presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Шаардык муз аянтчада коньки тептик



Өткөн ишемби күнү шаардык муз аянтына бир топ белгилүү адамдарды чогулттук. Экс-президент Роза Отунбаева дагы биз менен болуп, конькини шуулдатып тээп жүрдү. Эч бир официозу жок, жөн эле эки саат бою баарлашып, көңүл ачып жыргадык. Бул иш-чараны уюштурганыбыздын себеби - компьютерден башы чыкпаган жаштарды, казандан колу бошобогон кожойкелерди, галстуктан тажаган чиновниктерди сергек жашоого чакыргыбыз келди. Совет убагында лыжа менен коньки тепкенге жакшы көнүл бурулчу, ар бир мектептин денетарбия сабагынын программасында бар болчу. Азыр болсо коньки тепкенди билбей калбадыкпы. Уюштурганыбыз жакшы болгон экен, белгилүүлөрдүн көптөрү: "иий, мурда эмнеге келбедим экен. Муз сонун тура. Эми дайым келип турам", - деп чын дилинин убада берип атышты. Мурдатан эле сергек жашоону пропагандалап жүргөн, коньки менен лыжаны дайым тепкен Роза Исаковнаны айтпаганда, "Азаттыктын" жетекчиси Султан Жумагулов, ырчылар: Салима Балтаева менен Кубаныч Сатаев муз үстүндө эркин жүрүшөт экен. Султан Жумагуловдун айтымында 35 жылдан бери биринчи жолу коньки тебиши. Анткени акыркы жолу 10-класс кезинде Нарындын Талды-Суусунда хоккей ойногон. Депутат Ыргал Кадыралиеваны дагы мактай кетсек болот. Алгач бортту кучактап жыла албай атты эле, аягында кадимкидей зуулдатып калды.


Султан Жумагулов: - Ат-Башынын Баш-Кайыңды деген айылынанмын. Ал жерде көп эле коньки тээп жүрчүбүз. Кийин Талды-Сууга барсам, балдар хоккейди чокой менен ойношот экен. Клюшкалары ийри бутак, шайбасы - уйдун богу. А мен Баш-Кайыңдыдан цивилизация көргөн киши болуп, контордун штакетниктерин сындырып клюшка кылып, коньки саттырып алдыргам баарына. Кийин темир устага вино алып берип атып, дарбаза да жасатканбыз. Агезде хоккей жылдыздары Харламов, Петров, Мальцев дегендер баарыбыздын кумирибиз болчу. Ошондон бери муз үстүнө чыгып көрө элек болчумун. Бирок буттарым унутпаптыр. "Де-факто", азаматсыңар! Баарыбызга сонун мүмкүнчүлүк түзүп бердиңер. Өсөт деген ушул. Кыргыздар сөзсүз алдыга кетебиз.


Элмара
Турсуналиева:
- Мурда конькиге көңүл бурбаптырмын. Азыр өкүнүп атам. Тепкенди билсем, четте турбай, мен деле шуулдап жүрөт элем го.

Саната Жумакадырова: -Мурда дайыма жигиттер менен келип жүрүп, жөлөгөн кишиге көнүп алыптырмын. Бүгүн жалгыз кыйналып атам.


Дархан: -Кичине кезимден эле көркөм муз тебүүгө катышсам болмок экен. Кичинекей кыздар-балдарды көрүп, аябай суктанып атам.


Роза Отунбаева, экс-президент:

"Балдарын конькиге алып келген ата-энелерди көрүп кубанып атам"


- Роза Исаковна, балдардын зуулдап муз тепкенин көрүп бала чагыңыз эске түштүбү? Анткени сиз дагы бала кезиңизден коньки тепкенге кызыгып келет эмеспи.
- Ооба, Нарындын суугуна карабай коньки тепчү элек зуулдатып. Бул деген ден-соолукка да абдан пайдалуу да. Көркөм муз тебүү дүйнөлүк спорттун, сулуулуктун, искусствонун төрөсү деп эсептелет. Бул спорт балдарды карандай эмгекке, тартипке, эрктүүлүккө тарбиялайт. Ар бир кыймылды, көнүгүүнү ийге келтирип, туура аткаруу үчүн канчалаган саат эмгек кетет. Бирок жыйынтыгы кандай көркөм. Орусияда эң көп көркөм муз тебүү боюнча ар кандай оюн-зоок долбоорлору көрсөтүлөт. Ушул нерсе эле көркөм муз тебүүнүн абдан популярдуулугун көрсөтүп жатпайбы. Кыргыздын балдар-кыздары дүйнөлүк спортто көркөм муз тебүү боюнча жакшы көрсөткүч көрсөтчү күндөр алдыда. Балдарын коньки тепкенге алып келип аткан ата-энелердин ынтызарлыгын, баласынын келечегине салган инвестициясын байкап, алардын демилгесине ыраазы болдум. Ал балдардын баары дүйнө чемпиону болбосо дагы, спорттук духта тарбияланган, мүнөзү бекем инсандар чыгат.

Кубаныч Сатаев: - Бала кезде балдар менен коньки, лыжа тепчүбүз. Буттарым ошол күндөрдү эстеп, бат эле тээп кетти. Мен жыгылсам эле эл мени карап калат, сөгүнөөр бекен дегенсип. А мен сөгүнбөйм. Дароо эле сөгүнүп ийгидей таластык белем (күлүп)?

Али Токтакунов: - Үйрөтөм сага тепкенди.
Назира Айбекова : - Үйрөнчүдөй түрүм жок менин.
Али: - Мектепте кандай окудуң элең?
Назира: - Сопсонун эле, жалаң "4-5"ке.
Али: - Анда үйрөнөсүң. Бирок, мен өзүм деле бир-эки жолу гана тээп көргөм. Сага кыйраткан деле машыктыруучу боло албайм.
Назира: - Жоктон көрө жогору.


Сөз соңунда
Кыргызстанды аракечтик каптады. Айылга барсаң, теңселген мастар көбөйдү. Мектептерде болсо балдар боштуктан рэкетчилик кылып, топ-топ болуп мушташып атышат. Ушул кырдаалда биздин гезит сергек жашоого үндөп, атактууларды муз аянтчага чакырып, коньки тепкенди аз да болсо үйрөттүк. Саясатчылардын айрымдары "тепкенди билбейм, жыгылсам сүрөткө тартып аласыңар" деп коркуп келбей коюшту. "Де-фактонун" өзү тууралуу айтсак, эмгек жамааттын көпчүлүгү коньки менен "сен" деп сүйлөшүп калды. Көбүбүз өмүрү коньки тээп көрбөсөк да, намыстанып туруп үйрөндүк. Бул үчүн азыр шарт да бар. Соңку жылдары Бишкекте муз аянтчалары көбөйүп баратканы кубандырат. 5 жаштагы баладан баштап, 60ка таяп калган карыларга чейин спорт менен машыгууга, айрыкча коньки тепкенди үйрөнүүгө чакырабыз. Муз үстү деген керемет! Ошол кереметти сезбей кантип жашайбыз?! Келгилечи, чимирилип муз тебели!










??.??





??.??
about | A Free CSS Template by RamblingSoul

5-апрель, 2012-жыл

Барактар