presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Роза ОТУНБАЕВА, КРнын мурунку президенти:

"Ошолордун катарына кыргыздын бир кызы кошулуп калса, биздин аброюбуз көкөлөйт да"


- Роза айым, фонд ачканыңыздан кабарыбыз бар, бул фонд кандай максаттарды көздөйт?
- "Роза Отунбаеванын демилгеси" аттуу эл аралык коомдук фондду декабрда каттоодон өткөрүп, бир нече долбоорлорду даярдадык. Марттын аягында бир топ долбоорлор ишке киргени турат. Эч жерден бир да тыйын каражат ала элекпиз, өзүбүздүн эле энтузиазм менен иш алып баруудабыз. Билим берүү, маданият, экологиялык маселелерге багытталган долбоорлордун үстүндө иштеп жатабыз. Бул долбоорлор Кыргызстандын өнүгүүсүнө, коомдун жакшы калыптануусуна салым кошсо деп үмүттөнүп жатабыз. Ошондой эле жакырчылыкты жоюу, жаңы социалдык технологияларды, өзгөчө информациялык технологияларды биздин турмушка алып келүү - булар да биздин фонддун күн тартибинде бар.
- 29-мартта сиз түзгөн фонддун алгачкы иш-чарасы катары бизнес-ланч өтөөрү тууралуу кабарыбыз бар. Ал кандай иш чара?
- Кыргызстан Азия континентинде жайгашып, 20 жылдын ичинде бир топ Чыгыш өлкөлөрү менен алака түзүп, ал жактарга барып-келип жүрөбүз. Бирок чынында Азия өлкөлөрү, алардын элдеринин, ишкерлеринин мүнөзү тууралуу, алар менен кандайча бизнес кылуу керектигин, кандай иш алып барууну билбейбиз. 29-мартта ай сайын өтө турган "Discover Asia" ("Өзүң үчүн Азияны ач") деген форумду ачканы турабыз. Ар бир айда Азиянын бир өлкөсү тууралуу талкуулайбыз. Биринчисин Бангладеш менен ачып атабыз. Андан кийин Кытай, Япония, Индия болуп кете берет. Негизинен бул форум бизнес коомчулукка багытталган. Ошол өлкөлөрдөн ишкерлерди, эксперттерди чакырабыз, бул жердеги элчиликтердин кызматкерлери, биздин белгилүү такшалган эксперттер менен биргеликте эки тараптын бизнес перспективаларын талкуулап, жолдорун издейбиз.
- Эмне үчүн Бангладештен баштап отурасыздар?
- Ал жакка жакында Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен бир топ микрокредиттик уюмдарды алып барып келдим. Бул өлкөдөн биз үйрөнө турган көп нерсе бар экен. Бангладештин 165 млн. калкы бар, аянты болсо 144 миң чарчы километр, демек, Кыргызстандын жеринен аз аянтты ээлейт. Ал эми калкынын саны боюнча Россиянын калкынан 13 миллионго көп. Калктын жыштыгы боюнча дүйнөдөгү бешинчи өлкө болуп эсептелет. Бул өлкөдө жаратылыш ресурсу такыр жок, таза суу деген чоң көйгөй бар. Бизде болсо кен-байлык деген толтура, мөңгүдөн түшкөн таза сууну ичип отурабыз. Ресурсу жок болгонуна карабай, Бангладеш дүйнө жүзүндө экономикасынын көлөмү боюнча 44-орунду ээлейт. Эксперттер дүйнөдөгү өлкөлөрдү өнүгүп атканына жараша ар түрдүү топторго бөлүп коюшкан. Эң эле тез өнүгүп жаткандарды БРИК деп аташат (Бразилия, Россия, Индия жана Кытай). Андан кийинки топту "Некст элевен" (NEXT ELEVEN) - "Эмки он бир": бул катарга эли көп, экономикасы тез өсүп жаткан өлкөлөр - Индонезия, Түркия, Филиппин, Мексика, Вьетнам сыяктуулар менен катар Бангладеш да кирет экен. Биз буга чейин Советтер Союзунун курамында жүргөндө Бангладеш дегенде өйдөдөн төмөн карачу элек, ошол көз караш кийин деле кала берген экен. А чынында ошол "Эмки он бирдин" ичине Казакстан, Украина кирбейт. Дүйнөлүк соода уюмунун маалыматы боюнча кийим экспорттоо жагынан Бангладеш дүйнөдөгү төртүнчү орунда турат экен. Биз деле Россияга кийим экспорттоп атабыз, бул жакшы нерсе, бирок Бангладеш дүйнөлүк стандарттагы кийимдердин көлөмү боюнча АКШга үчүнчү өлкө катары, Европага - биринчи орунда болуп чыгарат экен. Индия, Пакистан, Бангладеш Улуу Британиянын колониясынан боштондукка чыгып, кийин дагы бөлүнүп кетишет. 