Азербайжан Кыргызстанда нефть иштетүүчү ишкана курат


Кыргызстандын Азербайжан менен болгон карым-катнашынын жаңы барактары ачылды. Өткөн аптада президент Атамбаев Азербайжанга ырасмий сапар менен барды. Бул бай өлкө менен болгон алака 20 жылдан бери "тоңуп" турган. Нефтиси фонтан болуп атылган, Персияныкынан кем калбаган килемдери менен атактуу, байыркы тарыхы жана маданияты бар, мукам кайрыктарга каныккан өнөрпоздору, айрыкча Кара Караев, Бюль-Бюль оглы, Муслим Магомаев өңдүү бизге жакшы тааныш өнөрпоздордун ысымын ысык угузган бул мамлекет менен көп жылдык тыныгуудан кийин кайрадан мамиле түзүлдү.
Азербайжан демекчи, бийлик атасынан баласына өткөнү менен, атасынан баласы кыйын чыгып, Гейдар Алиевдин уулу, азыркы президент Ильхам Алиевдин тушунда нефть экспорттоочу түтүктөрдүн ишке киргизилиши бир катар ийгиликтерди апкелгенин айтып өтүш керек. Баку-Тбилиси-Жейзан жана Баку- Тбилиси-Эрзурум нефть экспорттоп өткөрүүчү түтүктөрү орнотулду. Беш жылда экономикалык жана энергетикалык долбоорлор ишке ашырылып, экономика, өндүрүш эки эседен ашык өсүп, жаңы жумушчу орундар пайда болду. Дээрлик 50 пайызга жеткен жакырчылык төмөндөп, 13 пайыз болуп, бюджеттик чыгымдар 12 эсеге өскөнү белгилүү. Учурда Азербайжан нефть жана нефтепродуктуларын 87 пайыз экспорттоочу өлкө болуп калды. SOCAR аттуу мамлекеттик нефтекомпаниясы Азия аймагына нефтепродуктуларын сатуунун көлөмүн дагы өстүргөнү турат.
Алмазбек Атамбаев Азербайжандан компоюп кайтты. Себеби Азербайжан Кыргызстанда нефтини кайра иштетүүчү заводду курууга убада берди. Ушул апрель айынын ичинде аяккы чечим кабыл алынса, анда алдыга карай бир кадам жасалган болот. Атамбаев айткандай, эгер Кыргызстанда күйүүчү - майлоочу май, авиакеросин иштетилип чыгарыла баштаса, Кыргызстан экономикалык жактан бир кыйла көз карандысыз болот. Болочок ал ишкана жылына 2- 2,5 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май иштетип чыгармак. Азербайжан тарап ал ишкана үчүн 250 млн. доллар сарптай турганы айтылууда. Нефть сырьесун азербайжандыктар Казакстандан алып, ал эми Казакстандан ал өлкө аркылуу чыгуучу нефтепродуктуларынан анын ордун толуктап бермекчи жана Кыргызстандын өзүнүн да нефть продуктыларынан пайдаланмакчы. Эгер Кыргызстан жылына 1,3-1,5 млн. тонна нефтепродуктуларына муктаж болсо, анда иштетилгенден артып калган нефтини башка өлкөгө экспорттоого да болот дешет адистер. Азыр Кыргызстандын нефтепродукту рыногунун 95 пайызын россиялык "Газпромнефть" ээлейт. Азербайжандар нефтини иштетип чыгаруучу завод ачса, анда россиялык нефтепродуктулардан көз карандылык жоюлуп, Путиндин көзүн карабай калат элек.
Кыргызстанда нефтинин запасы деле бар. Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин директору Учкунбек Ташбаевдин билдирүүсү боюнча, Кыргызстанда 101 млн. тонна нефтинин геологиялык запасы жатат. 12 жерден алына турганы - 13, 4 млн. тонна. Ал эми "Экситокорпорейшн" илим изилдөө институтунун президенти Дүйшөнбек Камчыбековдун айтуусу боюнча, Кыргызстанда болжолдонуп жаткан нефтинин запасы 500 млн тоннадан 1 млрд. тоннага жакын. Эгер азербайжандыктар Кыргызстандагы нефтини чалгындоо иштерин жүргүзө турган болсо, анда мына ушул запастарды иликтеп, чалгындап жана иштетип чыгууга да мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
Кыргызстан чакан мамлекет болгону менен тышкы саясатты туура жүргүзүп, өз кызыкчылыгын коргой билсе, бирөөнүн көзүн карабай жашаганга болот. Соңку кездери Түркия, Катар, Азербайжан өңдүү мамлекеттер менен тоңуп турган мамилелер жанданып, чет жактан инвестициялык кызыгуу да арта баштаганы кубандырат. Алмазбек Атамбаев тышкы саясатка батыл киришип, өктөм сүйлөп, Россия өңдүү державаларга айрым кемчиликтерин бетине айтып, кээде бурганакты салып коюп атат. Тышкы саясатта жүгүнүү деген болбош керек. Мамлекеттик кызыкчылыкты коргоо деген гана болушу керек. Бул жагынан Алмазбек Атамбаевди колдойбуз. Эң башкысы, ар бир өлкө менен болгон мамилени, саясатты тең салмактап, соңку жылдардагы чаң басып калып кеткен келишимдерди кайрадан столдун үстүнө алып чыгып, өлкөнүн ички потенциалын туура пайдаланганга багыт койсо экен деген тилек. Бирок ириде коррупцияны ооздуктабаса, инвесторлор "шапке сурамай" өңдүү илгерки дарттардан чочуп калган жайы бар эмеспи.

