Эки буту баспаган байкуш болгум келбейт!


же 1-топтогу майып кантип чоң ишкерге айланды?



Азыркы заманда дени-карды соо туруп, мээнет кылууга моюндары жар бербеген жалкоолор толтура. Эки буту баспаганына карабай, кадам шилтеп жүргөндөрдөн да кайраттуу, эрктүү, духу, руху күчтүүлөр бар. Андайлардын бири - Рустамбек Орозов. Баткендин кулуну болгон бул каарманыбыз 1-топтогу майып. Учурунда алдына зор максаттарды коюп, соода менен алектенип жүргөн кездердин биринде, тагыраагы 2003-жылы автоаварияга учурап, кырсык омуртка сөөктөрүн сындырып кетет. Ак халатчандар бастыруу үчүн бардык аракеттерин жасашат. Каарманыбыз 4 олуттуу операцияны баштан өткөрөт. Бирок кырсыктын оордугу эки бутту биротоло кадамдан калтырат.


Тагдырдын маңдайга жазганына моюн сунуп, Рустамбек Орозов да 2003-жылдан 2007-жылга чейин эки буту баспай, үйдөн чыкпай керебетте жатып жашоо өткөрөт. Туура 4 жыл кор болуп, жашоосу азапка айланат. "Бул мезгилде жанымдан карыш жылбай, күнү-түнү караган жубайымдын эмгеги зор", - дейт. Учурда жубайы Россияда иштейт. Жылына 2-3 ирет келип турат. Үй-бүлөсү тууралуу мындан тереңирээк сөз кылгысы келген жок.

Качанга дейре байкуш болом?

4 жыл деген оңой эмес убакыт. Дайыма эле жакындарың сенин жаныңда боло албайт. Ар кимдин өз тирилиги бар дегендей. "Качанга чейин жакындарыма жүк болуп жүрөм, аларга көз карандысыз болушум керек" деген ой жанды тынч койбойт. Ошондой күндөрдүн биринде теледен өзүнө окшогон майыптын атайын жасалган машинени айдап, таксист болуп иштеп жүргөнүн көрүп калат. "Демек, таксист болуп иштесем, мен да акча таба алат экем" деген ойго келет. Мындай оюн туугандарына айтканда, агасы машине сатып берип, өзү бардыгын колу менен башкарууга ылайыкташтырып жасаттырып алат. Анан таксист катары иштей баштайт. Туруктуу кардарлары пайда боло баштайт. Эки жыл таксист катары эл ташып, тирилигин эч кимге көз карандысыз өткөрөт. Бул учурларда ар кандай адамдарды жолуктурду. Жакшысын да, жаманын да. Эки буту баспагандыгын көргөн айрым кутум ойлуулар акчасын бербей, атүгүл уюлдук телефонун көтөрүп түшүп кеткендер болду. Эки буту тигиндей болсо, колунан эмне келмек эле. Эч нерсе дей албай, жалдырап узатып гана кала берчү. Бирге иштешүүнү сунуштаган, өнөктөш болууга чакырган жакшы адамдарды да кезиктирди.
Таксист кантип жеке ишкерге айланды?

Рустамбек Орозов 2009-жылдан бери жеке ишкерлик менен алектенип келет. Бишкектен склад ижарага алган. Россиядагы өнөктөштөрү курулуш жыгач материалдарын жөнөтөт. Ал бул жактан вагон менен кабыл алып, кардарларга сатып өткөрөт. Майып болсо, кантип ишкерлик кылып жүрөт дебатасызбы? Колунда 4-5 бала иштейт. Бири сатуучу болсо, калгандары келген товарларды түшүрүп жүктөгүчтөр. Жеке ишкер катары Октябрь райондук салык инспекциясына эл катары салыгын төгүп, баарын мыйзамдын чегинде жүргүзөт. Ай сайын отчетун берип турат. Майыптыгы эске алынып, салык инспекциясы тарабынан эч кандай жеңилдик каралган эмес. Кандайдыр жеңилдик берсе, жакшы болмоктугун жашырбайт. Иш убактысы күнүнө саат 7де башталса, түнкү 9-10го чейин уланат. Майып коляскасы үйдө калгандыктан, иш убагында машинесинен түшпөй иштин жүрүүсүн көзөмөлгө алып, балдарына тапшырмаларды берип жүрөт. Ошондуктан иштерин алдын ала пландаштырып, сүйлөшүп коет. Жолукчу адамына машинеден түшө албастыгын айтып, алдын ала эскертип да коет. Мурда көп кабаттуу тепкичтен бирөөнүн жардамысыз түшө албаса, азыр анын да ыгын таап алган. Үйдөн өзү чыгып, машинесине өзү олтуруп айдап кетип калат. Коляскасын коңшуларынын бири подъездге алып кирип коет. Кечинде жумуштан келгенде үйдө ким болсо тосуп алып, үйүнө алып кирип кетет. Буга баары - жакындары да, кошуналары да көнүп калган. "Муну менен эле чектелбейм. Машинеден түшпөй жүрүп, акча табуунун кандай жолдору болсо, баарын кыла берем. Эки бутум баспагандыгына карабай тирилигиме кенен жетерлик ­акча ­таап, көзкарандысыз болгонума шүгүр кылам" дейт.

