"КАМЭК" клиникасынын дарыгерлери - сиздин кызматта!


Дартына даба издеп, кимге кайрыларын билбей, гезиттен жардам сураган окурмандар бар. Түмөн-түркүн суроолор жаайт гезитибизге. Окурмандарыбыздын суроолоруна мындан ары КАМЭК көп тармактуу клиникасынын адис-дарыгерлери жооп берип турушмакчы. Бул ирет рубрикабызды аталган оорукананын врач-гинекологу, Медицина илимдеринин кандидаты, Акушердик жана гинекология кафедрасынын ассистенти Назира Маматова алып барат.


Жатындын сыртына бойго бүткөндө не болот?
- Эмне себептен жатындын сыртына бойго бүтүп калат? Ал коркунучтуубу, жатын түтүгүн кесип салышат дейт, андан кийин төрөй албай калсачы?
Мунара, 18 жашта


- Бул түйүлдүктүн жатында эмес, анын сыртында: жатын түтүгүндө, жатын моюнчасында, энелик безде, ичегиде жана ич көңдөйүнүн башка бардык органдарында өөрчүшү. Жатындын тышына бойго бүтүүнүн себептери толтура. Көбүнчө жатын түтүкчөлөрүнө суук тийип, сезгенүүдөн жана түрдүү инфекцияларды жугузуп алуудан, өнөкөт жугуштуу илдеттерден улам болот. Натыйжада жатын түтүкчөлөрү жабышып, ийилип калат да, уруктанган клетка жатынга түшпөй башка органдарда өөрчүй баштайт. Кээде жыныс органдарынын жетилбей калышы, бойго бүтүүгө каршы зыяндуу ыкмаларды колдонуу, организмдеги гормоналдык бузулуулар да себеп болот. Баланы бир жылдан көп убакытка эмизгенден да болушу мүмкүн. Анткени баланы эмчектен кеч чыгаруу жатын түтүгүнүн кыймыл активдүүлүгүн начарлатып коет. Мындай бойго бүтүү, албетте, коркунучтуу. Аял өзүнүн кош бойлуу экенин билер замат УЗИге түшүшү керек. Бойго бүтүү коркунучсуз, кадимкидей же тескерисинче, адаттан тыш, жатындын сыртында экенин адистер гана аныктай алышат. Эгерде этек кир кечигип, кийинчерээк иретсиз кан келсе, ичтин төмөн жагы катуу ооруп, алсырап, баш айланса, анда дароо врачка кайрылыш керек. Убагында дарыгерге кайрылбаса түйүлдүк чоңоюп отуруп, түтүктүн жарылышына, ичке кан толуп, өлүмгө чейин жеткириши мүмкүн. Өз алдынча дарыланууга да болбойт. Анткени муну бир гана операция жолу менен дарылайт. Ал эми жатын түтүгүн алдырып салган аялдын экинчи түтүгү таза болсо, бир түтүгү менен төрөй берет. Же түтүк жарылып эле кетпесе, учурда түтүктү кесип салбай, жаңы ыкмадагы операция менен сактап калса болот. Өкүнүчтүүсү, бизде аялдар жатындын сыртына бойго бүткөнүн билбей жүрө беришип, түтүктөрүн гана эмес, жатынын да алдыртып салгандар көп.


Гигиенаны сактабай, тар, синтетикалык ич кийим кийсе....
- Мага турмушка чыга элегимде эле "молочница" деген диагноз коюшкан. Анчалык коркунучтуу эмес, дарыланып, гигиенаны сактап жүрсөң айыгып кетесиң дешкен. Ушул оору тууралуу адистерден сурап бергилечи. Боюма бүтсө зыяны тийбейби?
Айпери, 21 жаштамын

