presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Тузу шор Аскар Акаев, тузга сийген Мисир Ашыркулов


Көптөн бери гезит окубайм. Чынын айтсам, убакыт деле жок. Анын үстүнө ушак-айыңдан башка, кара пиар менен "заказной" мактоолордон башка азыркы гезиттерден жарытылуу бирдеме табыш кыйын болуп баратат. Бүт эле баары саясат. Баары эле саясатчы. Бир сүйлөм жазса беш ката кетирген журналисттер президент менен премьерди сындайт, парламентти боктойт, кимисине ишенээриңди билбейсиң.
Бирок "Dе-Факто" гезитинин өткөн жумадагы санын издеп таап окушка туура келди. Себеби мага тааныштар да, журналисттер да үстөккө-босток телефон чалып: "окудуңузбу, көрдүңүзбү?"- дей берип айламды кетирди. Көрдүм. Окудум М.Ашыркуловдун интервьюсун. Чынымды айтайын, жипкирдим да, жийиркендим.
Бу Аскар Акаевдин чынында да тузу шор экен деген ойго келдим. Бир жылдан бери телефон да чалбай, элди, бүт баарыбызды чакчелекей кылып коюп, заматта зуу коюп качып кетип калган биринчи мамлекет башчысынан көңүлүм үч көчкөн журттай калып келсе да, ушул жолу аны аядым. М.Ашыркуловдун макаласы мени ушул сезимге айласыздан түрттү. "Акаев - байкуш" деген сезимге кабылдым. Макаланы окугандан кийин "Манастагы" "Маңдай сөөгүм кайкы экен, менин таалайым жаман тайкы экен" деген накыл сөздү эстедим.
Айтса-айтпаса төгүнбү: канча кыргыздын кадрларын, мурда аты-жыты жок интеллигенттерин министр кылды, губернатор кылды, академик кылды, аким кылды, ректор кылды. Бирок бирөөсү Акаев жөнүндө бир ооз жылуу сөз айтканга алы жеткен жок го, чиркин. Эмне, Акаевде жакшы деп айта турган бир да сапат калбай калыптырбы? Жок, К.Бакиев дирижерлык кылган "хорго" баары катар тизилип, Акаевди көрдөн алып жерге чабышты, тимеле өздөрү кой оозунан чөп албагандай таза, ала жипти аттабаган пакиза, периште болуп кеткенсип. А чынында - четинен ууру, четинен жегич.
Эми А.Атамбаев кызматка келгенде баары дубанадай ак уруп, кудай салбасын, гезит бетинен түшпөй мактап-жактап атышты эле, умсунган кызматтан жуук калганда, акырындап боктой башташты. "Оппозицияны" сүйлөп калышты. Эгер алардын арасынан бири эле жалпы элдин, түндүк менен түштүктүн колдоосуна ээ болгон кайбар болсо, буларың топурап ошонун артынан кетмек. Ошол "оппозицияга" кошулмак. Биринчи эле сураганы - "Эмне кызмат бересиңер?" деген суроо болмок.
Бирок ошолорду да, маселен, мен туура түшүнгөнгө даяр элем, бирок Мисирдин "иттигин" түшүнүүгө эч бир мүмкүн эмес го?! Башка-башка, бирок отуз жылдык досчулукту тепсеп, ошол досу Аскар Акаевдин балдарын бармактайынан колуна көтөрүп, өңүрүнө сийдирип жүрүп, ана эми болоору болуп, боесу кангандан кийин кайсы кара теке сүзүп Мисир ага асылып атат? Мисалы, А. Бекназаров Акаевди боктосо, же Ө.Текебаев ошол кездеги бийликти жамандаса, мен, мисалы, туура эле түшүнөм, себеби алар эски оппоненттер. Анын үстүнө жыйырма жылдан бери Акаевди жамандай берип, ооздору деле көнүп калган. Бирок ушул Мисирге эмне жок дейм да...
Ток этээрин айтайынчы: эгер Акаев болбосо Мисир Ашыркулов деген ким эле? Кайда жүрөт эле? Көп сандаган илимий кызматкердин бири болуп, көчтүн арасында, көптүн арасында жүргөн Мисирди ошол тузу шор Аскар Акаев Башкаруу Академиясына ректор, андан соң КГБга шеф, андан соң Коопсуздук кеңешине төрага, андан барып канча жыл Администрацияга жетекчи кылып, колунан иш келсе да, келбесе да сокуйтуп отургузуп койбоду беле! Маңкурт болгондун да эби, чени бар го дейм? Же элдин баары жамандап бүтүп, бирок Акаевден он эсе жамандар мамлекеттик бийликтин ишпалдасын чыгарып бүткөндөн кийин тизменин акырында болсо да илинип калайын дегениби?
