presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Мисир АШЫРКУЛОВ, коомдук ишмер:

"Акаевдер айрым адамдарга акча берип, Кыргызстанга келгенге аракет кылып жатышат"



Мисир Ашыркуловду убагында тунгуч президенттин "дос-секретары" деп тергешчү. Бирок, Акаев бийлигинин акыркы жылдары экөөнүн мамилеси келишпей, эки жээкке бөлүнүп калышкан. Өткөн жумада тунгуч президент Аскар Акаевдин тактан кулаганына 7 жыл толду. Ушул убакка чейин Мисир Ашыркулов мамлекеттен сырт жүрүп, президенттик шайлоо астында гана кайтып келди.


- Мисир Ашыркулович, узак жылдар бою саясат айдыңында көрүнбөй кайда жүрдүңүз? Москвада жашайт деп уктук эле, ал жакта иштедиңизби?
- Москвада жашаганым ырас. Бирок, расмий эч жерде иштеген жокмун. Ал үчүн Россиянын жараны болушуң керек. Көз карандысыз эксперт болуп жүрдүм.
- Эмнеге саясатка аралашпай, өзүңүздү окчун кармап атасыз? Президенттик шайлоого катышат деген маалымат тарап, кайра тынчып калдыңыз?
- Президенттик шайлоого катышайын деп ойлогом. Бирок, элдин маанайын көргөн соң, ал ниетимен баш тарттым. Тагыраак айтканда, мамлекет тынчтыгы, элдин биримдиги үчүн талапкерлигимди алып салдым. Азыр президент да, өкмөт да жаңы иштей баштады. Убакыт берели. Туура эмес жолго түшүп баратса айтып, туура иштесе көмөктөшүп турганыбыз оң го.
- Өткөн жумада Акаев режиминин кулаганына 7 жыл толду. Сиз бир кезде ал кишинин оң колу элеңиз, "дос-секретарь" деп да тергешчү эле. Бирок, акыркы жылдары кол үзүшүп кеттиңер. Ага эмне себеп болгон?
- Аскар Акаев экөөбүз студент кезден чогуу жүрдүк. Жаш кезинде жөнөкөй, сыпайы жигит болчу. Бирөөгө акча берсе, ошону сурай алчу эмес тартынып. Мен барып өндүрүп берчүмүн. Колу ачык, барпалаңдап турчу. Өкүнүчтүүсү, адамды бийлик менен бекер байлык бузат экен. Аскар такка олтургандан кийин өзгөрүп кетти. Өз чөнтөгүн биринчи орунга коюп, элди ойлобой калды. Адам дүнүйөгө тойбосун мен ушу Аскардан улам билдим. Качан барбайын "тиги баламдын эч нерсеси жок, бул балам жылаңач жүрөт" деп наалып олтурчу.
- Акаевди Бирштейн аттуу адам коррупцияга үйрөтүп, Кумтөр аферасы ошондон башталган дешет. Сиз досу катары ошол кезде эмнеге алардан коргогон жок элеңиз?
- "Кумтөр" таржымалын айтсам, өзүнчө чоң сөз. Эгер кен таза иштегенде мурун эле экономиканы оңдоп алмакпыз. Бирок, Аскардын "эмгеги" менен кыргыздын байлыгы сыртка ташылып, итке миндик. Бирштейн мага бир көргөндө эле жаккан эмес. Израилге союз кулаар алдында эле кеткен неме экен. Кыска убакытта кантип акчалуу боло калды деп шектендим. Аскарга айтсам, "аялы экөө сүрөт чапталган футболка сатып байыптыр" деп укпай койду. Кийин мен кооптонгондой эле болду. Бирштейнден жегенди үйрөнүп алып, Майрам Акаева чиновник, бизнесмен, айтор төбөсү көрүнгөндүн баарына салык салып жүрдү. Президенттик администрацияны жетектеп турган кезимде, мага өтө ишенимдүү кишисин жибериптир. Колунда кагазы бар, карасам, бир топ фамилия жазылыптыр. Менин аты-жөнүмдүн тушунда 250 миң доллар деп турат. "Бул эмне?" десем, Акаевдин портретин көргөзүп, "шефке керек" деди. "Мага бул акчаны табыш оңой. Эртең эле губернаторлорго айтсам таап беришет. Бирок, алар өз чөнтөгүнөн чыгарбайт. Аким, айыл өкмөттөрдү кыйнайт. Алар болсо элди сорот. Коррупцияны ушинтип өзүңөр баштап атпайсыңарбы" десем, кеткен. Эртеси күнү "сиз жөн эле коюңуз, бирок булардан чогултуп бериңиз" деп мен жакшы тааныган белгилүү адамдардын тизмесин алып кайра келди. Анан ачуум менен аябай тилдеп, жолго салдым. Ортодогу мамиленин бузулушуна ошондой нерселер себеп болгон.
