presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Айжан Абдиева


Айгерим кокустан эле бир түшүнүксүз дабышты угуп, бөлмөсүнөн атып чыкты. Ашканага чуркап жетсе, Куба кожоюн көмкөрөсүнөн кулап жатыптыр. Чаңырып жиберди. Жүрөк дарты тууралуу укканы менен, минтип жалгыз калганда кармай элек болчу да. Араң эсин жыйып, нарыда дайым даяр турчу таблеткаларды мыкчыды. Куба кожоюндун көпкөк болуп карыша түшкөн оозун араң ачып, тилинин алдына салганга аракет кылып атты. Профессорду чакыр деп үйрөтүшпөдү беле. Кожоюндун дарыгеринин соткасын терип, тез келүүнү өтүндү. Эс-учун билбей кулап калганын айтып, башаламан эле телефондон кыйкырып жатты. Чынында врач абдан токтоо адам экен. Анын коңур, жайбаракат үнү Айгеримди эсине келтирип койду. Профессор бат эле кирип келди. Көрсө жакын жашайт тура.
- Бирдеме болду беле? Маанайы чөктү беле бүгүн?
- Билбейм, жанаарак бирөө келген, сүйлөшүп отурушкан.
- Ким келди эле?
- Билбейм.
- Эмнеге билбейсиз? Бирөө келип өлтуруп кетсе да көрбөй каласызбы? Бул адамдын ден-соолугуна башың менен жооп бересин. Ушуну түшүнө элексиңби?
Сиз деп аткан дарыгер бат эле ачууланып, кекетип сүйлөй баштаганда Айгерим калчылдап чыкты. Кайдагы балээге кабылгам деп ойлоду. Ушул үйдөн артын карабай качкысы келди. Куба кожоюн дары сайгандан кийин өңүнө кызыл жүгүрүп, дем алуусу да кадимкисине окшоп, Айгеримдин жүрөгү ылдыйлай тушту. Азыр эле өлүп калчудай, анан калса өзү өлтүрүп салгансып коркуп аткан. Профессор эртең менен эрте келерин эскертип, дарыларды кандай беришти бир сыйра айтып берип үйүнө кетти.
Айгерим болсо түнү менен Куба кожоюндун кашында отурду. Көз ирмеген жок. Таң агара баштаган маалда кожоюн көзүн ачты. Айгеримди көрүп, таң калып тиктеп калды:
- Эмне отурасың тиктеп?
- Кайтарып отурам.
- Кимди?
- Сизди.
Ушуну менен сөз да токтоду. Куба кожоюн сүйлөбөй көпкө жатты. Таң агарып бараткан эле. Айгерим болсо көзү жабышып, барып уктай бер деген сөзду күтүп отурду. Кожоюн болсо негедир ушул сөздү айтпай эле убакытты созо берди.
Кожоюн ушул мүнөттөрдө өзүн башкача сезип, өзүнө таң калып атты. Көзүн ачып, ушул караанды көргөндө чындап башкача болуп кетти. Адатта, жүрөгү кармагандан кийин эсине келгенде, капкараңга бөлмөдө жалгыз жаткан болор эле… Терезеден түшкөн шооладан улам, а-а, ойгондум, деп койчу. Бүгүн болсо телмирип отурган Айгеримди көргөндө бакырып ыйлагысы келди. Ага кам көргөн бир караандын бар экени жашоого болгон кызыгуусун ойгото баштаган эле. Кыздын балбылдаган көздөрүн тиктегиси келе берет. Ушул кичинекей байкуш илмийген кыздын көздөрүндө канча муң, канча кайгы жатты экен. Айгеримди тиктеп аткан эле баятан… Кайра кызды бекер сүрдөтүп, чочутуп албайын деп кепке кирди.
- Балаңдын атасы каякта?
- Билбейм…
- Эмнеге ажырашып кеттиңер?
- Ажырашкан жокпуз, үйлөнгөн да жокпуз.
- Түшүнуктүү. Баласы бар экенин билеби?
- Жок.
- Түшүнүктүү.
- Кечинде келген ким эле? Ал кетери менен жүрөгүңүз кармады го.
- Ал менин уулум. Жалгыз уулум, жалгыз туягым…
Кожоюн үнү каргылданып айтып атты ушул сөздөрдү. Ошону менен токтогон жок. Уулу тууралуу көкүрөктөгү бугун чыгарып алды окшойт. Болгон сагынычын, анын астында айыбын айтып токтобой сүйлөй берди, сүйлөй берди. Айгерим унчукпай уга берди. Кожоюндун тагдыры деле бир китеп жазгыдай экен… Биринчи аялын атасы бай досу менен кудалашып туруп кыйнап үйлөнтүптүр. Андан Амантай төрөлүптүр. Оту күйүшпөй, бирок балам үчүн деп жашап жүрө берип, уулу 18ге чыкканда Мээримди сүйүп калган тура. Так ошондо аялынын дарты эчак башталып калганын билбептир. Көрсө, рак болуп атканын аялы жашырган тура. Мээрими менен бактылуу болсун, оорулуу экенимди укса, кете албай айланчыктап кыйналат деген тура. Амантай ушуну кечире албайт. Оорулуу апамды таштап кете берген деп күнөөлөйт тура.
- Көп балалуу бол, Айгерим. Уул төрө, суйкайтып кыз төрө. Бул жашоодо бала гана бакыт… Отубуз күйүшпөй, кыйналып жашап жүрө берип, Амантай гана төрөлдү. Өкүнөм, абдан өкүнөм… Башка балалуу боло албай калганыма өкүнөм. Уулуңду жакшы тарбиялашың керек, билимдүү кылып өстүрүшүң керек.
Куба кожоюн сөздү дагы Айгеримдин баласына бурду. Бала тууралуу уккандан бери улам сурай берчу болду.
- Эмнеге уулуңду шаарга алып келбейсиң?
- Кантип багам? Өзүм араң башымды батырып жүрсөм…
- Алып кел ушул үйгө!.. Ушул жерден эле бага бересин… Карачы, бөлмөнүн баары бош, жатат го чаң басып… Бул үй баланын үнүнө зар болгон үй… Алып кел, суранам.
- Апам бербейт, ал жанынан чыгаргысы жок.
- Апаңды кошо алып кел. Экинчи кабатты бүт силерге берем. Жашай бересиңер…
Айгерим мындай сунушту күтпөгөн жаны нес болду.
- Эртең жөнө. Шоопурду чакырып берем. Машина менен баргын дагы, көчүрүп кел.










??.??
about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-март, 2012-жыл

Барактар