"Уулума болгон сагыныч, кусадан ооруйм"


"Эстелик болуп калдыңар
Эртеңки жарык күн үчүн", - деп Элмирбек Иманалиев кошогунда боздогондой, 89 кырчындай жигитти жоготконубузга эки жылга аяк басты. Биздин бүгүнкү күн үчүн шейит кеткен кырчындай жигиттердин бири Эмилбек Айылчиев да Мекен үчүн жүрөгүн окко тосуп, каргашалуу 7-апрель күнү арабыздан кете берди. Эмилбек Айылчиев 1983-жылы 25-февралда Талас шаарында төрөлгөн. 11-классты №7 мектептен аяктап, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекеттик улуттук университеттин юридикалык факультетине тапшырып, 2005-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Бүгүн Эмилдин апасы Кишимжан Таштакеева уулун жоктоп эскерип олтурду.
- Кишимжан эже, уулуңуз менен акыркы эстен кеткис ирмемдерди эскерсеңиз?
- Биз Талас шаарында жашайбыз. Уулум менен келиним, неберем Бишкекте эле. 18-январь менин туулган күнүм. Үйдө эле олтурабыз деп улам уюлдук телефон менен сүйлөшүп жатканбыз. Кыштын кычыраган суук күнү. Кар жаап, жолдор тайгак эле. Бир кезде эле Бишкектебиз деген уул-келиним, неберем эшиктен кирип келип, мени таң калтырышты. Апа, сизге күтүлбөгөн белек болсун дедик деп, алтын чынжырчаны мойнума тагышты. Мына ушул уулумдун эң акыркы Таласка келиши, акыркы жолу мага берген белеги экен. Ошол келишинде Таласта узагыраак жүрдү. Эмнегедир кетким келбей жатат деп жүрүп кеткен эле. Ошондо уулумду акыркы жолу узатыптырмын.
- Үй-бүлөңүздөр тууралуу айта кетсеңиз?
- Жолдошум Айылчиев Турдубек экөөбүздүн эки уул, бир кызыбыз бар. Эмил биздин тун уулубуз эле. Карындашы Эльвира Америка университетин аяктап, чет өлкөдө эмгектенет. Иниси Марлен Туризм академиясынын студенти. Жубайы Венера, экөөнүн кызы Элиза үч жашта. Кулунумдан айрылганда келинимдин 4 айлык боюнда бар эле. Уул төрөп, уулу Элдар төрөлгөнүнө 1 жыл 6 ай болду.
- Эмил ата-энеси үчүн кандай уул эле?
- Эмилбек кичинесинен эле боорукер, токтоо, бир айткан сөзүн эки кылбай аткарган, эстүү бала болуп чоңойду. Апакелеп эле менин бетимден өөп, жароокер бала эле. Ошол жаркылдаган элеси, көз алдымдан кетпей жүрөктү өрттөйт.
Кичинекей кызы Элиза сүрөтүн көрсөтүп, сүрөтүнө кашык менен тамак берип бизди ыйлатат.
Мен дүйнөдөгү эр жүрөк, боорукер, эстүү баланын бактылуу энесимин деп жүрсөм. Көрсө.... Эх, армандуу күн.
- Каргашалуу 7-апрель күнү аянтка барарын кабарлады беле?
- Келишим менен иштегени эртең-бүрсүгүнү чет өлкөгө кетем деп, документтерин даярдап койгон болчу. 7-апрель күнү БМВ үлгүсүндөгү машинасына коштошконсуп кызын көпкө чейин алып олтуруптур. Анан кеткен экен. Бакиевдин жүргүзгөн бийлигине нааразы болуп, Кыргызстандын келечеги кандай болот деп көп кейичү. Ошол мекенчилдигинен кайдыгер карай албай, алгач машинасы менен элди ары-бери ташыптыр. Бир убакта машинасын токтотуп коюп, эл алдында жүргөн экен. Жолдош балдарынын айткандарына караганда, Ак үйдүн алдындагы жолдун жээгинде, газондун үстүндө канкорлордун колунан курман болуптур. Снайпердин огу так жүрөккө тийиптир. Куруган кулунум, ошол жантаслим болуп жыгылган жерде кара кочкул каны агыптыр. Кийин ошол жерге дайыма токтоп, көзүмдүн жашын төгүп, колумду тийгизип карап турмай өнөкөт болуп калды. Кудайга тобо кылдым, кийин карасам, баламдын каны аккан жерге өскөн чөп башка чөптөрдөн айырмаланып өсүптүр. Коюу, жашыл, жоон, бийигирээк жана уулума окшош кубаттуу.



