Омкорулган тизе, жасалма муун, арааланган сөөктөр



Атактуу ортопед-травматолог, академик Сабыр Жумабековдун уникалдуу операциялары дүйнө жүзүнө тарап, таңгалдырып бүтпөй келет. Алтын колдуу хирургдун жеңил колунан тубаса майыптар, ар кандай кырсыктан жана түрдүү сөөк илдетинен 10-15 жылдап баспай калгандар, омуртка дартынан жапа чеккендер, бүкүрлөр, ал гана эмес табият жаңылыштыгынан жабыркаган адамдар да айыгып кетишти. Дагы жүздөгөн-миңдеген бейтаптардын сообуна калып, аларга экинчи өмүр тартуулап келет. Биз Сабыр Жумабеков менен макулдашып, пландалган 6 операциянын бешөөсүнө катышып кайттык.

Академик Сабыр Жумабеков:
- Бүгүнкүгө 6 операция пландалган. Күнүгө ушул бизде. Кээде 7-8 операция жасайм. Суткасына 12-13 операция жасаган күндөр да болгон. Биздин оорукана чоң кырсыктарга ылайыкташтырылган борбор дагы болгондуктан ар кандай кырдаалга даяр турушубуз керек. 2010-жылдагы кандуу апрелде бир учурда 300дөн ашык жарадар кайрылды. Ошондо врачтар күндөп-түндөп иштешти. Эми андай окуя эч качан кайталанбасын.


- Эки жаштагы бул наристе тубаса майып. Кызыл ашык муундун үстүнө пайда болгон томукту алып, эки бутун тең түздөйбүз. Сөөктөрдү түздөөдө колдонуучу фиксатор менен карматып бекитебиз. Анан гипстеп коебуз. Бала али кичинекей, азыр баса албайт, кыйшык бүтөбү же жокпу, аны көрөбүз. Муну эми жакшылап караш керек, майрык бут (косолапый) болгондуктан бут кийим кие албаган. Операциядан кийин кийгизиш керек. Жүз пайыз айыгып кетет деп айталбайм, бирок бир топко оңолот. Акыркы убакта тубаса майып балдар көп төрөлүп, анан калса ата-энелери кеч кайрылышууда.
Операциянын убактысы 1 саатка жеткен жок.


- Бул өспүрүм ревматизмден кийинки полиартрит дартына кабылып, эки тизеси бүгүлгөн бойдон катып калган. Сөөктөрү, тарамыштары да ичкерип кеткен. Азыр бир бутун түздөйбүз, экинчи этабында сол бутуна операция жасалат. Хирургдар жаңылбашыбыз керек, акыбыз да жок жаңылууга. Бир гана жолу кесишибиз керек, кескенде да таамай кесип, ошол жер айыгып, оорулуу чуркап басып кеткендей болсун. Алгач кашка жиликтин ортосунан кесип, сөөктү сындырып араалап, кыскартып алдык да пластина менен бекиттик. Андан соң тизени тилип, этинен ажыратып, оркоюп чыгып калган сөөктү, тизе муунду омкоруп алып салдык. Бизди, ортопеддерди, "медицинанын темир усталары" деп коюшат. Минтип бургу (дрель), балка, араа, шибеге, өгөө, мык, ачкыч, бурама жана башка темир-тезектер менен иштейбиз.
Бул операция 2 жарым саатка созулду.


- Азыр бул бейтаптын тизе муунун жасалма муунга, эндопротезге алмаштырабыз. Оору суук тийгенден, жаш өткөн сайын кемирчектердин калбай калышынан пайда болот. Тизенин артрозу азиаттарга, айрыкча кыргыз менен казактарга мүнөздүү. Анткени генетикалык жактан буттарыбыз ийри. Мындан башка себептери да көп. Травма алганда, ар кандай жугуштуу оорулар өтүшүп өнөкөткө айланып кеткенде муундарды жабыркатат. Киши өтө семиргенде да денени сөөк көтөрө албай, муундар чыгып же ордунан жылып кетиши мүмкүн. Сөөктөрдө кальцийдин жетишсиздиги, ревматизм, аялдардын организминде төрөттөн кийинки зат алмашуунун бузулушу да чоң муундарды (жамбаш, тизе, ийин, чыканак) ушинтип алмаштырууга аргасыз кылат. Операцияга керектүү курал-жабдыктар жана жасалма муундар Германия, Англия, Италия, Түркия жана Америкадан келет (Дүйнөлүк жогорку технологиянын жардамы менен жасалган бул ыкманы 1997-жылы Орто Азия жана Казакстан боюнча биринчилерден болуп Сабыр Жумабеков киргизген.- авт.)
Операция бир саатта аяктады.


- Сыныктарды чогултуп, бекитүүдө 3 ыкманы (сөөктүн ичинен, сөөктүн сыртынан, теринин тышынан) колдонобуз. Азыркы операцияны мобу аппаратты колдонуп, сөөктү ичинен карматуу жолу менен жасайбыз. Бейтап кырсыкка кабылып, оң бутунун жото жилиги орто ченден кыйгач сынып кеткен. Мында сынган жерди кеспей туруп, атайын штыктарды салып, сөөктүн башынан же аягынан темирди сойлотуп киргизип, бурамалар менен перпендикуллярдуу карматабыз. Азыр бүт дүйнө жүзү ушу ыкманы колдонушууда. Берки эки ыкмадагы операциядан кийин оорулуу 2 айдан кийин бутка күч келтирсе, муну бир айда бастырса болот. (Мындай ыкмадагы операция Орто Азия жана Казакстан боюнча биринчи бизде, Кыргызстанда башталып, 2007-жылы эң алгач С.Жумабеков жасаган.-авт.)


- Акыркы кезде коомубузда ар кандай илдет, дарт көбөйүп, кырсыктар өсүп атканы аз келгенсип, оорулар да жашарды. Береги жаш жигит омуртканын чуркусунан (грыжа) жабыр тартып, операциясыз айыгууга мүмкүн болбой калган чекке жеткен. Мында эки омуртканын ортосундагы чемирчек чоңоюп былчыят да, жүлүндү кысып калат. Анан тиш ооругандай зыркыратып оорутат. Адам баса албай калат. Азыр буга дагы дүйнөлүк деңгээлдеги технологияны колдонуп, чоңдугу 10 мм.ге жеткен омуртка чуркусун микрохирургия жолу менен алабыз (Бул ыкманы да Кыргызстан менен Орто Азияда эле эмес, КМШ өлкөлөрүндө биринчилерден болуп, 1993-жылы С.Жумабеков киргизген. Кыргызстанда 1996-жылы ишке ашырган.-авт.). Операцияга керектелүүчү курал-жабдыктар Германиядан алынып келген.
Операция 1 саат 10 мүнөттө бүттү.


- Операция татаал, оор экенине карабай ойдогудай, ийгиликтүү аяктаса, чарчаганыбыз да билинбей калат.





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

5-апрель, 2012-жыл






??.??