Жума собол

Сагызгандай сайраган оппозиция жана канкор Бакиев



- Оппозиция Жалал-Абаддагы митингинде "өкмөт отставкага кетсин, Башмыйзамды өзгөртүү боюнча Конституциялык жыйын чакырылсын, 2010-жылдагы апрель, июнь окуяларына күнөөлүүлөр табылып, жазалансын" деген бир нече талап коюп, аны аткарууга бийликке он күн убакыт берди. Бул талаптар канчалык негиздүү? Курманбек Бакиев Твиттер баракчасында бул оппозициянын талаптарын колдоорун билдирип, азыркы бийликти сындады. Мурунку президент менен оппозициянын ою бирби?


Эркин Алымбеков, ЖК депутаты:

- Оппозициянын митингдери табигый көрүнүш. Булар конституциялык укугун пайдаланып атышат. Маселе, андагы коюлган талаптарда. Өкмөттүн отставкасын талап кылышууда. Азырынча өкмөт колдон келген аракеттерин көрүп атат. Күзгө чейин убакыт берели. Бул убакытка чейин иштей албаса, анда коалициядагы "Ата Мекен" фракциясы да өкмөттүн кетүүсүн талап кылышы мүмкүн. 1993-жылкы Конституцияга кайтып келүү жөнүндө айтсам, азыр такыр башка мезгил. Ал эми июнь окуясына күнөөлүүлөрдү жазалоо талабы туура. Колдойм. Укук коргоо органдары аларды тиешелүү жоопкерчиликке тартуусу кажет. Бакиев бир маегинде "азыркы өкмөттүн мүчөлөрү менден консультация алып турушат" деп мактанган жайы бар. Оппозицияда бакиевдер менен байланышып, алардын кызыкчылыктарын коргоп аткандар да, тыйынын алып, сен жакшысың деп эки жүздүүлөнүп жүргөндөр да, идеологиялык жактан Бакиевди чындап колдоп, анын кызыл камчы бийлигин каалагандар да жок эмес.

Эмилбек Каптагаев, мурдагы президенттик администрация жетекчиси:

- 2006-жылы "элди митингге чакырган киши кыргыз элинин душманы" деп Мадумаров сайрап жүрчү. Анткени ал кезде вице-премьер-министр болчу. Азыр ошол сөздөрүн эстесе карапайым элдин башын айлантып, карандай калпты чынга кошуп сүйлөп, ыйманын жемек эмес. Каркыраны сатып жибергенин танып касам ичип: "Бакиевге каршы болчумун",- деп жүзүкараланып жаткан кишиден эмне жаңылык күтсө болот? Булардын артында бакиевдер турат деген сөз чындыкка жакын. Анткени алардын түбү бир, "бака балыктын тили бир" дегендей, кечээ эле табакташ болуп чогуу иштешкен, кызматын кылышкан. Алардын душманы да бир. Бул - демократиялык өнүгүү, коррупция менен криминалдан тазалануу жолу. Алып-жутуп көнүп калган кишилерге азыркы заман жакпайт. Бирок мен ойлойм, азыр жарандык коом контрреволюциялык аракеттерге жол бербейт. Апрель революциясынын каармандары деле бар, буларга кыжыры келип "ким жырткыч, ким каракчы экенин көрсөтөбүз, Мадумаров өз сөзүнө жооп берсин", - деп жатышат. Азыр оппозициямын деп жүрүшкөндөрдүн көбү Бакиевдин жугундукорлору. Алар ошол заманды самап, ак эткенден так этип жүргөн бечаралар да... Булар кайсы бийликти алмаштырганы жатат? Президенттиби, Жогорку Кеңештиби же Өкмөттүбү? Бул да таптакыр түшүнүксүз.

Исмаил Исаков, ЖК депутаты:
- Конституцияны өзгөртүп, 1993-жылдагыга кайтып барышыбыз керек деп атышат. Аны ишке ашырчу болсок, бүткүл системаны оңдоп, өзгөртүш керек болот. Анда менчик ишканалар, дыйкандардын жерлери мамлекетке кайтарылат. Анын айынан чоң чатак өзүнөн-өзү чыгат. Буга акылы ордунда эч бир адам барбайт. Экинчиден, өкмөттүн кетүүсүн талап кылуу мага жарашмак. Себеби мен бул өкмөткө добуш берген эмесмин. Дастан Бекешов экөөбүз каршы добуш бергенбиз. Калгандары, анын ичинде оппозиция толук колдогон. Мүмкүнчүлүк беребиз дешип. Эми мүмкүнчүлүк беришпейби. Июнь окуясына күнөөлүүлөр жазалансын деген талабы туура. Апрель, июнь окуяларынын күнөөлүүлөрү жазага сөзсүз тартылуулары керек. Бул талапты биз, Убактылуу өкмөт да койгонбуз. Аларды жазага тартуу үчүн Башкы прокуратура, МУКК, ИИМ жакшы иштөөгө тийиш. Ал эми Бакиев менен оппозициянын байланышы бар дегенге кошулбайм. Бакиев иши кылып ушул бийлик кетсе болду деген позицияга өтүп алса керек. Оппозиция бийликке келген учурда да Бакиевди алып келе албайт. Эл, коомчулук деген бар. Бакиев азыр ким бийликти, өкмөттү кетсин десе, ошолорду колдоого алат. Ага айырмасы жок ким экени. Башкысы, ага өзүн кетирген бийлик кетсе болду.


