Динара Орозбаева, мушкер Алмаз Раимкуловдун жубайы:

"Алмаз баңгизат колдонгону үчүн полиция камап салганда, ар кимден акча алып, чуркап жүрүп абактан такай өзүм чыгарчумун"




АКШдагы белгилүү кыргыз мушкери Алмаз Раимкуловдун Ассоль Молдокматова менен ымаласы жакындашып, атүгүл сүйүү сезимдерин жар салышып, кучакташкан сүрөттөрү интернет беттерине жарыяланган. Мушкер өзү "...жашыра турган эч нерсем жок, мени Ассоль менен сүйүү байланыштырат. Сүрөттөрдү ачыкка, коомчулукка чыгаруу менин демилгем болду" деп билдирген. Жубайы Динара Орозбаева АКШдан Кыргызстанга апасынын жылдыгына келген маалда Ассоль менен мамиле куруп кеткендиги күтүүсүз болгонун айтып, апасынын жылдыгына Кыргызстанга келүүсүнө жолдошунун каршы болгонун айтуу менен чектелсе, Алмаз Раимкулов бир катар маалымат каражаттары аркылуу жубайын боктоп каралап, жамандаган. Мушкердин апасы да гезит беттерине улам чыгып, мурдагы келинин каралаган, көө жапкан маектерди берип ийди. Мушкердин жубайы Динара айымга байланышканыбызда "мен Алмазды, кайын энемди мынчалык пастыкка түшөт деп күткөн эмесмин. Мен аларга теңелгим келбейт. Аларды Кудайга койдум. Башкысы, алардын айткандарынын баары калп экенин эл билбесе да мен билем" деп жооп берген болчу. Бирок мушкер каралаган маектерин токтотпой уланта бергендиктен, Динара айымдын да берер жообу бар экен.


-Динара айым, сизге байланыштуу айтылгандарга эмне дейсиз? Сиз Алмаз Раимкуловго жашыңызды кичирейтип алдап тийгениңизди, жасалма документтердин негизинде АКШ­дан башпаанек сурап, калып калууга аракет кылганыңызды айтышты.
- Мен ушул айтылгандарды окуп, ушунчалык таң калдым. Мынчалык жалганды ойлоп тапкыдай мен аларга эмне кылдым эле. Чынында мындай көрүнүштөр башка көп үй-бүлөлөрдө деле кездешет. Бирок Алмаздын аз-маз аты болгондуктан, ага жаман сөз тийип калбасын, элдин назарынан калбасын деп унчукпай эле койгом. Бирок мен унчукпаганыма карабай эки жактан каралап, жамандап туруп алышканына чыдай албадым. Алардын айткандарынын баары дегеле чындыкка коошпойт. Мени биротоло элге жек көрүндү кылып, эл караган бетин жер караталы деген максаттары бар окшойт. Каршы болгонуна карабай Кыргызстанга келе бергениме ушундай жолдор менен өч алып жатышкансыйт. Мен АКШга барганга чейин эле Алмаз менен телефон аркылуу сүйлөшчүбүз. Кайда, эмне кылып жүргөнүмө чейин сурап чалып турчу. Анан журналист катары интервью алуу үчүн АКШга Алмазга баргам. Барганда эле кайын энем мени аябай жактырып, Кыргызстанга кетишим керек дегениме карабай жалынып, жалбарып жатып, мени алып калган. Мени келин кылып алганына кубанып, көзүнө жаш алган. Ошентип турмуш куруп, ошол жакта калып калгам. Курагымдын канча экенин Алмаз башынан эле эң жакшы билчү.Эч кандай өзүмдүн жашымды 3 жашка кичирейтип айткан эмесмин. Эми бул логикага деле ылайык келбейт да. Курагымдын канча экени паспортумда деле жазылып турбайбы.
Башпаанек суроо жөнүндө айтсам, эгерде андай болсо Кыргызстанга кетүү тууралуу дегеле сөз кылмак эмесмин да. Эч кандай ал жакта биротоло калуу оюмда жок болчу. Мекенибизге кетели деп Алмазга көп жолу айткам. Дайыма тескери жооп алчумун. Кайын ата, кайын энем өздөрү АКШда калуу үчүн башпаанек сурап, ошо менен жашап жүрүшөт. Кыргызстанга дегеле келгилери келбейт. Мисалы, мен баргандан кийин кайын энемдин апасы кайтыш болгон. Ага да келген жок. Ал эми оорулуу деген справкасы бар деп айткандарын чектен чыккандык, наадандык деп эсептейм.
-Чыңгыз Шамшиев менен сүйүү мамилеңиз болгонун айтышты...
-Шамшиевдер менен жакын тууганбыз. Болот Төлөновичтин атасы менен менин чоң атам бир уруудан, бир уруктан болушат. Дайыма катышып келгенбиз. Сиңдим экөөбүз Болот Шамшиевдин үйүндө жүрүп эле чоңойдук. Өз кыздарындай эле көрчү. Студент кезимде окуумдун контрагын төлөп, кийим-кечегибизге чейин алып берчү. Биз үчүн кылган жакшылыгы аябай көп болду. Чыңгызды агамдай көрүп, бир үйдө жатып окудук. Анан тууган, агам катары Чыңгыз Шамшиев менен кээде байланышып, интернеттен сүйлөшүп турчу элек. Эми ушуну да мага каршы пайдаланып атышат. Кат боюнча айткандары да чындыкка коошпойт.
Миллионер, бай америкалыкка тийип алганга аракет кылган дешет. Эми бул күлкүнү гана келтирчү сөз. Бай америкалык эле мени карап туру дейсизби. Америкалыктар дүйнөдөгү өзгөчө эсеп-чоту менен жүргөн эл. Мени эки балам менен баштарына урмак беле. АКШда калуу оюмда такыр жок болчу, күн сайын Кыргызстан оюман кетпей сагынып, кайтууну самап жашап жүрдүм да. Эртеби-кечпи Кыргызстанга кайтам деп ичимен максат кылып койгом.
-Сизге үйлөнгөндөн кийин эле такыр иши жүрүшпөй койгонун айтты. Чын эле ошондой болдубу?

