presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргызстан качан өзүнүн мунайын
жана газын колдоно баштайт?

Биздин автор
Касым Исманов - акылын, күчүн, жаштыгын мунай өндүрүшүнө арнаган Кыргызстандагы бирден-бир күчтүү өндүрүшчү адис. 1955-жылы Сузак районунун Үлгү айылында төрөлгөн. 26 жашында Фрунзедеги Политехникалык институтун бүтүрүп, инженер-механик кесибине ээ болгон. Алгачкы иш жолун ушул эле институтта кенже илимий кызматкер болуудан баштаган. 90-жылдардан тартып Жалал-Абад облусунда ар кандай мамлекеттик кызматтарда иштеген. Легендарлуу парламенттин экс-депутаты. Кезинде Жалал-Абад жана Каракол шаарларынын мэри, "Кыргызнефтегаз" ишканасынын жетекчиси болуп иштеген. Орусиянын Илимдер академиясында экономика боюнча кандидаттыгын жактаган. Учурда коомдук ишмер, "БиГипс" ЖЧКнын башкы директору.


Мунай өндүрүшүнүн бүгүнкү абалы

Кыргызстандын нефтиге болгон бир жылдык муктаждыгы - 1,5 млн тонна. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында чийки нефтини "Кыргызнефтегаз" ("КНГ") АКсы өндүрөт. 86,15% акциясы мамлекетке таандык болгон бул ишкана жылына 80 000 тонна гана мунай чыгарат. Ушул эле ишкана бир жылда 30 млн3 газ өндүрөт. Бул бир жылдык муктаждыктын 2%ын гана түзөт. Республиканын түштүгүндө өндүрүлгөн чийки нефтини Жалал-Абаддагы нефти иштетүүчү "Кыргыз Петролеум Компани" ("КПК") заводу иштетип чыгарат. Заводдун 50% акциясы мамлекетке, калган 50% акциясы чет элдик "Петрофак" компаниясына таандык. "Кыргызнефтегаз" ишканасы жана "Кыргыз Петролеум Компани" заводунун өндүргөн продукциясы нефти рыногунда ээлеген үлүшү төмөндөгүдөй:
Чийки нефти - 10%, А-76 маркасындагы бензин - 15%, солярка - 16%, М-100 маркасындагы мазут - 18%.

Мунай запасыбыз канча?

Кыргызстанда 300 млн тоннадан ашуун болжолдонуп бааланган нефтинин запасы бар. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын территориясында 10дон ашуун нефти жана газ кендери иштетилип жатат. Бул аймактагы нефтинин геологиялык запасы 90 млн тоннаны түзөт. Геологиялык жана минералдык ресурстар агенттиги тарабынан Көгарт, Шамалдысай, Алай, Баткен, Базар-Коргон, Лейлек, Майлуу-Суу жергелериндеги 22 участкада геологиялык-чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензия берилген. Бирок, Алай өрөөнүндө гана эки жерде кытайлык "Аньбах" жана британдык "Жибек Ресурсед Пи Эл Си" компаниялары чалгындоо иштерин жүргүзүүдө. Кечээ жакында эле азербайжандык "SOCAR" нефти компаниясы Кыргызстанга инвестор катары келди. Азырынча, Чүйдөгү нефти запастарын иштетет өңдөнөт. Анткени, Кант шаарындагы "Чыгыш" нефти иштетүүчү заводу жылына 200-300 миң тонна чийки нефтини иштеп чыгаруучу кубаттуулукка ээ.

