presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Памирдеги кыргыздардын ханы - Турдакун Атабек



Ооганстандын Улуу Памиринде жашаган кыргыздардын ханы Турдакун Атабек Кыргызстанга келди. Ал - 46 жашта. Ооган парламентинин депутаты болгон. Эки Памирдеги кыргыздардын сабаттуу жана саясий активдүү башчысы. Азыр кичи Мекени болгон Чоң-Алайга жөнөп кетти.


-Кыргыз жерине кош келипсиз, Турдакун ажы. Биз Ооганстандын Кичи Памиринде жашаган кыргыздардын кыйын жашоосу тууралуу кабардарбыз. Улуу Памирдеги кыргыздар кандай жашап атышат?
-Чоң Памирдеги жашоо-турумдар деле Кичи-Памир сыяктуу катык, кыйын. Биз Оогандын чекесинде, алысыраак жашайбыз, Кытай, Пакистандын тегерегине жакынбыз. Машина жолу жок. Мына мен 6 күн дегенде келдим Кыргызстанга. 4500 метр деңиз деңгээлинен бийик турабыз. Аялдар төрөттөн көп өлүп кетишет. Жаңыдан төрөлгөн балдардын 10 унан эки бала тирик калышы мүмкүн. Кыш катык болот, кар көп түшөт. Малдарыбыз көп өлөт. Оорукана жок. Доктур, дарылар жок. Мал менен тирдик кылабыз. Бирөөдө көп мал, башкаларында аз мал.
-Сиз беш жыл Ооган парламентине депутат болгон экенсиз. Ошол убакта маселе көтөрдүңүз беле жашоонун кыйындыгы тууралуу?
-Мен кайрылган заманда мектеп ачылган. Азыр деле өкмөт кайрылып атат. Балдар окуп, көңүл бурулуп калды. Кыргызстандагы кыргыздар дагы кайрылып атат. Мен кыргыздарды өкмөт катары ойлобойм, тууганчылык деп ойлойм. Окуулугубуз бар. Бирок балдардын айрымдары боз үйлөрдө, талааларда окуп калышат. 5-6-класска чейин окушат.
-Кичи Памирдегилер өздөрүнүн санын 1500-2000 киши десе, бул жактан баргандар эсептесе, 720 эле калышыптыр. Улуу Памирде канча кыргыз бар?
-Мындан он жыл мурункуга караганда жакшыраак. Азыр 2000 ге чейин адамдар жашайт. 400 дөн ашыгыраак түтүн бар. Эки Памирде ар жылгада жашап атышат. Жетишип калдылар. Ванда 650 гө жетишеттер. Чачырап жашап калган. Жашоо-турум ошол. Паспорт жок, паспорт алыш үчүн Кабулга келиш керек. Узак жол басат.
-Улуу Памирдеги кыргыздар Кыргызстанга келүүнү каалайбы?
-Ошол чоң маселелер. Бир койчудан сурасаң келем деши мүмкүн, экинчи адамдан сурасаң келбейм деши мүмкүн. Биздин арзуубуз-балдарыбыз ооган, парсы болбой, кыргыз катары сакталып калышта, аны чогуу чечели. Эки Памир кыргыздардын жери болуп калды.
Маектешкен
Айгүл Бакеева




Мыктыбек АБДЫЛДАЕВ, ЖК депутаты:

"Өкмөт реалдуу жумуштар менен алектенбей, өздөрүнө пиар жасоо менен алек"


