Кулактан алдыруу! Куттуктайбыз!

Кимбайкенин санынан


эт кесип алсаң да кың дебейт!
Окуган менен тамшанып,
Оңой эмес бул иш.
Карыкеев Төлөгөн,
Кай бирде юморист,
Кай бирде карикатурист.
Көңүл оорутканы,
Көптөрү жүрөт тааныбай.
Көпөлөктөй
Көрүнгөнү менен өзү,
Чалкадан түшүрүп,
Чакканы аарыдай.
Тызылдатканын сураба,
Тырманып жүрөсүң жарым ай.
Кааларым
Калемди өбөк,
Карандашты жөлөк кылып,
Кадамдай бер арылай.
Бул чычым бүгүн эртең менен саат ондон төрт мүнөт өткөндө элүүнүн туу чокусуна чыгыптыр. Өзү Чүй районунун Онбир-Жылга айылында көз жарган. Курсакта кысылып калганбы, же жети айлыгында эле жерге түшкөнбү, же үч жашында итий менен ооруганбы, биз билбейбиз, өзү да айтпайт. Кебетеси арык жана кичине. Бирок бир үйдүн бакандай ээси, жалгыз аялынын күйөөсү, төрт кыздын өз атасы. Баскан жолу иш менен үйдүн ортосу. Кээде "көбүктүү" жерде көлкүп, "ачкылдуу жерде" албырып турмасы бар. "Кимбайке" аттуу китептин ээси. Кызматы "Де-факто" гезитинин көркүн ачаар, көзгө басар журналисти. Кимбайкенин сатиралык юморлуу монологдору, аңгемелери, шарж сүрөттөрү карикатуралары көптөгөн басылмаларда көзгө урунат. Сугалактана карайм, окуйм. Үшүп турганда үстүмө бирөө жылуу суу куюп жибергендей жыргай түшөм. Жазгандары, күлкүлүү сүрөттөрү жан кубантат. Кыска жана кычкыл. Улуу-кичүү, картаң, жаш деген аудиторияларды тандабайт. Кези келген жерде күлдүргөндү күлдүрүп, бүлдүргөндү бүлдүрүп, ич дүйнөңө чаң салып кете берет. Айрым шыпылдаган шылуундарды, эпилдеген эптүүлөрдү, мансапкор, майтамандарды, жеп көнгөн жемкорлорду, бука моюн бюрократтарды, азыркы ак үй, Көк үйдөгү арам тамактарды айда-а келтире азилдин шылдыңына алат, өзгөчөлүгү өзүнө гана таандык публицистикалык формадагы уй тили менен жалап-жуктап туруш Карыкеевдин гана калемине таандык. Тигил же бул көздөгөн темасын бутага алууда биздин сатира жанрында мурун жолукпаган ыкмада оригиналдуу ой жоруусу, мазмуунду түзө билүүсү окуучуларын толкундантпай койбойт. Ал өзүнүнү күчүн, жөндөмүн, калем мурчун, көз майын көп коротпой оюн кыска ыкмада кагазга түшүргөнү чоң жеңишке ээ. Эң башкысы - өзү көздөгөн индивидуалдуулукту жоготпой, көөдөн керемети жана көмөкөйдөгү элдик тилинин кудуретин көрсөтө билгендиги. Ооба, эң алды менен өз тилиңдин касиетин сезе билип, жаза билип үйрөнүш абзел. Элдик юморлордун көп кырдуу "ит көмүлгөн" жери ушунда. Муну "Кимбайкебиз" өзү да жакшы түшүнөт. Аңгемелеринин көпчүлүгү биринчи жак менен жазылып, монолог тибинде берилет. Төлөгөндүн чыгармаларынын туздуулугу, кермек даамдуулугу так ушунда болуш керек деп ойлойм. Анын азыркы учурдагы жазылып жаткан сатира, юморлорун коомдук- социалдык жашоо турмуштан ажыратып кароого болбойт. Күлкүсүнүн күчтүүлүгү жана активдүүлүгү мына ушунда. Убагында сатиралык бутасына тийбеген юморлор өз касиетин жоготуп, ал жөн гана азуу көрсөтүп, тиш кайроо болуп калат. Төлөгөндүн тарткан шарж, карикатуралары өзүнчө талдоону талап кылаары бышык. Тарткандары белгилүү саясатчыларбы, адабият, искусство калемдеш ага- инилери болобу - алардын сен сезбеген, "бырс" эттирме бир балээ ракурстарды таап чыгат. Ичиңден бир бышкырып аласың. Төлөгөн өзү бир мүнөз, түнт, оозеки тилде көп сүйлөбөгөн сөзгө сараң жигит. Санынан эт кесип алсаң да кың дебейт. Кыязы, кой тукумунан го. Көрсө "жооштон жоон чыгат" деген ушулбу деп да кетем.
Мен жөн гана чыгармачы­лыгыңды аздектеп окуган агаң иретинде чакан ой туюмдарымды айтууга аракет кылдым. Терезе тиктейм, эшикте жаз, элдер жеңил кийинип көчөдө көйрөңдөнүп жүрүшөт. Күн жылыды, гүл менен кошо күлкү да чыгып, чыгармачылык түшүмүң мол болооруна ишеним чоң.
Асты, артыңда киши жок,
Азыр сага тең келген.
Угутуң күч билемин,
Уу коргошундай демдеген.
Баарлашарбыз калганын
"Бака чардак" жерлерден! - деп агаң мен!

