Сенин шишең толду, базар өкөнөмүкө!
Эмгеги… тойус, кусундусу далай өлкөгө сиңген "эл алкеши" наамын алган лауреат катары айтарым ушул - өкөнөмүкөбүз төрт аяктап калды. Мындан өткөн абийир төгүлгөн абал болбойт жаратылышта. Бирдеме кылып башын жазбасаңар, кеч болуп калат. Каны коюуланып, калласы жарылчудай болуп турат. Төрт-бешке бөлүнчүдөй болуп турат. Улам бөлүнгөн башын бир коногу кемирип кетип атат. Сыйчыл кишиге айла жок - кайсы ит келсе деле баш тарта беребиз, баш тарта беребиз… Өзүбүзгө атабыздын башы да калган жок. Шыйрагыбызды жейбизби?! А отко эмнени жагабыз анда?
"Алыс туугандан көрө жакын кошунаңа бар" деп токпейил жүрсөк, жакын деле кошуна калбаптыр. Өгүнү көк түтүн сурап барсак, көчүккө тээп туруп, тикен зымдан бери чыгарып коюшту. Насвайыңды, махоркаңды чеге бер, ошол көк түтүн жетет сага дешти. Өздөрүнүн чеккендери чучуктай болгон куба сигарасы. Же туугандан жок, же кошунадан жок, ай-талаада калган окшойбуз.
Мындан өткөн күйүт болобу! Күйүттүн айынан гүлгүндөй жаштарыбыз ичип кетип атат. Өкөнөмүкөнү оңдой турган опол тоодой курагында ичип кетип атат. Азыр ар бир үч кишинин жок дегенде бир жарымы алкеш. Бири - толук алкеш, бири - жарым алкеш. Толук алкеши жарым ыстакандан кийин жалп өчөт, жарым алкеши жарым түнгө чейин ичип атып жайытын бир заматта кара топуракка айлантат. Эртеси күндүн биринчи нуру менен жарышып тура калайын деп көзүн ачса, боз топурак кучактап, бозгалтерди кулагына илип отурган болот. Чөнтөгүндө сокур тыйыны жок. Үйүнө кетейин десе, адресин таппайт. Бирин-серин эрбейген-сербейген караандардан сураса, казактын кең далаасында жаткан болот. Беш гектир тамеки талаада жалгыз өзү жатат. Аңгыча арт жагынан "шешеңди эле шешеңди!.." деп маңкайган бирөө келет. "Жатып истебей, туруп исте!" деп ыкшыңдаган бойдон куп гана куйруктун чаңын күбүй тебет. Ошондо барып "…тамеки ден соолукка зыян!" деген эски ураан эсине кылт дей түшөт. Чын маанисин ошондо гана түшүнөт. Үркүндөгү Ажардын монологун кайталаган бойдон түн катып качып чыгат. Улуу Жибек Жолунун эски нугуна салып качат. Качкындардын пири Ысмайыл жана анын орунбасарлары Асхарапоз менен Ку-ку-манбек колдосун деп бетине бата тартып жиберип чыгат. Керек болсо, Ысмайылдын өз жолу мындан да татаал болгон. Ал атаканын астында оозуна келип калган сталиндик жүз граммды мас немиске тарттырып жиберип, ызасына чыдабай баса берген экен. Былкылдак саздын асты менен, кара булуттуу фронттун үстү менен үйүнө эптеп жеткен. Ошону эстеп, биздин күндүн каарманы оозу ачылган жалгыз бөтөлкөнү ынак курбу, кырк градустук акылы тунук караан катары ээрчитип сапар алат. Казактар кайың сааган жерден кайберен саап ичип, жолду ката бошогон бөтөлкөлөрдүн изи менен жүрүп отурат. Бул издер андан мурда качкандардын, мекенин сагынгандардын чыйыры. Аны кеңейтиш керек. Керек болсо, Тойчубек салган жолго чейин чоюп жеткизиш керек. Күн чайыттай тийген жерине бөтөлкө кабыл алчу бекет сала кетиш керек. Ошондо балким ишибиз оңолот.
Шапкеси сол жагына кыйшайган өкөнөмүкөбүздү оңдоп-түзөөнүн бир жолу ошобу дейм. Болбосо, өкөнөмүкөбүз эки жолдун айрылышына кептелип калды. Дагы бир аз турса, чаты айрылып кетиши мүмкүн. Анткени, арактан бөлөктү чыгаралбаган өкөнөмүкө түз басалбайт. Ага тапталган жол керек. Ар кайсы булуң-буйткада милисасы туруш керек капчыгын камдап. Алар да бул жолдо бекер турбашы керек. Бирөөнүн чөнтөгү менен бала-бакырасын багыш керек. Салык-сулук, бажы-мажы дегендер жолдун көркүн ачып, үч исмен менен иштеп, урук-тууганы май чайнашы керек. Болбосо, өкөнөмүкөбүз башындагы шапкесиндей сөзсүз кыйшаят…