"Шапке сурамай" деген ит оору инвесторлорду үркүтүүдө

Тилекке каршы, биздеги нефти жатактары төмөнкү катмарда жайгашып, андан нефти өндүрүү абдан машакаттуу. Иш башында көптөгөн чыгымдарды талап кылганы үчүн көптөгөн чет элдик компаниялар Кыргызстанга келгиси келбейт. Бул - бир. Экинчиден, туруксуз саясий кырдаал, эки жылын алдыга ойлоно албаган экономика, анан "шапке сурамай" деген ит оорубуз инвестор калкын үркүтүүдө. Болбосо, атамекендик нефтини коңшу өлкөлөргө экспорттобосок дагы, аларга көз каранды болбой, өлкөнүн күйүүчү майларга болгон ички муктаждыгын чечүү колдон келмек. Мисалы, "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасына таандык "Майлуу-Суу-4-Чыгыш Избаскент" аттуу нефти кени бар. Ал жерде казып алууга ыңгайлуу 5 млн тонна нефти запасы бар. Бул кенде азыр бир скважинадан суткасына 1 тонна гана нефти казылып алынат. Майлуу-Суудагы нефти кенин толук кандуу иштетип, жылына 500 миң тонна нефти өндүрүүнү кааласак, анда кеминде 300гө жакын эксплуатациялык (нефти казылып аткан - авт.) скважина орнотуу зарыл болот. Арийне, мындай ири долбоорго 150 млн доллардан ашуун каражат сарпталары эсептелген. Убагында Кыргызстандагы нефти өндүрүшүнө ири каражат жумшоого макул болгон инвесторлор келди эле.
"Үй-бүлөлүк бизнестин" айынан кимдер качып кетти?

Алардын бири - дүйнөдөгү нефтигаз өндүрүүчү компаниялардын алгачкы ондугуна кирген кытайлык CNРС улуттук корпорациясы. 2001-жылы Пекинде Кыргыз Республикасынын өкмөтү CNРС корпорациясы менен кызматташуу келишимине кол койгон. Ага ылайык, кытайлык компания Кыргызстанга 150 млн доллар инвестиция алып келүүгө макулдугун берген. Бирок, биздеги бюрократизм, баарын чечкен "үй-бүлөлүк бизнестин" айынан кытайлык корпорация, "биз сиздерге акча алып келип атсак, кайра бизден акча сурайсыңар да" деп нааразы болушуп, келишимди аткаруудан баш тартышкан. Ошондо, "үй-бүлөлүк кландын" өкүлдөрү жең ичинен акча сурабаганда, азыр кытайлык компания жылына 300 миң тонна кыргыз нефтисин өндүрүп атмак. Айтмакчы, бул компания ошол жылдары эле Казакстанда нефти-газ кендерин иштетип жаткан. Алар бизге өзбек газынан эки эсе арзан баадагы газды да сунушташкан эле. Азыркы тапта кыргыз нефти рыногунда лидерлик позицияны ээлеген орусиялык "Газпром нефть Азия" компаниясы Кыргызстандагы нефти кендеринде геологиялык-чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн 3 млрд рубль инвестиция жумшайбыз деп жатышат. Былтыр жыл аягында "Газпром нефть Азия" компаниясынын жетекчиси А.Миллер президент Алмазбек Атамбаев менен жолукканда бул сөздү тастыктаган. Аталган компания жогоруда биз сөз кылган түштүктөгү "Көгарт" жана "Майлы-Суу-4" нефти кендерине чалгындоо иштерин жүргүзгөнү турат.

"Газпром нефть Азияны" алып келүүдөн мурда

Кудай буюрса, орусиялык компаниянын геологиялык-чалгындоо иштери ийгиликтүү аяктап, алар Кыргызстан көптөн күткөн атамекендик нефтини өндүрүп баштаган күнү дагы чечилүүсү зарыл болгон маселелер бар.
Биринчиси, атамекендик күйүүчү майлардын наркынын 33%ы нефти иштетүүчү "Кыргыз Петролеум Компани" заводунун кызматына төлөнөт.
Экинчиси, нефти өндүрүүчү жана нефти иштетүүчү мекемелердеги көзөмөл акциянын пакети мамлекеттин колунда турганына карабай, чаржайыт, эффектиси жок башкаруу өкүм сүрүүдө. Бул тармакта мамлекеттик рационалдуу саясаттын жоктугу инфляциялык процесстерге, жазгы-күзгү айдоо иштерине, дегеле өлкөнүн отун-энергетикалык коопсуздугуна терс таасирин тийгизип келет. А эффективдүү өндүрүштүк саясат үчүн мамлекеттик кызыкчылык, катуу тартип, катаал шарттар зарыл. Андыктан, нефти өндүрүүнү жана сырттан алып келүүнү жолго коюу үчүн төмөнкү механизмдерди сунуштайм.

