presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Асел Жолдошбек кызы:

"Атам менен апамды, инимди, сиңдимди атып өлтүргөн кылмышкерлердин бирин кудай жазалады, экинчиси камалды"



7-апрелдеги революциядан кийин уюшкан кылмыштуу топторго канга чыланган жаңы "пресстиждүү" жумуш табылган. Ал - чиновник, бизнесмендерди тономой, өлтүрмөй бизнеси. Бул жаатта атамекендик ОПГлар океан артындагы атактуу гангстерлерди артка калтырды өңдөнөт. Жаңы келген бийлик криминалга күрөш жарыялап, аларды массалык түрдө темир торго тыкпаганда, булар дагы канча кишинин өмүрүн жайламак дейсиз. Адам убалынан, Кудайдын каарынан коркпогон зөөкүр кылмышкерлер 2010-жылы 20-август күнү, чаламандын чак түшүндө, Бишкектеги "8-линия" көчөсүнүн тургуну, атбашылык бизнесмен Жолдошбек Керимкуловду үй-бүлөсү менен атып кетишкен. Атканда да көзгө тике карап, бет маңдайдан кирген ок баш сөөктүн артын чачыратып тешип кеткиче… Мыкаачылардын негизги максаты - акча өндүрүү, тоноо болгон. Көптү көргөн оперлердин денесин титиреткен, жүрөк сыздаткан бул каргашалуу окуя боюнча алгач мен жазган элем. Учурда Жолдошбек Керимкуловду, жубайы Жийде, уулу Адилет, кызы Элизаны өлтүрүүгө катыштыгы бар кылмышкерди Бишкек ШИИББнын кызматкерлери кармашты. Ал эми, редакция маркум Жолдошбек Керимкуловдун аман калган улуу кызы Аселден интервью алдык.


Ошол каргашалуу күнү
- Асел, ата-энеңди, бир тууган иниң, сиңдиңдин өмүрүн алып кеткен ошол каргашалуу күнү сен дагы түшкө чейин чогуу жүргөн турбайсыңбы. Кандайдыр кооптуу жагдайларды байкаган жок белең?
- Ошол 2010-жылдын 20-август күнү эртең менен баламды балабакчага алып барып коюп, апама чалдым. Анткени, сиңдим Элиза күйөөгө чыкмак. Ага карата баарыбыз даярданып жатканбыз. Ошол күнү үйлөнүү-үлпөт салондорунан Элизага баарылап көйнөк карамакпыз. Саат 10:00дон өтүп Манас-Киев көчөсүнөн жолугушуп, ал тараптагы салондорду кыдыра баштадык, атам машинада калып атты. Ал ортодо апам таякем Мырзабек жана атамдын эжеси Раиса эже менен партиянын иштери боюнча сүйлөштү. Көрсө, СДПКнын Ат-Башы боюнча координатору акча жеген го. Аны апамдар Алмаз Атамбаевге айталы деп жатышыптыр. Атам-апамдар СДПК партиясына иштеп атышкан. Ал кезде парламенттик шайлоо болгону жатпады беле. Саат 12ге чукул Горький көчөсүндөгү дагы бир үлпөт салонуна келдик. Ошол жерден апам банкта иштеген Арсен аттуу балага чалды. Себеби, Элизанын үйлөнүү тоюна карата жана башка иштер үчүн кредит алалы деп жатышкан. Арсен менен саат 14:00до жолукмай болушту. Бул жерден да көйнөк жакпай, апам, мен, Элиза эртеси Алматадан барып көйнөк тандамай болдук. Ошентип, мен үйгө кеттим, атамдар кредитор Арсенге үйдү көргөзмөй болуп ага жөнөштү.

