Жашы 22ге тололек кыздар чет өлкөгө чыкпасын!
КСДП партиясынын депутаты Ыргал Кадыралиева 22 жашка чейинки кыздарды өлкө аймагынан тышка чыгарбоо сунушун киргизип жатат. Айтымы, бул идея башка улуттагы эркектер менен жүргөн кыргыз кызын, кыргыз жигиттери кантип жазалаганы жөнүндөгү видеодон кийин пайда болгон. "Көрүп алып, түнү бою уктабай чыктым. Барган сайын мерез болуп баратабыз. Кыздарыбыз арам жол менен тапкан акчаны ата-энелери той-топурга жумшап атат. Башка улуттар күчүгүн да аздектеп багат. Биздин кыздар балдарын өз колу менен өлтүрүп жатат. Бир жолу баласын таштандыга ыргыткан же зордуктоого кабылган кыздын психикасы эзели оңолбойт. Эртең алардан кандай бала төрөлөт?"-дейт Ыргал Кадыралиева. Статистикага таянсак, жылына мектепти бүткөн 12 миң кыз тышка чыгып кетет экен. Бир топ кыздар бөтөн жерге тилди же укугун жөндөп билбей кетет. Көпчүлүгү үйүнө акча салыш үчүн денесин сатууга өтөт. Депутат айымдын мындай сунушунан кийин бир топ ата-энелер ойгонот деген пикирдебиз.


Өрдөктү Салижан учурдубу же Жылдызбы?
Кечээ, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Жолдошева Москвада өзбектердин эл аралык конгресси түзүлгөнүн жана анын башында Кадыржан Батыров туруп, аткаруучу директор болуп Салижан Шарипов шайланганын айтып чыкты. "Бул уюмдун капчыгында 3,5 млрд. рубль бар. Биринчи жыйыны 2012-жылдын 22-мартында өткөн. Сепаратист Кадыржан да бир нерсе кылганы жатабы" деп ушул маалыматты текшерүүнү УКМКдан өтүнгөн эле. Түш оой электе Салижан Шарипов "24kg" маалымат агенттигине байланышып, Жолдошеванын айтканын төгүндөдү. Космонавт: "Жылдызкан Жолдошева мени саясатка аралаштырбасын. Ал ушундай жалган маалыматтарды кайдан алганы жана бүт өлкөгө жайып жатканы мен үчүн түшүнүксүз",-деп Москвадан салам-дубай жөнөттү.


Равшан менен Өмүрбек, каапыр болбогула!
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин иниси Асылбекти жерге берүү зыйнатына партиядан чыгарылган депутаттар Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдырахманов барбай коюшту. Аларга караганда Текебаевге азуусун кайраган Исхак Пирматов батага барыптыр. Аманчылыкта кишинин ким экени билинбейт, ал эми жаманчылык адамдын болгон дараметин, деңгээлин көрсөтүп коет. Анын сыңарындай, Равшан менен Өмүрбектин бул кылыгына партиялаштары жерге түкүрүп жатышкан чагы. Таңгөрү, илгери кыргыз душманына деле көз көрсөтүп барчу эле!


Мамытовду кимдер коркутуп кетти?
ЖК депутаты Токон Мамытовго жакында эле шайлоо боюнча эл аралык эксперттер жолугуп, үрөй учурган прогноз угузуп кетишиптир. Анын айтымында, бул эксперттер 7 дубанды түрө кыдырып, ар бир урууга чейин сурамжылоо жүргүзгөн. Ал изилдөө боюнча келерки шайлоодо "Ата-Журт", "Бүтүн Кыргызстан", "Улуттар биримдиги" жана Коммунисттерден түзүлгөн саясий блок парламенттен 49-53 орун алат экен. Ал эми "Ар-намыс", КСДП, "Ак шумкар", "Замандаш" бириксе, ашып кетсе 20 орунга ээ болот имиш. Учурда "Республика" ичинде ажырым байкалууда. Эксперттер муну да эске алып, фракциянын жоон топ депутаттары көпчүлүккө кошулат деп айтышкан. Токон Мамытов былтыр май айында парламент таркасын деп чыкты эле. Прогнозду уккандан бери ал оюнан кайтып, "таркабасын" деп калганын жашырган жок.


