Карапайым калкты талап-тоноп, төпөштөп бүтмөй болду го. Же силер да коррупцияга малындыңарбы?



Урматтуу окурман, "Ак кептер" рубрикасына смс жазып, телефон чалып бизге жалаң жакшы кабарларды жеткирип туруңуз. Эч тартынбай байланышка чыгыңыз. Куттуктоо болобу, дубай саламбы, көкүрөктөгү көкөй кескен оюңузбу же жөн гана баарыбызды жылмайткан тамашабы, айтып калыңыз. Эң башкысы, ар бир жолу редакция кеңешип, бир номерди алдын ала белгилеп коебуз. Эгер ошол номерге туш келип калсаңыз, анда 200 сом утасыз. Келерки сыйкыр саныбыз -393. Андан сырткары өтө кызыктуу, таамай сөз айткан адамга да өзүнчө сыйлык ыйгарылат. "Ак кептерге" ар аптанын жума күнү 10.00дөн 14.00гө чейин 0(312) 59-15-76 номерине чалыңыз. Андан тышкары 0(773) 70 86 29 номерине СМС-билдирүү жөнөтсөңүз болот.


336. Коррупцияны 80% жок кылыш үчүн ар бир орунга 0,5 ставкадан иштетсе, өзү эле жок болот.
4887 абоненти
337. Түп районуна караштуу Талды-Суу айылынын тургуну Кожоева Берметти 31-март туулган күнү менен куттуктайбыз! Жадыраган жаздай ачылып, ар дайым жүзүңүздөн күлкү кетпей, Медет атабыз менен уул-кыздардын сыйын көрүп, небере күлкүсүнө күбө болуп, жакшылыкка жанашып аман болуңуздар!
Наргиза, Назима
338. Илим менен техника жакшы эле өнүктү окшойт. Мурун биз бирөөгө айта турчу сөзүбүз болсо почта аркылуу жөнөтүп, андан кайра жооп келгиче бир жума өтүп кетээр эле. Азыр сотка, интернет деген нерселер чыгып, жаштарыбызга жеңил болду окшойт. "Эшектин жүгү жеңил болсо, жаталак болот" дегендей, техникага ишенип жата берип жалкоо болуп калышты.
Батма
339. Равшан Жээнбековду Текебаев депутат кылган дешет, ошол чынбы? Равшан деле тың жигит го, өз күчү менен эле депутат болууга кудурети жетмек.
Мирбек
340. "Де-факто" гезитин Швейцариядан туруп чыгарып аткан Жеңиш менен Чолпонго таң бердим. Илгери Ленин да Швейцариядан туруп "Искра" гезитин чыгарган. Баракелде! Аман болгула, окууңарды ийгиликтүү аяктап келип, өлкөгө чоң иштерди жасаарыңарга ишенем.
Бүмайрам
341. Ноокат районунун Жар-Коргон айылында жашап жаткан апам Канайымды 10-апрель туулган күнү менен куттуктайбыз! Өмүрү узун, ден соолугу чың болуп, атам Алибай экөөңөр төрүбүздө, сый-урматта жүргүлө деп кызыңар Бегайым, күйөө балаңар Болот.
6703 абоненти
342. Айтсаң айыптуу күн, айтпасаң кокуй күн. Акмат качып кеткенде депутаттар дүрбөлөңгө түшүп, өзүн жакшы алып жигердүү иштеп жаткан Салянованы жарга такады эле. Андан көрө туура эмес чечим чыгарган сотторду тез арада жоопко тартып, сот системасын чукул арада реформалоону ишке ашырыш керек.
Жумабек
343. Кыргызстандыктар, силерге чоң салам!!!
Мойто
344. Кадр маселеси боюнча Турсунбек Акун акыйкатчыга окшогон адамдар иштеп жүрүшөт. Андай адамдар көп, бирок кадр маселеси Усубалиевдин мезгилинен бери аксап келет.
Табылды , Бишкек шаары
345. Сот залында.
- Эмнеге аялыңыз менен ажырашып жатасыз?
- Экөөбүздүн кызыкчылыктарыбыз дал келбейт экен.
- Кандайча?
- Аны эркектер, мени айымдар кызыктырат.
Кылым
346. Чыңгыз Мырзаевди үйлөндү деп уктум, чын же жалган экенин билип бериңиздерчи. Чыңгыз Мырзаев, мен сизди сүйөм, сиздин ырларыңыз менен уктап, угуп кайра ойгоном. Сиз мендик болосуз, сизди эч кимге бербейм.