Түшүмдө 3 эркек тепкилеп атыптыр
Үйгө келип, уктап атып кызыктай түш көрдүм. Түшүмдө үч эркектин буту кабырга тарапка тепкилеп атышат же өңдөрү көрүнбөйт, караңгы, бир башкача бөлмөнүн ичинде экенмин. Азыр ойлосом, Кудай Таала аян бериптир да. Чочуп ойгондум. Жүрөгүм бир башкача согуп, сарсанаа сезим басып туруп алды. Жолдошум Ат-Башыга командировкага кеткен. Дароо ага чалып, акыбалын сурадым. Түшүмдү айттым. Жолдошум чарчап калгансың го деп жооткотту. Бирок, бушайман боло бердим. Баламды балабакчадан алып, эртеси Алматага барарыбызды эстеп, атамдардыкына бармай болдум. Саат 19:00го чукулдап калыптыр. Биринчи сиңдим Элизага чалдым. Бирок телефону өчүк болуп жатты. Апама чалсам, гудок кеткени менен албай жатты. Негизи, апам мен бир чалганда эле алчу. Андан кийин атама, иниме чалдым. Экөөнүкү да өчүк. Жүрөгүм лакылдай баштады. Бир эле маалда бардыгынын телефону отуруп калмак беле деп. Үйүбүздүн шаардык телефонуна чалдым. Трубканын ары жагынан жаш баланын үнү угулду. Мен аны иним экен деп, "Адилет, эмне бардыгыңардын телефонуңар өчүк?" десем, унчукпай коюп койду. Бирок ошол кыска убакыттын ичинде ары жактан эркектердин кажылдаган үндөрү угулду. Кайра чалсам, шаардык телефонду да өчүрүп салышты.

102ге чалсам, "ал даректен төрт адамды өлтүрүп кетишти" дешти
- Аны укканда дароо тууган­дарыңа чалгандырсың, кооп­тондуң да?
- Жок, дароо милицияга чалдым, 102ге. Ал жактан дежуркадан бир эже алды. Ага: "Эже, мен Жолдошбекова Аселмин, үйдөгүлөргө чалсам, бардыгынын телефону өчүк болуп жооп бербей жатышат, участковый же бир кызматкер жибериңизчи" десем, үйдүн дарегин сурады. Даректи айтсам, "чоң кыз, бул дарек боюнча чакыруу түшкөн, ал жерде төрт адамды өлтүрүп кетишиптир" деди. Көрсө, сиңдим Наргиза чалытыр. Аны укканда эсимди жоготуп коюптурмун. Көзүмдү ачсам балам ыйлап бетке чапкылап атыптыр. Үйдөн чыгып атамдардыкына жөнөдүм. Үйгө 200 метр жете бербей милициялар тосуп турушканын көрдүм. Милициялар үйгө киргизбей коюшту. Мен "эч ким өлгөн жок, реанимацияда жатат дегиле" деп ыйлай бериптирмин. Бир маалда эсиме келип, баягы кредит берчү Арсенди эстедим. Себеби, биринчи ошол кредитордон шектендим. Ал кредит бериш үчүн үйдү көргөнү келгени жаткан. Үлпөт салонунда апам аны менен сүйлөшкөндө телефонун кагазга жазып аткан. Милицияларга Арсенди айттым. Апамдын сумкасынан Арсендин телефону табылып, Ленин РИИБнин кызматкерлери алып келишти. Арсен банктын кызматкерлери менен келип үйдү көрүп кеткенин, 10 миң долларга бааласа болорун айтканын, анан аларды кайра атам жеткизгенин айтты. Башка эч нерсе билбейм, мен кетип атканда баары жакшынакай эле калышкан болчу деди. Арсендин айткандары чын чыкты.
- Башка эч кимден шек санаган жоксуңарбы, Жолдошбек байкенин чөйрөсүнөн дегендей. Ийгиликтүү бизнес кылган кишини көрө албагандар, коркутуп-үркүткөндөр көп эле болот эмеспи?
- Эртеси күйөөгө чыгам деп аткан Элизанын жигитине кабар жетип, ал Токмоктон ата-энеси, достору менен келишти. Байкуш биртопко чейин ыйлап отуруп, анан, "Элиза менен 15:45дерде сүйлөшүп атсам, ал "атамдын досу конокко келди, балалуу болуптур, аларга тамак даярдай калып, сага чалам" деген боюнча чалган жок. Кайра чалсам телефону өчүк экен" деди. Андан Бишкек ШИИББнын кызматкерлери түшүнүк ала башташты. Күйөө баламдын айткандарынан улам биз дароо атамдардын Бакыт Эсенгулов деген таанышынан шектендик. Анын үстүнө Бакыт агасы Эркин экөө Ат-Башыда рэкетир, мафиялык топтун башчылары, ар кимди коркутуп-үркүтүп акча алчу деп угуп калчубуз. Бакыт мурда атам, Арстанбек Абдылдаевдер болуп чогуу бир кампанияда жүрүшчү.

