Куудул Жаныбек Алыкулов:

"Манасты суукта бешикке таңылган бойдон унутуп калыппыз"



Манас АЛЫКУЛОВ:

"Атам "Шорпо" болсо, мен "Шарманка" болдум"



Бул рубрикабыздын бүгүнкү коноктору - Жаныбек Алыкулов жана уулу Манас Алыкулов. Атасы куудул, баласы ырчы. Атасы "Шорпо" деген атка консо, учурда баласы "Шарманка" деген атка конду. Анда эмесе, конокторго сөз берели.

- Жаныбек байке, балдарыңызга кандай тарбия бердим деп ойлойсуз?
- Балдарыма тарбия бердим дегенден алысмын. Себеби, чыгармачыл адам болгондон кийин сыртта көп жүрүп калып, балдарыма анча көңүл бура албай калдым. Жаш өйдөлөгөн сайын үй-бүлөгө көбүрөөк көңүл буруп, андан ыракат алат экенсиң. Баласаакмын. Гастролдон келгенче сагынып кетем. Аларды көргөндө ээрип, эзилип, ушунчалык жакшы көрөрүмдү билгизип коем. Аларды кагып-силкпейм, катуу талап койбойм. Эркин кармайм. Балдарым да ошол эркиндикти туура пайдаланып, жакшы чыкты. Эми балдарды тарбиялоонун ыкмасы көп. Анын ичинен бирин айтсам - кээде билип турган нерсемди билбей жатам деп балдарымдан сурап койсом, ушундай бир сүйүнүп, шымаланып толтура кеңештерди айтышат. Бул ыкма биринчиден балдардын аң-сезимин текшерүү, экинчиден, балдарды шыктандыруу деп эсептейм.
- Келиндүү болсоңуз керек?
- Жок, келиндүү боло элекмин. Төрт бала, бир кызымдын атасымын. Улуу балам Казакстанда. Үйлөнүү үлпөттүн бардык чыгымдарын өзүм көтөрөм деген принципти кармап, Кустанайда үзүрлүү эмгектенип жатат. Андан кийинки кызым болсо турмушка чыгып, жээн неберелүү кылган. Ал учурда Москвадагы жакшы бир кафелердин биринде администратор болуп иштеп жатат. Телефон чалып калганда: "Ата, зериккенде баягы эски адатым кармап, ырчылар менен сахнага кошо чыгып ырдап коюп атам",- деп калат. Үчүнчү уулум менен кичүү уулум спортко жакын. Футболго кызыгышат жана жакшы ойношот.
- Уулуңуз Манас жаныңызда көп жүрөт экен. Турмушка да, чыгармачылыкка да тарбиялап аткан экенсиз?
- Манас мени көп ээрчип жүргөндөнбү, айтор, "ыймандуу экен балаңыз" дегенди көп угам. Демек, татыктуу тарбия берип жатыппыз деп ичимден сүйүнүп калам. Кайсы балаң ооруп калса же кыйналып турса, ошону ойлоп, жакшы көрөсүң. Манас көп ооруйт. Манасты жакшы көрөм. Өзү да мага жакын. Мени ээрчип ырдап жүрөт. Элдин элегинен өтүп жатат. Үнүн макташат. Чынында үнү жакшы. Опералык жагына басым жасап жатканын байкап атам. Италянча, французча, орусча жакшы ырдайт. "Быша элексиң, чийкисиң" деп сын айтып, ар бир нерсесинен кынтык таба берем. Манастын бир жакшы жери - чычалабайт, туура кабыл алат. Мен ошого кубанам. Азыр аскерге барам деп жулунуп атат. Барса барып келсин деп макул болуп жатам. Себеби жигиттик дараметти өстүргөнгө армия жакшы жардам берет.
- Атын көтөрө албай, кыйналган турбайбы. Андай учурда аты өзгөрүлөт эмеспи. Же ырым-жырымга ишенбейсизби?
- Албетте, кыргыздын ырым-жырымын ала жүрүш керек. Ишенсе болот. Бирок бул жерде Манастын оорусу башка. Айтылбай жүргөн бир сырды айтып берейин. Манастын кичинекей кезинде ары-бери көп көчтүк. Кайсы бир жылы кышында көчүп калдык. Манасты бешикке таңып алганбыз. Келген жерибизде биринчи бешикти кийрибей, жүктү ташып жүрө бериппиз. Манасты сыртка суукка унутуп коюп, оорутуп алганбыз (күлүп). Болбосо үнү мындан да сонун болмок. Бешикте жатканда эле обон менен ыйлачу да. Үнү тим эле баркырап жоон болчу.
- Манас, сенин ысмың Манас атанын атынан коюлганбы же Манас Бердибековдунбу?
- Мен кичинекей кезимден эле ата-энемди ээрчип чоңойдум. Апам ана-мына деп турганда түштүк тарапка атамдар Каныкей Эралиева, Манас Бердибеков болуп концерт коюп барып калышыптыр. Ошондо "кыз төрөлсө Каныкей, уул төрөлсө Манас деп коебуз" деп тилек кылышкан экен. Анан мен төрөлүп, атым Манас деп аталыптыр. Бирок, эмнегедир ушул атты көтөрүш мага кыйын болду, аябай оорудум. Эми-эми гана өзүмө келип, атамды ээрчип ырдап жүрөм.