Вертикалдык-интеграциялык башкаруу
Азыр бүткүл дүйнө жүзүндө, КМШда мамлекеттик ишканалар вертикалдык-интеграциялык башкаруу моделин, структурасын колдонуп башташты. Бул башкаруу модели ириде мамлекеттик же жеке менчик компаниялардагы коррупцияны ооздуктайт. Анткени, бир кол менен башкарууга өбөлгө түзүлөт. Алыс барбай эле өзүбүздүн энергетикалык тармакка токтололу. 2001-жылга чейин энергетика тармагынын бардык маселесин тейлеген, электр энергиясын өндүрүүдөн баштап, сатууга чейинки механизмдерди көзөмөлгө алган "Кыргыз-энергохолдинг" мамлекеттик ишканасы боло турган. Бул ишкана вертикалдык -интеграциялык башкаруу модели менен иштеп, мамлекетке пайда берчү, ал каражат менен убагында кичи ГЭСтер да салынган. Анан эле "Кыргыз-энергохолдинг" ишканасы бөлүштүрүү, үлөштүрүүчү компанияларга бөлүнгөндөн бери дебитордук карыздан башы чыкпай келет.
Нефти өндүрүшүндөгү алгачкы кадам - скважинанын долбоорун түзүү болуп эсептелет. Биз ал долбоорду Ташкенттеги илимий изилдөө институтунан даярдатып келебиз. А эмнеге Кыргызстанда эле даярдатууга болбойт? Андан сырткары бизде геологиялык-чалгындоо, бургулоо иштери өзүнчө, нефтини казып алуу жана аны кайра иштетүү, ташуу, эң соңунда сатуу иштери өз-өзүнчө жүргүзүлөт. Ал эми, орусиялык "Газпромнефть", "Роснефть", казакстандык "САМРУК-Казына Казакстан" компанияларында ушул иштердин баары бир колдо топтолгон. Ошондуктан, "Кыргызнефтегаз" жана "Кыргыз Петролеум Компани" ишканаларынын базасында бирдиктүү мамлекеттик ишкана түзүлүп, ага вертикалдык-интеграциялык башкаруу модели киргизилиши керек. Себеби, бардыгын иретке келтирген мамлекеттик башкаруу, рычаг керек. Келген инвестор да бир эле мамлекеттик ишкана менен иш алып баргыдай болсун. Эгер бул башкаруу моделин киргизсек, нефти өндүрүшүндөгү кармалуулар токтойт, ичтен өндүрүлгөн жана сырттан кирген нефти продуктуларынын баасы 20% төмөндөйт, күйүүчү май рыногунда туруктуу абал жаралат, мамлекеттин бул ишканадагы пайдасы жогорулайт, жазгы-күзгү айдап-себүү иштерине даярдык күчөйт, бара-бара өзүбүздүн нефти жатактарын иштетүүгө каражат топтолот, өлкөнүн бир жылдык күйүүчү майларга болгон муктаждыгынын 40%ын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Андыктан, нефти өндүрүшүндө бирдиктүү мамлекеттик ишкана түзүү - мезгилдин талабы десем туура болот. Энергетиктер деле кайрадан бирдиктүү мамлекеттик холдинг-ишкана түзүү сунушу менен чыгып жатышат. Демек, вертикалдык-интеграциялык башкаруу структурасы аларды да түйшөлтүп атса керек.

Касым Исманов,
нефти өндүрүшчү, экономика илимдеринин кандитаты










??.??
about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-март, 2012-жыл

Барактар