(Драмалуу сүйүү жана тагдыр баяны)

(Башталышы өткөн сандарда)

Чоң кара "Жипти" минип, Айгерим эртеси эле айылга жол тартып баратты. Корс этип бир учурашканы болбосо, карт шоопур таптакыр сүйлөшпөй койду. Жашы 60ка барып калган арык киши бир гана жолу айылды тактап сурап койду болгону. Айгерим башында андан жалтаңдап, ыңгайсыз болуп аткан, кийинирек анын барын деле унутту. Терезеден урган керимсел желди кере-кере дем алып, Айгерим эркиндикке чыккан куштай туйлап баратты. Жүрөгү алып учат. Апасы менен уулун сагынып, жүрөгү такыр мыжылып бүткөн болчу. Куба кожоюндун күтүүсүз бул сунушу болбогондо, Айгерим баарын таштап айылга баса бермек. "Апамды көндүрөм. Айылда деле азап тартып бүттү, шаарга жаныма келсин, эң башкысы чогуу болот экенбиз" деп ойлонуп баратты. Куба кожоюн мурда ага бир жырткыч көрүнүп жүрчү, азыр болсо жакын адамына айланып баратканын Айгерим анча элес алган жок. Эң башкысы, уулу менен апасы жанында болсо болду.
Ушул күнү Бакытка кубанычтуу кабар укту. Кыздын дайыны билинген болчу.
"Эй, дос, сүйүнчү" деп Нурбектен смс келди. Бакыттын жүрөгү жарылып кете жаздады. Эмнеге чалып эле айта калбайт деп ачууланды дагы, Нурбекке чалып кирди. Трубканы көтөргөн жок, анысына Бакыт ого бетер кыжырданды.
Аңгыча дагы бир смс келди. "Тигил сулууңдун дайыны табылды окшойт" дегенди окуганда Бакыт офистен атып чыкты дагы, машинасына отуруп Нурбектин жумушун көздөй жөнөдү. Нурбек телефонду көтөргөн жокпу, демек, жумушунда. Адаттагыдай совещаниеде отурса керек да. Баратып, смс жөнөттү: "Чынбы? Бишкекте бекен?" Нурбектен: "Жок, мурдагы адресин билдик" деген жооп келди.
Нурбек кабинетине кирери менен артынан Бакыт кирип барды.
- Оооуууу, өтө ыкчам, өтө ыкчам реакция! Мындай сапатты баалаш керек. Сизди өзү укук коргоо органдарына тарта турган экен.
- Ырсаңдабачы. Аны коюп айтчы, каякта экен, ким экен?
- Сулууңдун аты Айгерим экен.
- Кантип билдиңер? Так маалыматпы?
- Так эле го. Бир жатаканадан классташ кызы чыгып атпайбы кудай жалгап. Сүрөттү көрүп эле, менин классташ кызыма окшошуп атат дептир.
- Анан?
- Анан сураштырып киришет да. Ал кыз болсо мектептеги альбомун алып чыгыптыр.
- Анан? Ошол бекен?
- Аны сен айт. Мына чыныгы сүрөтү.
Бакыт сүрөттү карап нес болду. Дал өзү болчу. Толкунданганынан колдору титиреп, чекесинен тер кетти.
- Дал өзү да. Дал өзү!! Чачы так ушул бойдон, упузун бойдон болчу. Көздөрү, чачтары…Ушул, ушул кыз, таапсың эй, досум!
- Сүйүнбөй тур. Бул классташ кызы Айгерим менен Балыкчыда окуптур. Болгону бир жыл, 10-классты. Кайра айылга көчүп кетишкен дейт. Кайсы район, кайсы айыл экени эсинде жок экен. Апамдан сурап көрөйүн дептир.
- Апасына түз эле барбайлыбы, Балыкчыга барып, кошуналарын таап сураштырбайлыбы.
- Шашпай тур, аны жасап атабыз. Эң башкысы - атын билдик, Айгерим Касымбек кызы болчу дейт аты-жөнү.
- Балыкчыдан окуса, демек көлдүк кыз экен да?