- Эми 24-марттын тушунда сүйлөшүп калдык. Аскар Акаев куулган күн… Ал революциянын болушуна аялынын салымы зор да. Бир гана мисал - кадр маселесин Майрам Акаева өзү чеччү дешет?
- Албетте. Майрамга жаккан киши гана жогорку кызматка дайындалчу. Жобо боюнча кызмат жөнүндө буйрукка президент акыркы болуп кол коюшу керек болсо, бизде тескерисинче эле. Майрам үйдөн даярдап берген указдарга президент кол коюп, анан аппаратка алып келчү. Мен администрация жетекчиси болуп турганда, ошондой буйруктардын далайына кол койгондон баш тарткам. Президент кол койгон соң кажети канча деп. Бир гана Николай Танаевди Архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчиси кылып дайындаганда, кол коюп бергем. Кайра-кайра айттырып туруп алды. Ага чейин Танаев теннис боюнча машыктыруучусу эле. Анан эле вице-премьер, премьер-министр кылып көтөрүп жиберди. Ушундай адамдар акыры түбүнө жетти. Болбосо, бизге жаңы муун керектигин көп эле жолу эскерткем. Бизнес-мектепте иштеп турган кезимде, чет өлкөдөн бүтүп келген канча деген билимдүү, таланттуу жаштарды сунуш кылдым. Бүгүн "макул" дейт да, эртең башка бирөөнү дайындап коет. Бир ирет "премьерге эл нааразы экен, чынында начар иштеп жатат" десем, "мага күчтүүсүнүн эмне кереги бар?" деп жатпайбы. Ошондо билдим ичинин тарын. Менден өткөн мыкты болбосун дечү көрүнөт.
- Сизди канайым менен мамилени бузуп алып, кызматтан кеткен дешет го…
- Дооронбек Садырбаев менен мамилем жакшы болчу да. Бир жолу жумушта олтурсам, Майрам чалып, "Дооронбек мындай-андай, сен минтип" деп аңкылдай баштады. Ошондо ачуум менен катуу бир сөз айттым да, трубканы коюп салдым. Жанымда арызым дайыма жүрчү, аны Аскардын кабылдамасына таштап, чыгып кеттим. Эртеси секретаршасы "келе калыңыз, шеф күтүп атат" деп чалды. Барсам, тизмеден чийдирип салыптыр, Акүйгө киргизбей коюшту. Кудай жалгасын деп кетип калдым. Үйгө жеткенде секретаршасы дагы чалды. Киргизбей койгонун айтсам, "келе бериңиз" деп болбойт. Барсам, Аскар "шашып айтып жибериптир да, ордуңда иштей бер" деп күнөөнү Накен Касиевге оодарып, жайгарып койду.
- Анан иштеп калдыңыз?
- Үй-бүлөсү ошондой план түзүптүр. "Муну шайлоо өткөнчө пайдаланалы. Кокус, Москвага кетип калса, ал жактагылар бизди колдобой коет" деп ич ара сүйлөшкөн экен. 2002-жылы Б. Ельцин келди. Аны тосуп, Чолпон-Атага алып бардык. Майрам жанымда олтуруп алып, жеткиче "иштешели" деп аябай өтүндү. Көрсө, 2005-жылкы шайлоого тымызын даярдана баштаптыр. Осмонакун Ибрагимовдун "канайым" деп атаганы бекеринен эмес экен. Бирок, ошол жылы тымызын сурамжылоо жүргүзүп, эл арасында Майрамдын рейтинги төмөн экенин билишет. Ошондон кийин кайра Аскарды түртмөлөп калышкан. Анан мага Болот Жанузаков менен Алтай Бөрүбаев келип жүрүштү. "Акаевди калтыралы, акча керек болсо каалашыңча ал, команда түз" деп канча суранышты. Мен Башмыйзамда андай жазылган эмес деп, көнбөй койдум.

(Уландысы 14-бетте)











??.??
about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-март, 2012-жыл

Барактар