Атбашылык ОПГлар шектелип, кайра бошонушкан
- "Вотото зима не будет" деген айтылуу сөздүн автору болгон кадимки Абдылдаев Арстанбек деген немеби?
- Ооба, "Аурдин" компаниясынын башкы директору болгон Арстанбек байке. Ушул байкеге 7-8 жыл мурда Бакыт менен Эркин кол салышып, шаардын сыртына алып барып сабашып, муунтуп, акча өндүргөнгө аракет кылышкан экен. Бирок, бу киши кутулуп кетүүгө үлгүргөн. Бакыт 8 айга УККга камалат. Кадимки экс-депутат Шарипа Садыбакасова Бакыт менен Эркиндин атасынын карындашы. Ал кезде Шарипа Садыбакасова Жогорку Кеңештин депутаты эле. Анан Арстанбек байке Садыбакасованын кийлигишүүсү, коркутуусу менен арызын алып, Бакыт камактан бошогон деп укканбыз. Ошентип Бакыт кармалды. Эки аялынын бири "Бакыт түшкө ­чейин үйдө болгон" десе, ­экинчиси, "түштөн кийин ­меникинде болгон" деп алиби даярдап беришти. Бакыт эки ай камакта отуруп чыгып кетти, ал башка кылмыштар боюнча дагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары суралып жатты, бирок ата-энемдин өлүмү боюнча эч бир илинчек табылбады.
- Биз бул окуя боюнча Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунуна кирген, Ат-Башы районун тейлеген криминалдар да кармалды деп уктук эле. Ушул маалымат чынбы?
- Чын. Ат-Башыда ОПГнын мүчөсү делген Абдырахманов Чыңгыз, Талант дегендер баш болуп биртоптору кармалышкан. Алардан сырткары, бизге Ат-Башыдагы дүкөндөн акча алып келип турчу Ниязалиев Ширин деген таксист кармалган. Себеби, ал 21-август күнү келип алып, атам каза болгон бөлмөдөгү кандарды жууп киргени бизди шектендирди. Атамдар менен жакшы мамиледе болуп, үйдөгү бардык жаңылыктардан кабардар болчу. Балким ушул Ширин кылмышкерлерге наводка бергендир деп опер кызматкерлерге кайрылдык. Алар териштире келгенде, 20-август күнү Ат-Башыдан келген Шириндин уюлдук телефону Ош базары аймагына келгенде иштеген эмес дагы, кайра саат алтыда гана иштеген. А Ош базарынан биздин үйгө чейин машина менен 10-15 мүнөттүк эле жол. Таксист болгон соң посылка салгандар чалып сурашат эмеспи. Тилекке каршы Ширинге дагы, атбашылык ОПГ мүчөлөрүнө дагы эч бир далил табылбады. Бардыгы камактан чыгып кетишти. Баса, Бакыттын телефону да саат экилерде өчүп, кайра алтыдан өтүп күйүп атпайбы. Себеби, телефон өчүк кезде уюлдук операторлордун маалымат базасынан распечатка чыкканда телефондун радиусу көрүнбөй калат тура. Демек, Бакыт телефонун атайылап эле өчүргөн. Тажрыйбалуу кылмышкерлер гана ушул ыкманы колдонушат экен.

