presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Жылына миллион доллар чогулган, жаңы "смотрящий" шайлаган СИЗО-1



26- март күнү Жаза аткаруу кызматы журналисттер журтчулугуна Бишкектеги СИЗО-1ге ачык эшик күнүн жарыялап, кезектеги экскурсия жасатты. Себеби, өткөн жума Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Калыбек Качкыналиев СИЗО-1де "общак" камералары мурдагыдай эле ачык экенин, "общактын" мүчөлөрү каалаган убакта каалаган камерага барып акча чогултуп жатканын айтып чыккан. Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Шейшенбек Байзаков жана СИЗО-1дин начальниги Марс Жусупбеков мындай маалымат "согушун" жокко чыгаруу үчүн ММК өкүлдөрүн СИЗО-1ди өз көзү менен көрүүгө чогултуптур. "Централканын" ичине кирип, короосунда турганда эле асман көзгө комсоо көрүнүп баштайт экен. Аңгыча СИЗО-1дин "кожоюну" Марс Жусупбеков журналисттерге кайрылып, "общак" камераларын, дегеле абактын ички жашоосун өз көзү менен көрүү үчүн ичкери кирүүгө чакырды. Түрмөнүн босогосунда эле тамеки, ным, абакчылардын бир башкача жыты аралашкан жагымсыз жыт каңылжарды өрдөдү. Камералардын шарак-шурук деп жабылышы, шалтактаган, көзгө суук коридорлор аргасыздан денеңди ичиркентет экен. Кантсе да түрмө деген түрмө, анын сүрүндөй сүр башка жерде болбос.


"Положенецтин" хатасы
Биринчи барган камерабыз "смотрящийлер" жаткан айтылуу 342-камера болду. "Куттуу орун кур болбойт" деп окемдер айтмакчы, январдагы бунттун күнөөкөрлөрүнүн бири "положенец" Дамир Сапарбековдун ордуна азыр Бактыбек Апышев аттуу "положенец" келиптир. Бактыбек дагы "вор в законе" Камчы Көлбаевдин кримтобунун мүчөсү. "Положенецтин" хатасы башка хаталардан анча деле айырмаланбайт экен, эгер ортодо турган чоң плазмалык телевизорду эске албасак. Журналисттердин ар кандай суроолоруна "блат-хатанын" мүчөлөрү жооп кайтарышкан жок.

VIP-камера
Андан соң Камчы Көлбаев Араб Эмираттарынан экстрадицияланып келсе кармалчу №352 VIP- камерага баш бактык. VIP-камерада катардагы эле абакчылар жатыштыптыр. Баягыдай эки камералуу муздаткыч, плазмалык телевизор, кымбат баалуу мебель, кондиционер аттуулар жок, жөнөкөй эле камерага айланып калыптыр. 352-камерадан соң катардагы камералардын бирине баш бактык. Ал жерде жаткандар, "шартыңар кандай, блатнойлор каалаган учурда келип акча сурап же сабап аткан жокпу?" деген өңдүү суроолорубузга баары бир ооздон "абалыбыз жакшы, эч ким бизден акча сураган жок" деп жооп беришти. Эми, чын-бышыгын бир абакчылар, анан бир Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери гана билет да.

Санжар Бакиевге кире албадык
Аялдар жаткан тарапка бет алдык. Чыга бериштеги нөөмөт бөлүмүнүн жанындагы камерада Санжар Бакиев жатарын билдик. Бирок, аны менен баарлашууга уруксат болбоду. Аялдар жаткан камеранын бирине кирдик, көбүнчөсү бетин ала качып жатышты. Эркектерден айырмаланып, айымдар абактагы шарттар начар экенин, тергөө, сот иштери абдан узакка созулуп жатканын айтып даттанышты. Андыктан, Акыйкатчы Турсунбек Акун жалаң эле "положенец" жаткан камерага баш бага бербей, айымдардын камерасына да баш багып, арыз-муңун уккудай.





