Кимбайкенин күлкү кечеси



1- апрель күлкү күнүнө карата Кимбайке деген чыгармачыл псевдоним менен белгилүү болгон юморчу, карикатурачы, "Де- факто" гезитинин көзгө басар журналисти Төлөгөн Карыкеевдин 50 жылдыгына байланыштуу чыгармачыл кечеси жана көргөзмөсү өттү.

Кечеге келген коноктор алгач Кимбайкенин 100гө чукул шарж жана карикатуралары коюлган көргөзмөсүнө күбө болушту. Андан кийин чыгармачыл кечеси башталды. Кечени атактуу куудул Келдибек Ниязов алып барды. Байдыкем айткандай, бул күнү Кимбайке "Ашуудан берген отчетун" берип алды окшойт.
Белгилүү сатирик акын агабыз Жолоочу Рысбаев кеченин күнөөкөрүнүн өмүр жолуна, анын кантип Кимбайке болуп калыптанып чыга келгенине, илим- билимди Чокморов атындагы сүрөт окуу жайдан, С. Чуйков атындагы сүрөт окуу жайдан, андан соң Политехникалык институттун архитектура факультетинен окуп, талыкпастан кыл калем, карандаш менен "кудук казып" келатканына, Карыкеев деген карикатурачыны айтылуу Мелис Эшимканов басма сөз айдыңына кантип киргизип, ошондон бери Кимбайке болуп куйкум сөз, карикатура менен гезиттерде калайык -калкка кантип кызмат кылып келатканына кайрылып кетти. Кимбайке болсо турмушта сөзгө сараң, санынан эт кесип алса да унчукпаган бир сырдуу адам экени, Төкөнүн турмуштагы оригиналдуу жоруктары да айтылды.
Кимбайкенин мурда- кийин бирге иштешкен кесиптештери, калемдештери, акын-жазуучулар, анын талантына таазим эткен улуу-кичүү муундун чыгармачыл өкүлдөрү, архитектор-сүрөтчү курсташтары куттукташты.
Эмесе, Кимбайкенин чыгармачыл кечесинен "ой- фо-том!" деп бир жылмайып алыңыздар демекчибиз.

Айгүл БАКЕЕВА