presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Фамилиямды өзгөртсөм кандай түйшүктөр жаралат?

Фамилиямды өзгөртүп аттым эле. Эми юридикалык жактан кандай маселелер жаралышы мүмкүн? Мисалы, эмгек китепчедеги, дипломдогу фамилиямды дагы өзгөртүш керек болобу?

Нурзат Жапарова, Нарын облусу

Бул суроого Улуттук юридикалык корпорациясынын юристи Улукмырза Осмонов жооп берди:
- Фамилия же атыңызды өзгөртөөрдөн мурда жакын арада жаңы паспортуңуз менен бүтүрө турган маанилүү иштериңиз жок экенин тактап алыңыз. Анткени, "Жарандык абалдын актылары тууралуу" мыйзамдын 62-беренесине ылайык, сиздин фамилия өзгөртүүгө берилген арызыңыз бир айдын ичинде каралат. Жаңы паспортту алууга дагы 1 ай убакыт керек. Фамилия паспортто эле эмес, чет жерге чыгуучу паспортто, айдоочу күбөлүгүндө, кредиттик карталарда дагы өзгөртүлүшү шарт. Ал эми билими тууралуу документтердеги (аттестат, диплом) жана мүлкүңүзгө тиешелүү кагаздардагы фамилияны өзгөртүүнүн зарылдыгы жок. Мындан ары аталган документтерди фамилияңызды өзгөрткөндүгүңүз туралуу маалымдама менен чогуу көрсөтүшүңүз зарыл.

Республикалык тестирлөөгө Москвада туруп кантип катталам?

Мектепти бүткөнүмө 3 жыл болду. Учурда Москвада иштеп жүрөм. Быйыл Кыргызстанга барып, жалпы республикалык тестирлөөгө катышып, окууга тапшырайын дегем. Сураштырсам, азыр абитуриенттерди каттоо жүрүп атыптыр. Бирок мен азыр Бишкекке бара албайм. Эмне кылсам болот?

Нурия, Москва шаары

Бул суроого Билимди баалоо борборунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Чынара Батракеева жооп берди:
- Нурия, эгер азыр келүүгө мүмкүнчүлүгүңүз болбосо, өтө коркунучтуу эмес. Анүстүнө Монополияга каршы комитеттин тестке абитуриенттер төлөчү акчанын суммасын бекитип бербей жатканына байланыштуу каттоо баштала элек. Аталган комитет качан бекитип берери, эмнеге бекитпей жатканы бизге белгисиз. Тестирлөө өзү май айынын экинчи жарымынан башталат. Сиз ошондо келип, мындан ары жашай турган жериңиздеги билим берүү бөлүмүнө кайрыласыз. Мисалы, сиз Нарынга бардыңыз деп коелу. Ал жакта тестирлөө 30-майда боло турган болсо, сиз 29-май күнү тест борборуна барып каттоодон өтөсүз. Ал учурда биз атайын сиз сыяктуу жетишпей калгандар үчүн кошумча каттоо өткөрөбүз. Ал үчүн паспорт, орто билимиңиз тууралуу аттестат жана 3х4 өлчөмүндгү 2 сүрөт керек.

Ата-энем белек кылган квартира кимге калышы керек?

Үйлөнүү тоюбузда менин ата-энем квартира белек кылган. Тилекке каршы, азыр аялым менен ажырашып, ал үйдү талашып атат. Мыйзам боюнча үй кимде калышы керек?

Нурлан, Каракол шаары

Буга дагы Улуттук юридикалык корпорациясынын юристи Улукмырза Осмонов жооп берди:
- Кыргыз Республикасынын үйбүлө кодексинде жубайлар никеде турган учурдагы алынган бардык мүлктөр аялы-күйөөсү экөөнө тең тиешелүү болот. Бирок түгөйлөрдүн бирине башка бирөө мурас же белек катары берген мүлктү ажырашууда экинчиси бөлүп ала албайт. Ошол себептүү, кабатырланбай эле койсоңуз болот. Аялыңыз, сиздин ата-энеңиз тараптан белекке берилген үйгө ээ боло албайт.

Компьютерди кыргыз суйлөткөн "Tamga KIT" тууралуу

Компьютерлерди кыргызча сүйлөткөн "Tamga KIT" компютер программасы жөнүндө укканым бар. Бул программада компьютер кыргызча сүйлөйт дейт. Кеңири маалымат билгим келет?

Аскар Абдиев, Чүйдүн Ак-Тилек жаңы конушу
Бул программаны ишке ашыруучулардын бири Аблас Расулдин жооп берет:
- Бул программаны мындан 15 жыл мурун эле кыргыз академиясында эмгектенген Эмил Асанов аттуу адам негиздеген. Аталган программанын Word бөлүмүндө кыргыз тилинин орфографиясын текшерет. Ката кеткен сөздөрдү кызыл толкун менен чийип көргөзүп берет. Сөздүктөр кыргыз-орус, орус-кыргыз: Юдахин 90 миң сөздөн турат. Терминологиялык сөздүк 8 миң сөздөн турат. Курсорду жылдырып орус сөзгө такаса, терезече ачылып кыргызча котормосун көргөзөт. Кыргызча сөзгө такаса орусча котормосун көрсөтөт. Ал программа олтурган компьютер накта эле кыргызча "сүйлөй" баштайт. "Баланчаны өчүрөйүнбү же калтырайынбы?" - деген терезелер ачылат. Баары кыргызча көрсөтүлөт. Баарыбызга белгилүү Windowsтун орусча версиясында азыраак орусча сүйлөп келип, англисче сүйлөп кетет. Биз ага түшүнбөй эле "Ok" деген кнопканы басып коёбуз. Ошону менен компьютер бузула баштайт. Албетте, компютер кыргызча сүйлөп турса иштегенге жеңил эмеспи. Суроолор болсо (0312) 41-05-27 телефонуна кайрылыңыздар.











??.??





??.??
about | A Free CSS Template by RamblingSoul

5-апрель, 2012-жыл

Барактар