presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Ак терек-көк терек

Куда-сөөк, күйөө балдар 100 миң сом төлөшөт


Бизде мамлекеттик жогорку постко барган тууганын кошо майлуу-сүттүү орунга илээри маалым. Башкасын кой, президенттер өздөрү тегерегине бала-чакасын топтоп, аз жерден монархия орнотуп сала жаздаган. Аны көргөн нөөкөрлөр туурабай жаны жокпу? Өкүнүчтүүсү, бул көрүнүш парламенттик система орногондон кийин деле токтогон жок.
Буга чек коелу дешкенби, "батышчыл" атка конгон ЖК депутаттары Ширин Айтматова, Равшан Жээнбеков жана Дастан Бекешов үчөөлөп, "Тууганчылык байланышты ачуу тууралуу" мыйзам долбоорун токуп бүтүштү. Ага ылайык, эми президент, премьер-министр, ЖК депутаттары туугандары жөнүндө коомчулукка ачык айтып турушу зарыл. Алардан тышкары сот, прокуратура, укук коргоо органдарынын жетекчилери, салыкчылар ж.б. аткаминерлер дагы бул шартка баш ийиши керек. Андай болбогон учурда 100 миң сом айыпка жыгылат. Авторлордун бири Равшан Жээнбековдун айтымында, мыйзамда жогорку кызматты ээлегендердин декларациялары сөзсүз текшерилсин жана анын тууганы финансы жагынан жардам бере турган уюмда иштебесин деген жобо бар.
Мыйзам жакынкы күндөрү комитеттердин кароосуна коюлганы турат. Бирок, аны депутаттар колдойбу же жокпу - бул чоң суроо. Эмне дегенде ЖКдагы 4 партия ичинде деле куда-сөөк, тууган-туушкандар олтурат. Мисалы, "Ата Журтта" Акматбек Келдибеков менен Надира Нарматова куда-кудагый. Ушул эле партиядагы Жаныш Кудайбергенов Курмантай Абдиевдин күйөө баласы. Жаныш Кудайбергенов менен дагы бир депутат Азис Суракматов тууган. Ал эми Нургазы Айдаров Үсөн Сыдыковдун күйөө баласы. КСДП төрагасы Асылбек Шариповдун агасы Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору. Айтор санай берсең, тизме түгөнбөйт. Анан алар кантип тууганын сатсын?

Санжи Туйтунова


Карга карганын көзүн чокубайт

Жогорку Кеңеш


Пирматовду "сактап калды"
Бир ай мурда Башкы прокуратура ЖК депутаты Исхак Пирматовго кылмыш ишин козгоо үчүн колтийбестиктен ажыратуу сунушун жөнөткөн болчу. Анын негизинде атайын депутаттык комиссия түзүлүп, анын иши иликтөөгө алынган. ЖКнын кечээги жыйынында комиссиянын ишинин жыйынтыгы чыгарылып, комиссиянын төрайымы Галина Скрипкина депутатка иш козгоого эч кандай негиз жок деген чечимге келгенин билдирди. "Биз материалдарды, документтерди тыкыр иликтөөгө алдык. Исхак Пирматовдун мыйзам бузууларын аныктаган ишенимдүү далилдерди тапкан жокпуз. Мындан сырткары кылмыш иши процессуалдык норма, мыйзамдардын бузулуусу менен козголгон" деди. Комиссия мүчөлөрүнүн учөөсү кол койсо, экөөсү өзгөчө пикирлерин билдирүү менен кол коюшкан. Бирөөсү белгисиз себептерден улам кол койгон эмес. Комиссия ишинин жыйынтыгы угулгандан кийин Исхак Пирматовдун колтийбестиктен ажыратуу маселеси добушка коюлуп, 119 депутаттын 89у кол тийбестиктен ажыратууга каршы добуш берсе, 18 депутат "макул" деп добушун берген.





Асылбек Текебаев дүйнө салды


"Ата-Мекен" партиясынын Жалалабат облусу боюнча координатору, Өмүрбек Текебаевдин бир тууган иниси Асылбек Текебаев жүрөгү кармап каза тапты. Жүрөктөрдү сыздатып, жапжаш бойдон кете берди. Ал кесиби боюнча журналист эле. Коомдогу терс көрүнүштөргө чыдап тура алчу эмес, чындык дегенде чыркырап турчу. Эки революцияда тең түштүктө элдин алдында жургөн. "Сентябрь" каналын жетектеп, "Позиция", "Мезгил үнү" гезиттеринде башкы редактор болгон. Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтабыз. Өмүрбек Чиркешович, кайрат кылыңыз! Калган өмүрүн балдарына берсин! Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
Де-факточулар