Мыкаачынын бири жүрөгү кармап каза тапты
- Ошол окуядан бираз өтпөй, Бакыт казинодон чыгып келатып жүрөгү кармап өлдү окшойт ээ?
- Бул киши өмүр бою эле кумар, казино ойночу тура. Атамдан да бир сапар 5000 доллар карызга алып кетип, жарымын араң бериптир. Атамдардын өлүмүнөн кийин 2-3 ай өтпөй Бакыт казинодо ойноп отуруп, жүрөгү кармап өлүп калды. Сөөгү коюлган соң Ат-Башыда элдер "кан кое бербейт, Кудай жазалайт деген ушул" деп айта башташты. Анан эле Бакыт өлөрүнүн алдында апасы молдо чакырып, баласына дем салдырыптыр. Айрымдар, дем салдыргандан кийин Бакыт апасына "мени кечирип койгула, ушул ишти мен кылгам" деп айтыптыр дешип жүрүшөт. Өзү дагы акыркы күндөрү чүнчүп жүрүптүр. Бакыт өлүп калгандан кийин апасы да каза болуп калды.
- Мен билгенден сен да өз алдынча иликтөө жүргүзүп жүрдүң окшойт, кандай кыйынчылыктарга туш болдуң?
- Башында бул кылмыш иши Ленин РИИБде болчу, кийин Бишкек ШИИББ алды. Иликтөө иштери баш-аягы 1 жыл 8 ай жүрдү. Кайрылбаган жерим калган жок, ИИМ министри З. Рысалиев, президент Роза Отунбаевага да кайрылдым. Мен Ленин РИИБнин тергөө бөлүмүнө абдан нараазымын. Себеби, булар башында үйдүн ичиндеги кылмышка тиешелүү далилдерди, дасторкондогу, 4 рюмкадагы, телевизордун пультундагы кол издерин экспертизага алышкан эмес, өтө шалаакылык менен иштешкен. Биз Бишкек ШИИББнын жетекчилигине кайрылып, кайра ушул буюмдардан кол издеринин тактарын алдырдык. Ошол кол тактарынан атам-апам, биздин үйдүн мүчөлөрүнүн кол издеринен сырткары, эки бейтааныш кол издеринин тагы табылды. Тилекке каршы, бул бейтааныш кол издери Бакытка, кармалган ОПГнын мүчөлөрүнө, таксист Ширинге да таандык болбоду. Атамдардын кыркылыгына Ат-Башыга чыгалы деп атсак, бөлөм чалып: "Асел, "Дордойдо" диск саткан жерде топтошкон эл туруптур. Бир маалда Адилет менен Элизанын диванда жанаша жатып өлүп жатканын көрдүм, ары жакта жездем жатыптыр, жердин баары кан экен. Жүрөгүм түшүп, үйгө барып сизге чалдым" деди. Биз дароо "Дордойго" барып териштире баштадык. Көрсө, ал дискти атбашылык бир соода кылган аял алып келиптир. Аңгыча, оперлер келип, тигил аялды суракка алып кетишти. Тиги аял Ленин РИИБде тергөө бөлүмүндө иштеген Канатова Жыпаранын бир тууган эжеси экен. Бул аял дискти сиңдисинин жумушунан алат дагы үйүнө алып барып көрөт. Эртеси мактанганы "Дордойго" алып барыптыр. Ошентип, Ат-Башыга кыркылыкка кеттик. Жыпара ортого киши сала баштады. Бул иш министр Зарылбек Рысалиевге жетип, Канатова Жыпара жумуштан алыныптыр. Ошол бойдон Жыпара ИИМ системасында иштебейт го деп ойлойм. Дискти жанагинтип ээн-эркин көрсөтүп аткан неме бардыгына барат да. Бирок Жыпара учурда Чүй ИИБде тергөө бөлүмүндө иштеп атыптыр. Эми жакын арада арыз менен министрге кайрылам. Себеби, Жыпаранын ИИМ системасында иштегенге акысы жок. Күнөөсүн сезип, жок дегенде кечирим сураганга да жараган жок.