- Мыктыбек мырза, оппозиция туш-тушта митинг өткөрүп, улам "20 миң адам чогултабыз" деп бийликти коркутуп аткандай. Сиз парламенттеги оппозициялык фракциянын өкүлү катары айтсаңыз, сиздерге расмий трибуна жетишпей атабы?
- Менимче, трибуна оппозицияга жетиштүү, бирок кыргызстандыктардын турмушун өз көзү менен көрүп, ошол жердеги элдин оюн өз ооздорунан угуп-билели деген максатта жер-жерлерде митингдер өтүп атат. Негизги трибуна - бул парламенттин трибунасы. Бул жерде деле сындар айтылып атат. Бирок парламентте саясий конъюнктура кетип калышы ыктымал, ошондуктан, жер-жерлерде эл менен жолугуп сүйлөшүүдөн, алардын мүдөөсүн аткарууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
- Оппозиция бул митингдерин жалаң эле түштүк дубандарында өткөрүп атат, бул элди бөлүүгө алып келбейби?
- Митингдер Ош, Баткен шаарларында өттү. 10-апрелден кийин план боюнча Жалал-Абад шаарында өтүшү күтүлүүдө. Камчыбек Ташиевдин маалыматы боюнча, митингдер Кыргызстандын башка облустарында деле өткөрүлөт. Бул жерде Түндүк-Түштүк деген маселе жок.
- Ошол митингдерде азыркы өкмөттүн отставкасын да талап кылып атышат. Сиздин баамыңызда өкмөт отставкага кете турган деңгээлде иштедиби?
- Биринчиден, өкмөт өзү "жүз күндүн ичинде көп жетишкендиктерге жетиштик" деп микрофондон мактанып айтып атат. Бирок бүгүнкү реалдуу турмуштун көз карашы менен караганда, акыбал кыйын. Канчалык иштеп атабыз деген менен быйылкы кыш өтө оор, энергетикалык кризис күчтүү болду, таза суу маселеси көп региондордо чечилбей келатат. Анан дагы табигый кырсыктарга каршы турууда өкмөттүн даярдыгы өтө эле начар экендиги көрүндү. Мына ушунун баары эле комплекстүү алып келгенде өкмөттүн репутациясына терс таасирин тийгизип жатат. Өкмөт бүгүнкү күндө реалдуу жумуштар менен алектенбей, өздөрүнө пиар жасоо менен алек болууда. Кайсы телеканалга койбогун, өкмөттү мактап аткан болот. Мындай болбойт да.
- Президенттин ишмер­дүүлүгүнө кандай баа берүүдөсүз. Коррупция менен күрөшөм деген убадасын аткарып жатабы?
- Албетте, президенттин коррупция менен күрөшөм деген оюн колдош керек. Ошол эле убакта президенттин бул демилгеси пиар кампанияга айланып калбашы зарыл. Ушул ишинин жыйынтыгы жакшы болбой кала турган болсо, президент өзү ыңгайсыз акыбалга тушугуп калышы ыктымал. Бул чоң ишти баштагандан кийин аны аягына чыгаруу үчүн айланасында бирдиктүү, чоң командасы болушу шарт. Бүгүнкү күндө президент коррупция менен күрөшөм деп бир топ адамдарга кылмыш ишин козгогон. Ошол эле адамдар коалициялык көпчүлүктүн өкүлдөрү болуп калып атат. Коалициялык көпчүлүктүн өкүлдөрү - президент КСДП фракциясынан барып шайланган, Бабанов "Республика" фракциясынан көрсөтүлгөн, КСДПнын дагы бир өкүлү Асылбек Жээнбеков коалициялык көпчүлүктөн көрсөтүлүп, парламенттин төрагасы болуп шайланды. Ушинтип эле өзүнүн өкүлдөрүнө кайра кылмыш иштеринин ачылышы - коалициялык көпчүлүк ич-ара жакшы бир пикирге келе албай атканынан кабар берип турат.
- Мурдагы күнү сиздин комите­тиңиздин жыйынында үч гана депутат жыйынга келип, кворум жок болуп калганда: "Депутаттар парламенттин таркашына даярданып атса керек" деген оюңузду айттыңыз. Парламент таркайт деген прогноз барбы?
- Мамлекеттин ишин жүргүзүш үчүн мамлекеттик тартип болушу керек. Тартип болсо мамлекет башчыдан, өкмөт мүчөлөрүнөн, парламент мүчөлөрүнөн башталат да. Аткара турган жумушубузга өзүбүз кайдигерлик кылып, "мен барбасам деле жыйын өтө берет" десек туура болбой калат го. Депутаттардын көпчүлүгү келбей калганынан улам мен: "Балким депутаттар "баары бир тарайбыз да" деген маанайда болуп атышабы" деген оюмду айттым. Акыркы убакта массалык маалымат каражаттарынан көп саясатчылар "парламент бүгүнкү күндө өзүнүн миссиясын жакшы аткара албай атат, тарайт" деген ойду көп айта баштады.
Маектешкен
Дилбар АЛИМОВА





Кыргыз банктарынын артында ким турат? Активи-пассиви канчалык?



Учурда Кыргызстан боюнча 22 коммерциялык банк бар. Жакында эле булардын катарын жаңы ачылган Мамлекеттик өнүгүү банкы толуктады. Булардын баарына Улуттук банк көзөмөл жүргүзөт.


Кайсы банктар алдыда?
Азыркы тапта 22 банктын баарынын активи биригип 68 млрд. сомду түзөт.
Булардын ичинен иши жүрүшүп жаткан 5 банк бар. Алар: "Юникредит", РСК, КИКБ, "Демир" банк, АКБ "Кыргызстан". Банк чөйрөсүндөгүлөрдүн айтымында, топ-менеджерлери жакшы. Актив менен пассивди айкалыштырып, туура жүргүзө билет.

