Артур Медетбеков:
"Визалык режим алынса, башаламандык башталат"

Адил Турдукулов:
"Визалык режим менен коррупция кошо жоюлат, айрым мекемелер ошондон коркуп жатат"


Учурда кыргыз мамлекети 42 мамлекеттин жарандарын визасыз киргизүү маселесин көтөрүп жатат. Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратып, аны жактагандар да, каршы чыккандар да болууда. Биз ушуга чейин виза маселесин жазып келдик. Бүгүн да бул темага кайрылып, "Кыргызстандын Элдик демократиялык партиясынын" жетекчиси Артур Медетбеков менен "Прогресс жаштар коомдук фондунун" жетекчиси Адил Турдукуловду редакцияга чакырдык.


- Артур мырза, визаны алып таштоо өлкө коопсуздугуна коркунуч келтирет деп, кайсы негизге таянып айтып жатасыз?
А.Медетбеков: - Буга чейин бизге чет өлкөдөн келгендерди виза маселеси кыйнаган эмес. Аэропорттон түшөрү менен эле 40-70 доллар төлөп, 10-15 мүнөттө алып кетишчү. Визалык режимдин артыкчылыгы мында да. Чет элдик жарандар келгенде, аэропорттон паспорту текшерилип, анан виза берилет. Анын номери жазылат. Канча күнгө берилгени да катталат. Ошондо биз билебиз ким келип, канча күн жүргөнүн. Визалык режим алынса аны билбей калабыз, башаламандык башталат. Бүгүн биз жарандарын визасыз киргизгени жаткан 42 өлкөнүн ичинде Кувейт, Сауд Арабиясы, Катар жүрөт. Сауд Арабиясында ислам динине жамынган ар кандай экстремисттик топтор бар. Алар кирип келсе кандай болот? Экинчиден, мамлекеттер ортосунда теңата мамиле болушу керек. Биз алып салдык, алар дагы алабы? Антпей турган болсо, жүгүнүп, өз баркыбызды түшүрүүнүн кажети канча?
- Адил мырза, визаны алып салалы деп жатабыз. Өкмөт сунуштаган 42 мамлекет ичинде Кытай жок экен. Эртең алар да ушундай талап менен чыкса кантебиз?
А. Турдугулов: - Менимче, Кытай визаны жойгула дебейт. Анткени аларда Тайвань, Синцзянь маселеси курч. Ашыкча көйгөйдү каалашпайт. Тескерисинче, Кытай үчүн визалык режимдин болуп турганы пайдалуу. Албетте, мамлекеттер ортосунда тең ата мамиле болушу керек. Бул жагынан Артур байкенин айтканына кошулам. Биздин Экономика министрлиги ИДП көлөмү жаран башына 5 миң доллардан өйдө мамлекеттин жарандары визасыз кирсин деп жатат. Бул позиция туура эмес. Биз акчадан мурда принципти да ойлонушубуз керек. Араб мамлекеттерине визаны алып салууга мен деле каршымын. Бирок Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн жарандарына сөзсүз түрдө визаны алып салышыбыз керек. Эмне дегенде, бул жакта жашагандар мыйзамды туу тута билет. Бөтөн мамлекеттин да мыйзамына ошондой мамиле кылышат.
А. Медетбеков: - Бизге азыр оңой менен туристтер келбейт. Стабилдүүлүк жок, күн сайын митинг. Анысы аз келгенсип, келгендерди талап-тоноп, өмүрүнө кол салып атабыз. Экинчиден, биз визаны алып салсак, коңшу мамлекеттер кандай ойдо калат? Алар кооптонуп, чек арасын жаба баштасачы. Экономикабыз кантет? Бүгүнкү күндө келип жаткан туристтер ошол Россия менен Казакстан жарандары болуп жатпайбы. Үчүнчүдөн, ТИМдин маалыматына таянсак, визадан эле 5 млн. каражат чогулат экен. Аны ким берет?
