presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Келгиле, салыктарды үйрөнөлү!



Серепчилер дайыма салык системасы реформага муктаж экенин айтып келишет. Алардын айтымында, бизде ашыкча салыктар көп. Ошол эле маалда алардын пайызы өтө жогору. Биз бул ирет бизнес-аналитик Искендер Шаршеевдин жардамы менен биздеги салыктар жана алардын күңгөй-тескейи тууралуу макала даярдап, окурмандарга жөнөкөй тил менен жеткирүүгө аракет кылдык.


Патент
Расмий маалыматка таянсак, 2011-жылдын январынан июнь айына чейин 6 миң 280 патент берилген. Анын 903үн юридикалык, 5 миң 377син жеке жүздөр алган. Патент чакан бизнес кылгандар үчүн ыңгайлуу. Иштөө мөөнөтү 15 күндөн бир жылга чейин. Баасы ишкерликтин түрүнө ылайык, 150-8000 сомго чейин бычылат. Ошол эле маалда жашаган жер да эске алынат. Патент алган адам эсептик кирешеден (подоходный) башка салык төлөбөйт.

Кошумча нарк салыгы (КНС, орусча НДС)
Бул ири ишкана, мекемелер төлөчү кыйыр салык. Алар өндүргөн товары же кызматы үчүн 12%ын мамлекетке төлөйт. Жөнөкөй тил менен түшүндүрсөк, ишкер сүт өндүрүү үчүн чөнтөгүнөн 100 сом жумшады дейли. Аны кайра 120 сомго сатат. 20 сом таза кирешеси. Ошол кирешенин 12%ын милдеттүү түрдө КНСке төлөйт. Эгемендик жаңы орногон жылдары КНС 25%ды түзгөн. Улам арзандап олтуруп, учурда 12%га түштү. Жакынкы күндөрү бул салыкты жоюу демилгеси көтөрүлүп жатат.

Сатуудан түшкөн салык
Ар бир саткан товардын 2%ы мамлекетке төлөнөт. Ишкерлер бүгүнкү күндө баанын өсүшүн ушул салыктан көрөт. Анын өз себеби бар. Мисалы, Кыргызстанга бир товар сырттан түз келсе 2%ын төлөө жеңил болмок. Бирок, ал келгиче далай колдон өтөт. Мисалы, бизнесмен Германияга барып 170 сомго шым алды дейли. Бул жакка келгенде ал 2% салыкты кошуп, алып-сатарга өткөрөт. Андан ушул салык менен контейнер ээси сатып алат. Ушундай чынжыр менен кыдырып олтуруп, шым кардардын колуна тийгиче 1700 сомго чыгат.

Эсептик киреше салыгы
Муну юридикалык жүздөр (компания, ишкана) төлөбөйт. Бирок, бизнес кылып же кеңседе олтуруп айлык алгандар сөзсүз төлөйт. Өлчөмү 10%. Азыркы абалды эске алганда, бул сумма чөнтөккө оңбогондой эле сокку урат. Айталы, кызматкер 5 миң сом айлык алса, анын 10%ы эсептик кирешеге, 10%ы социалдык фондго кармалат. Ошону менен колуна 2800 сомго жакын акча тиет. Мындай каражат менен жан багуу мүмкүнбү?

Киреше салыгы
Бул КНС, эсептик киреше, социалдык фонд, сатыктан түшкөн ж.б. кийин төлөнчү салык. Көлөмү 10%. Ишкерлер муну дагы ары карап ыйлап, бери карап күлүп мамлекетке карматат. Эмне дегенде, жанагынча салыктан кийин муну төлөсө чөнтөгүндө болоор-болбос тыйын калат. Мисалы, ал өз товарын 1000 миң сомго сатты дейли. Аны өндүрүүгө же сырттан алып келүүгө кеткен чыгымы 5000 сомду түзгөн. Эми КНС, эсептик киреше ж.б. толгон салыкты төлөшү керек. Анан өзүндө канча пайда калат?
Социалдык фондго төлөнчү салык
Жакында Кумтөр кенинде иштеп жаткан жумушчулар ушул салык айынан иш таштоого барды. Эмне дегенде, буга чейин Кумтөрдө жумушчулардын айлыгынан социалдык фондго акча кармалган эмес. Компания өзүнүкүнө кошуп төлөп турган. Быйыл чыгымдары көптүгүнө байланыштуу андан баш тартканда, иштегендер нааразы болду. Анткени, айлык канча жогору болбосун 10% кармаганда кыйла эңшериле түшөт.

Үй салыгы
Бул жакынкы жылдары эле кабыл алынган салык. Көп кабаттуу үйдө жашагандар квартирасынын аянты 80 квадраттан ашса, мамлекетке салык төлөөгө милдеттүү. Эсептей келгенде, акысы 4 миң сомго барат. Жер тамдын ээлерине талап башкачараак, үйдүн аянты 150 квадраттан өйдө болсо 6 миң сомдон жогору, 200 квадраттан ашса 8 миң сом болуп кете берет. Мындан тышкары кыргыз жарандары кыймылсыз мүлк менен жергиликтүү (таштанды, таза суу, агын суу ж.б.) салыктарды да төлөөгө милдеттүү.

Акциздик салык
Муну көбүнчө спирт ичимдиктерин жана тамеки өндүргөндөр төлөйт. Жалпы жонунан ниети жакшы. Бизге белгилүү болгондой коомдо бул товарларга суроо-талап жогору. Ошону ооздуктоо үчүн атайын ойлоп табылган. Акциздик салык төлөгөндөн кийин ишкер 10 сомго өндүргөн тамекини базарга 30 сом кылып чыгарат.

