"Айдагы жезкемпир"


же сакура неге дайым гүлдөп турбайт?



"Айдагы жезкемпир", "Бороондуу бекет", "Найман эненин ыйы", "Бетме-бет", "Саманчынын жолунун" жаңы версиясы, "Бешик" жана башка көркөм тасмалардын, ондогон даректүү фильмдердин режиссеру, Кыргыз Эл артисти Бакыт Карагулов агай менен кайыр кечте маек куруп олтурдук. Будданын "Көз - алдыга умтулуу үчүн берилген" деген сөзү Бакыт аганын турмуштук девизи экен. Демек, дагы далай шедеврлер жаралаар.

-Бакыт агай, кепти алгачкы фильмиңиз болгон"Айдагы жезкемпир" тууралуу баштасак…
-Мен Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын кулунумун. Балалыгым Таластын Чат-Базар деген айылында өттү. Курагым үч-төрт жашка келгенде согуштан кайтып келе жаткан акыркы адамдарды көрүп калдым. Фильмдин сценарийин жазган Ашым Жакыпбековдун өзүнүн атасы согушка кетип, кайтпай калган. Балалыгында атасын күтүп жашаган. Бала кездеги жүрөгүнө баткан ошол күтүүнү Ашым Жакыпбеков жомоктордон, уламыштардан кошуп "Айдагы жезкемпир" чыгармасын жазган. Ошол муунду көрдүк. Ошол муундун балдары менен чоңойдук. Ошон үчүн бул тема менин жүрөгүмө жакыныраак болду.
-Фильмде үйүлгөн кумду санап, айдын ичинде жезкемпир олтурат эмеспи. Бул ирмемди кантип тарттыңыздар? Жезкемпирдин образын тартыш оңойго турбаса керек?
-Кино тартуунун өз ыкмалары бар. Бул жезкемпирдин образын актриса Койсун Карасартова ойногон. Абышкасы Андабеков менен ырдап-бийлеген, нарктуу, касиеттүү жакшы кемпир эле. Жасалма тиштерин алдыртсак, бир эле жалгыз тиши калат экен. Ошол жалгыз тиши жезкемпирдин образына аябай туура келди. Анан грим менен ыгына келтирип, Ашым Жакыпбековдун жазган нерсесинен айылдагы жердин ландшафтын таап, ошого ылайыктап тарттык.
-Фильмди тартуу учурунда кандай кызыктуу окуялар болду?
-Баланын кыялында айдагы жезкемпирди кара кагаз учуруп кетет. Түшүндө бороон-чапкында жезкемпир учуп, качып бараткан жери бар. Ошол жерин тартып, жасалма шамал үйлөтүп баратканбыз. Бир убакта май түгөнүп, мотор өчүп калды. Дагы учса болмок эле деп карасак, артта ушундай бийик жар турат. Жардан учуп кетээрине үч эле метрдей калыптыр. Кемпир жардан учса, эч нерсеси калмак эмес. Бул коркунучтуу да, күлө турган да, ыйлай турган да ирмем эле. Биз Койсун Карасартованы тартканда эч ким Койсун эже дечү эмес. Жезкемпир дешчү. Анткени ушунчалык жезкемпирге окшошуп, образына жакын болду. Фильм ошол муундун балдары үчүн шумдуктуудай таасир калтырган. Жакында фильмди көрдүм. Ыймандай сырым менен, тазалык менен тартылганына күбө болдум. Азыр да мага көп чалышат. Ушул фильмдерди көрсөтүүнү суранышат.
-Топ-топ болуп учкан каркыралардай далай залкарлардын көзү өтүп кетти. Алар менен иштешип калдыңыз да?
-Кыргыз кереметтерин жаратууга салым кошкон залкар таланттар менен иштешип калдым. Алар жүрөктөрүн, тагдырларын, өмүрүн кино, театрга арнап салчу. Алар кыргыз сахнасынын куту эле. Азыркылар майдаланып кетти. Тойдун адамдары болуп, тамада болуп кетишти.
-Акыркы убактарда сиз тарткан "Саманчынын жолу", "Маңкурт", "Бороондуу бекет" тасмаларында тартылган Гүлсара Ажибекова эже: "Ушул фильмдерге тартылган соң өз тагдырым да оорлошуп кетти"деп айтканын укканым бар?
-Гүлсара Ажибекованын тагдырына мындан ары ушундай ролдорду жаратуу келеби-келбейби, аны бир кудай билет. Ар кимдин турмушунда ар кандай учур бар. Кудай Ажибековага мүмкүнчүлүктү кенен берди. Айтматовдун чоң эки шедевринде ойноду. Анан ошол киши арман кылса, калганыбыз жылаңайлак эле кетип калышыбыз керек. Азыр Ажибекова токтоп, мүмкүнчүлүктү башка Ажибековага берди. Өзү болсо Толгонай болуп, Найман эне болуп, Үкүбала болуп жашап жатат. Кайгырганы менен жараткан образдары эл эсинен чыкпайт да.
-Негизинен эле өтө жарык таланттардын жеке тагдырлары татаал болуп калат?
-Шекспирдин Отелло каарманы аркылуу "Же менин балалыгым болуш керек же карылыгым болуш керек" деген сабы бар. Адам трагедиясы эки нерсеге байланыштуу. Же турмушта болбой калган чыгармачылыгың же бийик болуп туруп үйдүн ичинде пирамида ураганы - турмуштук закондун өзү. Дайыма гүл бакча болуп, дайыма сакура гүлдөп турбайт. Сакура жазында гана гүлдөйт. Анан жай келет. Аптаптуу күндөр келет. Анан коңур күз келет. Мындай бир адамдын турмушу мезгил сыяктуу эле. Инжилде: "Жамандык болсо кайгырбайын, жакшылык болсо өтө кубанып кетпей, сабырдуу болоюн", - деген сөз бар. Ушул Инжилдин сөзү менен жашашыбыз керек.
-Фильмдериңизди турмуштагы тепкичтерге окшоштурасызбы?
-"Айдагы жезкемпир" менин балалыгым болсо, "Маңкуртту" союз учурундагы биздин баалуулуктардын баары жок болуп кеткен бир караңгы доорго, "Маңкуртчулук" доорго салыштырам. Чыңгыз Айтматовдун "Жерди көрүш үчүн сөзсүз көккө чыгыш керек беле" деген сөзү бар. Окумалдуулугубуз жогору, өзүбүз астрономияга кол салып космостон сүйлөйбүз. Бирок, жердеги ыйык нерселерибизди жоготуп алдык.
-Сиз союз учурун маң­курт­­чулук доор дейсиз. Маңкуртчулук доорго накта эми келгендейбиз го?
- "Маңкуртта" куну учкан, кыйсыпыры учкан дүй­нө сүрөттөлгөн. Ошол күн­дөрдү көрүп жатабыз. Маңкуртчулуктун кайсы пунктунда жашап жатканыбыз азыр белгисиз. Алыкулдун "Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт" деген ыры пародия сыяктанат. Ким көп? Акылман көп. Билерман көп. Коррупция менен күрөшүп жатабыз дешет. Коррупция кыймылдабай ордунда турат. Жылаанчалык да алдыга жылалбай турабыз. Деги кайда баратабыз? Ушул ой мээмди көзөйт.

