presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Алина ЖЕТИГЕНОВА, КРнын эмгек сиңирген артисти:

"Мени он жолу


ажыраштырып, кайра жараштырып эле жатышат"


- Алина эже, кайнене болгон кандай экен?
- Жакшы экен. Кызым Азел былтыр турмушка чыгып, Кубанычбек аттуу күйөө балалуу кылып кубантса, жакында неберелүү кылганы турат. Кош бойлуу, жетинчи айга кетти. Аман-эсен көз жарып алса экен деп күндө Кудайдан тилейм. Куда-кудагыйым Кыргызстанга белгилүү жубайлар - Жаныбек Чилетеров менен Анара Чилетерова. Анара "Жаш кыял" бийчилер тобунун жетекчиси. Кызымдын абдан түшүнүктүү кайненеге туш болгонуна сүйүнүп олтурам. Кызым дагы мактап эле оозунан түшүрбөйт. Алгач барганда көнө албай, үйдү сагынып ыйлаптыр. Азел бардыгына көнүп кетээрине ишенем. Себеби, кичинесинен эле тың болду. Сүрөттү жакшы тартчу, азыр деле тартат. 2-класста окуп жүргөндө күчүктүн сүрөтүн тартып, "апа, жашоодо эң ыйык адамымсың" деп жазып, белек кылган. Ал белегин аздектеп азыркыга чейин сактап жүрөм. Азел жаныбарларды, өзгөчө атты, итти, карышкырды жакшы көрөт.
- Азиз менен Азел сиздин кесипти улады. А кичүү улууңуз эмнеге шыктуу?
- Азиз ырчы, Азел бийчи болду. Азиз да, Азел киного да тартылган. Азиз "Бактылуу болгум келет" деген кинодо башкы каармандын ролун ойноду. Айтылуу режиссер Геннадий Базаровдун "Метаморфоза" деген тасмасына кызым экөөбүз французча ырдаган ырым менен капысынан түшүп калганбыз. Ал фильмдин башын мен баштап, аягын кызым Азел бүтүрөт. Былтыр эле бир киного тартылып жүрөм деген. Азиз болсо Мирбек Атабеков, Ильяз Абдыразаков үчөө "Санат" аттуу топ түзүшүп, бир аз убакыт иштешип, анан ар кимиси өз алдынча кетишти. Азиз азыр беш маал намазга жыгылат. Аны менен кошо чыгармачылыгын да алып кетүүдө. Чыгармачылыгымдын учугун улаган Азиз менен Азел болду. Көкүрөк күчүк уулум Алтынбек жолдошумдун жолун жолдоду. Алтынбек мектепте жакшы окуду, жалаң "5" деген баалар менен. Кичинесинде бир туруп "президент болом" десе, бир туруп "депутат болом" дечү. Келечекте бир чоң окумуштуу, профессор болот го деп турабыз. Мен гастролго көп чыгып кеткендигиме байланыштуу үч айынан баштап чоң ата, чоң апасынын колунда өстү. Алтынбек КУУнун 1-курсунда окуп жатат.
Чыгармачыл адамдарга келин болгондуктан, мени колдогондуктан ушул убакка чейин ырдап келем. Балдарымдын мээримдүү энеси, жолдошумдун сүйүктүү жарымын деп айта алам. "Жаш көрүнөсүң" деп калышат. Жашаруунун бирден бир дарысы - бир келген жашоону татыктуу жашоо. Жандүйнөң дайыма ырдап турса, жолдошуң, балдарың ойдогудай чыкса, кантип жашарбайсың.
- Жолдошуңуздун кесиби эмне? Кайда иштейт?
- Жолдошумдун аты Эржан. Кесиби юрист. Кесиби менен эле иштеп келатат. Азыр Бишкектеги банктын биринде эмгектенет. Чыгармачыл адамдардын баласы болгондон кийин чыгармачылыкты жакшы түшүнөт. Мени дайыма колдоп келет.
- Жолдошуңуз менен ажырашып, жакында жарашканыңыз чынбы?
- Мени он жолу ажыраштырып, кайра жараштырып эле жатышат. Үй-бүлө болгондон кийин, албетте, таарынышуу, жарашуу болот эмеспи. Бизде деле андай көрүнүштөр болуп калат. Экөөбүз бири-бирибизди сүйүп, сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Эржандын сүйүктүү жары, балдарымдын мээримдүү энесимин.
- Жолдошуңузду кызганчаак деп угабыз. Сизчи?
- Кызгануу бардык эле үй-бүлөдө бар болсо керек. Бири-бирибизди кызганабыз, бирок аша чаап кетпейбиз.
- Үйдө "финансы министри" ким?
- Бизде финансылык бюджетибиз ортодо турат. Керек учурда алып турабыз. Үй-бүлөм менен эл катары жашап жатабыз. Алдыга озуп кеткен жокпуз, артта калган жокпуз.
- Сыртыңыздан караганда ак колдой көрүнөсүз. Үйдөн жумуш кыласызбы?
- Баары ошентип ойлошот экен. Кир жууп, үй жыйнап, тамак жасайм. Ашканада мыкты айыммын. Таластыктар камырга жакынбыз го, ошондон улам камыр тамак көбүрөөк кылынат биздин үйдө. Ар бир улуттун тамактарына жасаганга аракет кылып, ашкана журналын көп карайм. Күнүгө ар түрдүү тамак жасаганды жактырам. Токуганды жакшы көрөм. Мурда байпак, мээлей, моюн орогучтарды көп токучумун, гастролдоп баратканда да жолдон токуп кете берчүмүн, а азыр сейрек токуп калдым.
- Аябай жоош көрүнөсүз. Ачуу­ланган учуруңуз болобу?
- Албетте, жиним келген учур болот. Бирок, мен аны башка бирөөдөн чыгарбайм. Бир нерсе кылып өзүмдү алаксытууга аракет кылам. Кекчил эмес, кечиримдүүмүн. Бирөө менен таарынышсам, аны бат эле унутуп коем. Турмушта ар кандай нерселер болот эмеспи. Аябай мага кеңеш керек болуп баратса, сиңдилерим Назира, Наргиза, Назгүлдү чакырып алам. Бир туугандарымдын бардыгы таланттуу. Назираны куудул катары жакшы билесиңер. Ал кичинекей кезинде эле "клоун болом" дей берчү. ­Оозуна сала бергенсип куудул болду. Анча-мынча куудулдук менде дагы бар экенин тели-теңтуштардан угуп калам. Алар менен отурганда анекдотту көп айтам. Анан алар "Назира сиңдиңден дагы ашат турбайсыңбы" деп калышат.
- Концертиңиз сейрек коюлат. Бул өзүңүздүн жеке каалооңузбу же демөөрчү жокпу?
- Негизи беш жылда бир отчеттук концерт бергенди жакшы көрөм. Бирок, ал жети жылга созулуп кетип, былтыр элиме, күйөрмандарыма концерт тартууладым. Мен негизи санына эмес, сапатына көңүл бурам. Албетте, демөөрчү керек. Менин демөөрчүм - бир туугандарым, жердештерим, күйөрмандарым.

Маектешкен
Назира СААЛИЕВА










??.??
about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-март, 2012-жыл

Барактар