Тамакты сууга, бууга бышырганды жакшы көргөн Назми


- Назми, тамактын бардык түрүн жасай аласыңбы?
- Бардык түрүн жасай алам деп айта алам, себеби билбей калган тамагымды интернеттен издеп, таап алам. Дегеле, дайыма кызыгып тамак-аштын түрүн карайм. Так ошондой даамдуу болот. Кийин жасайын десем эле биринчи жасаганыма жетпей калат таңкалычтуусу.
- Куурулган тамакты көп жасайсыңбы же..?
- Куурулган тамак даамдуу болгону менен ден соолукка зыян экенин угуп эле келатпайбызбы. Ошол жагын эске алып, тамакты сууга, бууга бышырганды жакшы көрөм. Бирок, жолдошум куурулган тамакка жакын. Анын табитин эске алып, орточо кылганга аракет кылам.
- Жолдошуң жылытма ичеби?
- Жок, ичпейт. Жылытманы жаман көрөт. Бир эле ичкенге чакандап жасайм. Аз тамак даамдуу болот эмеспи. Жолдошум да, "аябай даамдуу болуптур, көбүрөөк жасабайт белең" деп калат. Аны да эске алып, орточо жасап калгам. Андай учурда таарынбайм деле, унчукпайм. Негизи, Талант тамак тандап ичет. Конокко же кафеге барып калганда алдындагы тамакты жеп көрүп, эгер жакпай калса акырын тарелканы түртүп коет.
- Көп кишиге тамак жасай аласыңбы?
- Жок, чынында корком. Бир жолу айылга барып калсам, көп кишиге плов басуумду суранып калышты. Мен дароо качтым, жасай албайм деп. Себеби, мен 2-3 килограммдан ашык аш басып көрө элекмин. Камыр жууруп, жайып, кескенден качпайм. Анткени кичинемден эле апамдан үйрөнүп дасыгып калгам.
- Апаңдын кайсы тамагын сагынасың?
- Апамдын бардык эле тамагын сагынам. Өзгөчө бир салаты бар. Ошону азыр мен дагы кылып жүрөм. Чоң эмес, кичине эмес, орточо эки сабиз, эки редька, бир баш пияз алып, ичке кылып туурап, ага туздалган жүзай, калемпирди майда кылып туурап кошуп, көз болжоо менен суюк май куюп, туз салып аралаштырып, бир аз тыныктырып коем. Даяр болгондон кийин аябай даамдуу болот. Ал салатты бардык тамак менен жесе болот.
- Конок келгенде кайсы тамак жасоо сага оңойго турат?
- Мен үчүн плов жасоо оңой. Себеби, келген конок менен сүйлөшүп олтуруп жасай бересиң. Сыйлап да, көңүлүн да аласың.

Назира СААЛИЕВА




Адилет Кожобергенов:

"Текебаевдин үнүнө 3 жыл иштедим"



Азырынча көпчүлүккө тааныла элек Адилет Кожобергенов аттуу пародист бар. Текебаев, Бакиев, Мотуевди туураганда жүзүн көрбөсөң, өздөрү эле сүйлөп атат деп ойлойсуң. Бишкекти багындырайын деп март айында Кочкордон Бишкекке көчүп келиптир.