-Айтпай эле коеюн дедим эле. Бирок айтууга туура келип олтурат.Чындыгында мен Алмазга турмушка чыкканда эле иши жүрүшпөй, финансы жагынан кыйын абалга кептелип калган экен. Тапкан акчасын промоутерлерине алдырып, айласын таппай олтуруп калган. Ичкиликке жакын болуп, анын айынан машыгууну да унутуп койгон. Экөөбүз турмуш кургандан кийин 2 гана жолу рингге чыкты. Биринде утса, биринде жеңилүү ызасын тарткан. Азыр спорттук формасын бир топ эле жоготкон. Эс алып, тайраңдап, шапар тээп, чер жазганды жакшы көрөт. Мастык менен миңдеген долларларды казиного уттуруп, алдатып койгонун апасы канча жолу эле айтып, ыйлап-сыктап жүрчү. Дагы бир нерсени айтайын, Алмаздын наркозатка жакындыгы бар. Бир канча жолу баңгизат колдонгону үчүн абакка жатып калды. Ар кимден акча алып, чуркап жүрүп полиция абагынан жалаң өзүм чыгарчумун. Аны Америкадагы кыргыздардын баары билет. Ыраазы болушуп, көп ирет "азаматсың" деп алкап - жалкагандарын уктум. Бир ирет 3,5 ай абакта олтуруп калып, айып пул катары 10 миң доллар төлөп чыгаргам. Ал акчанын 5 миң долларын Кыргызстандагы бир тууган агамдан алгам. Ошол акчаларды кайрып бергенге жараган жок. 5 миң доллар жерде жаткан жок да.
Спорттук карьерасы токтоп калганда, кур намысты четке таштап, иштесе болмок да. "Эл эмне дейт, мен чемпионмун да..." деп уялып, керели-кечке үйдө олтурат. Ага балдарды каратып коюп, ар кайсыл жумуштарда иштеп жүрдүм. Кайын энем экөөбүз иштесек, Алмаз менен кайын атам үйдө олтурушат. Чемпионмун деген жылдыз оорусу дале күчтүү. Эртең менен кетип, кечинде келип, балдарымды сейрек көрүп калган күндөрдүн биринде ачуумду кармай албай: "Үйдө эки эркек олтурасыңар. Эки аял тырбалаңдап жүрөбүз, алдуу-күчтүүсүңөр, ден соолугуңар жайында. Иштесеңер, балдарды үйдө карап, тарбия берет элем", - деп айткам. Менин ордумда ким болсо да антип айтмак. Иштеп, эки баласын бакканга жарабаса, эмнеси чемпион? Азыр да эч жерде иштебейт, үйдө олтурат. Чынын айтайын, кайын энемди аяйм. Чемпион баласы мойнуна минип, үйдө олтурса, ал улгайып калганына карабай иштеп жүрөт. Кыргызстандын, кыргыз элинин патриотумун деп айтат. Андай экен, патриот болуп энесин бакпайбы? Патриот экен, эки баласынын ал-жайын сурап, кабар алып койбойбу? Көптөн бери балдарынан кабар ала элек. Ушул чемпиондун кылар ишиби? Анан "жакшы ата болоюн десем" дегенине жол болсун. Ушулардан кийин, мени алганы ишим жүрүшпөй койду деп айтса, аны өз абийирине, Кудайга койдум.
-Колума бар нерсемди карматып, Кыргызстанга жөнөттүм деди. Колуңузга эмнени карматты эле?
