Лондонго
кимдер туу саят?
Ошентип, Лондондо өтүүчү XXX Олимпиадалык оюндар башталарына туура 113 күн калды. Азырынча, кыргызстандык спортчулардын колунда Лондонго 5 гана жолдомо бар. Ал эми Дене тарбия жана спорт агенттиги кеминде 15 жолдомо алабыз деп шымаланып турушат. 2008-жылы өткөн Пекин Олимпиадасында бизден 21 спортчу катышкан. Алар спорттун: бокс, күрөш, велоспорт, дзюдо, жеңил атлетика, сууда сүзүү, ок атуу, таэквондо, оор атлетика, фехтование түрлөрүнөн катышып, грек-рим күрөшүнөн Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев күмүш жана коло медаль алышып, жалпы мекендештерибизди сүйүнткөнү эсибизде. Эми андан бери төрт жыл өтсө деле, чоң спортто эч кандай өзгөрүү болуп кеткен жок. Лондон - 2012ге жолдомо берүүчү рейтингдик, лицензиялык турнир, дүйнөлүк чемпионаттардын жүрүшүн, ага катышып жаткан биздин спортчулардын көрсөткөн жыйынтыгын, мүмкүнчүлүгүн карап туруп, кайра эле жогорудагы 10 спорттун түрүнөн эле Олимпиадага катышчудайбыз. Андыктан, алардын кээ бирине токтолуп, кыскача маалымат берели деп чечтик.


Алга, Архипова!
Пекин Олимпиадасына бизден 5 жеңил атлетчи катышканы белгилүү. Алардын бири - марафончу Юлия Архипова эле. Юлия кызыбыз былтыр Лос-Анжелес шаарында өткөн мелдеште 42 км. 195 м. аралыкты 2 саат 33 мүнөттө чуркап өтүп, Кыргызстанга эң биринчи олимпиадалык жолдомо алып келген. Негизи, Олимпиада оюндарында жеңил атлетиканын 32 түрүнөн спортчулар өнөрлөрүн көрсөтөт. Эл аралык жеңил атлетика федерациясы Хельсинкиде өтүүчү мелдеште Кыргызстанга Олимпиадага 2 квота бериши мүмкүндүгү айтылып атат. Бирок ал квота жеңил атлетиканын кайсы түрүнө берилери белгисиз.


Өспүрүм чемпиондор аныкталды
23-мартта башталган өспүрүмдөр арасындагы шахмат боюнча Республикалык таймаш 30-мартта жыйынтыкталды. Оюндун башкы калысы Д.Давыдовдун маалыматы боюнча бардык региондон тандалуу жолу менен келген 210 катышуучунун ичинен Кыргызстандын чемпиондук наамына татыктуулар аныкталып, эми алар ушул жылга карата 23-июнга белгиленген ШРИ-ЛАНКАда өтүүчү Азия чемпионаттыгына аттанышмай болууда.
Кыздар арасында чемпиондор:
Элина ТАШТАНБЕКОВА (8 жаштагыларга чейинки), Айпери МАЙРАМБЕКОВА (10 ж. ч.), Шахнази МУСАЕВА (12 ж.ч.), Алиса ОЛЖОБАЙ (14 ж.ч.), Лобода Диана (16 ж.ч.), Айжан АЛЫМБАЙ кызы (18 ж.ч.), Айжаркын ЧЫҢГЫЗ кызы (20 ж.ч.)...
Балдар арасында чемпиондор:
Алмаз СЪЕЗДБЕКОВ (8 ж.ч.), Руслан СЪЕЗДБЕКОВ (10 ж.ч.), Актилек ТЕЙИТБЕКОВ (12 ж.ч.), Чыңгыз ИСАЕВ (14 ж.ч.), Жохар ЖААНБАЙ уулу (16 ж.ч.), Бакай ЭСЕНБЕК уулу (18 ж.ч.)


Данияр менен Айсулуу
намыска жарады
30-марттан 1-апрелге чейинки күндөрү Астанада күрөш боюнча Азиянын лицензиялык турнири өттү. Мелдешке Кыргызстандын эркин, грек-рим жана кыз-келиндер курама командалары барып катышып келишти. Бул турнирде 1-2-орунду алган балбандар Лондон Олимпиадасына жолдомо алышмак. Тилекке каршы, эркин күрөшчүлөрүбүздөн Надырбек уулу Улан, Магамед Мусаев коло медаль тагынышканы менен, эч кимиси жолдомо алалган жок. Грек-рим күрөшүнөн дагы атактуу балбандарыбыз Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев, Мурат Рамонов, Азат Эркинбаевдерге жолдомо буюрбады. Бирок "классиктерден" Данияр Көбөнөв акыры Олимпиадага жолдомо алды! Бул жолдомону балбаныбыз 8 жылдан бери күткөн эле. Данияр япон балбаны Тсукасу Тсурумаки менен кытай күрөшчүсү Йонгхианг Чангды жеңип, финалда кореялык атаандашы Жин Кимге упай менен алдырып жиберди. Турнирдин сенсациясы, албетте, Айсулуу Тыныбекова болду. Астанага кыз-келиндер курама командасында болгону төрт гана күрөшчүбүз катышты. Алар: Михрнисо Нурматова, Гүлина Кубатбек кызы, Яна Панова жана Айсулуу Тыныбекова. Булардын ичинен эң жашы жана тажрыйбасы азы Айсулуу болчу. Биринчи айлампада өзбек жана вьетнам атаандаштарын аласалдырган Айсулуу финалда казакстандык балбан Елена Шалыгинага уттурганы менен Олимпиадага жолдомо алды. Эми балбандарыбыз 25-29-апрелде Тайюанда (Кытай), 2-6-майда Хельсинкиде (Финляндия) өтүүчү мелдештерде Лондонго жолдомо алуу үчүн күч сынашат.