Жолочу Рысбаев
Редакциядан: 1-апрель Күлкү күнүнө карата 30-мартта Кимбайкенин чыгармачылык кечеси өтөт. Анда Келдибек Ниязов баш болгон куудулдар Кимбайкенин юморлорун окуп, Курмангазынын атактуу квартети музыка ойноп, Кимбайке тарткан шарж менен карикатуралардын көргөзмөсу болот. Кызыктын баары алдыда.





Айгүлтоонун аңызы жана... Ала-Арча көрүстөнүндө

Кечке жамгыр жаады. Кечке китеп окудум. Бу дүйнөдө айгүл деген гүл бар экенин биринчи ирет ушул кишинин аңгемесин окугандан кийин билгем. Ошондон тартып, айгүлдөрдү көргүм келчү. Ушул жылы апрелде Баткен өрөөнүндө болуп, айгүлдү көрдүм. Сыладым гүлдөрдү алаканым менен. Шүүдүрүмдүү шиберди кечтим. Шыбактарды жыттадым. Ошондо көз алдымда турду айгүлдү сүрөттөп жазган киши. Унутулган сокмо жолду, байчечекти, эки ирет гүлдөгөн алмаларды, дарыялардын шоокумун, кыштакчаны жазган киши. Айгүлтоонун боорунда туруп, төмөндө созулуп жаткан көк жашыл талааларды тиктедим. Талааларды кесип машине өткөн чоң жол, ага кошулган, андан бөлүнгөн, ийреңдеген бир таман жолдор... Көп кездер, көп доорлор, көп аптап, көп жамгыр-кар өткөн жолдор. Качандыр бир кездерде Ал да чоң жол менен машинеде, автобуста өткөндүр. Түшүп калгандыр бир бурулуштан, бир кайрылыштан. Жөө баскандыр жалгыз аяк жолдор менен, качандыр бир...
Өзү жок, Сөзү бар.
Жаңылып-жазбай жашоо өтө кыйын. Жашоону жасалмасыз жазуу, сүрөттөө иши андан да кыйын. Жазуучу Мурза Гапаров жашоодо өйдө-төмөн, ийри-буйру жол кезип, ал жолдо кездештирген Сулуулук менен Актыкты, ак, сулуу жазды. Ошентип тазаланды жолдо жуккан чаң-чуңдан, кирден. Анын жазгандарын окуп, биз тазаландык.
Арабыздан кеткенине бир жыл болду.
Кечке жамгыр жаады, кечке жазуучунун китебин окудум.

Май 2003.

Ушинтип жазыпмын тогуз жыл мурда. Бүгүн барып келдим Ала-Арча көрүстөнүндөгү бейитине. Адаттагыдай жайпак идишке салынып, өндүрүлгөн буудай турат жашылданып. Жыл сайын 21-мартта Алыкулга барганымда, ага да кайрыла кетмей адатым бар. Акыркы эки жылы келбей калган элем. Алыкулдун бейитинде өскөн өрүк кыйылып калыптыр. Кай бир жылдары бу маалда, бейиттердин арасында жаздын алгачкы жапайы майда көк-сары гүлдөрү жайнап чыгып калаар эле. Быйыл чыга элек экен. Кыш менен кар биздин жерден жаңы эле кол үзбөдүбү. Бейиттерди жандап бастым, аралап бастым. Алыкул, Байдылда, Мурза, Салижан... О дагы канчалаган асылдар, жашылдар, көздөр, көңүлдөр, кырлар, кыйырлар, беттегенин бербеген бектер, лөктөр жатат бу жерде. О оңбогон, болбогон, опурак, топурак дүйнө!
25.03.12


Сагын Акматбекова




"Dе-факто" гезити чакырат!

Келиңиз, муз үстүндө чимирилип чогуу коньки тебели!


Бишкектеги шаардык муз аянтчада Нооруз майрамына карата Кыргызстандын мыкты фигуристтеринин биринчилиги өтүүдө. 31-мартта жыйынтыкталат. Ошол күнү Кыргызстандын мыкты фигуристтеринин муз үстүндөгү өнөрүн көрүү жана сыйлык тапшыруу салтанаты болмокчу. Ал иш-чарадан кийин "Dе-факто" гезити саламаттыкты чыңдоону жана дене тарбияны пропагандалоо максатында чогуу муз аянтчага чыгып коньки тебүүгө чакырууда. Коньки тебүүгө экс-президент Роза Отунбаева айым баш болгон белгилүү саясатчылар, атактуу артисттер жана ырчылар катышмакчы.
Келиңиз, чогуу муз үстүндө чимирилип коньки тебели! Аракечтик күч алып аткан коомубузга спортту жайылтсак жаманбы?? Совет убагында лыжа менен коньки тээп, дене тарбияга катуу маани берилип келген. Азыр ошону жандандыруу керек. Кубандырганы, Бишкекте улам бир жерде муз аянтчасы ачылып, элдин кызыгуусу артып баратат. 31-мартта коньки тепкенди билбеген саясатчылар, депутаттар жана башка атактуу адамдарды да чакырып атабыз, Шаардык муз аянттын тренерлери аларга ошол жерден баса калып үйрөтүшөт. Ушундай!





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-март, 2012-жыл






??.??