Күлкү наама



Кусейин Карасаев өмүрүнүн акыркы жылдарында өзүнүн замандаштары жөнүндө көп эскерди. Алардын күлкүлүү жоруктарын чогултуп жазып, "Күлкү наама" деген китебине киргизген. "Байбичем экөөбүз узун өмүр сүрдүк. Көп достор күттүк, алар менен сырдаш болдук. Атактуу окумуштуулар, жазуучулар, шайыр адамдар менен бирге жүрдүк. Казак, өзбек, татар, орус, уйгур адамдары менен жакын, кошуна болдук. Көргөнүбүз көп, уккандарыбыз арбын",- дегени бар. Кусейин абабыз айтып кеткен ошол атактуулардын кылык-жоруктарын окурмандарга тартуулап турмакчыбыз.


"Ит өз тамагын өзү таап жебейби"
Бир күнү академик Юдахин, академик Юнусалиев, Саякбай Каралаев, мен болуп май айында Бишкектин четине чыктык. Юдахин да, Юнусалиев да кош ооз мылтык алып, бирден ит багыша турган. Бул экөөнүн иттери килкилдеп өтө семиз. Каралаевдин ити өтө эле арык. Академиктер акчалуу. Итине эт берип багат. Саякбай аны иштей албайт да. Мен тамашалап: "Саке, итиңизге тамак бербейсизби?" -десем: "Ээ, айланайын Кусейин, ит тамагын өзү таап жебейби", - деп күлдүргөн. Туура айтат. Азыркы адамдарды да ошондой "өз тамагыңды өзүң таап же",- десе жанталашып иштешээр эле.


Карыя Молдобасандын таарынганы
Бир топ өнөрпозду Түркмөнстанда болгон бир зыяпатка жибериптир. Ошондо кыргыздын аксакалы деп биринчи сөздү бергенде, жарыялаган түркмөн: "Кыргыздын бахчысы Молдобасан Мусулманкул уулуга сөз берилян" дегенде Молдобасандын ачуусу келип: "Атаңдын оозунурайын түркмөндөр, мени "бакшы" деп кордоп атат, ырдабаймын",- деп көнбөй коюптур. Молдобасан, "бахшы" десе кыргызча гана жинди болгон адамды соолуктура турган эмчини түшүнсө керек. "Бахши" - байыркы монгол-түрк сөзү. Түркмөн тилинде - "чыгаан акын". Уйгур жана башка тилдерде - "мамлекеттин чоң катчысы".


"Санда жок"
Күндөрдүн биринде өлүктү табытка салып, кызыл-тазыл кылып кооздоп алып баратканын бала көрөт.
Бала: "Ата, тетиги эмне?" - деп сурайт.
Атасы: "Ал кечээ киши болчу. Бүгүн санда жок",- дейт.
Бала бир аз ойлоно калып: "Ал санда жок немени кайда алпаратат?" - дейт.
Атасы: "Ал санда жок немени эчтекеси жок жерге алпаратат",- дейт.
Баласы: "Эчтекеси жок дегениң эмне?" - дейт.
Атасы: "Жээрге токочу жок, ичээрге жармасы жок, жуунарга суусу жок, киерге кийими да жок, сатып алууга акчасы да жок болсо, ошону эчтекеси жок дейт",- деп жооп берет.
Баласы: "Жана эле суратпай, биздикине алпаратат дебейсиңби", - деген экен.

"Бийтсең,
биздин аулдан киси келмес"
Өлгөн бир казакты көргө койгондо суракчы периште: "Раббиң (кудайың) ким?" - деп сураганда, казак насыбайын сагынып калса керек: "раппик-сырапигиңди коя турып, бир атым насыбай берши",- дейт. Периште чокмор менен чокудан ары бир салат да: "Раббиң ким?" - деп дагы сурайт. Анда казак: "Эгер бийтетин болсаң, биздин аулдан киси келмес",- деп айткан имиш.


Даярдаган
Нурзада Ташбаева




about | A Free CSS Template by RamblingSoul

5-апрель, 2012-жыл






??.??