Виталий коло, күмүш, алтын медалдарды жеңди, бирок…
Кыргызстанда эл аралык стандарттагы бассейндин жоктугу суучул спортчулардын кендирин кесип келет. Бирок ошого карабай Пекин олимпиадасына Юрий Захаров, Василий Данилов, Виталий Васильевдер барышкан. Өткөн аптада казактардын Темиртау шаарында Казакстандын биринчилиги өттү. Бул чемпионатта олимпиадалык нормативди көрсөткөндөр Лондон-2012ге жолдомо алышмак. Бизден барган Виталий Худяков башындагы 12 суучул спортчубуздун эч кимиси нормативге жетишпей, жолдомо алышпады. Маселен, Виталий 400, 1500 метрге эркин сүзүүдөн, 200 метрге баттерфляй чабагын уруп, коло, күмүш, алтын медалдары алганы менен жолдомо буюрбады.


Чингиз Мамедовдун жолдомосу
кыл үстүндө
Бул жолку Лондон Олимпиадасында жер жүзүнөн 386 дзюдочу татами үстүндө күч сынашат. Кыргызстандан азырынча Чингиз Мамедов гана жолдомого керектүү упай топтоонун үстүндө. Бирок Чингиздин да жолдомосу кыл үстүндө. Себеби анын атаандаштары жолдомо упай топтоочу турнирлерде мыкты жыйынтык көрсөтүшсө, Чингиз Лондонго барбай калуусу толук мүмкүн.


Баягы эле Ваккер ишке жарады
Кыргызстанда спорттун бул түрүнө өтө деле көңүл бөлүнбөйт. Ошентсе да жердешибиз Евгений Ваккер чет өлкөлүк клубдарда машыгып, ар кандай турнирлерде жеңүүчү болуп келет. Ал ортодо жайкы Олимпиадалык оюндарга жолдомо алды. Азиянын төрт жолку чемпиону Ваккер Пекинде өткөн Олимпиадада дагы жалгыз велоспортчу катары катышкан. Эми Лондонго кайра эле Ваккер бармакчы.


Акыркы үмүт Астанада
Бокс боюнча курама командабыздын башкы машыктыруучусу болуп Адылкан Бекболотов келгенден бери кыргыз боксу өстү. Татыктуу балдар, эл аралык мелдештерден байгелүү орун алып келе башташты. Бирок бир дагы боксерубуз Лондонго жолдомо ута албады. Эми, акыркы үмүт 5-13-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүчү лицензиялык турнирде. Анткени бул мелдеште Лондонго 25 жолдомо берилет. Андыктан, дүйнөнүн 28 мамлекетинен келген 130 булгаары мээлей чеберлери өз бактысын сынашат. Кыргызстандын намысын Асылбек Назаралиев, Азат Үсөналиев, Өмүрбек Малабеков, Абдилай Анарбай уулу, Эрмек Сакенов, Асадулло Баймурадов, Ислам Далибаев, Сергей Скляров, Чыңгыз Борбашев башындагы боксерлор коргойт. Мындан былтыр, сентябрь айында Бакуда өткөн дүйнөлүк чемпионатта 1/8дик финалга жеткен Өмүрбек Малабеков жана Орусияда машыгып, Европага чейин барып байге алып келген Сергей Скляровдон үмүт чоң. Пекин Олимпиадасында боксерлордон жалгыз Асылбек Таласбаев гана жолдомо алып, боксташканын айта кетели.


Каныбек Осмоналиевдин эрдигин кайталачулар жокпу?
Эл аралык оор атлетика федерациянын чечими боюнча спорттун бул түрүнөн жолдомо алыш үчүн жалпы команда жакшы жыйынтык көрсөтүш керек. Көрсөтүлгөн жыйынтыкка упай берилип, керектүү упай кезектеги жолдомолорго жол ачат. Азырынча, оор атлетика боюнча курама командабыздын капчыгында бир дагы олимпиадалык жолдомо жок. Оор атлетчилерибиз былтыр Парижде жана Анталияда өткөн лицензиялык чемпионаттарда медал алганды кой, керектүү көрсөткүчкө жетише алышпады. Эми Каныбек Осмоналиевдин жолун жолдоочулар 22-30-апрель күндөрү Түштүк Кореянын Пьонгтаек шаарында өтүүчү лицензиялык турнирге катуу даярданып жатышкан кербездери. Бул турнир дагы жолдомо берүүчү акыркы мара экенин эскерте кетели.







about | A Free CSS Template by RamblingSoul

5-апрель, 2012-жыл






??.??