А. Турдугулов: - Артур байке айтып жатпайбы, коңшулар таарынат деп. Биз качанкыга чейин Россия менен Казакстандын көзүн карап, коркобуз? Улуттук саясатты качан жүргүзөбүз? Минтип олтурсак, Орто Азияда артта калган мамлекет бойдон жүрө беребиз. Бир эле КМШга жармаша бербей, өнүккөн мамлекеттердин баалуулуктарын да үйрөнүшүбүз керек. Мына, Грузияны алалы. Кечээ эле сазга тыгылып, бизден жаман күн кечирип жаткан. Бүгүн алар таптакыр башка мамлекет. Алар да визаны жоюп салышкан. Муну менен алар башкаларга ачыктыгын, ниети жакшы экенин көргөзгөн. Бүгүн аларга эч кандай террорист кирбей эле өнүгүп жатат. Туристтер көбүрөөк келе баштаса, коопсуздукка көз салуу өзүнөн өзү жөнгө салынмак.
А. Медетбеков: -Учурда Европада деле акыбал кыйын. Грецияда эмне болуп жатат, көрүп атабыз. Террористтик уюмдар Европада деле бар. Мына, Түркияны көрүп атасыңар. Күрд улутундагылар өзүнчө мамлекет болобуз деп чыгып атышат. Жардыруулар болуп жатат. Кыргызда "Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык" деген макал бар. Абдан таамай айтылган. Бүгүн биз дагы жаныбыздагы мамлекеттер менен алаканы бузбашыбыз керек. Бизнес качан өнүгөт? Стабилдүүлүк менен тынчтык болгон жерде. Бизге азыр эмне үчүн батыштан туристтер аз санда болсо да келип жатат? Анткени бул жерде ири державанын транзиттик базасы турат. Ал кеткенден кийин көрөсүңөр, туристтердин саны кыйла кыскарат.
- Артур мырза, чын эле биз качанга чейин Россиянын көзүн карап олтурушубуз керек, улуттук кызыкчылык деген бар го?
А.Медетбеков: - Россия бизге стратегиялык жактан чоң өнөктөш. Алар сыяктуу бизге эч ким жардам бере элек, бере да албайт. Такталбаган маалыматка таянсак, учурда 1 миллионго жакын жараныбыз Россияда жүрөт. Жылына миллиардга жакын акча которуп, үй-бүлөсүн багууда. Биз эмнегедир дайыма Грузияга суктанып карайбыз. Бирок ортобуздагы айырма асман менен жердей экенин этибар албайбыз. Биринчиден, ал Кара деңизге жакын. Андан ары Жер ортолук деңизге, анан океанга чыгып кетсе болот. Экинчиден, бул мамлекетти революция болгон күндөн тарта АКШ каржылап келет. Азыр акча бербей койсунчу, армиясы да, полициясы да кайрадан коррупцияга малынат. Үчүнчүдөн, биз азыр кайсы системада жашап атканыбызды билбей калдык. Бизди парламент, премьер-министр, президент үчөөнүн кимиси башкарат - али белгисиз. Ушуну бир нукка салмайын, визалык режимди жойгонго болбойт. Анүстүнө апрель, июнь коогалаңы унутула элек. Ош окуясында болгон жаман иштер интернет аркылуу дүйнөгө чыгып кетти. Аларды көргөн кайсы турист келмек эле?
А. Турдугулов: - Азыр Артур байке Россиянын таламын талашып жатат. Ал жактагы 500 миңге жакын жараныбыз, алардын ичинде үлкөн чиновниктерибиз дагы орус жарандыгын алыптыр. Бул өтө кооптуу маселе. Биздин Улуттук коопсуздук кызматыбыздын ушуга маани бербегени өкүнүчтүү. Дагы деле Грузияны мисалга тартайын. Абхазия, Осетия чатагы эмнеден чыккан? Ал жакта жашаган жарандар дагы орус жарандыгын алып, өзүнчө болобуз деген. Тактап айтканда, кысым аркылуу Россиянын бир автономиясына айланган. Мындай коркунуч бизде да бар. Азыр Россияда жүргөн жарандарыбыздын көпчүлүгү түштүк тараптан. Эртең аларга да кысым болсо кантебиз. Муну ойлогон эксперт жок. Экинчиден, визадан түшчү 5 млн. доллардан кол жууйбуз деген болбогон кеп. Инвесторлор, туристтер келе баштаса, ал акчанын орду оңой эле турат.