М.Ашыркуловдун айтканына караганда, 2 миллиард 400 миллион долларды Аскар Акаев Кыргызстандан алып чыгып кеткен имиш. Макул дейли. Анда эмесе ошолордун баарын көрүп-билип туруп, эмне тиешелүү органдарга билдирип койгон жок? Кылмыш кодексинде "билип туруп, жаап-жашыруу" (укрывательство) деген берене бар. Демек, Ашыркуловду азыр эле алпарып түрмөгө тыгып коюш керек. Акаев "досу" экөөнү катары менен. Себеби бири уурдаган, экинчиси аны жаап-жашырган.
Албетте, анын айтканы нака сандырак сөз. Биринчиден, ал убакта Кыргызстанда эч качан андай көп акча болгон эмес, болушу да мүмкүн эмес эле. Экинчиден, анча акчаны бир эсептен экинчи эсепке которуунун өзү мүмкүн эмес нерсе. Бирок муну менен мен эч качан Акаевдердин үй-бүлөсү акактай таза деп айткым келбейт. Аларга коюлган айыптардын баарына эбак чекит коюп, биздин укук коргоо органдары агын акка, карасын карага ылгаш керек болчу. Тилекке каршы, анын бири ишке ашкан жок, сыягы, мындан кийин да ашпайт окшойт. Эгер ошол 2005-жылы баардык маселелерге чекит коюп, жакшылап тазаланып алганыбызда, балким азыркыдай акыбал эч бир болмок эмес.
Эми, Акаев жөнүндө эки ооз сөз. Каалайбызбы, каалабайбызбы, Акаев - биздин улуттук тарыхтын бир бөлүгү. Балким, маанилүү бөлүгү. Менин оюмча, анын жакшысын жакшыга, жаманын жаманга ажырата турган мезгил келип жетти. Алмаз Атамбаев маңкуртизмден кетели деп туура маселе коюп атат. Өткөн тарыхыбызды кара боек менен боей бергенден табаарыбыз не, ошону ойлонсок.
Чынын айтайын, Акаевдин эң кийинки интервьюсу, "Кыргызстанда үчүнчү революция бышып жетип калды" дегени мага таптакыр жаккан жок. Жети жылдан бери сыртта жүрүп, Кыргызстандагы ички акыбалды таптакыр эле билбей калганы көрүнүп турат. Мен, мисалы, анын сөздөрүнөн ызаны, кайсы бир деңгээлде саясий тайкылыкты, майдалыкты, ал гана эмес, тымызын табалоону көрдүм. Деле Акаевдин кызматтан кеткенден кийинки бир да макаласы же интервьюсу мага жага элек. Баары бир майдалыгын, ызакорлугун, ич күйдүлүгүн көрсөтүп койду. Андан көрө Алмаз Атамбаевди те президенттикке кандидатурасын коюп атканда эле колунан келишинче колдоп койсо болмок.
Үчүнчү революция - Кыргызстандын белин сындыра турган, мамлекетибизди ичинен ыдырата турган революция болушу толук мүмкүн. Ошол бизге керекпи? Жок, албетте. Туура түшүнөлү, "революциялардын" планын биз аябай толтуруп бүттүк. Эми баш көтөрбөй иштегендин, эмгек кылгандын планын толтурбайлыбы.
Дагы бир нерсе. Биз көнгөн адат менен эле "Акаев менен Бакиев" деп жамандаганды өнөр кылып алдык. Ушул адилеттикпи? "Кыргыздар адилет эл, айкөл эл, кечиримдүү эл", Манастын эли" десек, тимеле жер тепкилеп сүйүнгүң келет. Чынында да ошондой элбиз. Бирок Акаев менен Бакиевди кантип катар коюуга мүмкүн? Манастан калган адилеттигибиз кайда? Маңкуртчулукту сындаганыбыз кайсы?
Жаңы президентибиз Алмаз Атамбаев тууралуу ар кандай сөздөр айтыла баштады. Бирок мен ушунча катуу сыноолордон, кыйын күрөштөн өткөн жетекчибиз майдалыкка барбайт го деп ишенем. Ал баарыбыздын башыбызды кошо турган, жакшы менен жаманга тегиз мамиле жасаган, бөлбөгөн-жарбаган, тарыхты элден мурун сыйлаган мамлекет башчысы болот деген ишенимден дагы эле болсо кете элекмин.
Эми билип аткан чыгаар - сындаш ушунчалык жеңил, бирок өз колуң менен бирдеме жасаш, элди-журтту бириктириш оңбогондой татаал нерсе.

