Кечиргиле


(7-апрелде курман болгон боордошторго)

Кечиргиле, шейит кеткен боордошторум,
Калп айтып арбагыңды ойготпоюн.
Кансыраткан кылмышкер Бакиевди,
Кармап келип, жазалап соттотподум.
Жетисинде көз жумган боордошторум,
Жалган сүйлөп арбагың козголтпоюн.
Жетип алып бийликтин чокусуна,
Жең ичинен бири-бирин колдошконун.
Кечиргиле, сексен беш боордошторум,
Шайлоодо шайтан оюн ойношконун.
Кайтып келип Ак үйдөн орун алды,
Кылмышкерлер жуубастан кандуу колун.
Чындык үчүн күрөшкөн боордошторум,
Ак үйгө адилеттик орнотподум.
Бакс чачып мандатка ээ болушуп,
Бакиевдин бандасы тойлошконун.
Кечиргиле, шейит кеткен боордошторум,
Кай бирөөлөр бандит деп кордошконун.
Чыкпай калып соттордун жыйынтыгы,
Чындык таппай апалар боздошконун.
Кечиргиле, шейит кеткен боордошторум!

Асек Казиев,
Жети-Өгүз району, Чырак айылы




Кат куржундан: 7-апрелдин эки жылдыгына карата

"Бакиевди саткандарга - өлүм!"


же Чыңгызхан менен А.Атамбаевдин айырмасы эмнеде?