Жер жана тоо-кен тармагы үчүн салык
Жер салыгы милдеттүү түрдө төлөнөт. Акысы жайгашкан аймагына, аянтына, түшүмдүүлүгүнө жараша болот. Бийик тоолуу аймактын жашоочулары үчүн 50% жеңилдик берилген. Ал эми тоо-кен тармагы үчүн бонус жана роялти салыктары чегерилген. Бонус - кен байлыктарды чалгындоо жана иштетүү үчүн бир жолу төлөнөт. Роялти кендеги элементтин запасына ылайык төлөнүп турат. Мисалы, 10 тонна алтыны бар кенден 5%, 4-9 тоннага чейинкиси 3%, 3 тонна болсо 1% салык алынат.

Сөз соңунда
Жакындан тарта Экономика жана монополияга каршы саясат боюнча министр Темир Сариев кошумча нарк салыгын жоюп салуу демилгесин көтөрдү. Бул боюнча атайын комиссия да түзүлгөнү маалым болду. Темир Сариевдин айтымында, КНС өнүккөн өлкөлөрдө гана жакшы иштейт. Ал эми өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө бул кыйынчылык жаратып, коррупцияга жол ачат. Бизде мисалы, товарын экспортко чыгарса, ишкер мурунку төлөгөн акчаларын кайтарып алса болот. Акыркы кезде айрым ишкерлер муну өз кызыкчылыгына пайдаланган өнөр тапкан. Алар бир күндүк фирма ачып, документ топтошот да мамлекетке чыгым болдук деп, акча төлөтүп алат. Буга байланыштуу өкмөт бир-эки жылда КНСтен кетип, товар айлантуу салыгын гана калтырууну көздөп жатат.





Искендер Шаршеев,
бизнес-аналитик:

"Салыктын көбүн жоюп, пайызын азайтканда гана көмүскө иштегендер сыртка чыгат"


-Искендер мырза, жакында интернет бетине салык саясатын жөнөкөйлөтүш керек деген макала жаздыңыз. Буга эмне түрткү болду?
- Бизде эмне үчүн көмүскө экономика пайда болгон? Жооп жөнөкөй. Ишкер салыктан качат. Буга эмне себеп? Ишкер кирешесинин 55%дан ашыгын салыкка төгө баштаганда жашырууга аракет кыла баштайт. Бул тажрыйба дүйнөдө эчак далилденген. Бизде болсо таза иштейм деген ишкер кирешесинин 69%ын салыкка төгөт. Мындай саясат коомдо бизнесмендердин азайышына алып келет. Же болбосо жашыруун иштей баштайт.
- Эми кандай сунуш киргизгени жатасыңар?
- Ишкерлер үчүн алынчу салыктарды жоюп, бир эле салыкты калтыруу керек. Ошол эле маалда таза кирешеден алынчу салык 15%дан ашпашы керек. Ошондо гана товарлардын баасы арзандап, ишкерлердин саны көбөйөт. Муну дүйнөдө Лаффер мыйзамы деп аташат. Дубайда, Сингапурда, Грузияда ушул мыйзам ишке кирген, жыйынтыгы жемиштүү. Бизде 500 миң ишкер бар экен. Анын 30у гана жигердүү иштеп жатат. Эгер салык азайса, бул сан дагы өсмөк.
- Бизде ишкерлердин көбү патент менен иштейт да?
- Эгер салык саясаты туура иштесе, анын кереги деле жок болчу. Биртике салыкты ишкер мындай эле төлөп коймок. Муну келечекте жойсо болот. Анүчүн салыктардын өлчөмү менен пайызы азайышы керек. Анда балким, биздин жарандар үйдө олтуруп эле интернет аркылуу төлөп коюшмак. Мисалы, Эстонияда ошондой. Ушул жерден айта кетчү нерсе - азыр кайсы дүкөнгө кирбе, кассалык аппарат бар. Бул албетте, мамлекет үчүн пайдалуу. Канча салык жыйнарын билип турат. Бирок, патент алып иштеп аткандан кийин анын эмне кереги бар? Силер патент менен эле бардык салыктан кутулдуңар да. Жок, болбой эле Бакиев доорунда ушундай жапайы ыкманы зордук менен киргизишкен. Азыркыга чейин иштеп жатат.
- Салыктарды жоюш керек деп жатасың? Сенин оюңча кайсы салык ашыкча?
- КНС менен бажы чогултууну жоюш керек. Эгер бул ишке ашса, мамлекет ошол жылы болгону 50% салык жыйнап калат, дефицит болот. Бул радикалдуу кадам. Элге туура түшүндүрүү керек. Бирок, бир жылдан кийин ал иштей баштайт. Көмүскөдө иштеп аткан ишкерлер сыртка чыгат, сырттан да келет. Бул эки салыктан башка социалдык фондго төлөнчү салыкты дагы жоюш керек. Азыр ар бир жаш адам 2-3 кары адамдын пенсиясын төлөп жатабыз.
- Туура, кийин бизге да бирөөлөр төлөйт?
- Ал калп. Мисалы, сиздин айлыгыңыздан 1500 сом социалдык фондго кармалат. Жыл сайын инфляция 12%ды түзөт. 10 жылдан кийин ал 120%га жетет. Ошондо сиз 1500 сом төлөсөңүз, ал 3-4 жылда баасын жоготот. Ошентип, 33 жылдан кийин сиз болгону 2000 сом пенсия ала баштайсыз. Ал эми ошол маалда бул акчага бир куту ширеңке да ала албай каласыз. Ошол себептүү, пенсиядан үмүт кылбай банктан депозит ачып койгонуңуз оң.










??.??
about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-март, 2012-жыл

Барактар