосуп албайсыңбы? - деп кыйкырды.
- Айгерим, бөлмөңө бар, баланы да алып кет, тез! -арыдан кирип келген Куба кожоюн өктөм сүйлөдү.
- Оо, жакшы, жакшы. Уже "түтү-пүтү" дешип калыпсыңар го ыя.
- Тур жөнө, - жини келгенинен тиштери кычырай түштү. Айгерим коркконунан титиреп кетти. Бирок экинчи кабатка атайылап жай көтөрүлүп баратты. Бөлмөсүнө киргиче тымтырс болуп, көңүлү жайлана түштү. Жай сөзгө өтүштү окшойт дегенинче болбой Куба кожоюндун "жогол, көзүмө көрүнбө!", "экинчи ушул үйдүн эшигин аттачу болсоң атып салам, өз колум менен өлтүрөм!" деген күркүрөгөн үнүн угуп, ого бетер бүжүрөдү. Анан баласын керебетине жаткыра коюп, кожоюнуна чуркады, ооруп калбаса экен баягыдай болуп. Жок, кудай жалгап бу жолу жыгылган жок. Колуна таблетка менен суу куюлган кружканы кармап, жанында эмне кыларын билбей чебелектеп турган келинге ичи жылып, кожоюн алсыз жылмайып койду. "Ичпейм, бара бер" деген ишарат жасады.
Ушул түнү Айгерим уктай албай түйшөлүп таң атырды. "Эмнеге ушундай, бардык шартты түзүп берип атса, баласы атасына неге каршы? Эмнеге өч? Буларга эмне жетпейт? Кудай, менин балама ушундай шарт берсе 5 тилди окутуп, билимдүү, эстүү кылып тарбияламакмын."
Амантай ичине кек толуп, бүт дүйнөдөгү ата аттуунун баарын боктоп, атасынын байлыгын үй кызматчысы менен анын баласынан кызганып, өлүп кете сактады. Жек көрүүсүн, ызасын, ушуга чейин толуп-ташыган кегин кайдан чыгарарын билбей туталанып баратып, шумдук бир ой кылт этти...
Энемди кор кылган, улам бир жаш катынга алмаштырган атанын барынан жогу! Энемдин төшөгүн дагы бир шуркуяга тебелеткиче жер кучактап өлсүн! Энеңдурайын десе, эми өлөрүндө ушул шуркуяга бүт байлыгын калтырган атабы ыя?! Ушуларды сүйлөнүп, тиштери кычырап, ичинен атасын өлүмгө буюруп койду. Азыр ушул заманда адамды ит аткандай аттырып коюш опоңой экенин жакшы билет. Колу деле канга бир эмес, эки жолу боелду. Биринчи жолкуда өзү менен теңтуш болуп жүрүп, кийин чоң машина базарда "доля" талашканы үчүн Бордош деген чоң бизнесменди өзү өлтүрткөн. Аттырайын деп кайра коркту. Машинасынан түшүп бери басарда сүздүртүп өлтүрттү. Чынында өлүп калсын деп ойлогон эмес, мертинтип койгула, коркуп калсын деген. Бордош болсо реанимацияда 3 күн жатып кете бербедиби. Зыйнатына өкүрүп барып, аялына жарым жылча жардам берди. Биринчи жолу ушинтип колу канга боелгондо түн уйкусу качып, түшүнө улам Бордоштун арбагы кирип кыйналган. А экинчи жолкуда бир полковникти ит аттыргандай аттырып салды. Ал болсо мунун артынан түшүп, салык салып, ай сайын кирешеңден мага алып келип турасың деп шарт койгон. Ал шартына 6 ай чыдады. Улам полковниктин кекиртеги кернейдей боло бергенде аттыртып салып, бирок бул жолкуда негедир кыйналган жок. Көнө түшүптүр. Амантай ошентип кыжынып кетип баратты дагы жүрөгүндө атасын өлүмгө буюруп койду. Мунун жарасы жеңил, болгону баягы Кешаны табыш керек, акчасын келишип туруп ишти бүтүртүш керек. Бирок Амантайга дагы бир ой кылт этти. Заказной кылып кадимки киллерге кайрылып кереги не?! Бир алкашты жалдап туруп, бул үйдө кеминде 100 миң сом акча бар катылуу, алтын-күмүш толтура деп алдап кийирип ийсе, атасын уктап аткан жеринен башын жара чаап бат эле өлтүрүп баса берет да. Так ушул туура болчудай деп кыпылдап баратты. Байдын үйү деп ууру киргендей кылганы туура болот, ошондо эч ким мындан шекшибейт. Эгер азыр атасы өлсө бүт байлыгы өзүнө каларын, кокус атакеси бирөө менен никеге турса же керээз жазып салса, анда баарынан кол жуурун ойлоп, ичинен кан өтүп кетип баратты.

(Уландысы кийинки санда)