"Каралдым Жолдоштун караанын таппай калдым"

К
ыргыз улуттук университетинин окутуучусу, кыргыздын чыгаан уулу Жолдошбек Кудайбергенов 36 жашында ажалга тике карап, каргашалуу 7-апрель күнү жүрөгүн окко тосуп, арабыздан кете берди. Бирок элдин уулу элдин жүрөгүнөн өлбөс болуп орун алды. Түбөлүккө кошок болуп, энесинин жүрөгүн сыздатып кетти. Арадан эки жыл өтсө да, ошол каргашалуу күн күнү бүгүнкүдөй көз алдына элестеп, баатырдын апасы Нурия Айдабосунова көз жашын төгүп олтурду.

- Нурия эже, алгач уулуңуздун бала кезине токтолсоңуз?
- Жолдошбектин маркум атасы Таалайбек дагы, мен дагы жогорку окуу жайды Россиядан бүтүрүп келип, экөөбүз тең мектепте сабак берчүбүз. Жолдошбек 1974-жылы 11-декабрда Кочкор районунун Орток айылында жарык дүйнөгө келген. Тун небере болгондуктан, чоң ата чоң апасынын колунда чоңойду. Кичинекей кезинде эле сүйгүнчүктүү бала эле. Чоң атасы, чоң апасы небересин аябай жакшы көргөндүктөн бизге бербей коюшту. Ал мектепти аяктаган кезде, 1992-жылы союз жаңыдан тарап, турмуштун оор убагы эле. Жолдош бизди карап олтурбай, өз аракети менен жогорку окуу жайына өтүп кетти. Бизден жардам күтпөй, достору менен жатаканада жашап, жакшы баалар менен окууну аяктады.
- 7-апрель күнү энелик жүрөгүңүз бир жамандык болоорун сездиби?
- 6-апрель күнү кечке маал телефон аркылуу сүйлөштүк. "Биздикинде свет өчүп калды, компьютер менен иштей турган иштерим көп эле", - деп кейип сүйлөдү. Эмнегедир инилерин сурап: "балдарыңыз үйдө эле олтурабы?"-деди. Бул уулум экөөбүздүн акыркы жолку сүйлөшүүбүз экен. Эртеси күнү 7-апрелде коштошконсуп инилеринин баарына телефон чалып, "үйдөн чыкпагыла, буюрса революция болсо, сөзсүз жашообуз оңолот" деген экен. Жокем кийинки күндөрү "Замандаш" партиясында да иштеп, чет элдик диаспоралар менен байланышып жакшы иштеп жүргөн. Жаман оюмда уулум "Замандаш" партиясынын кеңсесинде кандайдыр бир революцияга байланыштуу иштер менен алектенип жаткандай туюлду. Телефон чалсак албай койду. Бир убакта тааныш эмес бир бала алды. "Сен кимсиң, Жолдош кайда?", - десек: " Жолдош байкеге ок тийип, ооруканага жеткирдик", - дейт. Ошол кезде мага дүйнө астын-үстүн боло түштү. "Балам тирүүбү?", - десем: "тирүү, тирүү ооруканада", - деди. Кечки саат алтыларда аянтка келдик. Ызы-чуу, кара түтүн каптаган, атышуулар токтой элек экен. Каралдымдын караанын ошентип таппай калдым. Улам бир ооруканадан ооруканага жүгүрүп жүрдүк. Эч дайны жок. Оорукананын баарында башаламан. Чыңырып өкүргөн, боздогон адамдар, онтогон жарадарлар. Кулунумду таңга жуук моргдон таптык. Үн катпас болуп, жансыз болуп жатыптыр. Кийин жанында жүргөн балдар айтышты. Ак үй тараптан ок атылгандан кийин байке жаман боло түштү. Өз элине ок аткан кандай президент деп жини кайнап өзүн кармана албай калды. Курткасын чечип ыргытып, жеңин түрүп, "эч качан качпагыла, артка качпагыла!" деп астыга чуркаптыр. Ошол кезде канкорлор бетке атыптыр. Бетине тийген ок мээсине сойлоп кетиптир. Бетинен булактап кан аябай агыптыр. Канынын баары эле агып калган окшойт. Акыркы сапарга узатаарда карасам, өңү ушунчалык купкуу.
- Акыркы күндөрү кандай өттү эле?
- Жаш болсо да Жолдоштун башынан ачуу-таттуу көп нерсе өттү. Бирок катып турган таш сымал, кыйналса да ичиндегисин мага билдирчү эмес. Кийинки күндөрү иши менен алек болуп, менден алысыраак жүрүп калды. Үй-бүлөсү менен да оту күйүшпөй жүрдү. Шоола аттуу жалгыз кызы калды. Акыркы күндөрүндө жанында болбой, жүрөгүндө кандай арман менен кеткенин да билбей калдым.