-Ушул жерден АКШда жашаган Гүлнара Акунова эжеге ыраазылыгымды айтат элем. Алмаз мен Кыргызстанга кетейин дегенде документтеримди алып бербей, кетпейсиң деп каршы чыккан. Ошондо Гүлнара эже: "Алмаз, кандай уятың жок немесиң, апасынын жылдыгына барып келсин, бер документтерин",- деп кийлигишип жатып алып берген. Гүлнара эже акча жагынан кеткенге жардам берди. Алмаз Кыргызстанга келерде мага 1 тыйын да берген эмес. Ачыгын айтканда, берерге акчасы деле жок болчу.
-Кайын энеңизди "скотина" деп атап, үйдөн сыртка кууп чыгыпсыз...
-Кыска жооп берейин, кайын энем келинине антип айттырып, үйдөн чыгып кете турган аялдардан эмес. Калптын да чеги болуш керек. Мен дагы деле болсо жумшартып, көп нерселерди айтканым жок. Алардын баарын айтып олтурсам, төбө чач тик турат, адамды "шок" кылат. Анчалык пастыкка түшкүм келбейт. АКШда жашап атканда биздин үйдө эки кыргыз кыз убактылуу бирге жашашкан. Ал кыздар биздин турмушубузду жакындан көрүшкөн. Бири азыр Швейцарияда жашайт. "Эже, чындыкты айталыбы, кимдин ким экенин биз билип калбадыкпы",- деп мага байланышат. "Кереги жок" деп аларды тыям. Андыктан Алмаз кыргыздын намысын коргогон азамат болсо, мынчалык майдаланбаса дейт элем. Андай мага жарашса да, ага такыр эле жарашпайт экен. Өзүнүн эркек атына татыктуу боло албаса, жок дегенде кыргыздын намысын коргоп келген адам экенин унутпаса болот эле.
-Ассоль Молдокматова жакынкы күндөрү Алмаз менен баш кошобуз дегендин башын кылтыйтты. Эмне дейсиз?
-Мен буга таң калып атам. Кантип баш кошушат? Алмаз экөөбүздүн мыйзамдуу никебиз бар да. АКШнын мыйзамы менен мыйзамдуу ажырашпай туруп, башка турмуш курса жоопкерчиликке тартылат. АКШ Кыргызстан эмес. Ошентсе да жашап көрүшсүн. Канчага чейин бирге жашаарын көрө жатарбыз. Алмаз бир ирет мас болгондо анын кандай адам экенин Ассоль өзү көрөр. Алмаз эч качан тамакты жылытып ичпейт. Сөзсүз жаңы тамак жасап беришиң керек. Ассоль айткан тамактарын жасап берип турар бекен?! Алмаздын тырмагына чейин алып берчүмүн. Ассоль алып берер бекен? Көптөр экөөсү баш кошкон күндө да узакка бирге болбой турганын айтышууда. Ал менин балдарымдын атасы. Ага эч качан жамандык каалабайм. Иши кылып мындай жоругуна өкүнүп, тилин тиштеп калбаса болду...
Мага айрыкча кайын энемдин каралаганы катуу тийди. Балким, менин апам да тирүү болсо жообун бермек деп ойлойм. Ар-намыс, кадыр-баркыма доо кетиришти. Жашырбайм, мага карата айтылган ушактарды угуп, көңүлүм чөгүп, абийириме бүлүк түштү. Мындан ары алар менен сот залында гана сүйлөшөм. Мыйзам мен тарапта. Керек болсо АКШ­га барып, ар-намысымды коргогонго даярмын. Алмаз Ассоль менен турмуш кургусу келсе, мага асылбай эле койсо болмок да. Же Ассоль Алмаз үчүн ушул эки баласынан да, жеке абийиринен да кымбат, жогору турабы?