Садыркуловдун соту башталды


Бүгүн Бишкекте "Садыркуловдун иши" боюнча сот отуруму башталат. Маалыматка таянсак, экс-администрация жетекчиси Медет Садыркулов, Эл аралык иликтөө жана стратегия институтунун жетекчиси Сергей Слепченко, айдоочу Кубат Сулаймановдун өлүмүнө тиешеси бар деп 10 киши айыпталууда.
Алар: Медет Садыркуловго жаңы жыл алдында кулак, сөөмөй тартуулаган Свердлов РИИБнин мурдагы изкубары Тынычбек Маматов, Жаныш Бакиевди дайыма тартып жүргөн Мамлекеттик күзөт кызматынын айдоочусу, күзөт кызматынын мурдагы офицерлери Абдыкалык Жапаров менен Азизбек Кожошев, МУККнун "Альфасынын" кызматкери Бакыт Байжанов, ИИМдин атайын кызматында иштеген Эргешбек Маткайымов, күзөт кызматынын мурдагы начальниги Марат Турдугулов, ШИИБнин мурдагы начальниги Нурланбек Темирбаев, Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Замир Молдошев, кримавторитет Алмамбет Анапияевдин жансакчысы Садык Борбуев.
Булардан тышкары, экс-президент Курманбек Бакиевге, анын иниси, күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиев, анын уулу Максим Бакиевге да кылмыш козголуп, иши өзүнчө каралмай болду. Тергөө ишине таянсак, Садыркуловдун өлүмүн булар алдын ала пландаган.
Бизге белгилүү болгондой, отурумду Аскер гарнизондук сотунун судьясы Жакып Бектемиров алпарат. Айрым маалымат булактары кабарлагандай, сот жарым-жартылай жабык өтөт. Мындай учурда имарат курчоого алынып, келгендердин чөнтөк-башы текшерилет. Биз сот адилеттүү өтөт деген ишенимдебиз.



КР президенти
А. Ш.Атамбаевге
КР премьер- министри
Ө. Т. Бабановго
КР ЖК төрагасы
А. Ш. Жээнбековго

Кайрылуу


Кыргыз адабиятынын патриархы Түгөлбай Сыдыкбековдун айкелин орнотуш керек!
Тарыхта калчу инсандардын катарындагы "Мен миң жыл жашадым" деген улут сыймыгы Түгөлбай Сыдыкбеков быйыл жүз жашка чыкмак. Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткандай, кыргыз адабиятынын патриархы Түгөлбай Сыдыкбековдун айкели борборубуз Бишкек шаарына орнотулбаганы - айкели орнотулган замандаштарынын, калемдештеринин жетимсиреп турганын билдирет.
Бул маселе тууралуу кийинки убактарда айрым ММКларда да ойлор айтылууда.Мунун далили катары жакында "Де- факто" газетасына жарыяланган "Көк асаба жетимсиреп турат"(14.02. 2012) аттуу материалды айтууга болот.
Урпактар унутпаш үчүн улут сыймыгы, патриарх Түгөлбай Сыдыкбековдун айкелин Бишкекке тургузуу маселесин карап, токтом чыгарып, каражат бөлүүңүздөрдү өтүнөбүз.

Кыргыз Улуттук
университетинин факультет деканы Сагынтай Кадишев
КУУнун профессору
М. Койчуманов
КУУнун факультет
деканы Т. Байдинов
КУУнун проректору
Р. Сарымсакова
Профессор Жайнаков
КУУнун деканы
А. Халилов
Профессор Б. Байсабаев
КАСИнин кафедра
башчысы Б. Кыдыров
Профессор
Э. Мамбетакунов
Профессор И. Оморов
"Талды Суу" коомунан
Жыпар Жекшеев
Кайрылууга бардыгы 64 киши кол койгон.




Руслан Казакбаев


Кыргыз өлкөсүнүн тышкы иштер короосунда азыр иш кокодон. Оокаттын айынан, окуунун айынан, кээде кримаалынын айынан дүйнө кезип кеткендер көп. Таш ыргытсаң Таштанбектин башына тиет деген заманда тышкы иш министри болуш оңой-олтоң эмес. Р. Казакбаевдин казаны кандай кайнайт - аны так кесе айтыш да оңой эмес. Министрдин айлыгы канча экенин ким билсин, бирок 6 баласы барын, өзүнө жеткен байлыгы бар деп угабыз. "Шарашка контора" деп тийишкендер бар ТИМге. Башкасын айтпай-ак кое туралы, коңшуларга колу кыскалык кылганы учурашканынан байкалып калып атыр. Бир-экөөсүнүн колун кычырата кармап, тебетейин бир силкип койсо деген илгери үмүтүбүз бар. Жакын ДОСу - Өмүрбек Бабанов. Жандоочу кийик аттырат болуп, досумду уят кылбай жакшы иштейм деп иштеп жүрөт. Бирок министрлердин жашы дагы, тыңы дагы Руслан Казакбаев экени талашсыз. Бир кемчилиги - англис тилде же француз тилде түш жорубайт. Мунусун өзү да моюнга алып, англис тилде оюн араң-араң, бирок түшүндүрө аларын айтып калат.




Эмен багындагы баарлашуу


Мурунку Жазуучулар союзу, азыркы "Кыргызстан маданияты" гезити жайгашкан имараттын жанында. Эмен багында баарлашуу учурунан көз ирмем. Сиздер көрүп тургандай, айтылуу обончу Рысбай Абдыкадыров менен белгилүү акын, азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Эгемберди Эрматов. Эмне тууралуу сүйлөшүп жатышты экен? Аны эми Эгемберди аке эле айтып бербесе…
1998- жыл эле…

Турат Кашымовдун
Фотосу








??.??
about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-март, 2012-жыл

Барактар