presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Эне тилдин атаандаштыкка кудурети жана тилдердин кагылышы


Мисалы, Россияда акыркы 20 жылдын ичинде орус тилинин арсеналы бир дагы жаңы сөз менен толукталбаптыр, бирок анын англис тили аралашпаган чөйрөсү калбай баратат. Ал эми Кытайда болсо, окумуштуулар жана саясатчылар бала бакчаларда жана башталгыч мектептерде англис тилин окутууга тыюу салууну талап кылып жатышат

Жумагул Сааданбеков 1940- жылы Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун Шапак айлында туулган. КР Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясынын ректору. Философия илимдеринин кандидаты. Саясий илимдеринин доктору. Убагында БКнын идеология секторун башкарып турган. Ысык- Көл областынын губернатору, КРнын Украинадагы элчиси, андан кийин Казакстандагы элчиси кызматтарын аркалаган.


Азыркы ааламдашуу доорунда бири-бирине карама-каршы эки тенденция өкүм сүрүп жатат. Материалдык, технологиялык, экономикалык, жада калса саясий чөйрөлөрдө да окшош багыттарга жана стандарттарга умтулуу байкалса, маданий жана руханий чөйрөлөрдө тескерисинче, улуттук жаатташуу, баалуулуктардын бири-бирин сүрүп чыгарууга аракеттери күч алууда. Мындай көрүнүш тилдер аралык карым-катнаштарда айрыкча курчуду, анткени тил оперативдүү саясаттын күндөлүк аспабы эмеспи.
Тилдердин көйгөйү атаандаштыктын көйгөйү болуп калды. Өңгөсүн айтпаганда, эң кубаттуу орус жана кытай тилдери да, дүйнөдөгү англис тили менен атаандаштыкта зор утулуштарды башынан кечирүүдө. Мисалы, Россияда акыркы 20 жылдын ичинде орус тилинин арсеналы бир дагы жаңы сөз менен толукталбаптыр, бирок анын англис тили аралашпаган чөйрөсү калбай баратат. Ал эми Кытайда болсо, окумуштуулар жана саясатчылар бала бакчаларда жана башталгыч мектептерде англис тилин окутууга тыюу салууну талап кылып жатышат. Алардын оюнча, бул куракта балдар жалаң гана өзүнүн эне тилин, адабиятын, тарыхын үйрөнүш керек, ал эми чет тилдерди окутууну жалаң гана жогорку класстарда киргизүү абзел экен. Кыргыз тили өңдөнгөн, жаңыдан мамлекеттик тилге ээ болгон тилдер үчүн, орусташкан шаарларда, айрыкча Бишкекте ушундай радикалдуу кадамдарга барса да болот беле? Ушундан улам, төмөнкү фактылар эске келет: дүйнөдө 5000 ден 6000 ге чейин тилдер бар, бирок ар бир ай сайын алардын арасынан эки тил жок болуп турат да, бир дагы жаңы тил жаралбайт. Ошентип, жылына 24 тил жоголуп турат.
Тили жок элдин мамлекети жок. Кыргыз тили жок болсо, кыргыз мамлекети да жок. Биздин бирден-бир олуттуу милдетибиз - мамлекеттик кыргыз тилин дүйнөлүк атаандаш тилдердин катарына дейре көтөрүшүбүз керек. Ага кантип, кандай жолдор менен жетишебиз - маселенин ачкычы ошондо. Биздин радикал улутчулдарыбыз бул маселенин чечилишин - орус тилин зордук менен четтетүүдө деп эсептешет. Өткөн 20 жылдын ичинде мамлекеттик кыргыз тили өлкөдө жападан жалгыз тил болуп калышы керек эле, андай болбой калганы үчүн мамлекет күнөлүү дешет алар.
Ал эми чындыгында, мамлекет азаттык жылдарында бир топ эле иштерди жасады. Ооба, орус тили мурдагыдай эле республиканын коомдук турмушунун көптөгөн сфераларында үстөмдүк кылат дечи, бирок кыргыз тили азыр ондон ашык тармактарга толук кандуу тарады. Ал эми 20 жыл мурда кыргыз тилин ким колдончу эле? Быйылкы жылы кыргыз мектептердеги окуучулардын саны бардык окуучулардын 60% ына жетти. 20 жыл мурда кыргыз тилдүү мектептерде болгону балдардын 28 %ы окушкан. Прогресс көрүнүп турат: эгемендүүлүк жылдардын ичинде мамлекеттик тилдеги окуучулардын саны 2,5 эсе көбөйгөн. Мындан тышкары жыл сайын кыргыз тилдүү мектептердин жана бала бакчалардын саны көбөйүп жатат. Мунун баарын төгүндөп, кыргыз тилин агрессивдүү киргизүү жакшылыкка алып келбейт. Мисалы, Украинанын мурдагы президенти В.Ющенко украин тилин гана өлкөдө гегемон кылам деп беш жыл бою катуу күрөштү, орус тилин таптакыр сүрүп чыкканга катуу далбастады. Натыйжада, ырас, украин тили өлкөдө, айрыкча, анын батыш облустарында өз позициясын бир кыйла бекемдеди, бирок орус тили мурдагыдай эле өкүм сүрүүдө. Украинанын чыгышында жана түштүктөгү облустарында орус тили кадимкидей эле иштеп жатат. Ющенконун радикалдуу тил саясатын шайлоочулардын 5% гана колдоп, президенттиктен кулап түштү.