Актив-пассив деген эмне?
Ушул жерден сизде "актив-пассиви эмнеси?" деген суроо туулушу мүмкүн. Жөнөкөй тил менен айтсак, актив - бул кредит. Ал эми депозит- пассив болуп эсептелет. Мисалы, банк 15% менен элден акча алды дейли. Аны менен банк мамлекетке салык төлөйт, кызматкерлерге айлык берет д.у.с. бир топ чыгымдарын жабат. Калган акчасына 25% үстөк менен элге берет. Эгер актив менен пассив туура жүрбөсө банктын иши солгундап олтуруп, банкротко учурашы мүмкүн. Бул эми узун сабак сөз, ага финансисттердин башы оорусун, биз ток этерин кыскача айттык.

Банктар артында ким турат?
Актив демекчи, бул жагынан биринчи орунда "Юникредит" банк турат. Чыныгы кожоюну казак жараны, учурдагы жетекчиси Капышев Бейбут Сапаргалиевич. Активи -10 500 млн.сом (16%). oЭкинчи орунду мурда Улуттук банкка тиешелүү болуп, кийин акционерлердин колуна өткөн РСК банкы ээлейт. Жетекчиси Акматбеков Руслан Жумакулович. Активи - ­ 9 000 млн.сом (14%).
Ал эми кыргыз инвестициялык банкынын (КИКБ) чыныгы кожоюндары - чет өлкөлүктөр. Жетекчиси Кванг Янг Чой. Активи - 7 200 млн.сом (12%).
"Демир" банктын артында түрктөр турат. Жетекчиси Лютфуллах Шевки Сарылар. Активи - 6 200 млн.сом(10%).
АКБ "Кыргызстандын" чыныгы кожоюну - Ак үйдүн 7-кабатындагы үлкөн чиновник. Активи - 5 000 млн.сом(8%).

Сатылбай жаткан "Залкар"
2010-жылдын 7-апрелинен кийин "Азия универсал банктын" негизинде "Залкар" банкы түзүлгөн. Учурда Кыргызстандагы филиалдары көп банктардын алдыңкы сабында турат. Финансылык абал боюнча эл аралык KPMG аудит банктын ишмердигин текшерүүгө алып, 2011-жылдын 30-апрелине карата активдери 3 млрд. 880 миң сом, кардарларга карызы 3 млрд. 266 млн. 85 миң сомду түзгөнүн кабарлаган эле. KPMG компаниясы бул көрсөткүчтөрдү банктын бүгүнкү реалдуу финансылык абалы экендигин белгилеген. "Залкардын" учурда өлкө боюнча 36 филиалы, 18 эсеп кассасы бар. Кыргыз өкмөтү "Залкарды" сатууга 4 жолу аракет кылды. Бирок майнап чыккан жок. Азыркы тапта аны Азербайжанга сунуштап жатышат.

Мамлекеттик өнүгүү банкы
Бизнесте кепилдик-күрөө деген түшүнүк бар. Мисалы, бир бизнесмен сырттан 100 млн. долларлык инвестиция тартып келди дейли. Айрым өлкөлөрдө муну банктар берет. Бирок бизде мындай укук Улуттук банкка да, коммерциялык банктарга да берилген эмес. Өкмөт гана өзү чечет. Экинчиден, коммерциялык банктардын уставдык капиталы төмөн. Мындай болгон учурда мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болот. Жакында эле уставдык капиталы 300 млн. сомдук Мамлекеттик өнүгүү банкы ачылды. Бул банк лицензия ала элек. Эгер ала турган болсо, экономикалык нормативдерди милдеттүү түрдө аткарат. Бирок буга Финансы министрлиги менен Экономиканы өнүктүрүү министрлиги каршы чыгууда.

Талашка түшкөндөр
Ушу күндө "Ысык-Көл инвест", "Манас", "Азия универсал банк" ("Залкар"), "Кыргыз кредит", "Акыл инвест" банкы боюнча чыр созулуп келет. Учурда Улуттук банк "Акыл инвест банк" менен гана тынчтык келишимге барды. Бул банк эми уставдык капиталын гана жогорулатышы керек. "Манас" банктын күрөөгө коюлган мүлктөрү улутташтырылып кеткен. Бирок аны кардар алабы же албайбы белгисиз. Бул маалда "АУБ" ээси Михаил Надель чет өлкөдө жатып алып, кыргыз өкмөтүн эл аралык сот менен коркутуп, мүлкүн кайтарып алууга жан далбас урууда. Бул маалда аны кыргыз соту 16 жылга кесип, чечим күчүнө кирди. "Ысык-Көл инвест банктын" мурдагы ээси Болот Байкожоев менен байланышка чыксак, банкты Максим Бакиев рейдерлик жол менен тартып алганын сотто далилдегенин маалымдады. Эскерте кетсек, "Ысык-Көл инвест" банкты экс-президенттин уулу 400 млн. сомдук активи менен тартып алган. Учурда банк иштебей, тоңдурулган абалда турат.
Даярдаган
Санжи Туйтунова










??.??
about | A Free CSS Template by RamblingSoul

5-апрель, 2012-жыл

Барактар