Майып экенимди унутуп деле калдым

"Соңку кездери эки бутум иштебестигин унутуп деле калдым. Азыр эртең менен турарым менен коляскама олтуруп, ваннага барып жуунуп, ашканага кирип тамактанып, жумушума жөнөп кетем. Баспайм, майыпмын деп такыр ойлонбойм. Кандайдыр бир комплекс жок" дейт. Маанайы бузулуп, ойго баткан учурлар болот. Бирок ал майыптыгынан эмес, жумушуна байланыштуу же машинеси бузулуп калган учурда гана. Уулу Азиз моралдык чоң колдоо, жөлөк экенин айтат. "Эгерде балам майыптыгым үчүн менден өзүн оолак кармап, коляскага салып мени түрткөндөн уялып, тартынса, анда бул мага чоң сокку болмок, мага катуу тиймек. Тилекке жараша, балам элпек, эмне айтсам дароо аткарып, жеңилимди жерден, оорумду колдон алат. Атүгүл жаш экенине карабай машинемди айдайт. Шаарга бирге чыкканда, балам айдап алат. Айдоочулук күбөлүгү жок болсо да, МАИ кызматкерлери унчугушпайт, түшүнүү менен мамиле кылат".

Кубандырганы, өкүндүргөнү...

Рустамбек Орозов 1-топтогу майыптыгы үчүн 2000 сом жөлөкпул алат. Башка өкмөттөн эч кандай жардам көрө элек. Майып элем, жеңилдик бергиле деп эч жерге деле кайрылган эмес. Көп кабаттүү үйлөрдүн биринде айына 200 доллар төлөп батирде турат. "Кээ бирлер жер үйгө чыгып албайсыңбы, эмне батир акысы кымбат болгон көп кабаттуу үйдө жашап атасың?" деп таңданышат. Бирок бизге окшогон майыптар шарттары бар көп кабаттуу батирлерде жашабаса, жер үйдө жашоо өтө кыйын болуп калат. Жер үйлөрдө андай шарттар жок. Ысык суу жок, ванна жок, даараткана жагы кыйын. Ушул жактарын эске алып, биз, майыптар, көп кабаттуу батирлерде жашоого аргасызбыз".
"Менин бул жашоодогу арманым - эки бутум соо кезинде ата-энеме тиешелүү деңгээлде көңүл бурбаганым. Экөөнүн тең көзү өтүп кетти. Эгерде өмүрүмдү 20 жыл артка кайтарса, анда ата-энемдин жанына барып жашап же аларды жаныма алып келип алмак элем. Биз, адамдар, ата-энелерди көзү тирүүсүндө өз деңгээлинде барктап, сыйлай албайт окшойбуз. Мен басып жүргөн кезимде сейрек кабар алып, азыр ойлосом, бир айда бир жолудан гана кабар алып турчу экем. Ушул нерсе мени катуу өкүндүрөт, көп ойлоном. Кырсыкка кабылгандан кийин да калган бүткүл өмүрүмдү ата-энеме арнайын дегем. Тилеке каршы, алар оо дүйнөгө кетип калышты.
Ал эми бул жашоодо кырсыкка кабылсам да, эл катары иштеп, акча таап, балама бир нерсе алып бергенге жарап, татыктуу жашап атканым үчүн бактылуумун" дейт каарманыбыз.

Мирлан Дүйшөнбаев






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

5-апрель, 2012-жыл






??.??