Өмүрбек Абдрахманов, ЖК депутаты:

- Азыркы Башмыйзамдын арты менен Ташиев да, Келдибеков да парламентте олтурат. Оппозиция бийликтеби, демек конструктивдүү иш алпарышы керек. Өкмөттүн бир жылдан кийин отчетун угалы, иштей албаса ошондо кетиребиз. Бир ай иштетпей эле соодалаша бергендин түбү жакшылыкка алып барбайт. Ал эми июнь окуясына кимдер күнөөлүү? Мен айтаар элем, дал ушул талап коюп жаткандар деп. Ошол эле Мадумаров жана башкалар "Ак Жолду" уюштуруп, Бакиевдин бийлигин чыңдап берген. Эгер Бакиевдин криминалдык-бандиттик бийлиги болбогондо мындай кандуу окуялар болмок эмес. Тилекке каршы, биз эки жылдан бери 7-апрелге да, июнь окуясына да чекит кое албай, кайра четинен качырып жатабыз. Бул Убактылуу өкмөткө да, азыркы бийликке да абийир алып келген жок. Элди түштүк-түндүккө бөлүп жатса, албетте, Бакиев оппозицияны колдойт. Азыр митинг өткөргөндүн баары Бакиевдин мурунку достору. Колунан кармап албагандан кийин айтыш кыйын дечи. Бирок шайлоо маалында Бакиевдин буларга акча бергени тууралуу кептер чыккан. Ошол эле Мадумаров, убагында "байке, пиво алып берчи" деп жүргөн бала эле. Азыр андан өткөн бай жок. Шайлоого короткон акчасын, олтурган офисин, минген машинасын карагыла. Аны Бакиевден башка ким берет? Бул ачык эле көрүнүп турбайбы.


Собол салгандар Айгүл Бакеева, Мирлан Дүйшөнбаев




Кыргыздын байлыгын калпып, саясатына кийлигишкен казак олигархы


Президенттин абактагы иниси Акмат Бакиев качып кеткенден кийин ММКларда "Акмат Бакиев 4-март күнү "Манас" аэропортунан жеке менчик "Гольфстрим" учагы менен чыгып кетиптир" деген маалымат тараган. Ал маалыматты тыкыр иликтөөгө алган "Дело№" газетасы кызыктардын баарын казып чыгыптыр. Газетанын кечээ күнкү санында "Каретадан трапка" аттуу материал чыкты. Урунттуу жерлери төмөндөгүдөй.
" 4-апрель күнү түшкө маал "Манас" аэропортуна Алматы шаарынан британдык TAG AVIATION UK компаниясына таандык "Гольфстрим" учагы келип конот. Кадырман конокторду тосуу үчүн учуп-конуу тилкесине В 7700 АА номериндеги "Мерседес", 032 KG номериндеги "Тойота-Королла" унаалары кирип, келген меймандарды траптан машиналарга салып, Бишкекти көздөй жөнөшкөн. Эл аралык аэропорт өзгөчө кайтаруудагы объект. Ал эми учуу тилкеси жабык зона болуп эсептелип, ал жерде өзгөчө конокторду унаа менен тосуп алууга Кыргызстандын президенти, спикер, вице-спикерлер, премьер-министр, вице-премьер-министрлер, жогорку соттун төрагасы, башкы прокурор, ТИМ министри, коопсуздук кеңешинин катчысы жана президенттик аппараттын жетекчиси болуп, 18 чиновниктин гана мыйзамдуу укугу бар экен. Андыктан 2-март күнү президенттик аппараттын жетекчиси Төрөгул Беков "Манас" аэропортунун президенти Э.Шайдиновго кат менен кайрылат. Катта 4-март күнү Казакстандын президентинин Кыргызстандагы атайын өкүлү Булат Утемуратов башындагы Б.Букенов, П.Капылов, Б.Буртулецов аттуу кадырман казак коноктору келери жана аларды статусуна жараша жакшылап тосуп коюу өтүнүчү айтылган. Ошентип VIP-меймандар келишет. Аларды тоскон жогорудагы эки унаанын номерлери премьер-министр Өмүрбек Бабановдун жардамчыларына тиешелүү болуп чыкты. Мисалы, андагы "Мерседеске" тагылган В 77 00 АА номери Бабановдун коомдук байланыштар боюнча жардамчысынын "Тойота Лендкрузер-200" унаасына таандык болуп чыкты" - дейт басылма.

