"Манас" аэропорту пенсия ардагерлерин татыктуу узатты



Кыргызстандын эң кирешелүү ири компанияларынын бири болгон "Манас" аэропорту иштин көзүн билген жаш кадрлар менен жаңыланмакчы. Аталган мекеменин жетекчиси Эрик Шайдиновдун айтымында, учурдагы бош орундарга эч бир тууганчылык, жердешчилик жок тестирлөөнүн негизинде конкурс аркылуу билимдүү жаштар кабыл алынат.

Кадрдык жаңылануунун бирден-бир себеби, өткөн айда "Манас" аэропортунун 76 кызматкери ардактуу эс алууга чыкты. "Пенсияга чыккандардын алды 80ден өткөн, арты 70ке таяп калган адамдар болчу. Алар өз учурунда бүтүндөй жарандык авиациянын түптөлүшүнө чоң салымдарын кошуп, ишкананын эң оор учурларын баштан кечиришкен. Дал ушул иш билги адистердин эмгегинин арты менен бүгүн "Манас" өлкөдөгү эң ири жана кадыр-барктуу компаниялардын катарында турат",- дейт "Манас" эл аралык аэропортунун президенти Э.Шайдинов.
Ишкананын маалымат катчылыгынан билдиришкендей, пенсияга чыккан ардагерлер куру кол кеткен жок. Ар бирине иш таржыйбасына жараша акчалай жөлөк пулдар жана сыйлыктар берилди.
"Эми жаңылануунун, иш билги, жаш кадрларды тандоонун мезгили жетти. Пенсияга кеткен 76 адамдын ордуна кайра 25ке чукул гана жумушчу алынат. Анткени, аэропортто техникалык мүмкүнчүлүктөр жакшырып, мурункудай көп адам эмгеги талап кылынбайт" дешти аэропорттун өкүлдөрү. "Жашоо күн санап өзгөрүп, өнүгүп бара жатат. Биздин тармакта дагы алдыга жылууларды, кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, дүйнөлүк деңгээлге алып чыгууну жашоо талап кылууда. Ошол себептүү "Манас" аэропорту кылымдар бою калыптанган "түшүнүктөрдү" талкалап, кадрдык жаңы саясат жүргүзүп атабыз. Эми эл аралык деңгээлде иш алып бара турган, эмгекчил, мобилдүү жаштарды сынак тартибинде жумушка алабыз",- дейт Э.Шайдинов.
Буга чейин ММКлар аркылуу жарыяланган сынакта бир нече жумушчу тандалып алынган. Азыр аларга компанияда өз күчтөрүн сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк берилди. "Европа өлкөлөрүндөгү финансылык компанияларда миңдеген доллар айлык алып иштеген кыргыз жигитти кызматка чакырдык. Ал жактагы маянасына салыштырмалуу өтө аз айлыгыбызга карабай макул болду. Патриоттук сезимдери күчтүү экен. Ушундай жаштарыбыз турганда тез эле өнүгөбүз",-дейт жетекчи ишенимдүү. Кошумчалай кетсек, "Манас" аэропортуна кайсы кызматтарга адис керек экендигин кийинки сандардан окуй аласыздар.

Назима ЖУМАЕВА




Замирбек менен Каличанын уулу



Орусиянын "Жаңы толкун" ("Новая волна") сынагынан 4-орунду алып келген "Бишкек" дуэтиндеги Айбекти таанысаңыз керек. Өзү таланттуу, бирок, өтө жөнөкөй жигит. Жөнөкөйлүгүн карабайсызбы, сахнада 3 жашынан бери жүрсө да өмүрүндө биринчи биздин гезитке маек берип отурат. 3 жашынан дегеним, Айбек бала кезинен "Ак шоола" хорунда ырдаган. Дагы бир кызыгы, Айбек кадимки Замирбек Сооронбаев менен Калича Сейдалиеванын жалгыз уулу.