"Айдагы жезкемпир" тасмасынын кыскача мазмуну:
Улуу Ата Мекендик согуш башталган алгачкы күндөрдө эле тоолуу кичинекей айылда жашаган алты жашар Эркиндин атасы, агалары согушка аттанат. Кичинекей Эркиндин оюнда жомоктогу үйүлгөн кумду санап олтурган айдагы жезкемпир жерге түшүп, айылдаштарынын баарын жеп, баардык азап-кайгынын баарын ошол жезкемпир алып келип жаткандай сезилет. Кыялында, түшүндө бороон-чапкын жезкемпирдин кумун чачып, өзүн учуруп кетет.
Баланын тилеги согуш тезирээк бүтсө экен дейт. Согуштан келгендерден "атамды көрдүңөрбү" деп сурай берет. "Атам тезиреек кайтып келсе экен" деп, атасына кат жазуу үчүн тамга тааныганды үйрөнөт. Бала "ата" деген сөздү жазып үйрөнгөн күнү, апасы кара кагаз алат. Бирок баланын бактылуу ирмемдерин бузгусу келбей, атасынын өлгөнүн айтпай коет. Бала уктап түш көрөт. Түшүндө булуттарга окшоп аппак каттар атасын көздөй учуп баратат. Бала болсо кубанып ат чаап келе жаткан жеринен фильм аяктайт. Фильмде баланын атасы эч качан кайтып келбестигин эл билет, бала билбей калат.

Жамиля Таштанбекова






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

5-апрель, 2012-жыл






??.??