1971-жылы Бангладеш деген өлкө түзүлөт. Бенгал тилинен алганда "бенгалдардын өлкөсү" болуп которулат. Жаңы бөлүнгөндө бул өлкөгө жугуштуу оорулардын эпидемиясы жайылып, суу каптап, ачарчылык болуп, саясый стабилдүүлүк жок, удаа-удаа аскер төнкөрүштөр элин эзип-кыйнап, көптөгөн кыйынчылыктарды баштан кечиришиптир. Андан бери 40 жыл өтүп, чыйралып, бел бууп, жакырчылык менен тынбай күнү-түнү алышып, бутуна туруп келе жаткан мамлекет экен. Өлкө боло албайт, чачырайт, жарабайт деген жаман божомолдорго карабай өсүп-өнүгүп кеткенине таң каласың. Кандай болбосун пессимисттик көз-караштарга, душмандардын каргыш сөздөрүнө моюн бербей, жаш өлкө алдыга жыла бериш керек деген ишенимге катуу ынанып келдим. Азыр деле көйгөйлөрү көп, жакырчылык өтө жогору, элинин 60%ы гана сабаттуу (Аларга салыштырмалуу бизде 95% элибиз сабаттуу да). Сүйлөшсөң, жакынкы арада орто жашаган өлкөлөрдүн катарына киребиз деп максат коюп атышат. Биз дагы ошондой стратегиялык максаттарды, алдыбызга мезгил ченемдүү планканы коюшубуз керек. Өзгөчө, мамлекет адам ресурстары менен комплекстүү , талбай иштеп, жакырчылык менен күрөшкөнүнө баа бердим.
- Кандай жолдор менен иштейт экен алар?
- Бизден 1 миллионго жакын адам сыртка чыгып кетип атат. Ошолордун баары иштеп, өзүн бакканы аз келгенсип, үйбүлөсүн багып, бюджетке акча түшүрүп атышат. Андан башка да жумушсуз жүргөн жаштарыбыз толтура. Мындай шартта тигүүчүлүк тармактын өнүгүүсү чоң үмүт жаратат. Азыр бизде 300 миң адамды жеңил өнөржайы жумуш менен камсыз кылып атат. Эксперттердин сыноосу боюнча бул тармактын потенциалы бизде кенен. Демек, биз ушул тармакка дагы көп жаштарды тартышыбыз керек. Мен жаңы эле Талас облусуна барып келдим, ал жерде 100дөн ашык мектептер бар. Ошол мектептерди четинен тигүүчү машинелер менен камсыз кыла баштасак, кыздарыбызды профессионалдык деңгээлде тигүүгө үйрөтүшүбүз керек. Дакка шаарында тигип-токуу өндүрүштөрүндө жалаң эле кыздар эмес, улан-жигиттердин да арбын экенин көрдүм. Мектепти аяктагандан кийин, каалабаса, кыздар башка кесипти аркалап кете берсин, кол өнөрчүлүк өнөр катары баары бир кала берет да, мунун зыяны жок. Губернатор менен да сүйлөштүм, Бишкектеги жакшы өндүрүш ишканалары менен келишим түзүп алып, кийин окуучуларды жиберүүгө эмнеге болбосун? Же болбосо облустун көп жерлеринде бош жайлары бар. Ал жерде тигүү өндүрүштөрүн ачып, аларга экспортко чыгарып жаткан Бишкектеги ишканалар элге өтө турган товарларды тигүү боюнча заказ берип турса, кадр даярдоо жагынан да, жумуш орундар менен камсыздоо жагынан да көп маселелер чечилет эле. Бангладеш Дүйнөлүк Банктан насыя алып, 300 миң кызды тигүүчүлүккө үйрөткөн долбоорду жаңы эле ишке ашыра баштаптыр. Биз Бажы союзуна киребиз деп атпайбызбы, киргенге чейин ошентип көп даярдыкты алдын-ала көрүш керек деп ойлойм.
- Бангладешке микрофинансылык уюмдардын тажрыйбасы боюнча барып, эмне көрүп, эмнени үйрөнүп келдиңиздер?