- Качандан бери саясатчыларды туурап жүрөсүз?
- Негизги кесибим ырчы болчу. Дастан, Манас айтып жүрчүмүн. Акыркы 5-10 жылда саясатчыларды теледен көргөндө туурап койчумун туугандар, достор арасында. 1-2 жыл мурун Борончу Кудайбергенов көрүп калып: "Бул өнөрүңдү өлтүрбө, элге кызык болот. Сахнага чык" деп сунуш кылды.
- Саясатчылардан башкаларды туурайсызбы?
- Айылда жүргөндө кошуна-колоңду өз балдарына туурап берип койчумун. Андан тышкары Ашыралы Айталиевди бала күндөн туурап жүрөм. Ал мага күнүмдүк эле нерсе болчу. 20 жылдан бери Ашыкем эле "багып" келатат. Көөнөрбөс мурастар эскирбейт экен.
- Адамдын үнүн окшоштуруу кудайдан берилген талантпы же ар бир адамдын колунан келеби?
- Үндү окшоштуруш ар бир адамдын колунан келе бербейт. Мисалы, Өмүрбек Текебаевдин үнүнө 3 жыл иштедим. Анын үнүн оңой менен келтире албайсың.
- Бакиевди дагы туурайт экенсиз го?
- Бакиев эми чоң "куудул" киши эмес беле. Ийнин куушуруп, жаланып-жуктанып атып эле жакшы образ жаратчу.
- Саясатчылар чычалап кеткен учурлар болобу?
- Улам бирөөбүз туурап атып чиновниктерди көндүрүп койдук окшойт, эч кимиси деле чычалабайт. Өмүрбек Текебаевди 2 жолу көзүнчө туурадым. Биринчисинде жылмайып келип, "дагы машык" деп колумду кармап кетти. Экинчисинде "жакшы экен" деп күлүп койду.
- Үндү даярдоо оорбу?
- Үндү обонду үйрөнгөндөй эле үйрөнүш керек. Мисалы мен бирөөнү туураш үчүн теледен, радиодон сүйлөгөндөрүн угуп, биртопко машыгам. Жакында Турсунбек Акунду алып чыгам. Бул киши өзгөчө, туураганга ыңгайлуу адам. Образы бар, бирок, үнү жакшы жаралбай атат.
- Бир адамды тууроодо эмнеге өзгөчө көңүл бурасыз?
- Ар бир саясатчынын көп колдонгон, энчилүү сөздөрү болот. Мисалы, Текебаев "мекендештер" деп көп айтса, Бакиевдики эки сөзүнүн бири "бовойт" болчу. А Кулов "гыкызча" деп айтат. Ошондой сөздөрүн айтсаң эле эл дароо күлө баштайт.
- Эмне үчүн саясатчыларга басым жасайсыз?
- Элге жагып аткан нерсе - саясат. Эми ошого күлкү кошуу керек. Элдин жашоосун кооздош керек да.




Гүлнур байгеге алган "Мерседесин" айдайт
"Мезгил жана Алыкул" тасмасында акындын жубайы Зейнептин ролун жараткан Гүлнур Асанова төрт ай мурда баасы 9 миң долларлык "Ауди А-6" үлгүсүндөгү унаасын айдачу. Учурда "Мерседес С-класс" машинасын айдап жүрөт. Аны Уркуянын 100 жылдык мааракесинде фольклор жааты боюнча Гран-приге жетип, байгеге алган. Айдоочулук тажрыйбасы 4 жыл. "Көпчүлүк учурда интервьюларга шашып баратып жол тартибин бузуп кетем. Андайда МАИге кармалсам, күлүп түшүп, тил табышууга аракет кылам. Көпчүлүк МАИчи байкелер таанып, түшүнүү менен мамиле кылышат" дейт Гүлнур. Ал эми жигиттердин "аялдарга руль карматпаш керек" деген оюна ырчы кыз караманча каршы. Кыздардын арасында деле жигиттерден жакшы айдаган айдоочулар бар деп ишенет.





Нурзат: "Машинамды көйнөк сатып алгансып тандагам"
"Азыркы унаам "Хонда Аккорд" үлгүсүндө. Аны сатып алганым кызык окуя болгон. Жөн гана машина карайын деп барсам, ээси самолетко билет алып койгон экен, "бүгүн сатышым керек" деп калды. Мага дароо жагып, сатып алып үйгө келсем, агам "көйнөк тандагандай эле алгансың го" деп күлгөн" дейт Нурзат. Бул темир тулпарын 1 жыл мурун 6800 долларга алган. Жалпысынан 3 жылдан бери рулда. Алпаруучунун популярдуулугу МАИ кызматкерлери менен сүйлөшүүдө чоң жардамын тийгизерин жашырган жок.