Кылмышкердин бири көлдүк таксист болуп чыкты
- Азыркы тапта Бишкек ШИИББ кызматкерлери каза болгон Керимкуловдордун өлүмү боюнча кылмышкерлер кармалды. Алар үй-бүлө мүчөлөрүн үйдүн жер төлөсүндөгү от жагуучу бөлмөдө атып салышып баса беришкен. Үйдөн алынган алтын буюмдарды ошол күнү шаардагы алтын алып-сатуучу павильондордун бирине өткөрүшкөн деген маалыматты берип жатат. Кармалгандар кимдер экен, атбашылык эле бандиттерби?
- Жок, көлдүк Мирлан деген жигит болуп чыкты. Иликтөө иштерине биз абдан жардам бердик, эмне маалымат уксак баарын тергөөчү, оперлерге айтып турдук. Эки тараптуу иштин негизинде ар кандай версиялар, телефон распечаткалары иштелип чыгып, акыры из Мирланга такалды. Бул жигит эч кандай кримгруппировкага мүчө болбоптур. Жөн гана Бакыттын Дамира деген аялын таксист катары тартып жүрчү экен. Бакыт экөөнү Дамира тааныштырыптыр. Бир сапар Мирландын баласы катуу ооруп, Бакыттан 600 доллар карыз акча алыптыр. Анан Бакытка таксист катары иштей баштайт. Бир күнү Бакыт "Мирла, жүрү бир жакка барып келели" деп биздин үйгө келишет. Баягы окуя болордон үч күн мурда. Бакыт атамдан акча сурайт. Атам, "Бакыт, азыр менде акча тартыш, анын үстүнө Элиза турмушка чыккан жатат. Ага квартира белек кылайын деп атам. Сенин квартира сатчу тааныштарың болсо караштыра жүр" деп айтып коюптур. Бакыт: "Аа байке, той болгон жаткан турбайбы. Анда акча өзүңүзгө керек экен" деп кетип, план кура баштайт. Булар кызына квартира алып берип, тойго даярданып атса, үйдө кеминде 50 миң доллар болсо керек деп. Анан Мирлан тергөөдө мындай деп улап айтып берген: "Ошол күнү Бакыт мага: "Мирлан, биз ушул үйдү тонойбуз, сен жөн гана жанымда туруп бер. Болбосо, баягы 600 долларды 6000 доллар кылып бересиң" деди. Ошентип, 20-август күнү Жолдошбек байкенин эртең мененден баштап машинасынын артынан аңдыдык. Түшкө чейин Жолдошбек байке банктарга барып үйүнө келди. Артынан биз бардык. Үйгө кирип учураштык, Бакыт: "Жолдошбек байке, балалуу болдум" деп сүйүнчүлөдү. Байке сүйүнүп, тамак даярдата баштады. Анан эле Бакыт "Жолдошбек байке, паровойду жакшы салдырдым дебедиңиз беле, досума көрсөтүп коюңузчу" деп кайрылды. Жолдошбек байке макул болуп, жертөлөдөгү от жагуучу бөлмөгө ээрчитип жөнөдү. Ал жерге киргенде Бакыт үй ээсине: "Жолдошбек байке, счетчигиңиз иштебей калган го" деди. Байке счетчикти карап атканда Бакыт дубинка менен башка 3-4 жолу чаап жиберди. Үй ээси канжалап, кыймылсыз жатып калган соң, Бакыт: "Жийде эже, бери түшсөңүз" деп эжени чакырды. Ал эже эч нерседен бейкапар кирип келгенде, тарс деген мылтыктын үнү чыкты. Мага карап: "Мирлан, тур, дарбазаны бекитип кел!" деди. Мен дарбазаны жаап келатсам, эки бала "мама-папалап" 1-кабаттан түшүп келатышыптыр. Аларды Бакыт мылтык менен тосуп алды. Эки бала жүрөктөрү түшүп, "Бакы байке, мамам менен папамды не кылдыңыз" деп ыйлай башташты. Бакыт аларга, "папа-мамаңарды бутка эле атып койдум, өлгөн жок, ээси ооп эле жатышат" деп жооп берди. Тиги кыз менен бала "Бакы байке, канча жылдан бери биз менен чогуу жүрөсүз. Бизди өлтүрбөңүзчү, сиз сураган акчаны туугандарыбызга чалып алдырып берели" деп коркуп, жалдырап ыйлай башташты. Мен муундарым калтырап, чыдабай сыртка чыктым. Бакыт, "андай болбой калды, телефон менен акча сураганыңар жарабайт, плед менен бетиңерди жапкыла. Мен ойлогон акча бул жерде жок экен. Эми баары кеч болуп калды" деп экөөнү атып салды. Андан кийин үйдөгү алтындарды алып чыгып, ЦУМдагы павильондорго 15миң сом гоөткөздүк. Телефондорду сууга ыргыттык" деп ушундай көрсөтмө берген.
- Демек, кылмышкерлер экөө болгон турбайбы, Бакытка Кудай жеткизиптир, ал эми Мирлан жоопко тартылган атабы?
- Азыр тергөө иштери бүтөлек. Мирлан менен Бакыттан башка кылмышкерлер болушу мүмкүн. Себеби, апамдын сөөгүн жууганда, желке чачы жулунганын көргөнбүз. Үйдөгү жыгач тепкичтин бирөө дагы ордунан бошоп калган. Демек, булар апамды ылдый сүйрөшкөндө, апам каршылык кылып тепкичти карманса керек да. Апам сабалып атканын иним, сиңдим угушу мүмкүн болчу. Алар дароо милицияга же бизге чалышмак да. Аларды телефон чалдырбаш үчүн бирөө кайтарып турган. Менин оюмча, ата-энемди, ини-сиңдимди өлтүргөндөр эки эмес, төрт киши болгон. Ошентип, сиңдим Наргиза экөөбүздү өмүр бою сыздаткан кылмышкердин бири кармалды. Бирок биздин кайгыбызды сөз менен айтып бере албайм. Эч кимге ушундай жамандык башына келбесин. Атам менен апам 1-класстан мектепти бүткөнгө чейин бир партада отурган классташтар экен. Экөө бири-бирин абдан жакшы көрчү. Кайсы жерге барбасын чогуу барышып, эгиз козудай ээрчишип жүрүп, 47 жашында аркы дүйнөгө да чогуу кетишти. Адилет жалгыз инибиз катары, сиңдим Элиза кыздардын кичүүсү катары абдан эркелетчүбүз. Эч качан бир заматта эң сүйүктүү адамдарыман айрылам деп ойлогон эмесмин. Меникиндей күйүт жок бул дүйнөдө.