Осмонакун Ибраимов,
Профессор




Роза Отунбаева, экс-президент:

"Асылбек кетти, табаңар кандыбы?"


"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин бир тууган иниси Асылбек Текебаевдин сөөгү өз айылында - Базар-Коргон районунун Акман айылында жерге берилди.

Акыркы сапарга узатуу аземинде сөз сүйлөгөн экс-президент Роза Отунбаева маркумдун апасына кайрылып: "Апа, ушул Асылбекти абдан жумшак төрөп коюпсуз, бардыгы айтып атат. Өмүрбек өзүнүкүн бербейт, абдан катуу. Асылбек болсо баарын ушинтип жүрөгүнө тийгизип, жакын алып, ар бирине жардам берейин деп аракеттенген, ушундай жигит экен. Асылбекке канча асылышты, "Асылбек тигинтти, минтти" деп. Асылбек Тейитке да барган жок, эч нерсени өрттөгөн эмес. Аны Жалал-Абаддын эли сопсонун, беш колундай билет. Асылбек кетти, табаңар кандыбы?", - деди Роза Исаковна.
"Ошондуктан айтат элем, баарыбыз бири-бирибизди аяп жүрөлү. Сүйлөгөндө калпты токтотуп жүрөлү, адам деген темир эмес, кетип калат экен ушинтип жүрөгү чыдабай. Ошондуктан калпты токтоткула, көргөн фильмдериңерди унуткула, анын авторлору да бүгүн айтып атат, ошол фильмге тиешебиз жок деп. Ошол фильмди атайын жасатып, аны саясий күрөштө атайын колдонгон", - деп айтты Р.Отунбаева жана маркумдан кечирим сурады: "Биз баарыбыз бул күрөштө катуу болдук, сен болсо демократиянын туусун жогору көтөрүп бараттың. Эч ким жаныңда калбай калганда да көтөрүп турдуң. Кечиримдүүлүк деген бүгүн кыргыз элине керек болуп атат".
Ал эми инисин акыркы сапарга узатып жатып, Өмүрбек Текебаев инисин "сынган жок" деди. "Акыркы мүнөткө чейин пландарды түзүп, ошону жасайбыз, аткарабыз, мен бир ийне алсам эле жакшы болуп кетем деп ажалы менен күрөштү. Ал солдатчасынан багынган жок. Биз үчүн бүгүн оор күн, Асылбекти сыйлап, аны акыркы сапарга узатууга келгендериңизге чоң рахмат", - деп айтып ыйлап турду. Анан кантсин, бир боору, саясатта да, турмушта да жанында тиреги болуп аткан Асылбегинен ажырап атса.
Чынында Асылбек Текебаевге көп асылышты. Калпты чындай чүргөп каралашты. Өмүрбек Текебаевдин саясаттагы душмандары иниси Асылбекти курал кылып алышкан эле. Роза Отунбаева айткандай, маркумдан сасык саясаттагы чагымчылардын атынан кечирим сурайбыз. Жүрөгү көтөрө албады. Кечир, Асылбек. Агаңды көрө албагандар соккуну сага урушчу эле. Кечир аларды, кудай баарын теңдейт, ордуна коет.
Асылбек Текебаев бизге кесиптеш болчу. Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин журналистика факультетин аяктаган. Райондук гезиттен эмгек жолун баштаган. "Мезгил үнү", "Позиция" өңдүү бир катар гезиттерди негиздеп, башкы редактор болгонго, көз карандысыз "Сентябрь" телеканалынын жетекчисине чейинки жолду басып өткөн. Ошондой эле ал Улуттук коопсуздук кызматында иштеген. Чындык дегенде чыркырап турчу. Эки ыңкылапта тең активдүү катышып, өз өмүрүн тобокелге салып алдыңкы катарда жүрдү. Диктатордук режимдин быкыйларын чукуп, акыйкаттыкты жазып да, айтып да жүргөн азаматтардан болчу. "Де-факто" гезити дагы бир жолу ата-мекенчилерге, жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт. Өмүрбек Чиркешович, кайрат кылыңыз! Асылбек чыгаан уул катары унутулбай элдин жүрөгүндө кала берет!

"Dе-факто"
гезитинин эмгек жамааты










??.??





??.??
about | A Free CSS Template by RamblingSoul

5-апрель, 2012-жыл

Барактар