- Айбек, чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө чоңоюптурсуң. Сахна сага анча деле сүрдүү болбосо керек?
- Атам менен апамды ээрчип жумушуна барып, театрда ары-бери чуркап, ойноп жүрүп чоңойгом. Азыр театрга барып калганда дос-тааныштарга: "мен мобул жерде ойногом, бул жерде жыгылгам",- десем эле таң калышат. Бирок ал жерде бирөөнү ээрчип жүрүш башка кеп, өзүң-өзүңдү тартуулоо башка кеп экен. "Ак шоола" хор болгондуктан көңүл борборунда бир гана адам болбойт эмеспи. Ошондуктан сахнага жеке ырчы катары биринчи жолу чыкканда денемди калтырак басып, сүрдөгөм.
- Эл көзүндөгү ата-энемди уят кылбайын деп жоопкерчилик сенде эки эсе болсо керек?
- Албетте. Ата-энемдин кадыры мен үчүн биринчи орунда турат. Бирок 16 жашыман бери мени жайыма коюшкан. Көпчүлүк чечимдерди өзүм кабыл алам. Ата-энем мага бул жагынан толугу менен ишенет.
- Ал эми колукту жагынанчы? Муну же тигини ал деп кыйнабайбы?
- Жо-ок, ал жагын дагы өзүм билем. Апам: "аялың бизди сыйласа болду. Силердин балдарыңарды жыттап жата беребиз. Калганын өзүңөр билесиңер",- деп айткан. Мен кыргыз кызына үйлөнөмбү, орускабы, айырмасы жок. Негизгиси ыймандуу кыз болсо болду.
- Канча бир туугансыңар?
- Эжем экөөбүз элебиз.
- Кыргыздын каада-салттарын билесиңби?
- Шаарда өскөндүктөнбү, айтор, көпчүлүгүн колдоно бербейм. Мисалы, кой сойгонду, устукандаганды билбейм. Бирок каада-салтты талап кылган жерден өзүмдү жоготпойм. Дин жагын ала турган болсок, жума намазга барып турам.
- Кыздар тууралуу ким менен сырдашасың?
- Мен кыздарды эч ким менен талкуулабайм. Мисалы, сүйлөшкөн кызым экөбүздүн ортобузда түшүнбөстүктөр болду деп коелу. Аны бирөөгө жарыялап, кеңеш сураганды жаман көрөм. Анткени аны экөөбүздөн жакшы эч ким түшүнбөйт. Ал биздин сезимдер, биздин ишибиз.
- Спорт менен машыгасыңбы?
- Мурда сууга сүзүүгө барып жүрчүмүн. Азыр башым менен кирип алган спорт жок.
- Ичимдик, чылымга кандайсың?
- (күлүп) Чынын айтайынбы? Ичимдик ичпейм. Бирок кээде тамеки тартып жүрөм. Аны жашырганда эмне.
- Эми чыгармачылыкка кайрылсак, "Бишкек" дуэтинин тагдыры кандай болуп атат?
- Биз Арсен экөөбүз атайын дуэт түзүп, чогуу ырдайбыз деп барган эмеспиз да Юрмалага. Сынактын уюштуруучулары экөөбүздүн тең ырдагандарыбызды жактырып калып, чогуу ырдоону, дуэттин аталышын дагы өздөрү сунуштаган. Негизи Арсен экөөбүз доспуз. Ал эстрадада өз ордун тапкан ырчы. Мен да келечекте эл сүймөнчүлүгүнө ээ болууга аракет кылам.
- Сынакта улам эленип, алдыга чыгып келатканда кандай сезимдер болду?
- Эң биринчиден, мойнумда чоң жүк турганын сездим. Өзүмдүн эле эмес өлкөмдүн намысын коргоп аткандан кийин уят болбошум керек, өлсөм да Кыргызстанды татыктуу алып чыгыш керек деген ой болду. Бирок Арсен экөөбүздө тең өзүбүзгө ишеним күчтүү болчу. Ал жактагы атаандаштарыбыздын арасынан мыктылардын катарына кирерибизге көзүбүз жетип турган.
- Чыгармачылыктагы улуу муун жаштарга көп сын айтышат эмеспи. Сен кандай кабыл аласың?
- Улуу муун деген улуу муун да. Көптү билет, көптү көргөн адамдар. Бирок азыркы чыгып аткан жаштардын баарын "халтурщик" деп айтууга болбойт. Жан дили менен берилгендер бар. Жеке өзүм тууралуу айтсам, айтылган сындын баарын эле уга бербейм. Саналуу гана адамдардын пикири менен иш кылам.





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

5-апрель, 2012-жыл






??.??