Үзүлбөгөн үмүт жана үлбүрөк жандар



Жазды дайыма аялга салыштырабыз. Чынында экөө окшош. Аял дүйнөсү канча жашка чыкпасын жазга окшоп дирилдеп турат. Күн сымал жашоону жылыткан да ушул аял мээрими. Эне жок болсо коломтодон от өчүп, үй томсорот. Сүрөтчү Гүлнара Мусабайдын тарткан сүрөттөрүн тиктеп олтуруп ушул ойлор жаралды. Үлбүрөгөн кыз, муңайган зайып, токтоо байбиче… Көздөрүндө убайым, үзүлбөгөн үмүт, жүрөк эзген күтүү, тоодой ишеним… Бул бүгүнкүнүн айымдары. Баары тааныш. Арасынан өзүңдүн да карааның көрүнөт.


Жаз байырлаган өнөркана
Гүлнара Мусабай КР маданиятынын эмгек сиңирген кызматкери. 1954-жылы борбор калаада жарык дүйнөгө келген. В.И. Мухина атындагы Ленинград көркөм сүрөт жана өндүрүш окуу жайынын бүтүрүүчүсү. Учурда С. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында, Кыргыз-орус Славян университетинде сабак берет. 1995-жылы "Чыгармачыл аялдардын лигасы" аталыштагы бейөкмөт уюмду негиздеген. Бир нече эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнүн катышуучусу. Учурда Гүлнара айымдын эмгектери дүйнөнүн бир нече ири музейлеринде илинип турат. Аял жөнүндө бүтпөгөн оданын автору Гүлнара Мусабайдын жаз илеби уялаган өнөрканасына баш бактык.

Каректе калган балалык
-Мени алты жашка чейин атамдын эжеси бакты. Кочкордо турчу. Балалыгым айылда өткөнгөбү, жүрөгүмө элеттик аялдын образы жакын. Кээ бир эмгектериме баккан апамдын элеси түшкөн. Ал киши жаны тынбаган мээнеткеч аял эле. Кой жайганы чыкканда да ийигин таштабай, көтөрүп алчу. Бир да жолу бош олтурганын көргөн эмесмин. Андан бери далай жылдар суудай акты. Бирок кыргыз аялынын түйшүгү арбыганы болбосо, азайган жери жок. Көр турмуштун оордугун жонуна көтөрүп, ишке да, үйгө да жетишип келет. Кайда караба, аял байкуш жанын сабап, тытынып жаткан болот. Мен ошондой эмгекчил кыргыз аялдарын тарткандан тажабайм.

Кагазда кооздолгон өмүр
-Боек менен иштөө назик мамилени талап кылат. Башкалар көзү менен көргөндү сүрөтчү жүрөгү менен көрөт. Мага эргүү капысынан келет. Ойдо жок жерден бир образга жолугасың. Ал көкүрөгүңө уюп, кийин кагазга түшөт. Кээде аны бир күндө тартып бүтөсүң. Кээде жылдап тура бериши мүмкүн. Турмуштун жолу татаал, жүгү оор. Анүстүнө көр оокат айласы баарыбызды ачуулуу, түнт кылып койду. Эгер бүгүнкү күндү дал өзүндөй кылып тартсам, анда күңүрт өңдөрдөн турган бирдеме жаралмак. Мен аны каалабайм, жаа бою качам. Жашоону жок дегенде кагазда кооздогум келет. Көргөн адамдын көңүлү кубанса дейм.

Түстөрдүн поэзиясы
-Союз маалында саал башкача тартсаң, кысымга кабылаар элең. Азыр эркиндик. Эч ким сары изиңе чөп салбайт. Каалаганыңды тартасың. Меники декоративдик стиль. Башынан бери ушул багытты карманып келем. Мен үчүн жан дүйнө маанилүү, ал эми окшоштук экинчи планда. Дайым аял темасын тартам, аялга арнап ода жазам боек менен. Сүрөттөгү ачык түстөр ошол аялдын маанайы, жан дүйнөсү. Ошон үчүн менин каармандарым жашыл көктөмдө, гүлдүү жайда, коңур күздө жүрүшөт. Боекко бай мезгилдер. Айрыкча, жайкысын көлгө барганды жакшы көрөм. Жеткиче терезеден көзүмдү албайм. Жол боюнда алма-өрүк саткан аялдар мага өзгөчө таасир берет. Чакада кызыл помидор, сары өрүк, жашыл алмалар. Керемет кооздук, түстөрдүн поэзиясы.

Аcка-тоом - үй-бүлөм
-Баягы эле көртирлик колуңду байлайт да. Айрыкча, аял кишинин түйшүгү көп. Сүрөт менен олтуруп алсаң, кириң жуулбай, тамагың жасалбайт. Экинчи жагынан ишиң калат. Ошентсе да чыгармачылыкка убакыт табасың. Негизи эле сүрөтчүлүк өнөр аял үчүн оор. Жанында түшүнгөн адам болушу керек. Менин бактыма ушундай адам жолукканына тагдырга ыраазымын. Жолдошум Алыкул Биймырзаев да сүрөтчү. Ленинграддагы И.Е. Репин атындагы көркөм-сүрөт жана скульптура институтун бүтүргөн. Менин биринчи сынчым. Мен аны сындайм. Ортобузда бир уул, бир кыз бар. Кызым да сүрөткө кызыкчу. Бой жеткенде экономист болууну чечти. Бирок жан дүйнөсүндө чыгармачыл адам бойдон калды. Банкка ишке орношуп, бат эле таштап койду. Азыр Францияда. Уулум болсо жеке ишкер. Жакында үйлөнөм деп жүрөт.

Санжи Туйтунова