Айгүл Бакеева





Темир САРИЕВ, Экономика жана монополияга каршы саясат министри:

"Биздин Өнүктүрүү Банкты Максимдин ЦАРИИсине окшоштурушпасын"


- Мына, апрель окуясына эки жыл болуп калды, сиз мурунку бийликти кулатууга катышкандардын бирисиз. Элдин үмүтү акталып атат деп ойлойсузбу?
- Ар бир революциядан кийин элдин күтүүсү жогору болорун биз тарыхтан билебиз. Мындай учурда элдин үмүтү менен жаңы бийликке келгендердин аракети шайкеш келип, көп реформалар башталып кетет. Бирок, тилекке каршы, биздики бир аз үзүндү-үзүндү болуп калды. Анткени 2005-жылы башыбыздан өткөргөн бир топ нерсени кайра кайталоого жол бербейли деп, адегенде эрежелерди тактап алып, анан ошонун негизинде жүрүп кеттик. Конституцияны кабыл алдык, парламенттик шайлоо, андан кийин президенттик, жергиликтүү шайлоолор өтүп, кандайдыр бир нукка түшүп калды. Убагында болуп аткан жат көрүнүштөр четинен чечиле баштады. Мисалы, азыр кандайдыр бир топтун, үй-бүлөнүн монополиясы жок. Парламентте атаандаштык курч, ошонун негизинде бардык нерселер ачыкка чыгып атат. Бирөө кыңыр иш кыла турган болсо, экинчи жагы сөзсүз аны айтып чыгат. Бул парламенттик системанын күчтүү жагы. Мына азыр оппозициянын расмий трибунасы бар, биз аны мыйзам менен бекитип бергенбиз. Алсыз жагы -парламенттик маданият, тажрыйба жетишсизирээк болуп атат.
- Менин айтайын дегеним, апрель окуяларына күнөөлүүлөр жазасын албай калганына элдин нааразычылыгы күч. Колго түшкөн жалгыз Акмат Бакиевдин да качып кеткени элдин кыжырын кайнатты. Аларды жоопко тартууга Убактылуу өкмөттүн, жаңы келген бийликтин күчү жетпей калдыбы?
- Биз 7-апрелден кийин кайсы жол менен кетебиз, революциялык жолбу же мыйзам жолубу (?) деп кеңешкенбиз. Биз ошондо мыйзамдуу жолду тандап алганбыз. Революциялык жол боло турган болсо, сен күнөөлүүсүң деп эле баарын дубалга тургузуп же камакка отургузуу керек болчу да. Бул жолду тандасак, айланып келип эле андай күн элдин башына түшмөк. Ошон үчүн укуктук жолду тандап алдык, бул жол узагыраак, кыйыныраак болот да. Бул багыттагы кемчилик бүгүнкү бийликтин кылбайм дегенинен эмес, күнөөлүүлөрдү укуктук негизде жоопко тарталы дегендиктен болуп атат. Албетте, кемчиликтер бар. Анткени беш жыл отурган бийлик өзүнүн тамырларын абдан терең жайып жиберген. Аларга караштуу, ошолордун акырынан жем жегендер отуруп атат бүгүнкү күндө. Мына ушуларга нааразычылык жаралып атат. Ишке ашпай аткан дагы чоң иштер - бул сот реформасы менен административдик реформа. Ушул эки багыт боюнча биз кашаңдап атабыз. Бирок мунун баары чечиле турган маселелер.