Казак олигархы Акмат Бакиевди салып кеттиби?
Баасы 470 миң еврого чамалап барган бул брондолгон жолтандабасты 2010-жылы парламенттик шайлоодо Бабанов минип жүргөнүн көргөндөр бар. Анын азыркы ээси болгон, премьердин жардамчысы 4-март күнү жолтандабас Ак үйдүн унаа токтоочу жайында токтоп турганын айттууда. Ал эми экинчи, 032 KG номерлүү "Тойота Королланын" ээси (ал дагы Ө. Бабановдун жардамчысы - авт.) дагы 3-март күнү Ак үйдүн унаа токтотуучу жайына унаасын тапшырганын айтып жатыптыр. Энди бул актанмайларды тергөө териштирер. Аэропорттун президентине кат жазган президенттин аппарат жетекчиси Т.Беков ал күнү казакстандык конокторду тоскону барбаптыр. Кайсы жардамчыларын жөнөткөнүн да айта элек. Казакстанда экинин бири болгон Назарбаевдин биздеги атайын өкүлүн тосууга анда кимдер барган?! Балким Акмат Бакиев тосуп алып, кайра чогуу учуп кетип жүрбөсүн? Бабановдун бул иште кулагы чыгып атканы бекеринен эмес го. А мыйзам боюнча мамлекеттик иштерге байланыштуу келген, жогорку даражадагы конокторду жогоруда президент баштаган 18 чиновник гана тосорун айттык. Демек аэропорт жетекчилиги жана Төрөгул Беков мыйзам алдында жоопко тартылууга тийиш.

Булат Утемуратов деген ким?
Казак ММКлары Астана полит-бомондунун "серый кардиналы" атыктырып жүргөн Булат Утемуратов дүйнө миллиардерлеринин тизмесине кирген олигарх. Казакстандагы АТФ, БТА банктарынын, "Верный Капитал" холдингинин жана түстүү металл рыногунда алдыңкы сапта турган "Казцинк" компаниясынын ээси. Андан сырткары, көптөгөн тармактарда Булаттын бизнестери көп. 55 жаштагы казак күркүлүнүн колу тийбеген майлуу жерлер аз. Казактардын айтылуу "Самрук казына" мамлекеттик инвестициялык фондунда дагы Булаттын ишенимдүү командасы иштейт. Үлкөн байбача Утемуратовдун Кыргызстан менен тыгыз байланышы бар. Ал тууралуу маалымат мындан 6-7 жыл мурда эле ММКларда калкып чыккан. 2005-жылдагы жоогазын революциясынан кийин бакиевдер акаевдердин байлыгын казып баштап, АКШдан жардам сураган. Ошондо ФБР акаевдердин байлыгын казганда "Бител" компаниясын (азыркы "Билайн" - авт.) Б.Утемуратов, компаниянын наркы 150 млн.го бааланып, "азырынча сатылбасын" деген соттун чечими турганына карабай, 70 млн. долларга сатып алганы аныкталган. Утемуратовдордун үй-бүлөсү орустардын "Билайн" компаниясынын Казакстандагы филиалына да ээлик кылышат. Булаттын Кыргызстандагы байлыгы "Билайн" уюлдук компаниясы менен эле чектелбейт. Анын карамагында Бишкектеги НБТ телеканалы, БТА банкы бардыгын platon.kz интернет сайты кабарлайт. Учурда ирандык инвесторлор сатып алган "Финанскредитбанк" банкынын айланасындагы тоскоолдуктардын артында да Утемуратов турары айтылууда. Кыскасы, Назарбаевдин атайын өкүлү эмне себептен жашыруун келип- кеткени табышмак. Эгер эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу визити менен келсе, анда ал визит расмий түрдө чагылдырылмак. Демек Булат жана анын Кыргызстандагы Бабанов баш болгон баурдаштары өлкө кызыкчылыгына каршы келген интриганын үстүнөн чыкканы жатат шекилдүү. Эгерде Парламентте бакырчаак оппозиция, патриот депутаттар калган болсо, сөзсүз түрдө Утемуратовдун 4-март күнү келген визитинин чоо-жайын такташы зарыл.

Семетей Талас уулу