Жамиля
Таштанбекова




Айтылбай калган
ыйман сөз
(Ак үй алдында ойрон болгон
жигиттерге арнайм)
7-8-апрелде далай адам ойрон болду. Кээ бири ооруканадан көз жумушту. Адам баласы мындайды араң көтөрөт. Байкуш кыргыз, башынан эмнени гана кечирбеди! Ошол окко учкан мекендештеримдин арасында менин ак талаалык жердештерим да бар экен. Бул ыр ошолордун элесине арналат.
Өмүрүм өчтү. Кайрылып кайра келалбайм…
Күлгүндөй жаштык күтүлгүс жерден үзүлдү…
Жан дүйнөм менин жай албай мында кыйналат:
Кай күнөөм үчүн өчүрдүң менин жүзүмдү?
Мен эми жокмун. Көрбөйсүң тирүү жүзүмдү,
Үлбүрөк жашоо үзүлбөс жерден үзүлдү…
Жанкечти, канкор фильмде жашайт дечү элем,
Тирүүлөр келип жок кылып кетти изимди.
Жаңылдым анан - жайлашты мени канкорлор,
Жаштык дем уруп, жалындай турган кезимде…
"Жалп" этип өчтү кыялым, аруу тилектер,
От болуп күйүп, өрттөнгөн бойдон сезимде.
Мен кайдан билдим, жашоонун мынча кыскасын,
Муну да мага мурдатан эч ким айтпаган.
"Ажалың жетти, бүттү эми" деген кабарды,
Кайыган октор кадалып мага айтты анан.
Куураган башым аны мен кайдан билейин:
Адамда жашоо жападан жалгыз экенин!
Мен азыр билдим, а бирок эми айла жок!
Өмүрүм кетти өлбөсү үчүн Мекеним.
Ак-Талаамдын апапак болгон тоолору,
Алыстан туруп, кол булгап калды артымдан.
Адырда, кырда жыты "бур" эткен шыбактар…
Жыттабайм эми - айрылдым мына калкымдан.
Дамирбек МААДАНБЕКОВ


КАРГАШАЛУУ 7-АПРЕЛЬ

Апрелдин жетиси...
Жер майышып, эл козголду!
Акыйкат жок! Кайран эл тозмой болду...
Ак үй көздөй агылып, селдей каптап,
Өтүнүшмөк, ажодон алмак жоопту...
Алааматты канкор башчы небак баштап,
Элим! -деген азаматты бирден жайлап,
Күлүн көккө сапырып, тындым кылды,
Тың чыкмалар түрмөгө бүт тыгылды!
Чындык ыйлап, чыркырап боздоп турду,
Калың элдин муңу-зарын козгоп турду...
Чыгаан уулдар чым жазданып, суналышып,
Чырпык балдар чыңалышып, тик турушту.
Арсыз бийлик ок жаадырып, жалын чачты,
Куралсыз Журт ажалына тике басты!
Снайперлер күн мурунтан даярдалган,
Бута кылып, адамдарга кыргын салды!!!
Канча үйдө Эне боздоп, каргыш айтты?!
Канча үйдө Ата сыздап, наалат айтты?!
Жер чеңгелдеп, күйүттөн кошок айтып,
Каран күн ай!!!...
Жарың жесир, төшөгүң жайдак калды!

Сексен жети кыйылган гүлгүн курак,
Кырчыныңда соолудуң, акпай булак...
Кара кийип, алганың башын ийди,
Жаш балдарың "Жетим!"-деген жарлык илди.
Калың элди канга боеп, атып кетти,
Хан ордодон куулуп, жексур кетти!
Каркырадай жер соорусун сатып кетти...
Мекенинен көр буюрбай качып кетти...
Кун төлөндү, бирок орду кайдан толмок?!
Чырпык балдар өлбөсө-- Ата болмок!!!
Элиң үчүн чыркырап жан бердиңер,
Чырактарың өчпөстөн, күйсө болмок!
Майышпаган, даанышман улуу кыргыз,
Майкандады жериңди саткын, арсыз...
Кыргыз болуп, "кой терисин жамынышып",
Бар экен го каныңарда --кектүү кастык?
Жазалап, соттош керек баарын кылка!
Күнөөлүү-буйрук берген, аткарган да.
Нагыз желдет-жексурлар экөөбү тең...
Калкын аткан каапырлар-калдың Антка!!!...
Каргыш тийсин сендейдин тукумуна!
Каргыш алсын жетинчи урпагың да!
Жетинчи апрелде Элди кырдың...
Жетим калсын өзүңдүн балдарың да!!!

Гүлмира Алымбекова,
Бишкек шары