А.Медетбеков: - Сөзүңө аралжы. 1991-жылы Түштүк Осетия менен Грузия ортосунда чоң жаңжал чыккан. Экинчиден, Түштүк Осетиянын 1930-жылдан бери эле өзүнчө Грузиянын курамындагы автономия республикасы деген макамы болгон. Бирок экөөнүн тили эки башка. АКШ Грузиянын өнүп-өсүшүнө салым кошсо, Грузия Осетия үчүн анчалык жан үрөгөн эмес. Абхазия деле ошондой. А бизде Түштүк Кыргызстан деген мамлекет болгон эмес, болбойт дагы. Ага жол да бербейбиз. Көп жылдан бери өзбек сепаратисттери ушундай ойду көздөп жүрүп, акыры эмне болду. Мына, кош жарандуулук маселесин айтып жатасың. Өткөндө Бажы кызматынын жетекчиси башка өлкөнүн жараны экени аныкталды. Аны бир жылдан кийин билдик. Эмнеге президент ага каршы чара көргөн жок? Буларга маани бербейбиз да, бирдеме болсо эле Коопсуздук кызматына асылабыз. Мен ушул жерден Адилге бир суроо бергим келип жатат. Жаңылбасам, сен Японияда элчиликте иштеп келгенсиң ээ?
А.Турдугулов: -Ооба, үч жылга жакын иштедим.
А. Медетбеков: - Мен билгенден Япониянын жарандарына визасыз кирип-чыгууга уруксат берилген, бирок, эмне үчүн ал жактан туристтер аз келет? Ушуну түшүндүрүп берчи мага? Кыргызстанга берген инвестициясы көбөйдүбү?
А. Турдугулов: - Анын өз себептери бар. Инвестиция менен туристтер келиш үчүн мамлекетте стабилдүүлүк, коопсуздук маселеси сакталышы керек. Бизде ал жок, укук коргоо органдарына ишеним аз. Ошол себептүү, япон жарандары бизге келүүдөн чочулайт. Бирок биз Кыргызстан ачык мамлекет экенин, ниетибиз жакшылыгын билдирүү үчүн визаны алып салганбыз. Ушу күндө Япониянын бизге болгон көз карашы түз. Донор мамлекет катары грант берип, волонтерлорду жиберип жатат. Визалык режим деген эмне? Бул деген силерден чочулап атабыз, силер жактан кылмышкерлер келиши мүмкүн деген сөз. Биз виза режимин алуу менен бир канча маселелерди чечип атабыз. Бизге 5 млн. эмес 500 млн. доллар киреше түшүшү мүмкүн. Анүстүнө, виза - бул кээ бир мекемелер үчүн жем салынган акыр. Виза үчүн тымызын акча сураган фактылар дагы бар. Аны көргөн чет өлкөлүк биз тууралуу кандай ойдо калат? Биз визалык режимди жойсок, ошол коррупцияга да бөгөт коет элек.
А. Медетбеков: - Мына өзүң жооп бердиң. Бизде коопсуздук жок. Бир айда 10 чакты митинг болот. Анүстүнө, азыр ааламдаштыруу жүрүп жатат. Маалыматтык согуш деген бар. Бир нерсе болсо эле интернетке көбүртүп жазышат. Аны окуган киши сөзсүз коркот. Демек, биз ички маселебизди жөндөй албай олтуруп, эмне кылабыз визалык режимди жоюп. Буга чейин Европа өлкөлөрүнө жеңилдетилген виза берилип келген. Виза алуудан эч кыйналышчу эмес. Азырынча ошол эле бойдон тура бергени оң. Менин пикирим ушундай.

Санжи Туйтунова