Ибн Сина


(латындашканы - Авиценна)

Абу Али Хусейн ибн Абдаллах- улуу окумуштуу, философ, дарыгер, акын, 300дөй эмгек жазып калтырган. Жашынан Платон, Аристотелдерди казып окуп, алгачкы философиялык китебин 17 жашында жараткан. Поэзиясы терең турмуштук ойду камтып, өтө сезимталдуулугу менен өзгөчөлөнөт.


Жерден алыс Сатурн… арыштадым,
Түркөйлүктү жеңем деп калыс жаным.
Ай-ааламдын көп сырын ачсам дагы,
Табалбадым ажалдын табышмагын.

Роза багы таазим этемин!
Сезбей сенин селки экениң,
Гүл үзөм деп курган ашыктар,
Айрып салды аттиң, этегиң.

О жүрөгүм, арыла көр чатактан,
Азгырыктуу алтын менен атактан.
Бейиш, тозок башка жол жок арада,
Каш-кабактын ортосунда жатат жан.

Топ жылдызды жулат таңда бу Кудай,
Көк кесеге шилеп бермет шурудай.
Куду мендей ашык болуп түндөсү,
Таңда кайра албууттанат курулай.

Кетти жаштык, түнөрөмүн кемип мен,
А түнөрөт кеми жок түн неликтен?

Жазып ийсең көмүр чачың - коркту түн,
Жарк дейт жүзүң - кайда качты, жокпу түн?

Бир билесиң ажал жеткенде -
Билбесиңди таза эч нерсе.

Кандай бакыт, билбей өтсөң өмүрдө,
Шектенүү да, сестенүү да жөнүндө.

Которгон
Кыялбек Урманбетов




Чопо комузчунун


"Үч - Коосу"


Мансап, мартабалуу бала болуш Чолпонбай - сөзгө чечен куудул гана эмес, комузду катуу черткен, комузду коштоп ырдай билген, күү жараткан чоң өнөрлүү адам экен. Анын күүлөрүнөн бир гана "Үч- Коо" аттуу шыңгырама күүсү жазылып калыптыр. Калган күүлөрү саясатка байланыштуу жазылбай калса керек. Ал эми Чолпонбайдын "Үч- Коо" шыңгырамасы черди жазып, көңүл кушун көкөлөткөн, рахат дүйнөсүнө жетелеген күү. Комузчулардан комузчуларга өтүп, күү алптары Карамолдо, Ыбырай, Чалагыздын репертуарында алтын фондуга илинип калыптыр. Чоң- Сары-Ойдун нар жак, бер жагына байма-бай каттап, жаратылыштын ажайып кооздугуна маашыр болгон комузчу Үч-Коктунун кооздугун, табияттын сулуулугун ажайып күүгө салыптыр. Эңкейишке киргенде алчактаган аргымактардын арышы, чимирилген дөңгөлөктөрдүн дабышы үч кыл ыргагында шартылдап, өргө тарта бергенде басаңдап, коңур салмак кайрыктарга алмашат. Күүнүн авторунун тагдыры жөнүндө Бишкек шаарынын тургуну 83 жаштагы карыя Эсен Балкыбек уулу минтип эскерген экен: "1930-жылдары атамды кулакка тартканда Украинага айдалып бардык. Кыргызстандыктарды бир жерге топтоп, өзүнчө айылбыз. Ысык-Көлдөн келгендердин ичинде чоң комузчуну Чопо дешип, эл сыйлашчу. Чакырып, комуз черттиришчү. Кол ойнотуп комузду өтө кооз чертчү эле. Үн кошуп ырдаганын да укканмын. Кийин билдим, бул айтылуу ыр-күүлөрдү чыгарган, ооз комузду кубулжута черткен, "Бурулчанын селкинчектин" автору - Бурулча эженин уулу Чолпонбай экен. Атам бошонуп, ал жерден киндик кан тамган жерге келдик. Чолпонбайдын кийинки тагдырынан кабарым жок. " Үч-Коону" автор өзү ырдап да чертчү экен. Ал да балким кимдир-бирөөлөрдүн эсинде калган болсо, же бир жерде жазылып калса, чыгып калар.

Даярдаган
Алтынай ТЕМИРОВА




Оо, анда

жадыраган жаз болучу…


Бул сүрөттү 1989-жылдын жаз айында тарттым эле. Оңдон солго: Арстанбек Алтымышев - чөптөрдөн жасалган дарыларды ойлоп чыгарып, космонавттардан бери азыктандырган академик агабыз турат, андан кийинкиси - азыр Кочкор тарапка, кичи мекенине көчүп кетип жашап аткан балдар акыны Камчы Жунушев, жазуучулар Шүкүрбек Бейшеналиев, Абдрасул Токтомушев, акындар Абзий Кыдыров жана Муса Жангазиев. "Адабият" басмасынын жанынан, балдар адабиятынын маселесин өз ара сөз кылып турушкан чагы болучу.
Балдар адабияты жагынан сыйлык уюштурулуп, анын жеңүүчүлөрү да аныкталып калган эле..

Турат Кашымовдун фотосу





"Бакачынын күлкүсү"


Өткөн кылымдарда кыргыздардын куудулдук өнөрүнүн жер-жерлерде айтылып калган ар кандай мектеби болуптур. Мисалы, Кетмен-Төбөдө чоңколор болсо, Көл өрөөнүнүн Кожояр элинде "Бакачынын күлкүсү" аттуу шакаба чайыган тамаша өнөр мектеби айтылып калыптыр. Азыркыча - сатира менен юмордун оозеки мектеби экен. Чукугандай сөз менен оюндан от үйлөгөн оозу шок, кычышчаак тилдүү, айтанаак тапанга ушундай лакап ат, бир кездеги өнөр ээсинин урматына, кийинки анын жолун улантуучу катары "сыйлыкка"ыйгарылчу экен. "Бакачынын күлкүсү" мектебинин көрүнүктүү бир өкүлү - бала болуш Чолпонбай күнү бүгүн эл оозунда айтылып келатыптыр:
"Көкөтөй куудул "Калматайдын кер оозу" деп атаган Сагаалы манап аш берип калат. Күлүктөрдү үртүктөп, ат чапчу жерге баратканда алдынан Кыдык уруусунун манабы Кадыркул жоон топ адамдары менен бет келип учурашып атканда, Чолпонбай сурайт:
- И, Кадыке, аттарды кайсы жерден кое бермек болуптур?
- Чолпоке, аттарды тээтиги урчуктагы ак шордун, анын жээгиндеги сербейген алтыкананын учунан коё бермек болуптур,-деп Батыркан тарапты нускайт. Көрсө, Батыркан да, Чолпонбай да таз экен - ак шор деп ошону айтып атыптыр. Алтыканасы - ээгиндеги сербейген сакалы экен. Анда, Чолпонбай аны коштоп:
- Атаң-гөрү, ай-йе, Кадыке, кулагың каңырыштап, жарлыкты чала угуп калган экенсиң, тээтиги сен көргөн ак шор астындагы сербейген алтыкана, алтыкана ылдый... салаңдаган тумшуктан коё берет деп укпадымбы, - деп Кадыркулдун узун тумшугун көрсөткөндө, эл кыраан-каткы күлүп, кыйрап калышыптыр. Күлкүсүн тыя албаган Батыркан да:
- Олда, Чопом ай, Кадыркулдун мурдун куп гана окшоштурдуң го?! Пай-пай, тапкычтыгыңа баракелде!.. - деген экен.

Даярдаган
Алтынай ТЕМИРОВА





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

5-апрель, 2012-жыл






??.??