"Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй"



Дөө-шаа актерубуз Сүймөнкул Чокморовдун элесине арналган "Кереметке жанашуу" аттуу китеп-фотоальбом жарыкка чыкты. Китептин автору - Жолдошбек Сулайманов. Ал орус тилинде жазылган "Избранное" ырлар жыйнагынын, "Не летают птицы над Каабой" повестинин, "Великий исход мест Моисея" романын, белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергеновдун элесине арналган "Вся жизнь - трюк" деп аталган китеп-фотоальбомунун да автору. Автор алгач кыргыз киносунун 70 жылдыгына карата Болот Бейшеналиев, Советбек Жумадылов, Таттыбүбү Турсунбаева өңдүү жети залкар актердун элесине арналган китеп-фотоальбомдорду жарыкка чыгарууну көздөгөн. Ошентип, алгач эң жүрөгүнө жакыны, кыргыздын жүзүн элестеткен Сүймөнкул Чокморов тууралуу фотоальбом жарыкка чыкты. Бул булактын көзүн ачкандай жакшы ишке сүрөттөрдү табышуу жагынан "Сүймөнкул Чокморов" аттуу фонд, мамлекеттик борбордук кинофотофонодокументтер архиви, Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" студиясы көмөктөшсө, финансы жагынан CAAS компаниясынын директору Азиз Исмаилов жана генерал-майор Артур Медетбеков көмөктөшкөн.


Ашыктыктын азабын тарткан жигит
"Кызыл алма" фильминдеги ирмем. Бул фильмде кайталангыс таланттар Сүймөнкул менен Таттыбүбү керемет эпизод жаратып кетишкен. Канча көрсөк да бул фильм тажатпайт. Эскирбейт. Бейтааныш сулууга ашык болуп, анын элесин сүрөткө түшүрүп олтурат. Ашыктыктын азабын тарткан жигиттин элеси.


Болот менен Айтургандын жанында
Үч залкардын тең жапжаш кездери "Ысык-көлдүн кызгалдактары" фильмине тартылуу учурунан. Болот менен Айтургандын көздөрүндө сүйүү. А Сүймөнкул ага алардын сүйүүлөрүнүн күбөсүндөй. Ачык асман астында, улуу тоолордун арасында турушат.


Сүрөтчү
Сүймөнкул ага улуу актердой эле улуу сүрөтчү эле. Жүрөгүндөгү болгон нерсени сүрөттөн чыгарчу. Ооруп жүргөн учурунда сүрөт аны алаксытып, дабагери болчу. Сүймөнкул аганын ар бир сүрөтү биз үчүн баалуу.


Саякбай менен Сүймөнкул
Сүймөнкул ага Саякбай манасчы тууралуу сөз боло калганда манасчы менен жолугушуусун "Менин турмушумдагы эң улуу жолугушуу" деп айтчу экен. Ал учур "Манасты" унуткан маңкуртчулук доор эле. Бирок бүткүл тулку-бою кыргызым деген актер Манасты жүрөгү менен берилип укчу. Өмүрү өткөнчө жүрөгүндө, көз алдында Манастын элеси жашады.


"Улан"
Чокморов ар бир образды ийнине жеткире аткарчу. Ошол учурда ар бир үй-бүлөдө кездешчү, үй-бүлөсүнүн жүрөгүн зыркыратчу мас адамдын образын казак актрисасы Наталья Аринбасарованын жанында эң сонун келтирген.


Кыргыздын "Мадонна Литтасы"
"Эне менен ымыркай". Бул сүрөттү карап олтурсаң, эч качан эскирбеген Леонардо да Винчинин миллиондогон адамдардын жүрөгүнө жылуулук тартуулаган сыйкырлуу "Мадонна Литтасы" эске түшөт. Сүймөнкул Чокморовдун бул сүрөтү да эл арасында кыргыздын "Мадонна Литтасы" деп айтылып келет. Бул сурөттө Сүймөнкул аганын жубайы Салима эже менен тун уулу Бактыгулдун ымыркай кези. Эне менен ымыркай. Мындай бийиктиктин чегине жеткен сүрөттөр чындыгында жокко эсе.


Даярдаган Жамиля Таштанбекова

P.S. Кийинки сандарыбызда Чокморовдун альбомун барактаганды улантабыз.






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-март, 2012-жыл






??.??