Айдарбек Сарманбетов

Тунгуч махабатым


Айдарбек Сарманбетов, КР Улуттук жазуучулар жана Журналисттер союздарынын мүчөсү. "Жаңы Ала-Тоо" адабий-көркөм журналында эмгектенет.

Иштен чыгып, таза аба жутуп, жөө баскым келгенинен машинамды кетирип жиберип, үйгө, Темир жол бекети тарапка келаткам. Жаздын алгачкы айы аяктап калган. Дарактар бүчүр жарып, айлана жапырт жашылданып, чымчыктардын тили чыккан мезгил. Эркиндик гүлбагы дал ушул кезде өзгөчө ажарлана баштайт. Аны аралап, жаз менен ырахаттана кетейин деп бурула бергенимде жол бурчунан таштанды челегин аңтарып жаткан аялды капысынан көзүм чалып калды. Жүдөө, эски кийимчен ал, челектен желим бөтөлкөнү алып чыгып, өзүнө окшогон эски баштыгына салып жатыптыр. Ушундай жагымсыз, пас абалга түшкөн байкуш аялзатын аяп кеттим. Ушунчалык төмөнгө түшпөс болсочу! Жүзү да көпшөк тартып, бозоргон жүзүнүн жарымын жоолугу алдынан булайган көгала, түйдөктөшкөн чачы жаап турду. Аракеч. Дароо эле анын кунарсыз, суз көздөрү көрүнөт. Тиктешип калдык. Мындай үй-жайы жок каңгып, таштанды аңтарып жан баккандарды көпчүлүктө "БОМЖ" деп коюшат. Бул орусча ылакап сөз аял-эркек, кары-балдарга, улут-пулутуна карабастан жалпы айтылат. Кыргызча кайырчы, тентимиш.
Ортодон жогору бойлуу, арыкчырай ал аялдын жанынан өтүп баратып, дагы тиктеше калып денем дүр-р этти! Тааныш! Токто, токто... бу ким эле? Кайдан көргөм? Качан? Дароо эстей албай кыжалаттанып, амалсыз андан узай бердим. Ал да мени бүшүркөй карап алып, капыстан эле "ишин" токтото салып, жакынкы үйдүн бурчун айлана берди. Мен улам ага кылчактап, ал да караан үзүп кетээринде мени кайрыла бир карап алды.
Ой-санаам удургуп, кыжалатым күчөп чыкты. Көздөрү тааныш. Бирок... токто, токто... ооба ал ОШОЛ болчу! Менин алгачкы махабатым! Жаңылган жокмун, Аянанын дал өзү. Артынан жете баргым келип, дагы кылчайсам, бейтааныш жанагы караан эл аралап, алыстап кетиптир. Ошондон тартып мени оор санаа, ачуу эскерүү басты да калды.
Аяна экөөбүз абитуриент кезде БГУнун китепканасынан таанышканбыз. Керек китебимди окуган менен мээме кирбей, капталымдагы татына кызды улам карап коём. Негедир ал мени дароо эле өзүнө тартып алды. Бакырайган, койгулт көздөрү от чачып, өзгөчө эле. Кеч кирип, чыгып келатсам ал артымдан жете келип өзү сөзсалды:
- Эй, жигит, таанышып алалы дебейсиңби же уялып жатасыңбы?- деп сырдуу да, эки ууртундагы чуңкурчасын көрсөтө ажардуу да шыңкылдай күлдү. Намысым козголуп, кача албадым. Анүстүнө аны менен таанышкым келгени да чын болчу. Кыздын өткүрлүгү биресе таң калтырса, арамдыгы жок айнектей таза ачык мүнөзү, жылдыздуу жүзү дароо арбап алды. Ошондон тартып сабактан кийин күнүгө кездешчү болдук. Жөө, ойго келгенди сүйлөшүп бет келди басып кете беребиз.