Бабанов ким менен сейилдеп, ким менен тамактанат?
"Ата-журтчу" Нариман Түлеев соңку убакта премьердин короосуна таш ыргыта баштады. Депутаттын айтымында, убагында премьер-министр Өмүрбек Бабановдун апасына таандык болгон АКБ "Кыргызстан" банкында "Түндүкэлектр" ААКсы, "Манас" аэропорту, "Мегаком" компаниясы "Кыргызнефтегаз" башындагы мамлекеттик жана акциясынын көбү мамлекетке тиешелүү болгон ишканалардын эсептери сакталып, банк бул кызматтан жылына 200 млн. сом пайда көрөт экен. Ал эми Өмүрбек Бабанов буга жооп иретинде: "Нариман Түлеев ким жана ал кантип байыганын элдин баары билет. Ал "Кыргызтемиржолун" жетектеп, Бишкекке мэр болуп турганда мэрия менен "КТЖнын" эсептери "Доскредобанкта" сакталып турган. Менимче ал териштирүүнү өзүнөн башташы керек" деп "Эркин Тоо" гезитине агынан жарылды. Баса, Бабанов ушул жумада Атамбаев экөөнүн мамилесине да токтолду. "Президент экөөбүз дем алыштарда чогуу эс алып сейилдейбиз, чогуу тамактанабыз" деди.


"Республикачылар" Аида Саляновадан өч алган атышат

"Карга карганын көзүн чукубайт" дегенди парламент депутаттары далилдеп, Пирматовду кол тийбестигинен ажыратпай сактап калышты. Эң күйгүзгөнү - президенттин өзүнүн КСДП партиясы баш болуп, премьер-министр Бабановдун "Республика" партиясы төш болуп Пирматовду коргоп, Баш прокуратуранын сунушуна каршы добуш бергени болду. Президент Атамбаев ушундан кийин коррупцияга каршы күрөшөм деп мактанбай эле койсо болгудай. Өзүнүн партиясына алы жетпесе, анда башкаларга жетерине күмөнүбүз бар. Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөштүн алкагында Пирматовдун былыктарын эмнеге ишенип алып чыкты? Жада калса президенттин партиясы колдобой, туңгуюкка кептеле турган болсо, ушул ишти баштап кандай кажети бар эле? Коалицияга кирген партиялар ич ара сүйлөшүп алып өз адамдарын коргой берсе, анда коррупция жоюлбайт, гүлдөйт. Жогорку Кеңештин депутаттары эми Пирматовдун өчүн алып бериш үчүн башпрокурор Саляновага чабуулду башташты. Аида Саляновага ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча демилгелүү топ азыркы кезде депутаттардын арасында 77 кол топтоду деп маалымдады "Республика" фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев. Бабанов неге "республикачыларды" койгула деп тыйып койгонго жарабайт, ушул да таң калычтуу. Азыр өлкөдө өч алмайдан башка проблема жокпу? "Республикачылар" кол топтогонду коюп, өлкөдөгү күйүп аткан оор маселелерге баш оорутушса боло?!.


Мырзакматов мэр бойдон калам дейт
Акыркы күндөрү Оштун мэри Мелис Мырзакматовдун айланасында кептер күчөдү. Айрымдар, Мелисти бийлик менен тил табышыптыр, жакында ал чоң кызматка барат экен, оозу менен орок оргон оппозициядан тажаптыр деген маалыматтарды айтып жатышат. Айткандай эле Мелис 31-март күнү Баткенде өткөн оппозициянын митингине барбай, эки жээктин оозун Ошту көздөй каратты. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Оштогу чоң митингден кийин Мелис Мырзакматов Бишкекке келип, президент Алмаз Атамбаев менен кенен отуруп сүйлөшүп, алдыдагы пландары менен ой бөлүшүптүр. Кандай кызмат сунушталганын билбейбиз, бирок, Мелис Мырзакматов президентке Оштун мэри бойдон эле калгысы келерин ачык айтыптыр.






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

5-апрель, 2012-жыл






??.??