Айтурган
347. Муратбек Иманалиевден президент чеке жылытаарлык кеңеш алаарына ишенбейм.
Айназ
348. Азамат Кыязов, сизге ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз. Калемиңиз курчуй берсин, биз сизге ишенебиз!
Нурлан
349. Өмүрбектин аброю төгүлбөй эле, кайра көтөрүлүп жатат. Анткени анын жүрөгү эл деп согот, элим-жерим деп жүрөт. Кыргызды көптөн үмүттөндүргөн жигиттери көбөйө берсин, патриотторду эл колдойт.
Артык
350. Оппозициянын оозу күйгөн, бийликке алданбайт дешет. Бийликке келгенден кийин өткөн күнүн унутуп коюшуп, убадасын алсыратып, намысын тебелеп жатышпайбы.
1231 абоненти
351. Кырдагы кызгалдактай гүлүн ачкан,/ Кыргызга кызды берсин ыймандуудан./ Көп жигиттер көксөгөн жубай болуп,/ Көтөрүп баркыбызды жыйнап турган. Кыргыздын кымчабел кыздарына салам!
Мелис
352. Бизде соттор сотторду тандай албай жатса, кандай деп түшүнсөк болот? Эгемендик алган 20 жылдан бери Кыргызстанда сотторду жалаң эле юрфак окутуп жатпады беле? Эми козу карындай жайнаган юрфакты бүткөн юристтер кайда иштешет болду экен?
5607 абоненти
353. Казино кызматкерлери, эмнеге казино ээлеринен компенсация сурабайсыңар? Өкмөт силерден башкаларга каражат таба албай жатса. Буюрганын ичтиңер, жедиңер. Керек болсо, силердей эч ким акча тапкан эмес. Эми жумуш керекпи, аракет кылгыла! Силерден башка жумушсуздар толтура.
Нурдин
354. "Быйыл сөзсүз күйөөгө тийем" деген тасма чыкканда, кыздарыбыздын жарымы сөзсүз турмушка чыгыш керек деп, айрымдары чыгып да кетишти эле. Эми "Быйыл сөзсүз күйөөгө тийем-2" деп уландысы чыгыптыр, бойдок кыздар жок калат го.
Тилек
355. Жаштарга жумуш бербейсиңерби, өкмөт башчылар жана депутаттар? Жол көрсөтүп, билгениңерди үйрөтүп, пенсиядагылар иштеп жүрө бербей жаштарга орун берип колдобосоңор, анан кантип өнүкмөк элек. 80ге келип калса деле ордуларын бошоткулары келбейт, анан байкуш жаштар айласыздан ар кандай иштерге барат да.
Нуркыз
356. Баягы фонограмманы жоебуз, жыргатабыз, кыйратабыз деп сүйлөгөн чоңдорубуз дымып калды го же коррупция жеңип кеткенби. Азыр ырчыдан баш айланат. Тааныбайсың, баары эле фонограмма менен жыргатып аткансып ырдап жүрүшөт.
Эмил
357. Элмурза Сатыбалдиев мырзаны кафеден көрүп тааныдым. Достору менен тамак ичип атышкан экен. Өзүн көтөрүп жүрөт деп ойлочу элем, көрсө, карапайым, тамашакөй, сөздү чукугандай таап сүйлөгөн мыкты жигит экен. Сизге ийгилик.
Кадыр
358. Урматтуу А. Атамбаев, сизден чоң өтүнүч! Америка менен Иран согушканы даярданып жатышат. Алар согушса, биринчи кезекте Кыргызстан түбү-орду менен кетет. Анткени Американын базасы биздин "Манас" аэропортунда жайгашкан. Базаны жойбосоңуз, Кыргызстан күнөөсүз жерден жок болуп кетет. Чындап кыргыз элим десеңиз, ушул маселени биринчи чечиңиз.
7334 абоненти
359. Акмат Бакиевди качырып ийгендердин башында Шейшенбек Байзаков болсо керек. Акмат эмес эле Акмак экен го.
9518 абоненти
360. "Де-факто" газетасына ийгиликтерди каалайбыз! "Айлуу түн" аттуу сериал бизге абдан жакты. Уландысын күтүп, издеп окуйбуз. Калемиңер курчуй берсин.
