Кыргызстандын №1 фигуристкасы Карина, муз үстүндө аккуудай чимирилген Алима



31- мартта "Шаардык муз аянтчасы" спорт-комплексинин муз аянтчасында көркөм муз тебүү боюнча 6 жаштан 14 жашка чейинки балдар-кыздар арасында Кыргызстандын биринчилиги өткөрүлдү. Ага Казакстандын Алматы жана Караганды шаарларынын командалары да катышты. Айтмакчы, Кыргызстанда спорттун бул түрүнүн ачылганына төрт гана жыл болду. Өзүбүздө машыктыруучулар жок. Андыктан бул кенемтени казакстандык машыктыруучулар толтуруп, балдар-кыздарыбызга дүйнөлүк спорттун элиталык түрүнө кирген көркөм муз тебүүнүн сырларын үйрөтүп жатышкан учуру. Бирок кыска убакытка карабай Ванесса Алдекова, Алима Исенбаева, Марс Жүндүбаев, Данил Светличный, Милана Мамбеталиева, Ли Виолета аттуу эртеңкинин мыкты фигуристтери мыкты жыйынтык көрсөтүп калышыптыр. Булардын арасында эл аралык мелдеш, чемпионаттарга катыша баштаганы бар. Айрыкча, 8 жашар Данил Светличный келечегинен көптү үмүттөндүрөт. Себеби Данил азыр эле көркөм муз тебүүдөгү оор деп эсептелген көнүгүү, кыймыл-аракеттерди жасап калыптыр. Аккуудай чимирилген Алима Исенбаева муз үстүнө чыкса, карап эле отургуң келет. Кадимкидей ырахат тартуулайт экен, эй.


Илмийген, оорукчан Евгений Плющенкону коньки айыктырган
Көркөм муз тебүү боюнча Олимпиадалык оюндардын жана дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Евгений Плющенко бала кезинде оорукчан болуптур. Өпкөсүнө суук тийип, дары-дармек жардам бербей калганда ата-энеси төрт жашар Евгенийди дарыгерлердин сунушу менен муз аянтчасына алып келишет. Анткени, көркөм муз тебүү, хоккей оюну-иммунитети начар, өпкөнүн сезгениши, жүрөк, омуртканын жылышы, зат алмашуу процессинин бузулуусу менен ооруган балдар үчүн миңдин бири тура. Ошентип, дартына даба издеп келген Плющенко оорусунан айыкмак түгүл, дүйнөнү дүңгүрөтүп жатпайбы.

Шаардык муз аянтчага келгиле
Бүгүнкү күндө "Шаардык муз аянтчасы" спорт-комплексинде балдар, профессионалдар үчүн көркөм муз тебүү мектеби жана айс-фитнес ден соолукту чыңдоо ийрими иштейт. "Шаардык муз аянтчасы" спорттук комплекси балдар арасындагы хоккейге да чоң көңүл буруп, "Илбирс" балдар командасын түзүп, республикалык мелдештерге катыштыра баштады. Андыктан замандаш, балдарыңыздын ден соолугун ойлосоңуз, жалаң эле компьютер менен мээсин дагы, организмин дагы таштандыга толтурбай, муз аянтчасына жибериңиз. Ал жерде балаңыз көңүлүнө жаккан ийримди тандаар. Баса, Кыргызстанда акыркы кезде хоккей катуу жандана баштады. Мисалы, азыр чоңдор арасында жогорку лигада сегиз команда ойнойт жана алардын төртөө теңиртоолуктардын командасы.

Каринанын кыймылы, күлгөнү кандай гана керемет!
Бул мелдешке Кыргызстандын №1 фигуристкасы, өлкөбүздүн атын эл аралык мелдештерде тааныткан Карина Ураимова да катышты. Каринанын муз үстүндөгү жогорку чеберчиликтеги кыймылы, бийи, анан албетте, жылмаюусу көрөрмандарга жагымдуу маанай тартуулады. Карина Орусиянын Новосибирск шаарында төрөлгөн. 9 жашынан баштап көркөм муз тебүү менен машыгып келет. Атасы Каримбек Өзгөндүн кулуну, апасы монгол кызы. Каримбек ушул күнгө чейин кызынын негизги демөөрчүсү болуп келгенин, Орусияда көркөм муз тебүү машыгуулары кымбат экенинин да айта кетели. Карина азыр Москвадагы Дене тарбия университетинде машыгат. Былтыр Казакстанда жаштар арасында өткөн чемпионатта коло байгени жеңген. Ага чейин Орусияда өткөн мелдештерде да байгелүү орундарга илинген. Таланттуу кызыбызга азыркыга чейин Орусия, Казакстан, Монголия мамлекеттери жуучу түшүп келет. Бирок, патриот кызыбыз Кыргызстандын жарандыгын алып, өз өлкөсүнүн атынан чыгып жүрөт. 31-марттагы мелдештин жыйынтыгы менен машыктыруучулар Каринага спорттун чебери деген наам ыйгарышты.


Жаш кезинен көркөм муз тебүүнү жактырган Роза Отунбаева
Экс-президент Роза Исаковна жаш кезинде Олимпиаданын үч жолку, дүйнөнүн он жолку чемпиону болгон легендарлуу фигуристка Ирина Роднинаны кумир тутуп, анын күйөрманы экен. Роза Исаковнанын айтымында, көркөм муз тебүү дүйнөлүк спорттун элитасы гана болбостон, балдарды жаш кезинен эмгекчилдикке, эрктүүлүккө тарбиялайт. Андыктан ата-энелер балдарынын ден соолугун, келечегин ойлоп, көркөм муз тебүүгө катыштырса жакшы болмок деп эсептейт.






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

5-апрель, 2012-жыл






??.??