- Сахнага чыгышыңа атаң кандай карап атат? Сын айтып, сени тарбиялап атабы?
- Менин ырдаганыма биринчи көркөм кеңешим - ата-энем. Атама оңой менен ырчы жакпайт. Негизи эле көп нерсени жактыра бербейт. Жаңы чыгып келаткан мени ого бетер жактырбайт да. "Быша элексиң" деп чоң сахнага чыгарбай жатат. Балким, атамдыкы туурадыр. Эртедир балким. Ошентсе да өз алдымча аракет кылып жатам. Мага опера ырчылары жагат. Токтонаалы Сейталиев, Керим Турапов, Чырмаш Төрөбеков, Жеңишбек Исманкуловдун ырдагандарын берилип угам. Болот Миңжылкыев, Лучано Павароттинин дагы үндөрүн жактырам. Келечекте ушул адамдардын үнүндөй үнгө ээ болууну каалап таасирленем. Ошон үчүн дайыма жандуу ырдаш керек. Жандуу ырдасаң, үн ачылат. Мен дайыма жандуу ырдайм. Учурда вокалга баруудамын. Улуттук консерваторияга тапшырып өтсөм, чыгармачылыгымдын чыйыры ошол жерден башталат деп ойлоп жүрөм. Акын, жазуучулар менен иштешкенге аракет кылуудамын. Азыр Атайбек Бөдөшовдун калемине таандык эки ырдын үстүндө иштеп жатам.
- Атаңа аябай окшош экенсиң…
- Көргөндүн баары сизге окшоп "атаңдын копиясысың го я…" дешет. Тели-теңтуштары: "Жаныбектин эле жаш кези" дешсе атам: "Манасты өзүмө окшоштуруп кол менен жасап алгам" деп тамашалап калат.
- Атаңдан кандай тарбия алдым деп ойлойсуң?
- "Балам, дээриңде болсо оңолоорсуң, болбосо жоголоорсуң" деп атам көп айтат. Анын сыңарындай, дээринде бар бала ата-энесинин тарбиясын эч качан унутпайт. Атам аябай боорукер. Бардык адамга боору ооруйт. Жакында эле абакка концерт койгону барганбыз да, эркектердин түрмөсүнө. Ошол жерден бирөө визиткасын сураса берип коюп жатпайбы. Анан ал күндө эле "телефонума бирдик салыңыз" дей берчү. Алгач 50 бирдиктен баштап, 300 бирдикке көтөрүп жиберди. Атам боору ооруп, улам сураса салып коет. Нооруздун алдында аялдардын абагына концерт коюп барганда, ал чала бергенин абактын жетекчиси байкап калып, телефонун алып, "МАИшник турбайбы…" деп билип калбадыбы. Аны тыйып жаза колдонууну талап кылганын угуп калган атам: "Ии, ай, байкушту эмне кылдыңар? Олда байкуш ай... Жөн эле жүрбөйт беле",- деп кейип калбадыбы.
- Элге тааныла баштадыңбы? Сени көчөдөн "Шарманка" деп чакырышат экен го тааныган күйөрмандарың?
- Эми, кээде МАИге кармалганда таанып калышса, кубанып калам. МАИ кызматкерлеринин дагы тойлорун алып барып калдым эки-үч жолу. Кээ бирөөсү таанып калыптыр, машина менен келатып түшүп калсам, "Аа, "Шарманка", сен белең. "Шарманканы" жакшы ырдайт экенсиң. Дагы ырдап бересиң ээ" деп калышат. Ошентип, атам "Шорпо" деген атка консо, мен "Шарманка" деген атка кондум. Кээде МАИге кармалганда мени тоотпой койгондо, атамдын визаткасын көрсөтөм. Бирок атам аны билбейт, билсе урушат. Анткени "эч качан менин атымды айтып колдонбогула" деп көп айтат. Тойго кечигип барсам да урушат да. Анан айла жок, ошондой кадамга барууга туура келет.
- Атаң үйдө да куудулбу?
- Аябай күлдүрөт деп айтпайм. Анекдотту укмуш айтат. Жерге кашык түшүп кетсе же сырттан бир чал кирип келсе, ошол эле жерден ошо жөнүндө анекдот айтат. Ушунча анекдотту кайдан билет, аны кантип унутпай жүрөт деп таң кала берем.
- Үйдө кыз жок болгондон кийин кыздардын жумушун кылсаңар керек?
- Агам үй жумушун кылбайт. Сырткы жумуштарды гана кылат. А мен сыртты да, ичти да кылам. Апаны да аяш керек да. Апама жардам кылуу үчүн бардык нерсени - кир жууп, үй жыйнап, тамак-аш кылып, камыр жууруп, кесип, нан жаап чоңойдум. Аны көрүп калган кошуналар: "Сага кайсы кыз турмушка чыкса да бактылуу болот",- деп калышат. Шаарда жашаганыбыз менен айылдын турмушу менен жакшы таанышпыз. Уй, тоок дагы бактык. Баса, уй сааганды да билем.
- Сүйлөшкөн кызың барбы?
- Жок. Азыркы кыздар аман эле болсун. Көчөдө, түнкү клубдарда тамеки тартып, ичип жүрүшөт. Ыймандуу кыздар аз.