Кезегинде ааламдын жарымын багынтып, карт тарыхка таасын из калтырган Чыңгызхан өз элин, мекенин жана колбашчысын саткан жоокерлерди эч качан туткунга алчу эмес тура. Ал өз ханын сатып, ага өтө качкан душмандардын башын суроо-соопкутсуз дароо алчу экен. Мындай катуу тартипти ал өз армиясына да киргизген. Маселен, кимде-ким согушта өз башын корголоп колбашчысын таштай качса же жарадар шеригине жардам бербей койсо, аны өлүм күтчү. Ал эми Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев атактуу Чынгызхандан эмнеси менен айырмаланат? Эгерде Чыңгызхан саткынчы душманын жанына жуутпай жазаласа, А.Атамбаев кечеги саткынчы душмандары менен коюн колтук алышып, бүгүн алардын мактоосуна магдырап жүрөт. Айталы, учурда биринчи вице-премьер болуп иштеп жүргөн Аалы Карашев Өкмөткө А.Атамбаевдин КСДП партиясынын квотасы менен келген.
Аалы Карашев кезегинде президент Аскар Акаевдин администрациясында камырдай жуурулуп кызмат кылганы белгилүү. Эч качан өзүнүн принципиалдуу позициясын билдиргенин көргөн же билген жан жок. Сүйлөсө добушу, басса шыбырты угулчу эмес. Аскар Акаев иш сапар менен Жалал-Абадга келерде президент тамактанчу кашык, вилка, табак, чынылардан өйдө өзү текшерип, шефинин көзү менен тең айланып, тост көтөрсө сөзсүз түрдө "улуу урматтуу Аскар Акайычтын ден соолугу үчүн ичели, мен ал үчүн тикемен-тик туруп кызмат кылууга даяр аткошчумун" деп далай ирет айтканын областтын экс-губернатору азыр айтып жүрөт.
Ал эми 2005-жылы Курманбек Бакиев президенттикке келгенде Конституциялык соттун төрайымы, эң жакын кайын эжеси Чолпон Баекованын аркасы менен ал эптеп президенттик администрацияга кайрадан илинди. Алгач уюштуруу бөлүмүнүн катардагы кызматкери болгон Аалы Карашевдин ити тез эле чөп жей баштаганы маалым. Мындай ийгиликтин сыры А.Карашевдин миң кубулма кошоматчылык жана саткынчылык табитинде экенин өзгөндүк "достору" айтып жүрөт.
Бакиев бийликке келген соң ал: "Бизди Ак үйдө түндүктүктөр эзип жүрчү эле, эми түштүктүк акабыз президент болуп, эркин дем алып, коридордо кең-кесири басып калдык" деп элди түндүк-түштүккө бөлүп, жаш баладай мактанып жүргөнүн азыр да кесиптештери эскерет.
Ал бат эле президенттик администрацияда бөлүм башчынын орунбасары, Ош облусунун губернатору болуп үлкөн кызматка көтөрүлдү. Ошентип Акаевдин бир кездеги ишенимдүү "аткошчусу" Бакиевдин көзгө басар "ляшкарине" айланды. Теледен сүйлөсө добушу өктөм чыгып, чогулушта сөөмөй кезесе колу узарып, бирөөгө ачуусу келсе Шодокондун бүркүтүндөй ормойо карап калды. Анткени ал миң кубулма мүнөзүнө салып жатып, Бакиевдин көкүрөк күчүгү Максимге жакындап калган эле. Губернатор болуп турганда ал генерал Исмаил Исаковду жактап пикетке чыккан алайлыктардын бышып жаткан казанын көмкөрө төктүртүп, элдин бир каргышына калган. Бакиевге каршы чыккан оппозиционерлер Ошко келгенде алардын артынан аңдытып, ОБОНчу аялдарды аларга каршы агыта берчү дешет.
Бир курдай Максим Бакиев баш болгон ынак чөйрөдө ал өлкө башчысы үчүн тост көтөрүп: "Курманбек Бакиев акам үчүн жанымды берүүгө даярмын, аны биз, түштүктүктөр, эч качан сатпайбыз, саткандарга - өлүм!" - деп айтканын президенттин ошол кездеги жардамчысы Равшан Жамгырчиев азыр да тастыктап берүүгө даяр. "Бакиевди саткандарга - өлүм" деген тост Максимге жакканбы, айтор, ошондон көп өтпөй эле Аалы Карашев Кыргыз Өкмөтүнө вице-премьер министр, үсөновдук аппараттын жетекчиси болуп дайындалды.
Дегинкиси, Аалы Карашев Ошто губернатор, Өкмөттө вице-премьер болуп иштеп турганда колго аларлык жарытылуу иши менен элдин эсинде калбады. Жеке демилге көтөрүп, элдин турмушун оңдоо боюнча бир да сунуш киргизбептир. Тескерисинче, ЦАРИнин кожоюну Максим Бакиев менен Өкмөт башчы Данияр Үсөнов элдин жонунан кайыш тилип, электр энергияга, жылуулукка жана уюлдук байланышка бааны кескин көтөргөндө, аны дал ушул Аалы Карашев кантип турмушка ашыруунун планын иштеп чыккан. Борбордон министрлерди областтарга ат тезегин кургатпай жөнөтүп, элге туура түшүндүрүү иштерин жүргүзгүлө деп тапшырма берип турган. Андай тапшырмалар А.Карашевдин колу менен ал кездеги облус губернаторлоруна, шаар мэрлерине, тийешелүү министрликтерге байма-бай жөнөтүлгөнү маалым. Окурмандар кааласа, Өкмөттүн электр энергияга, жылуулукка жана уюлдук байланышка бааны көтөрүү боюнча түшүндүрүү иштери тууралуу Аалы Карашев кол койгон иш-чаралардын көчүрмөсүн берүүгө да даярбыз!