Аянанын мага жакпаган бир гана жагы - атак-байлыкка аябагандай таптыгы болучу. Жакшы кийинген кишини, дүкөндөрдөн асыл буюмдарды көрө калса ачык эле шыпшынып, ала койсом, меники болуп калса дегенсип, кыйылып, көздөрү жалжылдап кетээр эле. Андайда билмексенге салып кутулчумун, ичинен тап, оозу чормоюп таарынгансып калаар эле. Бирок бат эле жаркылдап жазылып кетчү. Бети-башын улам ашкере боёнуп, дайыма жалтыр-жултур кийинип,көпчүлүк көзүндө жүргөнгө жаналакет жасачу. Барган сайын анысы күчөп баратканын байкачумун. Менин айылдагы апамдан башка эч кимим, артымда атадан калган байлыгымдын жоктугун уккандан тартып мамилеси сууй баштаганын байкагамын. "Киного, дискотекага алып бар",- деди, бара албадык, кафеге да кийирген жокмун. Ал мединститутка өтүп, мен конкурстан кулап, улам сээлдей жолугушуп, алыстап олтуруп, караан үзүп кетти. Мен ичимден сызып, тунгуч сүйүүмө жетпей арманда кала берген элем. Бирок ушул кезге чейин, жыйырма жылга таяса да аны унутканым жок. Сезим түпкүрүндө катылуу жылдыздай элеси жаркырап жүрө берди.
Эми Кудайга шүгүр, өз фирмам, жана жөнөтүп жиберген "Лексусум" да бар. Жубайым мен дегенде жанын берет, балдарым да чоңойду. Улуусу университетте, эгиз уул-кызым мектепте окушат. А байкуш Аяна болсо тигинтип, акыр-чикир аңтарып...
Аянын (мен аны ошентип эркелетчүмүн) бир кылыгын эч унутпадым, азыр да кулагымда - кечкисин, күндүз деле ээндей жанаша басып баратканда:
"...Эта, эта, непонятная,
Первая любовь..." деп кыңылдап ырдап калаар эле. Ал орусча мектепте окугандан дайыма орусча ырларды ырдачу эле. Балким, ошондо ал мага деген сезимин ошол ыры аркылуу кыйытса керек. Ким билет, ачык айтпады. Мен да сурабадым. Кийин, үчүнчү курста Аянанын Бишкектеги чоң фабриканын директорунун уулуна турмушка чыкканын, дүркүрөтө той беришкенин, институтту бүтүрүп, ооруканада башкы врач болгонун уктум. Тилегине жеткен экен, бактысын тапсын дегем. Сүйгөнүңдүн бакыбат жашоосун тилегениң жакшы эмеспи. Бирок кийин, беш-алты жыл өтүп, кайын атасы банкрот болуп, инсульттан каза болгону, күйөөсү ичкиликке берилип, өзү этегинен жалгабай ажырашып кеткени угулду. Анан эле бу... бүгүнкү көрүнүшү...
Ой-санаамдын баарын толук Аяна ээлеп, жан дүйнөм ачышып жатты. Аялым улам-улам жалт-жалт карап, алда неден бүшүркөдү. Аял жүрөгү сезимтал келет эмеспи. Өзгөрүштү байкабай коймок белек. Жыйырма жылдай бирге жашасак. Бирок терип-тепчип сураган жок. Эстүү жан.
Эртеси ишиме келээрим менен кечээки таштанды челек тарапты улам туруп тереземден карай бердим. Челек даана көрүнбөсө да ал тарапка бара турган жолдор көрүнүп турат. Жок, тааныш караан өчөшкөнсүп келген жок. Санаам санга бөлүндү. Балким мен көрбөй калдымбы деп, эки-үч курдай бой жазымыш этип барып келдим. Жок. Аяна менден уялып, качты бекен? Балким катуу кемсинип калгандыр? Намыскөй эле, мени маскаралап же келекелейт деди бекен? Кызык, эмнеге аны акмалайм? Көрүп, жолукканда эмне кылмак элем? Аялым, балдарым турса... ага жол кесилген жок. Ошентсе да байкуш жүрөгүм өзү билбей элеп-желеп, кусалуу алда-нени күтө берди... Эмнени экенин өзү да билбейт.
Ана, кечинде, иштен чыгаар мезгилде гана тааныш караан көрүндү. Үстүндө кечээги, шалбыраган эски балон плащ. Алтымышынчы жылдарда япондуку делип, таңсык эмес беле. Атамзамандагы немени кайдан таап алган? Түйдөк жоолугу башында. Баягы сымбаттуу мүчөсү бүкүрөйүп, бирок сыры кетсе да, сыны кетпей качанкы сымбаты байкалып турат. Же мага ошондой көрүндүбү?..