- Балким. Тигил кыз деле так айта албай атат. Аты-жөнүн билип алдык, эми издештирели. Жаман жери, пропискадан такыр эле чыкпай атат кашайып. Каттоого такыр турбаптыр. Касымбек кызы дегени да жакпай атат. Балким, паспорт боюнча фамилиясы башкача.
Бакытты ого бетер санаа басты. Жумушуна кайтып келери менен коопсуздук кызматтын башчысы Алиханды кабинетине чакырып, өзүнчө сүйлөшүп отурду. Эми тапса, ушул табат деп үмүттөнүп турду. Алихан бул жагынан тажрыйбасы мол чынында. Чекист болгону аз келгенсип, детективдик агенттикте иштеп, далай адамдын изине түшүп, далай сырларды ачкан жайын көп эле эшиткен.
Алихан колуна сүрөттү алып жатып, Бакытты суроолуу карап турду. Бакыт анын мээсинде улам бир суроо чарк айланып, мазесин алып турганын илгиртпей түшүндү. Бирок бул адамга ишенсе болот. Эшикти ичинен илди дагы, кофеден куюп Алихандын астына койду. Азыр Алиханга ишенип, бүт сырын төгүп айтып бериши керек. Алихан чындыкты билбесе, издегенинен майнап чыкпасын Бакыт да жакшы билет. Ал чындыкты билип, бул кыз ким экенин, Бакытка эмне үчүн керек экенин түшүнүшү керек. Ансыз иши жүрбөйт. Суроодон суроо чыга берет. Бакыт табышмактуу кыз менен өткөргөн ошол түндү досуна сыр төгүп аткандай айтып берди. Алихан адаттагы сабырынан жазбай, дайым бүркөө кабагын ачпай угуп отурду.
- Ал кызсыз жашай албай калдым. Ушундай болом деп ойлогон эмесмин. Табышым керек. Бир көрүшүм керек. Андан аркы жашоосу эмне болду, ким билет. Мен аны бузуп койдум да, тагдырына балта чаптым.
- Жок, балта чапкан жоксуң. Ал өзү келиптир го, өзү ошону каалаптыр.
- Ал чынында өтө жаман акыбалда болчу. Катуу сокку алып, жанчылып турган. Эмне кайгы билбейм, бирок кайгыга кабылып турган кезде мен да ошого барганым акмакчылык болду. А балким ал барып туруп өзүнө өзү кол салды.
- Койсоңчу, кудай сактасын.
- Ал накта айылдык кыз болчу. Мындайды көтөрө албай да калышы мүмкүн. Кылганына өкүнүп, ар кандай кадамга барды го деп да ойлойм.
- Кам санаба, типтирүү бойдон таап келем.
Алихан жылмайып Бакытты далыга таптап койду.
Айгерим түшүп келаткан кара машина теребелди караңгы басканда анан айылга жетти. Айылдын ичи көзгө сайса көрүнгүс капкараңгы экен. Айыл боюнча бүтүндөй свет жок тура. Арсылдап үргөн гана иттер кулактын кужурун алат. Көчөдө болсо жан жок. Айгерим шоопурга уят болуп, улам бир көчөгө айдатып атып өз үйүн араң тапты. Мына, үйүнө жакындады. Апасы астынан чуркап чыгарын ойлогондо машинадан секирип түшөйүн деп араң эле чыдап баратты. Акыры үйүн көргөндө көзүнөн жаш кетти. Ушунчалык сагыныптыр…Бирок үй жымжырт болчу. Терезелердин баары капкараңгы, дегеле бир жан көрүнбөйт. Жок дегенде чырак неге күйгүзүп алышпайт? Же ушунчалык эрте уктап калыштыбы? Айгерим машинадан түшүп-түпшөй жатып, апалап бакырып кирди. Чуркап жетип эшикти койгулады. Эшикте кара кулпу илинип турган болчу. Жүрөгү оозуна тыгылды. Кандайча? Эмнеге үйдө киши жок? Буту чалыштап, араң чуркап баратты. Аркы кошунанын терезесинде үлбүлдөгөн чырактын жарыгы түшүп турган эле.

(Уландысы кийинки санда)