Демек, мамлекеттик кыргыз тили конкуренцияга жарамдуу абалга эволюциялык жол менен жетиши керек. Бул болсо жалгыз кыргыз тилинин эмес, кош тилдүүлүктүн, же билингвизмдин эл арасында терең калыптануусун талап кылат. Орус тили менен тандемде гана, орус тилинин канатында кыргыз тили өзүн сактап калат, атаандаштыкка жөндөмдүү тилге айланат.
Бул ойдун түпкү тамыры төмөндөгү курч проблемага байланган. Советтик индустриализациянын натыйжасында калктын социалдык структурасы шаардык жана айылдык болуп, эки бөлүккө ажырап калган. Бүгүн айылдарда калктын 70 %дан ашыгы жашашат, анын дээрлик көпчүлүгү - кыргыздар. Бүгүнкү кайгылуу жагдай ушундай - алардын балдары кыргыз тилинен башка эч бир тил билбей калып жатат. Жыл сайын кыргыз мектептердин бүтүрүүчүлөрүнөн ондогон, жүздөгөн айылдык кыз-жигиттер шаарларга, өзгөчө Бишкекке, Россияга, Казакстанга жана башка чет өлкөлөргө жабыла окууга келишет, жумуш, профессия издешет. Ал эми Евразиянын мейкиндигинде орус тили гана абсолюттук конкуренттик артыкчылыкка ээ экени белгилүү. Кыргыз тилинен башка эч бир тилди билбеген кыргыз жаштары же орус тилинде кайрадан окуп чыгышы керек, же ар кайсы бир маргиналдуу майда-чүйдө кесиптерде иштеп, дүйнөлүк цивилизациянын артында калып жатат. Ошондуктан кыргыз айылдарында кыргыз тили менен кошо орус тилин да үйрөтүү иш-чараларын күчөтүү зарыл. Ар бир шаарда жана райондук борбордо, ЖОЖдордо жана башка мекемелерде орус жана кыргыз тилдери тең окутулган кош тилдүүлүккө окутуу борборлорун ачуу өтө керек.
Дагы бир көйгөй маселе - шаарда турган кыргыз жаштардын жана кыргыз эмес башка улуттардын өкүлдөрүнүн кыргыз тилин билбегендиги. Ошондуктан, шаарларда, айрыкча Бишкекте кыргыз тилин окутууга катуу басым жасаш керек. Себеби жыл сайын мамлекеттик тилди билбегендерге коюлган талаптар күчөп баратат. Кыргыз тилин билбеген шаардык жаштар кийин активдүү саясий жана коомдук турмуштун сыртына чыгып калуу коркунучу бар. Жогоруда айтылган кытай саясатчыларынын шаардык бала бакчаларда жана башталгыч класстарда эне тилин жана улуттук маданиятты гана үйрөтүү пикири мага абдан жакты. Эгер кичине жашында бала өз эне тилин толук өздөштүрсө, аны эч качан унутпайт.
Мамлекеттик тил - бул элдин биримдигинин негизги фактору. Акыры түбү кыргыз тили өлкөбүздө улуттар аралык мамилелердин негизги тилине айланмакчы. Тийиштүү аракеттер бул багытта жүрүп жатат. Ошого карабастан, мамлекетти кыргыз тилинин өнүгүүсүнө көңүл бурбай жатат деп эле керексиз, популисттик, майдачыл талкууларды элге тартуулай берүүнүн эмне кереги бар?
Кыргызстан - кыргыз тилинин өлкөсү, кыргыз мамлекети тарабынан курулган жана аны жалаң кыргыздар башкарууда. 2011-жылдын башында 16 980 мамлекеттик кызматчылардын ичинен 91%ын, ИИМдеги жалпы кызматкерлердин санынан кыргыздар 92,7%ды түзгөн. Башка министрликтерде, аймактарда, райондордо деле ахыбал жалпысынан ушундай. Бирок, тилекке каршы, булардын ичинен жарымы же жарымынан көбү кыргыз тилин билбеген этникалык кыргыздар. Мына ушуларга карата кечиримдүүлүк кылууга болбойт. Өткөн 20 жыл ичинде, эгер кааласа, аюу деле кыргызча сүйлөп калмак. Мамлекеттик кызматкерлерге төмөнкүдөй катаал шарт коюга убакыт жетти: же кыргыз тилинде сүйлөгөндү жана жазганды үйрөн, же мамлекеттик кызматта иштебейсиң.
Кыргыз жана орус тилдерден сырткары чет тилдерди да үйрөнүү зарылдыгы талашсыз. Ошондуктан, мамлекеттин үч тилдүүлүк программасы иштелип чыкса дейбиз. Негизинен, башка тилди үйрөнүү үчүн ага адамдын өзүнүн жүрөгү ачылыш керек. Тыюу салуу жана орой зордоо менен жыйынтыкка жетишүүгө мүмкүн эмес. Биз дагы, кыргызча сүйлөөгө ар бир кыргызстандык умтула турган шарттарды түзүшүбүз керек.
Жумагул Сааданбеков, Кыргыз Республикасынын ТИМнин Дипломатиялык академиясынын ректору, саясий илимдеринин доктору











??.??
about | A Free CSS Template by RamblingSoul

5-апрель, 2012-жыл

Барактар