- Бул медицинада кандидоз деп аталат. Быштакка окшош бөлүнүп чыгуулар менен коштолгондуктан "молочница" деп коет. Кандиданын ооз көңдөйүндөгү көбөйүшүнө ымыркайларда кездешүүчү оозулду мисал келтирсек болот. Оозул ымыркайга упчу же башка буюм аркылуу жугуусу ыктымал. Кандида ашказан жана ичеги-карындарда көбөйүп кетсе, дисбактериоз оорусуна алып келет. Ал эми аялдардын жыныстык мүчөсүнүн чел кабыгында көбөйүп кетүүсү молочницаны пайда кылат. Аялдардын этек кири келгенде, кош бойлуу кезинде да күчөп кетиши мүмкүн. Анткени бул учурларда организмде гормондук өзгөрүүлөр жүрөт. Ошондой эле тазалыкты сактабай, өтө тар, синтетикалык ич кийимдерди көп кийгенден да болот. Коркунучтуу эмес деп дарыланбай жүрө берүүгө болбойт. Оору алгач кычыштырып, заара кыларда, жыныстык катнаш учурунда ооруксунтуп, бир топ ыңгайсыздыктарды жаратат. Бара-бара өнөкөткө айланып, бактериялык вагиноз, трихомониаз, хламидиоз, гонорея өңдүү ооруларга чейин жеткирет. Ал эми боюнда бар аялдын өзүнө гана эмес, түйүлдүккө да зыяны тиет.


Күйөөңүз урологго барып, спермасын тапшырсын
- Тукумсуздук эркектен болуп атканын кантип билсе болот? Эркектин спермасы жай кыймылдаганда бойго бүтпөйт дейт, ушул чынбы? Күйөөм ооруканага барбай атат, ушул анализди кантип, каякка тапшырат?
Гүлбарчын, Оштон, 27 жашта

- Күйөөңүз урологго көрүнүп, анализ берсин. Тагыраак айтканда, 3-4 күн сактанып спермограммасын тапшырат. Так диагнозун ошол адистер аныктап, жардам бералат. Азыр бардык ооруканаларда мындай анализди тапшырса болот. Балалуу болуу үчүн жубайлар чогуу текшерилип, экөө бирдей дарыланышса жакшы натыйжасын берет.

16 жаштагы кызда кантип миома болсун?
- Күйөөгө тие элек жаш кыздарда миома болобу? Эмнеден пайда болот? Кантип эле 16 жаштагы кызда миома болсун? Менин мектепте окуган сиңдиме ушундай диагноз коюптур, ишене албай Бишкекке алып келип текшертейин деп атам.
Надира, Жумгал району

- Болот. Атүгүл кичинекей кыздарда деле чоң көлөмдөгү миома кездешет. Кыргызстан иодго таңсык өлкө болгондуктан, ар бир экинчи аялзаты богок менен ооруйт. Алкым бези чоңойгон сайын жатынга таасир этип, миоманын өсүп кетишине алып келет. Андан башка да себептери көп. Сиңдиңизди сөзсүз гинекологго текшертип, оорунун алдын алууга аракет кылыңыздар. Антпесе миома өтүшүп кеткен учурда операциясыз айыгууга мүмкүн болбой калат. Миоманын кесепетинен азыр жапжаш кыздар операция жасатып кетип атышат.

3-4 жума кезинде кыз же эркек экенин кантип билсе болот?
- Кош бойлуулуктун 3-4 жумасында эле кан тапшырып, бойго бүткөн баланын кыз же эркек экенин билип алса болот дейт. Ушундай анализ Кыргызстанда жасалабы, канча сом турат?

Жылдыз Турсункулова, Бишкек шаарынын тургуну

- Жылдыз, түйүлдүктүн жынысын мынчалык эрте убакта аныктоого мүмкүн эмес. Кош бойлуулуктун 9-жумасынан кийин гана атайын тест аркылуу билсе болот. Же биопсия хорион деп коет, ткандан алынган анализди тапшырып аныкташ керек.


Даярдаган
Нурзада Ташбаева