- Жакырчылык алардын кекиртегине, намысына тийгенден улам тынымсыз иштеп келе жатышат. Микрокредит ушул өлкөдөн башталган. Мухаммед Юнус деген окумуштуу экономист бул эмгеги үчүн өзү түзгөн Грамин (Айылдык) Банк менен бирге 2006-жылы Нобель сыйлыгына ээ болушту. Профессор Юнус иштеп чыккан микрокредит формуласы азыр дүйнөнүн 6 континентиндеги 100 өлкөгө жайылган. Жалаң эле кедей өлкөлөрдө эмес, өнүккөн мамлекеттерде да - АКШ, Нидерланды, Испания, Чыгыш жана Борбор Европа, Россия өлкөлөрүндө. Кыргызстанда коммерциялык банктардын кредиттик портфелинин көлөмү 30 млрд сом болсо, микро каржылоо уюмдардын көлөмү 15 млрд сомго чейин жетти. Бул каражат биздин экономиканын салмактуу бөлүгүн түзөт. 350гө жакын ар типтеги микрокредиттик уюмдарыбыз бар. Ошол уюмдардан бизде жалпысынан 450 миң адам насыя алса, Тажикстанда 100 миң адам микрокредит алат экен. Бул чакан насыялар ар ким өзүнө жумуш орунун түзүүсүнө жардам берет. Уч катар-катар берилген кредит болсо бир туруктуу жумушчу орунду түзөт. Азыркы учурда Кыргызстанда өнүгүүгө, микрокредитке муктаж адамдардын 10 эле пайызын камсыз кылып атабыз. Бангладеште болсо 75% элин микрокредит менен камсыз кылышат, демек, биз бул көрсөткүчтү дагы көбөйтүүбүз зарыл. Биздин микрокредиттик уюмдардын жетекчилери ал жактагылардын иштегенин көрүп, өздөрү менен салыштырып, дагы бир жолу көздөрү ачылып келди.
- Ошол эле учурда бизде микрокредит алып, үй-мүлкүн тарткызып, жабыркагандар көп да?..
- Ооба, мындай учурлар жок эмес, бар. Эмне себептен ушундай болуп атат? Анткени, бизде микрофинансылык уюмдар - коммерциялык ишканалар. Булар өкмөткө 12% НДС төлөшөт. Бул акча жеке адамга берилип жаткан насыянын куржунуна таш салып бергендей эле болот. Экономикабыз акыркы жылдары стабилдүү боло албай, коркунучтар жогору деп микрофинансылык уюмдар өзүнүн насыяларынын үстөктүк пайызын орто ченемде 38%, кээ бирлери 50%гө чейин чыгарып жиберишкен. Үстөк пайызы төмөн болсун деп көп уюмдарда насыяны алган адамдын макулдугу менен күрөө талап кылышат экен. Эске салып коюш керек, эң алгач микрокредит - бул күрөөсуз насыя. Жакыр аялдарды кедейликтен чыгарганга шарт түзөт деп иштелип чыккан. Мухаммад Юнус "Насыя - бул адамдын укугу. Адам жакыр болуп төрөлсө, анын жашоого мүмкүнчүлүгү жок болуш керекпи? Булар деле колунда акча болсо бир иш кылып үйрөнөт да. Буларга мүмкүнчүлүк түзүп бериш керек" деп 1976-жылы бул ишти баштаган. Азыр алар микрокредитти адам өз бутуна турсун деп кайырчыларга да берет экен.
Бир топ аты жок, бирок билегин жогору түргөн микрофинансылык уюмдар жакыр адамдардын эсебинен сүткордук ишмердүүлүк жасап жүрүшөт. Негизинен алар контролсуз болуп, бай адамдардын акчасын иштетип-айлантып тез акча жасаганга жулунушат. Бул боюнча өкмөт экономиканы стабилдүү абалга келтирип, Улуттук Банк булардын ишин тыкыр контролго алып, кредиттердин үстөктүк пайызын төмөндөтүү жолдорун иштеп табышы абзел. Бул жерде так айтып коюшум керек, биздин Фонд микрокредиттик операциядарды жасабайт, бул проблеманын коомго чоң мааниси жана таасири бар экендиги үчүн мен буга кийлигишип, билгенимди айтып, жаңы тажрыйбаларды алып келгенге көмөк жасайын деген эле ниетим бар.

(Уландысы 11-бетте)










??.??
about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-март, 2012-жыл

Барактар