Токко урунуп, эки колу күйгөн Баймырзага "Чыгышэлектро" 3 миллион сом төлөп берди



Каракол шаарынын тургуну Жеңишбек Оболбековдун үй-бүлөсү үчүн 2010-жылдын 3-апрели каргашалуу дата катары эсте калды. Бул күнү алардын алты жашар уулу Баймырза Казакбаев токко урунган.


Кесилбей калган кол

Баймырза бул күнү кошуна балдар менен жашынмак ойноп жүрүп, Жакыпов көчөсүндөгү подстанциянын өткөргүчүнө колу тийип кеткен. 10 миң кВт. чыңалуу деген оңойбу, оң чыкыйынан урган ток кайра оң бутунан чыгып, колунун манжаларын күйгүзүп олтурат. Чымындай бала кыйналып, өмүр менен өлүм ортосунда облустук оорукананын реанимация бөлүмүндө туура бир ай жаткан. Айласы курган ата-эне жылыш болбогон соң, уулун Бишкекке алып жөнөп, күйүктөрдү дарылоочу ооруканага жеткирген.
- Башта дарыгерлер эки колун тең кесебиз дешкен. Атасы экөөбүз баланын андан кийинки тагдырын ойлоп, көнбөй койдук. Жүрөгүм бир башкача болуп, айыгып кетчүдөй сезиле берди. Муң-зарыбыз кудайга жеткенби, бир күнү тааныштар Республикалык оорукананын микрохирургия бөлүмүнө алып барууга кеңеш беришти. Ал жердеги дарыгерлердин күчү менен колун сактап калдык. Ак халатчандарга алкыш айтам,-дейт энеси Айзат азаптуу күндөрдү эскерип.
- Аталган ооруканадан микрохирургия бөлүмүнүн башчысы профессор Муса Матеев менен нейрохирург Султан Тукешов тобокелге салып, Баймырзага 5 жолу операция жасашкан. Анын экөө абдан оор өтүп, бала өлүп-тирилген. Чүрпөнүн күйүтү оңойбу, ошол азаптын баарын өз көзү менен көргөн атасы азыр өзү оорукчал.

Кымбатка турган жеңиш

Баймырзанын өмүрүн, анын эки колун бүтүн сактап калуу үчүн ата-эне болгон быдырын сатты. Акча жерге кирсин дечи, эң башкысы бала аман калып жатпайбы. Бирок ошентсе да, "Чыгышэлектро" ачык акционердик коомунун жетекчилиги ошол кыйын күндө акыбалын сурап койсо болмок. Анын ордуна "көтөрүп турган асманыңарды таштап жибергиле, азыр акчалуулардын заманы, акыры биз жеңебиз. Балаңарды подстанциянын жанына сүйрөп бардык беле?" деп орой мамиле кылганы ташбоордук эмей эмне? Ошол кайдыгерлик ата-эне жүрөгүнө бычактай тийип, чындык издөөгө мажбур кылган. Аларга борбордогу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга юридикалык жактан көмөк көрсөтүү фондунун президенти Толкунбек Исаков менен юрист Марат Карыпов кол созуп, акыры соттон утуп чыгышты.
- Кызматы үчүн бир тыйын доолашкан жок. Алардын жардамы менен соттон "монополист" мекемени жеңдик. Подстанциядан ток ураарын акыл-эсине кире элек жаш балдар кайдан билсин? Анын тегерек- четин бекитип коюшса, Баймырза мынчалык кыйналмак эмес,-дейт эне жеңиштин баасы кымбатка турганын айтып.
Ата-эне утуп алган 3 млн. сом азыр толугу менен банкта. Келечекте Баймырзанын ден соолугу менен окуусуна жумшоо үчүн сактап коюшкан. Ушул жылдын жай айында аны дагы бир операция күтүп турат.
"Президент болгум келет"
Баймырза учурда Каракол шаарындагы №11 мектеп-гимназияда 1-класста окуп жатат. Оң колунун эки манжасы гана бар, ал эми сол колунун бармагы гана кыймылга келет. Ошого карабай зирек. Сүрөт тартканга кызыгат. Келечекте президент болом деген изги тилеги бар. Бала да, түшүнө эки жолу подстанция киргенин, бирок коркпогонун айтып мактанып койду. Тарткан сүрөттөрүн да көрдүм. Ата-энеси, бөбөгү, короо-жайы, бак-дарактар, көп кабаттуу үйлөр. Ушул жүрөгү менен каалап, тандап алган ачык түстүү боектор аркылуу энергетиктердин кенебестигинен улам сөз менен жеткирип бере алгыс азап тарткан күндөрүн жууп жаткандай сезим калтырат. Карап олтуруп, "Махабат закымы" тасмасындагы Мани сүрөтчү эске түштү. Аттиң, бир канча кылым мурунку караөзгөйлүк дагы деле өлбөй жашап атканын көрчү.

Шейшекан ЖАНАЛИЕВА,
Ысык-Көл облусу



about | A Free CSS Template by RamblingSoul

5-апрель, 2012-жыл






??.??