Бирок, карапайым калк вице-премьер А.Карашев жүргүзгөн түшүндүрүү иштерин "туура" түшүн­бөй, 2010-жылы 7-апрелде Ак үй алдында тынч митингге чыккандар бейкүнө атылып, адам каны суудай агып жатканда Аалы Карашев 7-кабаттагы иш бөлмөсүнөн улам сорок этип карап, кайра жашынып турган. Ал кезде Америкада иш сапарда жүргөн ЦАРИИ башчысы Максим Бакиев бир нече ирет Карашевге чалып, жалпы кырдаал тууралуу андан маалымат алып турганы белгилүү. Аны Президенттик секретариаттын жетекчиси Оксана Малеванная өз кезегинде айтып чыккан.
Ошентип, 2010-жылы 7-апрелде өлкөдө бийлик алмашты. 90 адам бейкүнөө шейит кетти. Курманбек Бакиев өлкөнү канга бөлөп, Минскиге качып чыкты. Бирок бир кезде Максим Бакиевдин алдында тост айтып жүргөн Аалы Карашев президент "акаси" үчүн жанын курмандыкка чалбай койду. Жан таттуу болсо керек! Тескерисинче, куйругун шарт кесип, өңүн өзгөртүп алган кескелдириктей, тага журту болгон Кочкорго барып, башын коңулга катып жатып алды. Психологиялык шок өткөн соң акырын жылып Ошко келди.
Ошо жылы 10-июнда Ошто улуттар аралык от тутанып кеткенде Акаевдин "аткошчусу", Бакиевдин "ляшкари" кайрадан куйругун түйүп Бишкекке качты. Бир кезде өзү башкарган облустун көп улуттуу элине кайрылып, аларды ынтымак-ырашкерликке үндөгөнгө да жарабады. Жада калса эл алдына чыгып, өзү менен облуста чогуу иштешкен жамаатты сурап коюуга дарамети жеткен жок. Антүүгө анын табиятынан кошо жаралган кошоматчылык касиети жана коркоктук сапаты жол берген жок.
Өлкөдө жаңы Конституция кабыл алынып, парламенттик шайлоо өткүчө Аалы Карашев өзүнүн саясый көз карашын ачык билдирген жок. Коңулдан баш чыгарбай, өз саатын күтүп жатты. Анткени анын мүнөзү ушундай. Идея үчүн эч качан күрөшпөйт. Күрөшүп да көргөн эмес. Андан көрө кожоюнга лепилдеп, кошоматтанып кызмат кылып, бийликтин бийик сересинде шапар курганды артык көрөт.
Кара басып, 2010-жылдын аягына чейин ким өлкөдөгү эки тизгин, бир чылбырды колго алары ачык билинбей койду. Саясий тиреш катуу жүрдү. Парламенттик шайлоодо кайсы партиянын ташы айкүр турат, азырынча белгисиз эле. Ал эми А.Карашев "жаңы кожоюндун" бийликке келишин чыдамсыздык менен күттү. Себеби ал "жаңы кожоюнду" тандоодо эч бир адашпашы керек болчу. Ошол үчүн тиги же бул партияга барам деп баш оорутпады. Болгону, таразанын ташы кай тарапка оойт, ошол мерчемди күттү. О, илгери, кытай акылманы Конфуций айткан тура: "Сабыр тутуп, өз саатыңды күтө билсең, коңшу дайрадан душманыңдын сөөгү агып өткөнүн көрөсүң". Бу жагынан Аалы Карашев байыркы акылмандын насаатын так аткарды.
Жытчыл мурду олжону алыстан сезген чөөдөй болуп, Атамбаевдин президент болорун түшүнгөндөн кийин "жаңы кожоюндун" көз кырына илинүү милдети турду. Дегинкиси, Аалы Карашев мындайда кайын журт тарабынан жолдуу экен. Акаев менен Бакиев заманында ал бийлик сересине кайын эжеси Чолпон Баекованын көмөгү менен жетсе, "жаңы кожоюндун" көзүнө ал көздөй балдызы Индира Жолдубаеванын жардамы менен илинди дешет билгендер.
Бир кезде "Бакиевди саткандарга - өлүм!" деп тост көтөргөн үлкөн чиновниктин эми бүткүл элдин көзүнчө жүзүн шарт өзгөртүп, ыңкылапчыл Атамбаевдин "аткошчусу" болуп чыга келгенине таң калгандар арбын.
Учурда ал Өкмөттө Темир Сариев менен Алманбет Шыкмаматов сыяктуу ыңкылапчыл министрлерди башкарып жүрөт. Карапайым калк мындай адилетсиз чечим үчүн азыр да президент А.Атамбаевге нааразы. Ошол үчүн ыңкылапка катышкан калк менен 7-апрелде шейит кеткендердин ага-туугандары президент Атамбаевди "бакиевчил чөөлөр тегеректеп алды" деп сындашууда.

Нурсултан Ибрагимов,
Ош шары