Сөз соңунда
Мушкер менен сүйүшүп, ага турмушка чыкканга камданып аткан Ассоль Молдокматова менен байланышканыбызда: "Алмаз - маңдайы жарык, акылдуу, өзгөчө адам. Биздин, Алмаз экөөбүздүн бири-бирибизге мамилебиз жүрөк түпкүрүнөн, сезимдерден чыккан. Башкысы - мен Алмаздын жанында өзүмдү чексиз, сөз менен айтып бералгыс бактылуу сезем. Менин курагымда жүрөгүң менен сүйгөн адамыңды табыш кыйын го деп элестетчүмүн. Алмазды жолуктурган жашоомо ушунчалык ыраазымын. Жакында биз тууралуу жагымдуу кабар угасыңар",- деген жообун берди. Жагымдуу кабары не болмок эле, Алмаздын мыйзамдуу никесин уруп ойнобой экөө үйлөнүп алганы атышканын фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдик. Ассоль айымга жаман сөз айтуудан алыспыз. Аял катары бактылуу болгонго аракет кылууга, жашы 40ка барып калганда деле турмуш курууга ар бир аялдын укугу бар. Болгону, атактуу мушкер Алмаз Раимкуловдун ушундай деңгээлге түшүп, өз жары менен айтышып, эки баласынын энеси тууралуу жаман сөздөрдү айткандан уялбаганы өкүндүрөт. Майдаланып берген маектеринде эки баласы тууралуу оозанбай, аларды сагынуу же аео сезими таптакыр сезилбейт. Боксер уулуна апасы да кошулуп алыптыр. Тээ АКШдан башпаанек алып жашап атып, ошол жакта да тынч жатпай, эки татынакай неберелүү кылган келинин жамандап отурат. Бүт Кыргызстанга өз абийирин өзү төгүп аткан, өз канынан жаралган эки баласынын башын аттап, аларга түкүрүп салган Алмаз Раимкуловду эми кыргыз эли сыйлай алабы? Атактуу мушкер баңгичи экен деген имишке ишенгибиз келчү эмес. Ал адатын эми чогуу жашап, анысы үчүн камактан сууруп азап тарткан аялы айтып берип отурат. Биздин чемпион деп кыргыз эли сыймыктанып жүргөн Алмазбек Раимкуловдун бул кылыктары көпчүлүктү жийиркентип койду. Эки балада не күнөө? Эми алар эс тарткандан кийин чемпион сөрөй атасынын майдаланган маектерин окуп калса, кандай абалда болушат? Эки баласын сыйласа болмок, чемпион экени чын болсо, эркек бойдон калса болмок! Аттиң, канчалаган күйөрмандарын суу сепкендей кылды да.





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

5-апрель, 2012-жыл






??.??