Чоң апам атамдан калган мүлктөрдү талашып атат
- Асел, азыр акыбалыңар кандай, эч кимден коркуткан телефон чалуулар болгон жокпу?
- Андай деле болгон жок. Бирок, чоң апам Айтиева Кеңеш кимдир-бирөөлөрдүн бузуку сөзү мененби, айтор сиңдим экөөбүздөн атам-апамдан калган мүлктөрдү талашып жатат. Атамдар тээ 90-жылдары эле өз күчү менен коммерция кылышып, Ат-Башыда дүкөн ачышкан, эки кабаттуу үй салышкан. Анын арты менен ийгиликтүү иш кылышып, эки май куйуучу жай ачышкан (АЗС - авт.), мал курап, сарай салдырып мал бактырышчу. Муну жердештерибиздин баары эле билишет. Анан чоң апам сөөктөрдү алып баргандан кийин эле биздин мүлктөргө кийлигише баштады. Биз: "Чоң апа, биз бала кезден соодага аралашып, бардык иштин көзүн билебиз, эгер кыйналып баратсак, сизден кеңеш сурайбыз" дегенбиз. Бирок, чоң апам ага болбоду. Газетага айтпай эле коеюн. Бирок, көңүлүбүздү ооруткан жоруктарга барды. Таякелерибиз ортого түшсө да болбоду. Азыркы тапта соттошуп атабыз. Биз чоң апамдан мындай кастыкты күткөн эмеспиз. Баса, айтмакчы, атам каза болорго жакын эле Ат-Башыда чоң апамдарга бардык шарты менен үй салдырып берген эле.
Маектешкен
Семетей Талас уулу









??.??
about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-март, 2012-жыл

Барактар