Аянаны тереземден бир топко карап турдум. Барсам кечээгисиндей качып кетеби деп чочуладым. Кудум баягы, он жети жашымдагыдай... Сезимдер картайбайт деген акын эң туура айткан экен. Жүрөгүм дагы эле элеп-желеп. Санаам удургуйт. Байкуш Аянам... эмне азапка кабылдың эле! Эми сага кандай жардам бере алам?..
Тааныш караан таштанды челекти түбүнө чейин аңтарып, таап алган олжосун баштыгына салды да нары, Эркиндик багы жакка илээлей бет алды. Эч ким менен иши жок. Бу жашоодо жалгыз эле өзү калган сымал. Мен офисимден атып чыктым. Аяны айланып өтүп так эле алдынан бет маңдай чыга калдым. Ал мени көрө коюп эле жалт артына бурулду. Тааныды. Кунарсыз көздөрү жылт этип учкун чачып жиберди.
- Ая?.. Токтой турчу?..- дедим чыканагынан сыйда тарта.
Тиги кадамын тездетти. Мен калбадым. Эми качырмак эмесмин.
- Ая, качпачы? Коё турчу? Сага эмне болду? Эмне жардам кылайын?..- Аяна кулак кагып, бурулуп да койбостон үнсүз шашылып кете берди. Анын менин ишим тарапка бурула бергенинен улам кызматкерлерим көрүп калбасын деп чочулап, Аяны билегинен булка тартып токтоттум.
-Токто! Эмне менден качасың? Мен сага эмне кылдым?- Ая мени жалт бир карап алып, жер тиктеп калды.Өңү көпшөк, шишиген, бети көгала...
- Менден качып, тапканың ушулбу?..
Намысы козголуп кеттиби же эмне болду, Аяна колун жулка тартып алып шашыла кадам таштады. Артынан дагы жете бардым:
- Эмне, бир ооз сөзгө жарабай калдың беле? Эмне айыбым бар? Күнөөм эмне?- артынан ээрчий басып үстөккө-босток суроо узаттым. Жооп болбоду. Анын көк беттиги кармап калгандыр деп ойлодум. Кээде таарынганда ошентип кепке келбей тултуюп калмайы бар эле. Ойлонуп, ачуусу тараганда ийге келер, азырынча кийинип-ичинип турсун деген ниетте колуна чөнтөгүмдөгү акчаны бүт карматтым эле албай, колумду кагып жиберди. Көк, кызыл акчалар жалбырактай чачылып кетти. Куйкам курушуп кетти, анда да кол шилтеп басып кете албадым, колунан сыга кармап визиткамды кармата салдым да:
- Мен керек болсом телефон чалгын же ушул дарекке келгин. Мен сени дагы эле жакшы көрөмүн...- дедим. Ушул сөздөн Аяна мага бурулуп жалт карап алды. Көздөрү кусалуу, өтө жапакеч эле. Жарылып ыйлап жиберчүдөй көрүндү. Далай ачуу азап-тозокту тартканы көрүнүп турат. Бирок эч сөзгө келип койбостон, жолун улап кете берди... Карааны үзүлгөнчө артынан карап турдум.
- Эмне, аны тааныйсыңбы?- деген колдур үндөн улам эсиме келе түштүм. Жанымда чачылган акчаларды уучтай мага сунуп, дагы бир БОМЖ - орус кемпир туруптур.
- Ооба...
- Андан сөз сурап кыйнабай эле кой, сүйлөй албайт,- деди кемпир мурдун шуу тарта кетмек болуп.
- Ыя?! Эмне дедиң?! Эмнеге сүйлөй албайт?
- Алкаш күйөөсү тилин кесип салган...
Мага аяк алдымдагы жер астын-үстүн болгондой көзүм караңгылап, башым айланып кетти. Уккан кулагыма ишенбедим. Байкуш Аянам, тунгуч махабатым! Кандай азаптуу тагдырга кабылдың эле?! Аны айтып да бере албайт турбайсыңбы...Арман!