Айпо, Алия
361. "Жазгы суук жандан өтөт" деп коет эмеспи, сак болгула. Айрым жаштарды карасаң, кар жаңы кеткенин унутуп калышты окшойт, жай келгенсип жарым жылаңач жүрүшөт. Азыр жаш да, айтсаң, жаман көрүп түшүнүшпөйт, а бирок убагы келгенде азап чегерин билишпейт. Жаштар, жылуу жүргүлө, келечекте бириң ата бириң эне болосуңар!
Батма
362. Башка чет элдиктерди карасаң, президентин атынан айткандан коркуп турушат. А биздикилер сөөмөй менен көрсөтүшүп, атын атамак түгүл шылдың кылып, шумдук аттарды коюп, сыйлашпайт. Биз бийликти сыйлабасак, бийлик бизди сыйламак беле.
Жоомарт
363. Сүйүүнү таттуу дешет, даамы барбы,/ Сүйүүнү күчтүү дешет, алы барбы./ Эгерде сүйүү менен ооруп калсаң,/ Сүйүүнү айыктыруучу дары барбы.
Курман
364. Саясатчылардан Бабановду баалайм. Өмүрбек байке ушак сөзгө көңүл бурбаңыз, аны жөн гана көрө албастык деп билиңиз, колунан келишсе сиздей болуп алышсын. Келечек алдыда.!!!
Айка
365. Жаштыктын жана сулуулуктун сыры эмнеде? Достор, эгер билсеңер, сиздерден кеңеш күтөм.
Айсулуу
366. МАИ менен ИИМ кызматкерлери уктап калганбы, күндөн-күнгө кылмыштуулук көбөйүп бара жатат. Кылмышкерлерди кармап, жазасын бергиле! Ал силердин милдетиңер. Карапайым калкты талап-тоноп, төпөштөп бүтмөй болду го. Же силер да коррупцияга малындыңарбы?
Максат
367. Хирург Сабыр Жумабеков Орусия жасай албаган операцияны жасап жатат. Сизге ден соолук. Кыргыздын деле колунан баары келет, биз кыргызга эмес, оруска ишенебиз да "честный" деп. Кыргызстандан деле хирургдардын колунан канча деген адамдар сакайып жатышат. Баарыңарга ден соолук, оорубагыла.
Гүлай
368. Ырчы Бактыгүл Бадыева кайсы байдын жашыруун аялы? Ушуну ачып берген гезитке мен бир жылкы белек кылам. Атамдын айылдагы бир жылкысын жетелеп келип берем.
Майрамбек
369. "Айлуу түндүн каргышы" сериалы өлө жагат. Зарыгып күтүп окуп атам. Айгерим эми тигил бай кишиге тиеби? Жүрөгүм ооруп атат. Байкуш Бакыт аны издеп тапкыча кеч болуп калабы деп сарсанаа болуп атам.
Айгүл
370. Алмаз Атамбаевдин аялынан маек алсаңар боло? "Де-факточулар", ушу силердин колуңардан келет! Аялы экөөнүн сүйүүсү, кантип табышып калганы мага өлө кызык да.
Сампу
371. Алмаз Атамбаев мырза, акылдуу саясат жүргүзүп, Ташиевди Ошко губернатор кылып кой. Атпесе, жаны жай албайт. Мадумаровду Маданият министри кылып кой. Тили менен орок орбой иштесин. Же бир университетке ректор кылып кой.
Канатик
372. Парламентте депутаттар, жардамчылар жана катчы кыздар ортосунда укмуш романдар болуп атат. Ой чиркин! Журналисттер, силер таза сокур жана дүлөй турбайсыңарбы, не бир укмуштарды жазбай атасыңар да. "Парламенттеги секс" деп китеп жазсам окшойт.
Референт
373. Ырчы Динара Акулова улгайган бай кишиге турмушка чыгат деп укканыма көп болду. Жакында ошол кишиси менен Дубайга эс алып келиптир го. Деги бул эжеке неге дайыны чыкпай кетти? Маек алсаңар боло, жашыруун жашап алган дешет, сурагылачы, суранам.
Сагызган Санчо
374. Алина Жетигенова эжекени ушунчалык жакшы көрөм. "Де-фактого" чыккан маегин окуп кубандым. Жолдошу экөөнө бакыт каалайм, тең карып, бактылуу карылыкка жеткиле!
Данка