- Сиздердин Өнүгүү Банкын түзөбүз деп аткан демил­геңиздерди саясатчы Исхак Масалиев бизге берген маегинде сындап, "Бул Максимдин ЦАРИИсинен айырмасы жок нерсе" деп айтты. Сиздер да ошол жолго түштүңүздөрбү?
- Биздин Өнүктүрүү Банкты Максимдин ЦАРИИсине окшоштурушпасын. Максим ЦАРИИни өзү үчүн, жанындагы жан-жөкөрлөрү үчүн түзгөн. Биз Борбордук Өнүктүрүү Банк деп эл үчүн, мамлекет үчүн түзүп жатабыз. Экономиканы көтөрүү, түздөн-түз инвестиция алып келүү үчүн ушул банк керек болуп турат. Бүгүнкү күндө баары кредит керек болуп атат деп айтып атат. Насыялардын үстөктөрү көп, ошон үчүн биз элдин, жерибиздин байлыгын туура иштетели деп атабыз. Бул 100% мамллекеттик банк болот. Кытайда үч Өнүгүү Банкы бар, эмне үчүн алар дүркүрөп өсүп атат? Алар мындай банктарды түзүүдөн корккон жок. Фермерлер бизге көп жылдык мөөнөт менен насыя бергиле деп атат. Биз аларды кайдан табабыз? Биз ошол Өнүктүрүү Банкын түзсөк, ошол аркылуу сырттан акчаларды алып келип, өзүбүздүн активдерибизди туура пайдаланып, ошондой насыяларды берели деп атабыз. Бул банкты түзүү менен эки негизги приоритет кабыл алынып атат. Биринчиси - 10-15 жылдык мөөнөткө 10% үстөктөн ашпаган ипотекалык насыяларды берүү, экинчиси - лизинг, айыл-чарба техникаларын, кайра иштетүү багытында жаңы жабдыктарды алып келүү. Бул боюнча көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын пайдаландык.
- Өзбекстан - Кыргызстан - Кытай темир жолун курууну кен байлыктарга алмаштыруу каралып атканы тууралуу депутаттар айтып жатышат. Бакиевдин учурунда дагы ушундай вариант каралган эле…
- Кендерге алмаштыруу деген сөз таптакыр эле жок. Бүгүнкү өкмөттө, бүгүнкү президентте андай саясат жок. Бул темир жол биз үчүн керек. Эгер ушул жол курулуп калса, биз транзиттик мамлекет болобуз, деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алабыз. Убагында деңизге чыгуучу жол үчүн мамлекеттер бири-бири менен согушка да барган. Бизге тынчтык жолу менен ушундай мүмкүнчүлүк берилип атканын пайдаланышыбыз керек да. Азия менен Европаны бириктирген темир жол биз аркылуу өтүп калса, бир жылда 15-20 млн. тонна жүк өтөт жок дегенде. Бул миллиарддаган акчалар. Анан дагы Түндүк-Түштүк маселеси чечилип калат, анткени, Ош-Бишкек деген жалгыз жолубузга кар тосулуп калса, канчалаган адамдар өтө албай, канчасы кар астында калды. Темир жол коопсуз жол болуп саналат. Бул жолду куруу боюнча жолдор изделип, иштелип чыгып атат, биз Кыргызстан үчүн ылайыктуу шарттарды тандап алабыз.

Дилбар АЛИМОВА





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

5-апрель, 2012-жыл






??.??