Тост-торгой

Студенттер чардап атышат. Бири минтип тост көтөрөт дейт:
- Достор, бизди биякта окуп кыйратып атышат деген тияктагылар үчүн алып коелук!
***
Дагы бирөө кайкалап тост айтыптыр:
- Келгиле, биздин балдарыбыздын ата-энелери чириген бай болсун!
Эмесе, биздин ата-энелерибиздин балдары бай болсун үчүн чөйчөктөгүнү чайпалтпай көтөрүп коелу!
***
Дагы бирөө минтип тост көтөрөт:
- Келгиле, ажал жетсе чоң атамдай уктап баратып өлөлү… Анын эски автобусундагы жүргүнчүлөрдөй жүрөктөрү түшүп, жанталашып жан бергенден сырткары кылсын!..
***
Дагы бирөө минтип тост айтыптыр:
- Келгиле, үстөлүбүздүн бели дайыма дүйүм тамактан ийилип турсун. Керебетибиз болсо дайыма лаззаттан ийилип турсун, ийилбей түз туруп шыпкап жибергиле!

Сөзирмемдер
Падышанын оозунан жел чыкпаса, жан чыкпайт.
Жазылбаган башты ар бир пенде эле окуй бербейт.
Киллердин кичине тапанчасы чоңунан жаман.
Көчүктү кыскан байлар да ыйлайт.
Өкмөт кала берет, шапкеси алмаша берет.
Тоо башына жол салышат, киши башына салык салышат.
Кадимки башка катындан кийин ак чач чыгат.
Ичилелек аракта ачылалек күнөө бар.
Жол узуну көз менен, жол кыскасы сөз менен.
Акеңди таанытам деген жерге арагы жок барбай жүр.


Уу-батамды берейин
Чыныгы президент деген бери болгондо үчөөнү ишендириши керек:
"Сен эмес мына мен президентмин!" деп катынын ишендириши керек;
"Мен эмес мына силер чечимди кабыл аласыңар!" деп парламентти ишендириши керек;
"Силер эмес мына мен кийинки президентти шайлайм!" деп элди ишендириши керек.



Стат-уялар
Күндүзү уктап, түнкүсүн уктабаган күйөөчыкмалар таңкы саат төрттө тынч уйкуда жаткан аялынын койнуна эскертпей кирип келип оккупация жүргүзүп, керт башынын кызыкчылыгын көздөп, алсыз ургаачыны түнү бою, жылы бою эзгендиги үчүн жана эбин улам-улам таап ыракатын жалгыз өзү көргөндүгү үчүн "эго-ит" деген ыстатыя менен сөгүш алат.
***
Мас абалында үйүнө үч күндөн кийин кыйраткансып кирип келип, түгөйлүк милдетинен караманча кашайып баш тарткан күйөөмандар катыны тарабынан камыр жайган үбөлүк менен токмок жейт жана Токмок тарапка сүргүнгө айдалып куугунтукталат.
***
Аялынын көзүнө карабай туруп чөптүн бүрлөрүн түрдөп салган эркектер эмнени кайда салуу искусствосун бурмалагандыгы үчүн абийир алдында жооп берет. Абал оордоп кетип ашканадан от чыкса, өртөчүргүчтөрдүн каргышына калат жана ашканадан айдалып, бир айлык мөөнөткө коомдук макаронканага кесилет.



Кычышып атат!
Оорулуунун энеси:
- Сиз кагазыңызга өтө эле көп акча жазып коюптурсуз го?
Врач:
- Кудайды карасаңыз боло, алдагы башы таз уулуңузга он эки жолу келбедимби!
- Өзүңүз деле кудайды карасаңыз, менин уулум бүт классына таз жуктуруп, сизге жакшыле пайдасы тийбедиби!..


Өлүп кет!
Операция бөлүмүндө:
- Ооруп атат! Өлүп баратам! Жардамга-а!
Врач тамекисин түтөтүп:
- Өкүрбөй тынч жат, экзаменге иттей мышайт кылып атасың! Студенттерди коркутасың, шүк!