Умай менен Улукман

Мээде чоңойгон эхинококк



КММАнын нейрохирургия бөлүмүнүн профессору, медицина илимдеринин доктору, жүздөгөн илимий эмгектердин, 3 монографиянын автору Кеңешбек Ырысов жакында мээсине эхинококк дарты илешкен 18 жаштагы Гүлнура аттуу кызга сейрек кездешүүчү операция жасап, мээдеги 5,6 сантиметр эхинококктун ыйлаакчасын алып салып, кыздын өмүрүн сактап калды. Бул операция, дегеле мээ дарттары, аларды алдын-алуудагы кеңештер тууралуу дарыгердин өз оозунан угалы.

- Алгач, мээ ооруларына токтолсоңуз. Адамдын мээсин ачып, аны операция жасоо өтө эле оор иш го. Тобокелдикке баргандан коркпойсузбу?
- Коркпойм, бирок толкунданам. Ийгиликсиз операция болсо, оорулуунун колу же буту иштебей калышы мүмкүн. Мээге абдан кылдат мамиле жасоо керек. Мээ өтө эле назик жана көптөгөн кан-тамырлар менен байланышта болот. Канатпай, тыкан операция жасоо керек. Операциядан соң ыйлаакчалар кайрадан өсүп чыкпаш үчүн, химиялык заттар менен тазалайбыз. Ар бир оорулуунун мындан аркы баалуу өмүрү сенин колуңда турат.
- Башка дарттар сыяктуу эле мээнин түркүн дарттары көбөйүп бараткансыйт?
- Айрыкча мээ шишиги көбөйүп жатат. Дүйнө жүзү боюнча бул дарт эбегейсиз көбөйдү десек, бизде деле андан аз эмес. Мен өз колум менен 2010-жылы мээ дарттарына 41 операция, 2011-жылы 51 операция жасадым. Ал эми 2012-жылы 3 айдын ичинде эле 21операция кылдым. Бул мээ ооруларынын көбөйгөнүн белгиси.
- Мээнин чайкалышы канчалык коркунучтуу?
- Азыр заманга байланыштуубу - кагышып, чабышып, мушташкандар көп. Жолдо жүрүүчү унаалар көбөйгөндүктөн, жол кырсыгына кабылгандар андан арбыды. Ушулардын айынан ар кандай абалда мээсинен жараат алып келишет. Мээси чайкалгандар бул дартты жеңил деп түшүнүшөт. Кан басымы көтөрүлгөнгө, шишикке караганда албетте, жеңилирээк. Бирок убагында жакшы дарыланып, дарыгердин көзөмөлүндө болбосо, оор чайкалуунун айынан талма дартына чалдыгып, акыл-эси айнып калгандар кездешет. Эгер бала кичинекей кезинде жыгылса, же колдон түшүп кетсе, ошол бойдон дарыланбаса, 15-20 жылдан кийин деле алган жараатынын запкысын тартат.
- Турмушта сейрек кездешүүчү мээдеги эхинококко операция жасапсыз?
- Мындагы томографиянын сүрөтүн караңызчы. Эхинококк ыйлаакчасынын чоңдугун, мээнин кайсы бөлүгүнө жайгашканын. Коркунучтуу көрүнөт. Эгер оорулуу кыз убагында бизге кайрылбаганда, эхинококктун ыйлаакчасы чоңойуп олтуруп, бир күнү жарылса, кыз өлүмгө учурамак. Кудайга шүгүр, оорулуу бизге убагында кайрылып, эки саатка созулган операция ийгиликтүү аяктады. Операциядан соң колу-буту иштебей калабы деген дагы коркунуч туулду. Эртеси күнү эле оорулуубуз Гүлнура сүйлөп, колу-буту иштеп, баары ойдогудай болду.
- Мээдеги эхинококктун белгилери кандай?
- Башы катуу ооручу экен. Дарыгерге кайрылып, кан басымын ченетип, дарыларды ичиптир. Дары убактылуу эле жардам берип башы кайрадан ооруган соң, дарыгер оорулууну башын томографияга тарттырып келүүгө жиберет. Ошол жерден дарт аныкталган.
- Негизинен бул оору эмнеден пайда болот?
- Эхинококк мээде абдан сейрек кездешет. Айрыкча боордо, өпкөдө көп кездешет. Кантамырлар кайсы органга жетсе, бул дарт да ошол жерге жетет. Сөөккө, булчуңдарга чейин эхинококк пайда болгон учурлар бар. Кантамырлар айрыкча боор, өпкө, мээде көп эмеспи. Бул дарттын ошол органдардан көп кездешкени да ошол себептүү. Кээде бир эле адамдын боорунан да, мээсинен да эхинококк кездешет. Мындай учурда хирургдар менен чогуу иш алып барып, биринчи операция ийгиликтүү өткөн соң, экинчисине дайынданабыз. Эхинококк адамга адатта ит, ж.б жаныбарлардан жугат. Малды союп, анын оорулуу өпкө-боорун итке берет эмеспизби. Балээнин баары ушул жерден башаталат. Кичинекей балдар көчөгө чыгып, иттин богу жаткан жерге барып ойноп, же иттин жүнүн кармалап, колун жуубай тамак жешет. Огороддо өсүп турган жашылчаларга деле ит сөйкөнүп кетсе, анан аны жуубай жесек, эхинококкту жуктурабыз. Колубузду, жашылча-жемиштерди таза жууп, этти жакшылап кайнатып жеп, бул оорунун алдын алсак болот.
- Эхинококктон кантип сактанса болот? Ал дароо чоңоет да ээ?
- Эхинококк алты айда өсүп жетилет. Бул убакта адам элес албай, байкабай жүрө берет. Кээ бир адамдын боорунда да, өпкөсүндө да, мээсинде да эхинококк пайда болгон учурлар бар. Соңку кездери абдан көбөйүүдө. Таңгалычтуусу, ит бакпагандар, мышык бакпагандар, үйүндө жан-жаныбарлары жоктор да ооруп атат. Эң башкысы - гигиенаны сактап, таза жүрүү керек. Этти чала бышырбай, жакшы кайнатып, анан жеш керек. Жер-жемиштерди таза жууп пайдалануу керек. Эхинококк мээге чейин жетти, бул абдан коркунучтуу. Убагында аныктап чара көрбөсө, мээнин жарым шарчасын басып калганда кеч болуп калат.

Жамиля
Таштанбекова






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

5-апрель, 2012-жыл






??.??