Марс Жусупбеков,
СИЗО-1дин начальниги:

"Рысбек Акматбаевдин кримтобунун мүчөлөрү өзүнчө камерада жатышат"


- Марс мырза, сиз келгени СИЗО-1де кандай өзгөрүүлөр болду? Мисалы, бул жерде мурда башаламан кырдаал өкүм сүрчү. Жаза аткаруу кызматкерлери абактагыларга тамак-аш киргизгенден тартып, туугандарын кездешүүгө киргизгенге чейин акча алышчу. Ал тургай, айрым кызматкерлер өздөрү наркотик сатуу, сойкуларды киргизүү менен бизнес кылышчу деген кептер бар эле?
- Мурда биздин кызматкерлерди кримдүйнөнүн өкүлдөрү ушул ишке барууга мажбур кылышчу экен. Наркотик, сойкулар келгенде киргизбей койгон кызматкерлерди эртеси күнү эле 2-3 машина менен келип салып кетишип, шаар сыртына алып чыгышып төпөштөгөн учурлар болуптур. Криминалдардын кысымына чыдабай жумуштан бошонуп кеткендер бар экен. Айрымдары 5-10 сомго алданып, кримдүйнөгө кызмат кылышыптыр. Азыр мындай абал токтоду. Биз криминалга күрөш жарыялагандан бери коллегаларыбызда өзүнө ишенүү сезими пайда болду, "ушундай тартип орнотсо болот турбайбы" деп сүйүнүп, жумушка жакшынакай маанай менен келип, милдетин өтөп жатышат. Бирок, баарынан абакта кармалгандар жана алардын туугандары "общактын" мүчөлөрү салык салбай калганына кубанып, бизге ыраазычылыгын айтышууда. Түрмө болгондон кийин анын ички мыйзамы болот экен. Учурда, СИЗО-1де "положенец" катары Бактыбек Апышев дайындалганы менен мурдагыдай жалпы "погода" жасап, каалагандай салык сала албайт. Анткени, камерасы дайыма бек турат.
- "Общак" камераларын ачуу үчүн кримдүйнө өкүлдөрү сизге канча акча сунушташты? Себеби, сиз жетектеген СИЗО-1де абдан чоң суммадагы акча топтолчу эмес беле.
- 16-январь күнү жүргүзүлгөн спецоперацияга чейин СИЗО-1де бизге жеткен маалыматтарга караганда миллиондогон доллар акча чогултулуп келиптир. Бирок биз "общак" камераларын жапканда, кримдүйнөнүн өкүлдөрү биринчи мага 100 миң доллардан ары акча сунушташты. "Жок" деген жоопту угушкандан бери телефон аркылуу "сениң түбүңө жетебиз" деп коркутуп башташты. Бирок, алардын коркутуусуна көңүл бөлгөн жокпуз. "Карышкырдан корккон токойго кирбейт" деп орустар айтмакчы, ушунча коркпой баштаган ишти жарым жолдо таштап салмак белек. Мага болгон коркутуулар боюнча ГУБОПтун балдары иштеп жатышат. Жыйынтыгы жакын арада чыгат деп ойлойм.
- Абакта "спец контингент" деген түшүнүк бар, карама-каршы группировкалардын мүчөлөрүнүн ортосунда конфликт чыкпашы үчүн өз-өзүнчө кармоо боюнча. Азыр сиздерде Рысбек Акматбаев, Азиз Батукаев, Камчы Көлбаевдин балдары өзүнчө отурушабы?
- Рысбек Акматбаевдин кримтобунун 5 мүчөсү "спец контингент" катары өзүнчө отурушат. Көбүнчөсү киши өлтүрүү менен айыпталышкан. Алар башка түрмөлөргө баргандан коркушат. Себеби, каршылашкан тарап өлтүрүп коюшат деп коркуп келишет. Ал эми Азиз менен Камчынын балдары аралаш эле отурушат. Булардан башка Бакиевдердин тууганы Санжар Бакиев да өзүнчө отурат. Ал эми аялдардан "Мегаком" чыры менен жабылган Раушан Рыкунова, "Азия Курулуш" чатагы менен камалган Адина Турдубаева экөө бир камерада жатышат.










??.??
about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-март, 2012-жыл

Барактар